Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:28

Мамлекетти башкаруу жана саясий жүрүштөр


Мамлекетти башкаруу жана саясий жүрүштөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:00 0:00

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын курултайынан кийинки маалымат жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго багытталган билдирүүлөрү өнөктөш, дос саналган саясатчылардын ортосунда жарака кетти деген имиш кепти ачыкка чыгарды. Бир командадагы эки ири саясатчынын келишпестиги, таарынычтары өлкөдөгү коомдук саясий кырдаалга, бийлик бутактарына, саясий күчтөргө кандай таасир этиши мүмкүн? Ушул темага арналган “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнө коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жана Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков катышты.

Пикирлерди көрүңүз (29)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG