Линктер

бейшемби, 18-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:15

Бараандуу саясат таануучу жана тарыхчынын алтымышынчы белеси


Аалыбек Акунов, 13.11.2013.

Кыргызстандагы таанымал саясат таануучу жана тарыхчы илимпоз, саясат таануу жана тарых илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акуновдун чыгармачылыгы тууралуу учкай сөз.

Жаңычыл илимпоз жана уюштуруучу

Кыргызстан эгемендик доорго жеткенден кийин коомдук илимдер тармагында жаңы багыттар калыптанышы керек болду. Алардын бири – мурдагы марксисттик көз караштан арылган заманбап саясат таануу илим тармагы.

Албетте, изилдөөчүлөрдү Кыргызстанга Марстан алып келүүгө эч ылаажы жок, башкы күч – мурдагы советтик окумуштуулардын ичинен жаңыча көз карашка өтө алган ойчул, реформачылыкка дилгир, мээнеткеч өкүлдөрү болду. Алардын мээнети менен акырындап жаңы муундагы илимпоздор да чыкты.

Кыргызстандагы саясат таануу илимдеринде дал ошондой жаңы көпүрө жараткан пост-советтик бараандуу окумуштуулардын бири — Аалыбек Акунов бүгүн алтымыштын кырына чыгып олтурат.

Кыргызстанда адам укуктары боюнча алгачкы окуу куралын, “Саясат таануу” боюнча алгачкы энциклопедиялык жыйнакты жана окуу китептерин жарыялап, өлкөдөгү пост-советтик коомдук илимдерде дың бузган бул чыгаан илимпоз тууралуу башка да адистер өз пикирлерин айтууда.

Биз анын өмүр жолуна жана чыгармачыл ишмердигине байланыштуу азыноолак гана маалыматыбыз менен бөлүшмөкчүбүз.

Илимпоздун чыйыры

Аалыбек Акун уулу кандидаттык диссертациясын 1991-жылы тарых илимдери боюнча, ал эми доктордук диссертациясын — 2000-жылы саясат таануу жана тарых адистиктери боюнча жактаган. Анын эки башка илимий тармактын маселелери тогошкон докторлук темасы “Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу системасынын өнүгүшү: Уюштуруу жана функционалдык жааттарына сереп” (Акунов Аалыбек. Развитие системы государственного управления Кыргызстана: организационно-функциональный анализ: Дис. ... доктора ист. наук: 07.00.02, 23.00.02. - Бишкек, 2000) деген темага арналды. 2002-жылы ал саясат таануу адистиги боюнча профессор наамын алды.

Илимден тышкары ал окутуучулук-педагогдук ишмердик менен алектенип келет.

1990-жылдары ал Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде (мурдагы Кыргыз мамлекеттик университетинде) окутуучу, доцент, кафедра башчысы, жаңы негизделген Мамлекеттик башкаруу жана социалдык иликтөөлөр институтунун алгачкы директору кызматтарын аркалады.

КУУдагы ишине айкалыштырып, 2000-2001-жылдары Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУнун) Бишкек академиясын негиздөө боюнча уюштуруучу топту жетектеген жана 2002-2004-жылдары анын алгачкы проректору болгон.

2010-жылы 26-октябрда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева койгон жардыкка ылайык ал Кыргыз улуттук университетинин ректору кызматына дайындалган. Ага чейин 2010-жылдын майынан тартып ректордук милдетти аткарып келген.

Кийинчерээк маалым болгондой, анын реформалык аракеттери, КУУда өз алдынча "чакан хан" болуп калган институттардын жетекчилеринин макамын кайра кароо пландары бир далай “жемкор лөктөрдүн” жүрөгүн түшүрүп, алар эки багытта иш алып барышкан: бир жагынан А.Акуновду жогорку бийликтерге жаманатты кылып, экинчи жагынан окутуучулар жайкы эс алууда жүргөн маалда четтегилерди “жалдай коюшуп”, ректорго каршы нааразылык митингдерин уюштуруп, ошонун күүсү менен аны 2011-жылы июлда кызматтан кетиришкен. Бул окуяны ал өзү жана анын тарапкерлери мыйзамсыз жана саясий куугунтук аракети катары баалаган.

(Аргасыздан баш чайкап койо албайсың, КУУдагы алиги өз алдынча эле кожоюндук кылган “атамандардын” ээлигинде калып кеткен институттардын жетекчилеринин өзүм билемдиги акыры жоюлду. Аалы Акун уулу беленденген КУУдагы ички башкаруу жаатындагы реформалар кечигип болсо да башкалар тарабынан соңку жылдары жүзөгө ашырылды).

2011-жылдан Аалыбек Акун уулу Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде профессор жана кафедра башчысы катары иш алып баруудан тышкары, Президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жана “Мурас” фондунун бир катар илимий иш-чараларын, ошондой эле, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин илимий иштер жана илимди кеңири калайыкка таанытуу жаатындагы долбоорлорун жүзөгө ашырууга ырааттуу салым кошуп келет.

2010-17-жылдары ал элдик кош ыңкылаптын тарыхы, тарыхый инсандарды жаңыча таразалап иликтөө, 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш ж.б. темалар боюнча Кыргызстандын ар кыл аймактарында коомдук жолугушууларды уюштурууга катышты. Маселен, ал Техникалык университетте ыраматылык коомдук ишмер, кинорежиссёр Дооронбек Садырбаевдин бейнесине арналган кызыктуу кереге кеңешти (тегерек үстөл баарлашуусун) өткөргөн.

Профессор Аалыбек Акунов 1990-2018-жж. аралыгында саясат таануу, адам укуктары, Кыргызстандын саясий тарыхы, Кыргызстандын эгемендик доорундагы тарыхый баскычтары, мамлекеттик башкаруу, ж.б. темаларда бир катар монографиялар, энциклопедиялык жыйнактар, окуу китептер, макалалар жарыялады. Ал жумуриятта саясат таануу багытында өзүнүн илимий мектебин калыптандырууга жетишти.

Анын поляк илимпозу Тадеуш Бодио менен биргеликте даярдаган Кыргызстандын тарыхы жана саясаты тууралуу жыйнагы поляк тилинде Т.Бодионун редакторлугунда жарык көргөн (Kirgistan. Historia – społeczeństwo – polityka / Tadeusz Bodio (red.). – Warszawa, 2004. Dom Wydawniczy ELIPSA. - Кыргызстан: Тарых, коом, саясат. - Варшава, 2004. - 896 бет.)​.

Профессор Аалыбек Акунов учурда “Кыргыз тарыхы” аталышы менен басмага даярдалып жаткан көп томдуктун пост-коммунисттик Кыргызстандын тарыхы бөлүмүнүн илимий редактору болду.

Алгачкы президенттер А.Акаев менен К.Бакиевди жөнү жок мактагандардан айырмаланып, профессор А.Акунов соңку илимий жана публицисттик эмгектеринде Кыргызстандагы жылма авторитаризм дал ушул туңгуч президент А.Акаев тарабынан кантип түптөлгөндүгүн, кантип алгачкы элдик ыңкылаптын мөмөсү К.Бакиев тарабынан 2007-жылдан тартып жокко чыгарылгандыгын далилдүү фактылар менен тастыктап берди.

Кылымдар тогошкон доордогу өмүр

Айрым замандаштарыбызга илимпоз Аалыбек Акун уулунун өмүр таржымакалы, ата-теги тууралуу маалымат да кызык болушу ыктымал.

Анын атасы - Акун Кырбаш уулу Жаркынбай небереси Сатыкетегин (1903—1993), кыргыздын азык уруусунун козукуна уругунан.

Энеси - Сайнакүл Иманалы кызы болсо кыргыздын азык уруусунун байкүчүк уругунан. Алар 1945-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Ак-Учук айылында баш кошкон жана төрт эркек, эки кыздуу болушкан. Аалыбек — алардын ортончу уулу.

Акун Кырбаш уулу атабызды биз да көрүп калдык. Узун бойлуу, карылуу, сүрдүү, аз, бирок орундуу сүйлөгөн, көзү бир аз күлүңдөгөн киши эле. Башынан көптү өткөргөнү билинип турчу.

Чынында да, Акун ата өз муунуна туш келген тагдырдын далай сыноолорун баштан кечирген экен. Анын атасы Кырбаш Жаркынбай уулу Нарындын Кочкор жергесиндеги Ак-Учук айылында тектүү, бай кишилерден болгон. Ал дагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшкө катышкан.

Кочкор жергеси ал кезде боштондук көтөрүлүштүн алоолонгон очокторунун бири болгон. Дал ушул аймактан чыккан Канаат Ыбыке уулу Кочкор менен Чүйдүн чыгышында жалпы хан жарыяланганы тууралуу эки-үч жылдан бери байма-бай эскерилүүдө.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов падышалык архивдерден тастыктагандай, Канаат хан оторчул жазалоочулар тарабынан туткундалып, Верный (азыркы Алматы) шаарындагы абакта 1917-жылы 16-февралда толукшуп турган чагында өлгөн (оторчулар аны акырындап уу берип өлтүрүшкөнү тууралуу да шек бар).

Куралдуу көтөрүлүш оор куралданган падышалык жазалоочу аскерлер тарабынан кандуу жазаланып, андан соң калайыктын бир бөлүгү Батыш Кытайга качууга мажбур болгон. Кырбаштын үй-бүлөсүнүн калган-катканы 1916-жылы бул азаптуу Улуу Үркүнгө катышып, Кытай чегине качууга мажбур болгон.

15 жашка келген Акун Кырбаш уулу өз апасы жана чоң энеси менен 1918-жылы Батыш Кытайдан кайра Кочкор өрөөнүнө кайтып келген.

Улуу Үркүндө мүлдө кыргыз мал-мүлксүз калганы менен, мурдагы байлар Кеңеш бийлиги доорунда кодулоого кабылган.

1920-жылдардын соңу — 1930-жылдардын башында Акундун бир катар туугандары “байдын тукумдары”, “Кеңеш бийлигинин душман” делип куугунтукталып, айрымдары Украина жана башка жерлерге айдалып, дайынсыз жок болушкан.

Отузга чыга элек Акун Кырбаш уулу “жаш” деп саналып, туулуп-өскөн жеринде калтырылган, бирок “байдын тукуму” катары ал дагы "кара тизмеге" алынып, кыйла жылдар бою колхозго да кирбей калыптыр.

Акундун ортончу уулу Аалыбек 1958-жылы 10-мартта Ак-Учук айылында төрөлдү. Айылдагы орто мектепте 1965-1975-жылдары таалим алып, мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, бир жылдай колхоздо иштеди.

Студенттик курак

Аалыбек Акун уулу 1976-1981-жылдары азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин (КУУ; ал кездеги Кыргыз мамлекеттик университетинин) тарых факультетинде окуду. Орус тилин чындап Бишкектен үйрөнгөн чыйрак, мээнеткеч студент алгачкы курстан тартып эле мыкты окугандардын катарына кошулду.

Ал кез – атактуу Леонид Брежневдин заманы эле. Бир жагынан сталинчилердин тоталитардык заманынын ачыктан-ачык куугунтук доору артта калган, ал түгүл Брежневдин өзү тууралуу саясий анекдоттор коомчулукта ээн-эркин айтылган; экинчи жагынан, советтик системанын ичинен эле эскичил жана жаңычыл күчтөр тымызын тирешип жаткан кезең болчу. Советтик кыргыз студенттер Чыңгыз Айтматовдун, Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларын, Түгөлбай Сыдыкбековдун публицистикалык ойлорун гана эмес, Габриэл Гарсиа Маркестин чыгармаларын Борбордук китепканада кезекке туруп окуган, кайра-кайра талкуулаган чак.

Студенттик жатаканада түнкүсүн Би-Би-Синин орусча музыкалык берүүлөрүн, айрымдары “Азаттыкты” жашыруун кармап уккан кезең. Музыкада АББА (ABBA), Бони Эм (Boney M.), “Дос Мукасан”, “Ялла”, “Чоро Кожомаровдун тобу”, “Наристе” сыяктуу ансамблдер жаштарды арбап турган.

Ошол доордо Карл Маркс атындагы жогорку стипендияга талапкер болгон жаткан Аалыбектин бир окуясы эстен кетпейт. АКШнын 39-президенти, демократ Жимми Картер (бийликте 1977—1981-жж. болгон), негедир, бишкектик студенттердин арасында популярдуу эле. Балким, аны советтик басма сөздө улам-улам сындашканданбы, же стратегиялык курал-жарактарды чектөө боюнча экинчи айлампадагы сүйлөшүүлөр анын тушунда өткөндөнбү, Жакынкы Чыгышта Египет менен Израилдин өз ара согушуна чекит койгон келишимге арачы болгондугунанбы, айтор, белгисиз.

Айтор, Жимми Картердин түстүү сүрөттөрү советтик Кыргызстандын борборуна да келип жетет. Алардын бири түз эле барып, жатаканадагы Аалыкенин керебетинин кашына илинет да калат.

Ал кезде коом таануу жаатындагы дарс окутуучулар студенттик жатаканаларды кыдырып, студенттерге алардын жаткан жеринен да идеологиялык туура багыт берүүгө милдеттендирилчү. Ошондойлордун бири, КПСС тарыхы боюнча дарс окуган ага окутуучу Волчанский деген аксакал Аалыкенин керебетиндеги көгүлтүр жынсы шымчан Картерди көрүп, “партиялык-идеологиялык факультеттеги жатаканада жеткен империалисттик өлкөнүн мамлекет башчысынын сүрөтүн илип алышыптыр” деп чалкасынан кетет.

Сталиндин доорунда жаштыгы өткөн бул киши чоң чуу чыгарып, эл душманын таап алгансып, ректорго чейин чатак салат. Ал кезде ректор — Салмоорбек Табышалиев (1928—1993) эле. Ал улуттук кадрларды өстүрүү боюнча кыйла кылдат иш жүргүзгөн инсан болчу. Бир кезде Исхак Раззаковдун жардамчысы болуп иштеп, андан кыйла турмуштук сабактарды алганын ыраматылык Салмоорбек агай кийинчерээк, “Кайра куруулар” заманында мага айтып жүрчү.

Маселе Аалыбекте эле эмес болчу. Аны студенттиктен чыгарып коюш абдан жеңил иш эле. Волчанский идеологиялык тарбия жаатындагы кемчиликтери үчүн деканат да жооп бериши керек деп талап кылып жаткан. Минтип чубай берсе, анда ректордун жана министрдин өзүнө чейин доо тийиши ыктымал.

Кийинчерээк бизге маалым болгондой, көптү көргөн, алчы-таасын жеген ректор Салмоорбек агай маңдайында Волчанский турса, ага эмес, жанында отурган тарых факултетинин деканына кайрылган экен:

— Мындайга чыдамсыздык менен мамиле кылууга болбойт! Бул студентке “КПССтин тарыхы” боюнча ким дарс окуса, аны да дароо иштен алуу керек! — дептир.

Өзү каза баштаган ор өзүнө туш келмек болгонун көрүп, жүрөгү оозуна тыгылган Волчанский агай андан соң бул маселени кайра козгогон эмес дешет.

Картердин сүрөтүнүн символдук мааниси, менимче, Аалыкенин жана ошол кездеги студенттердин атаандаш, эркин маалымат булактарына кызыгуусунан улам болгондур.

Дагы бир кызыктуу окуя — 1981-жылы КУУнун студенттери “Ала-Тоо” кыштагынын жанындагы аскердик машыгуу жайына аскердик таалим боюнча үч айлык окууга кеткенде болду.

Полковник Голубев деген катаал офицер бар эле. Ал орунсуз эле жергиликтүү калктын өкүлдөрүн келекелеп, шылдыңдай берчү.

Бир күнү ал уруксатсыз шаарга кеткен балдарды кармап алып, кийимдерин ажатканага ыргыттырыптыр. Аскердик өргүү жайында “Голубев кыргыз калпагын да таштандыга ыргытыптыр” деген айың кеп таркап, ачуусу келген курсанттар бүт саясий ачкачылыкка чыгышты. Эки күн бою наар алышкан жок. Аларды ашканага тизип алып келишет, бирок эч кимиси дасторконго отурбайт. Бул өнөктүккө Аалыбек да жигердүү катышты.

Бул чуунун кабары ошол кезде Кыргызстандагы аскер бөлүктөрүн да жетектеген Алматыдагы Орто Азмя аскер чөлкөмүнүн "чоңдоруна" чейин жеткен дешет. Акыры комиссия түзүлүп, Голубевдин өзүнүн элди мазактаган учурлары тууралуу аскердик окуу жетекчилигине маалымдалып, ал студенттерден өзүнүн оройлугу үчүн кечирим сурап, анан саясий ачкачылык токтогон.

Аалыбекке таалим берген окутуучулардын арасында тарыхчылар Анварбек Хасанов, Сабыр Аттокуров, Айып Идинов, Бейше Урстанбеков, Таабалды Мурзабеков, Какен Мамбеталиева, Раида Дооронбекова, Ксения (Сейне) Искенова, Жумали Адилбаев, Мидил Жамгырчинов, Бейманалы Чөкүшов, Вольтраут Шелике, Дмитрий Винник, Михаил Фёдоров, философия илимдери боюнча Маскөөдөн жактап келип, дарс окуган Роза Отунбаева ж.б. бар эле.

Окууну аяктап жаткандагы дипломдук ишти Аалыке ал кездеги эң оригиналдуу жана эч ким жаза элек тема боюнча аткарган: ал “Манас” дастанын этнографиялык булак катары иликтеген. Анын илимий жетекчиси — кыргыз айымдарынын ичинен алгачкы болуп этнография тармагында кандидаттык диссертациясын коргогон Какен Мамбеталиева (1936—1984) эжеке болчу.

Дипломдук ишти эң мыкты баага жактап, Аалыке Маскөөгө СССР ИАсынын Этнография институтуна аспирантурага камына баштады. Какен эже ал кездеги институт директору, академик Юлиан Бромлей (1921—1990) менен байланышып, маселе дээрлик чечилип калган. Бирок ошол тапта Какен эжеке катуу ооруп, сүйлөй албай калды да, бул илимий долбоор үзгүлтүккө учурады. Аалыкенин илимий тагдыры да башка нукка бурулду.

Тарыхчылар тарабынан “Манас” дастанын этнографиялык булак катары изилдеген диссертациялар эгемендик доордо, 1990-жылдары гана жазылды: тарыхчы Билал Чыныбаев (1963—2008) бул жаатта кандидаттык ишти 1991-жылы Татарстандын борборундагы Казан университетинде, Имел Молдобаев (1942—2005) агай — докторлук ишти 1995-жылы Бишкекте Кыргызстан УИАсында коргошту. (Айта кетсек, адабиятчы, тилчи, фолклор таануучу адистердин “Манас” дастанын изилдөөдөгү салты алда канча терең болчу).

Аракеттеги саясат таануучу

Аалыбек Акун уулу манас таануу жаатында ишин уланта албай калса да, тагдырындагы бурулушту жаңы илимий өңүттө уланта алды. Ал Кыргызстанда пост-марксисттик саясат таануу багытында жаңыча тармакты түзгөн бараандуу окумуштуулардан болуп калды.

Ал Кыргызстандын авторитаризмден парламенттик демократиялык башкаруу системасына өтүүсүн жактап чыккан жана кош ыңкылаптан кийинки жемкорлукту ачык сындаган ишмер катары да таанымал.

"Коррупция бийликтин аброюн кетирүүдө"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

Соңку чакан каалоо

Азыркы тапта чыгармачыл жактан толукшуп турган илимпоз Аалыбек Акунов учурда жаңы илимий долбоорлор менен алектенүүдө. Жашы жагынан “-мыштарга” жаңы башпагып жатканы менен, Аалыке илимий демөөрү жагынан дагы эле күлгүн кезди баштан кечирүүдө.

Профессор Аалыбек Акуновго илимий-педагогдук жана коомдук ишмердигиндеги мындан аркы албан ийгиликтерди, үй-бүлөлүк бакыбаттык, улам жаңы демилгелерди сунуштаган айдыңдык кубат каалайбыз.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG