Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 22:39

Дукенбаев: Парламентте оппозиция күчтүү болушу керек


Саясат таануучу Аскат Дукенбаев.

АКШда иштеген саясат таануу илиминин доктору Аскат Дукенбаев "Азаттык" радиосуна курган маегинде Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүүнүн артыкчылыгына токтолду.

Экс-президент Атамбаев "президент Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы баяндамасынан парламенттик өлкөгө өтүү сыяктуу стратегиялык жагдайлар алынып калыптыр” деп айтканы коомчулукту бир топ бүдөмүк ойго түрттү. АКШда иштеген саясат таануу илиминин доктору Аскат Дукенбаев "Азаттык" радиосуна курган маегинде Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүүнүн артыкчылыгына токтолду.

"Азаттык": Экс-президенттин айтканы чын болсо бул эмнеден кабар берет? Кыргызстанда парламентаризмдин өнүгүшүнө кооптуу жагдай бар экенин көрсөтпөйбү?

Аскат Дукенбаев: Кыргызстандын Конституциясында парламенттин орду так, даана жазылган. Президент каалайбы же каалабайбы, ал Баш мыйзамдын негизинде гана иштей алат. Анда "президенттик-парламенттик башкаруу системасы" деп көрсөтүлгөн. Албетте, бизде толук жарамдуу парламентаризм түзүлө элек. Андай система мурда болгон эмес. Ал калыптануу жолунда, биз андан тайбашыбыз керек. Биз бул багытта коңшуларыбыздан алдыга кеттик.

Кыргызстан эгемендигин жарыялаган 1991-жылдын 31-августунан тартып Медеткан Шеримкулов төрагалык кылган парламент кайсы бир деңгээлде президентке каршы оппозициячыл маанайы менен Өзбекстандан, Тажикстандан айырмаланып турган.

Андан кийин Кумтөр баштаган талуу маселелер парламентте көтөрүлгөн. Мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевге каршы оппозиция парламентте түзүлбөдү беле. Атамбаев президент болуп келгенден кийин гана парламенттин жигердүүлүгү солгундап кеткени сезилди.

2020-жылкы шайлоодон кийин парламентаризм күчкө толот деген ишеним бар. Жогорку Кеңешке кандай саясий күчтөр келгенине жараша парламенттин маңызы, элге канчалык алымдуу экени аныкталат.

"Азаттык": ​Парламенттеги партиялар негизги саясий институттар катары өз милдетин канчалык аткарып жатат? Деги эле алардын сапаты сизди канааттандырабы?

Аскат Дукенбаев: Биздин партиялар өз милдетин аткара албай жатышат. Алар оппозициялык күч болуп, андай кубатын толук көрсөтө элек. Биздин Конституцияга “бийликтин тең салмактуулугу жана бири-бирин көзөмөлдөө” принциби киргизилген. Ага ылайык партиялар Жогорку Кеңешке келгенден кийин бийликтин калган бутактарына тең ата болушу керек болчу.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

"Азаттык": ​2020-жылы шайлоодо эл кимге добуш берет? Парламентти кантип күчтөндүрсө болот?

Аскат Дукенбаев: Азыркы система акчалуу саясатчыларга байланган. Мындай жагдайды карап туруп, мен мындай сунуш кылмакмын. Биринчиден, шайлоо системасын реформалоо зарыл. Шайлоо босогосун 3% чейин ылдыйлатуу керек, бул парламентке жаңы саясатчылардын келишине жол ачат. Экинчиден, "парламентке келем" деген дымагы бар партиялар азыртадан уюшуп, элге эмитеден тааныла башташы керек. Эки жылдан кийин өтчү жарышка даярдыкты азыр баштоо абзел.

Албетте, Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшөрүн эл кызуу колдоду. Бир жагынан бул коом эмнени күтүп жатканынын ачык көрсөткүчү. Бирок сот, укук коргоо системаларындагы реформасыз эч кандай жыйынтык болбойт. Албетте, парламентти, сот бийлигин, аткаруу бийлигин бирдей чыңдоо керек.
Аскат Дукенбаев.

Үчүнчүдөн, биздин шайлоочулардын психологиясын кылдат иликтеп чыксак болмок. Алар эмнеге таянып добуш берет? Эгер жаңы күчтөр пайда болсо, алар кимге таянат? Жеке менин баамымда, жаңы прогрессивдүү саясий күч пайда болсо, аны колдой турган шайлоочулардын базасы бар.

2015-жылкы шайлоодо 200 миңге чукул киши баарына “каршы” добуш берген, ал эми былтыркы президенттик шайлоодо 600 миңдей адам Бабановдун талапкерлигин колдогон. Ага добуш бергендердин арасында прогрессивдүү деген топко киргендер арбын. Бул Кыргызстанда жаңы либералдуу күч түзүлсө, жаш саясатчылар чыкса, аларды колдой турган электоралдык база бар экенин туюнтат. Өлкөгө саясатчылардын жаңы мууну аба менен суудай эле зарыл.

"Азаттык": ​"Шайлоо системасын реформалоо" деп калдыңыз, кайрадан бир мандаттуу шайлоо округун киргизүү мүмкүнбү?

Аскат Дукенбаев: Жаңы системада шайлоо босогосун ылдыйлаткандан сырткары тизмелерди туруктуу бекитүү тартибин киргизүү абзел. Бул саясий коррупцияга бөгөт коет. Учурдагы система саясий коррупцияга кенен жол ачып, парламентте мандат сатып алууга өбөлгө болууда. Ал эми, тескерисинче, шайлоого чейин бекитилген тизме ошол бойдон өзгөрбөшү керек.

2020-жылы үлгүрбөйбүз десек, кийинки шайлоодо партиялык тизме менен бир мандаттуу окургдарды түзүп, тажрыйба кылып көрөлү. Мисалы, Англиянын системасын алалы. Ал жерде талапкер бир округдан өз алдынча шайлоого катышат. Ошол эле маалда ал партиянын да тизмесинде болот. Маселен, тигил же бул бир мандаттуу округдан аттанган талапкер ошол эле маалда ал лейбористтердин же консерваторлордун же демократтардын партиясынан экенин эл билет.

Бизде акчалуулар өтүп жатат, ал эми билим алып, кесибин жогорулатып жүргөндөр сыртта калып жатпайбы. Ток этээрин айтканда, бизге жаңычыл прогрессивдүү лидерлер зарыл, бирок алардын суурулуп чыгышын акча чечпеши керек.

Коррупционерлердин "кара тизмеси" түзүлөт

Коррупционерлердин "кара тизмеси" түзүлөт

Кыргызстанда мындан ары кызматтык кылмыштарга, коррупцияга байланыштуу айыпталган милиция, прокуратура кызматкерлерине, судьяларга карата бөгөт чарасы катары камакка алуу гана колдонулат. Айыбы аныкталып, соттолгондордун атайын "кара тизмеси" түзүлүп, аларга мамлекеттик кызматта иштегенге таптакыр тыюу салынат.

"Азаттык": ​Демократияны, парламентаризмди өнүктүрүү жаатында эл аралык коомчулук Кыргызстандан эмне күтөт?

Аскат Дукенбаев: Эл аралык коомчулук бизден реформалар жаатында чечкиндүү кадамдарды күтөт. Биринчиден, көз каранды эмес сот системасын түзүү. Экинчиден, укук коргоо органдарындагы реформа. Үчүнчүдөн, парламенттин ролун күчөтүү. Биз ушул үч чөйрөдө эле ийгиликке жетсек, эбегейсиз алга жылыш болмок. Азырынча эл аралык коомчулук бизди коңшуларыбыз менен салыштырып, минималдуу көрсөткүчтөр менен баалап турган кези.

Алардын баары тең "бул региондо Кыргызстанда биринчи жолу саясий бийлик тынч жол менен берилди" деп кубаттап, кол чаап жатышат. Биз үчүн бул минималдуу, алардын салыштыруусунда чоң жетишкендик катары көрүнөт. Бирок өлкөнү минималдык стандарттар менен баалоону токтотолу. Келгиле, өзүбүздү болушунча жогору баалайлы. Анткени биз өнүгүүнүн ыргагын жоготуп атабыз, минтип отурсак, биз Казакстандан, Өзбекстандан ат чабым артта калабыз. Карагылачы, Өзбекстанда кандай реформалар башталууда.

Экинчиден, токтоосуз жана чечкиндүү түрдө коррупцияга каршы күрөштү күчөтүш керек. Сот системасынын өз алдынчалыгын камсыз кылып, укук коргоо түзүмдөрүндө терең реформа жүргүзмөйүнчө коррупция тыйылбайт. Мен жаңы президенттин коррупцияга каршы билдирүүсүн пессимисттик маанайда кабыл адым.

Албетте, Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшөрүн эл кызуу колдоду. Бир жагынан бул коом эмнени күтүп жатканынын ачык көрсөткүчү. Бирок сот, укук коргоо системаларындагы реформасыз эч кандай жыйынтык болбойт. Албетте, парламентти, сот бийлигин, аткаруу бийлигин бирдей чыңдоо керек.

Мамлекетти башкаруу жана саясий жүрүштөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:00 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG