Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Өкмөт Акуновдун ректорлук кызматтан алынганын расмий жарыялады


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин ректорлук кызматын аркалаган Аалыбек Акуновду кызматтан алуу тууралуу премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин расмий буйругу чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан бүгүн билдиришти. Ага ылайык, Акунов Эмгек кодексинин 83-беренесинин 11-пунктуна ылайык, “эмгек милдеттерин одоно бузган” деген жүйөө менен кызматтан алынды. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Искендер Исамидинов окуу жайга жаңы ректор болуп дайындалды.

Кечээ Аалыбек Акуновдун кызматтан алынганын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирген. Бирок өкмөттүн басма сөз кызматы Улуттук университеттин ректору алмашканы тууралуу расмий буйрук түшө электигин, Акуновдун кандай укуктук негиздер менен кызматтан алынганы белгисиз экендигин кабарлаган. Ал эми Аалыбек Акунов болсо, саясий куугунтукка кабылып жатканын “Азаттыкка” ачыктаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG