Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Этнограф айым Какен Мамбеталиеванын 80 жылдыгы белгиленет


Туңгуч кыргыз этнограф айымы Какен Мамбеталиева. 1980-ж.
Туңгуч кыргыз этнограф айымы Какен Мамбеталиева. 1980-ж.

ХХ кылымда кыргыз айымдарынын арасынан чыккан алгачкы илимпоз-этнограф, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Какен Мамбеталиеванын (1936 – 1984) сексен жылдык торколуу тоюна утурлай жазылган блог.

Кыргыз совет этнографтарынын өз дооруна тете бийик сереге чыккан алгачкы муунунун өкүлү болгон Какен Мамбеталиева (05.04.1936 – 30.07.1984) Кыргызстандын азыркы Баткен облусуна кирген жана ага чектеш аймактардын калайыгынын этнографиясы жаатында көөнөргүс эмгектер жараткан. Ал өлкөбүздөгү тарых илимдеринин жаңы тармагын – этнография илимин түптөөдө, ошондой эле дүйнөлүк этнография илиминин жетишкендиктери камтылган заманбап дарстар окууда жана жаңы муундагы этнограф кадрларды даярдоодо ири салымы бар мээнеткеч тарыхчы айым болгон.

Өмүр башаты.

Какен Мамбеталиева Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районуна (мурдагы Тян-Шан районуна) караштуу Он-Арча айыл аймагындагы Эчки-Башы кыштагында жарык дүйнөгө келген. Атасы Мамбеталы Черикчи уулу Үмөтаалы небереси колунан көөрү төгүлгөн уста болгон, анча-мынча табыпчылыгы да бар эле. Какендин энеси – Жумабүбү да мыкты уз эле, шырдак шырып, туш кийиз сайып, өнөрлүү болчу. Ал тогуз бала төрөгөн, бирок эки уулу (Дүйшөмбү, Сулайман) жана бир кызы (Какен) гана токтогон экен. Дүйшөмбүнү атасынын агасы Сыя багып алган экен. Дүйшөмбү экинчи дүйнөлүк согуштан кайтпай калган.

Кыргыздын заттык жана руханий маданиятын иликтөөгө Какендин кызыгуусу, балким, өзүнүн айылдагы даңазалуу усталардын биринин жана уздун үй-бүлөсүндө төрөлүп өскөнүнө байланыштуудур? Уз эне, албетте, кызына да кылдат жана талбай мээнет кылып, ар кыл сайса сайуу, шырдак шыруу, ала кийизге оюу түшүрүү усулдарын үйрөтөт эмеспи.

Элибиздин Теңир-Тоодон чыккан чыгаан журналисттеринин бири Сулайман Мамбеталиев карындашы Какендин чын курандын (апрелдин) алгачкы күндөрү айылдагы боз үйдө төрөлгөнүн, карапайым эмчи Бурулкан апа киндик эне болгонун, Жумабүбү апа төрөп жатканда киндик эне ага ала бакан таянтып көмөк кылганын эскерет. Төрөт үйүндө гана көз жарып калган азыркы айымдар үчүн мунун бардыгы – эски доордогу эне турмушунун этнографиялык чоо-жайы.

Какен алты жашында эле, демек, мектепке барбай жатып тамга таанып, татаал эмес эсептерди оюнда чыгарып калганын, дилгир өскөнүн да агасы Сулайман эскерип жазат. Албетте, оюн аралаш Какенге тамга тааныткан – өз байкеси эмеспи. Оболу Какен Эчки-Башы айылындагы жети жылдык мектептен окуй баштаган.

Алардын атасы Мамбеталы 1945-жылы кайтыш болгон. Каатчылыкта жашап жаткан үй-бүлөнүн жалгыз уюн жакын тууганы эч суроо-сопкуту жок эле этке төгүп жибергенде, бул кылыкка таарынып, Жумабүбү апа уул-кыздарын (анын ичинде согуш жылдары Мамбеталы менен Жумабүбү багып алган Жаңыл деген кызды кошуп) алып, Эчки-Башыдан Нарын шаарына көчүп кетет. Кооз жасалган боз үйүн бир бөлмөлүү жалпак тамга айырбаштайт.

Тагдырдагы бул бурулуш Какендин орус тилин айылдыктарга салыштырмалуу тыңгылыктуу үйрөнүүсү үчүн да өбөлгө түзгөн. Чоң кыштактай болгону менен, Нарын, кантсе да, шаар макамындагы жана көп этностуу жай болгон эмеспи! Агасы Сулайман комсомолдук кызматта, андан соң журналисттик кесипте иштеп, карындашын насааты менен да, каржылык жактан да камсыз кылып турган.

Какен Нарын шаарындагы № 1 Токтогул атындагы мектепте окуп, толук эмес орто билим алган. Андан соң Нарын педагогикалык окуу жайына (азыркы Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине) кирип, окуу жайды 1952-жылы мектептер бөлүмү адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган.

Студенттик жана жаш илимпоздук кезең.

Какен өзү дарыгер болууну көксөгөн экен. Бирок өз атасындай туу туткан бир тууган байкеси Сулаймандын кеңеши менен Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факултетине тапшырат. “Тарых – бардык илимдердин башаты деп ойлочумун”, - деп эскерет Сулайман Мамбеталиев агай.

Какен студент кезинде этнограф Клавдия Ивановна Антипина менен таанышып, анын шакирти болгон. 2-курстан тартып К.И.Антипина айым менен чогуу Кыргызстандын түштүгүнө, анын ичинде Баткенге илимий экспедицияларга байма-бай чыгып турган. Сүрөттү мыкты тарткан. Уздардын оюуларынын үлгүлөрүн өзү кагазга түшүргөн.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. 14.5.2015.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. 14.5.2015.

Какен эже Кыргыз мамлекеттик университетин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин) артыкчылык диплом менен аяктаган. Андан соң Кыргызстандын Илимдер академиясынын Тарых институтунда иштеп калды.

Элеттен чыккан Какен Мамбеталиева 1950-жылдардын соңу - 1960-жылдардын башында советтик этнография илиминин мыкты адистеринен сабак алып, азыркы кыргыз этнография илим тармагын түптөгөнгө бараандуу салым кошкон алгачкы кыргыз айымдарынан болуп калды.

Какен эженин агасынын кызы, учурда саясат таануу боюнча илим доктору, профессор Гүлмира Мамбеталиеванын эскерүүсүнөн:

“Эжем жакшы окуп Ленинграддагы этнография институтундагы аспирантурага өтүп, илимий ишин ийгиликтүү жактап, түштүктөгү тоо-кен өнөр жайындагы жумушчулардын турмушун, ал жердеги маданиятты изилдеген. Какен Мамбеталиева энциклопедист да болгон. Кыргызча ысымдарды изилдеген. "Кыргыздын аттарын изилдеп жүрсөм Канализация деген ат бар экен" деп күлгөнү эсимде. Кыргыздардын колдонмо өнөрү тууралуу К.Антипина менен биргелешип китеп жазып, ал китептери англис, орус, немис тилдеринде жарыкка чыккан. Бул киши чет тилдерин жакшы билгендиги үчүн Каракалпак университетине сабак бер деп, башка чет мамлекеттерге стажировкага барууну да сунушташып турган...”

Какен Мамбеталиева 1962-жылдан тартып өмүрүнүн соңуна чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы Кыргыз мамлекеттик университетинин) тарых факультетинде этнография боюнча ырааттуу дарстарды, атайын курстарды окуп, курстук жана дипломдук иштерге жетекчилик кылып, нечендеген жаш адистерге этнография тармагы боюнча илимий сапарга чыгууга багыттама берген.

1963-жылы К. Мамбеталиева “Кыргызстандын таш көмүр өнөр жайындагы кыргыз кенчилеринин турмуш-тиричилиги жана маданияты” деген китебин орус тилинде жарыялаган. Ошентип, ал заманбап этнография үчүн бүгүн да маанилүү теманын башатын ачкан. Ушул багыттагы илимий изилдөөсүн улантып, натыйжада 1971-жылы “Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайындагы кыргыз жумушчуларынын үй-бүлөсү жана бүлөлүк-никелик мамилелери” деген китебин орусча жарыкка чыгарды.

Какен Мамбеталиева этнография жаатындагы кандидаттык диссертациясын СССР Илимдер Академиясынын Миклухо-Маклай атындагы этнография институтунун Ленинграддагы бөлүмүнөн жактаган. Анын устаттарынын бири айтылуу этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон.

1964-жылы СССРдин борбору Москвада өткөн Антропологиялык жана этнографиялык илимдердин дүйнөлүк конгрессинде Какен Мамбеталиева баяндама жасап, ал англис тилинде жарыкка чыккан.

1971-жылы СССР Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечимине ылайык К.Мамбеталиева доцент илимий наамын алган.

Басма сөздө кесиптери далай ирет белгилегендей, Какен эженин бир катар илимий макалалары өз доору үчүн Кыргызстандагы телчигип жаткан заманбап этнография илиминдеги жаңы саамалык болгон. Түптөлүп келе жаткан чакан өнөр жай шаарларындагы мурдагы көчмөн жана дыйкан кыргыздардын урпактарынын салт-санаасы жана турмушу Какен Мамбеталиева тарабынан алгачкы жолу атайын этнографиялык иликтөөгө алынган.

Азыр дагы Баткен облусунун аймагында жайгашкан чакан шаарлардын этнографиялык көйгөйлөрүн иликтеген этнограф жана социолог окумуштуулар бул аймактагы совет доорунда ХХ кылымдын ортосунда орун алган жагдайга салыштыруу үчүн Какен Мамбеталиеванын таберик эмгектерине байма-бай кайрылышат.

Устат. Педагог.

Педагогдук иш-аракет окумуштуунун ишмердигине көрк да кошот, устаттык мээнети менен өз билимин шакирттерине ооштуруп, илимий мектеп түзүүгө да огожо болот эмеспи. Какен Мамбеталиева азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинде (мурдагы КМУда) этнография боюнча ырааттуу дарстарды, атайын курстарды окуп келди. Ал нечендеген жаш адистерге этнография тармагы боюнча заманбап илимий темаларды тапшырып, этнографиялык талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүгө шыктандырып турду.

Майыптар ассоциациясынын президенти Калык Мамбетакунов мырза Какен эженин адамгерчиликтүү мамилеси тууралуу 2012-жылкы илимий жыйында мындайча эскерген:

"Мен борборго келип бир топ жогорку окуу жайларга документтеримди тапшырдым. Баары эле көзүмдүн начар көрөрүн билип, документтеримди албай, шагымды сындырып жөнөтүп жатышты. Анан бир агаларымдын сунушу менен тарых факультетинен дагы бир багымды сыноону чечтим. Багыма ошондо Какен эже жолуккан экен. Дагы шагымды сындырып эмне деп айтып жиберер экен деп жүрөкзаада болуп отурдум. Эже мени карап “документтериңди алып кел, кабыл алабыз” деди. Эмне дээримди билбей: "Эже, бирок менин көзүм көрбөйт", - дедим. "Көрбөсө эмне экен!" деп эже кыйкырып койду. Ошентип экзаменди өзү алып, мен окууга өтүп кеттим. Эже ушунчалык адамгерчиликтүү жан эле...”

Мурдагы макалаларымда да белгилегенимдей, студенттерге дарс окуп коюу менен чектелбестен, Какен Мамбеталиева эже студенттик жатаканага байма-бай келип, жатакананын кызыл бурчунда коллоквиум өткөрүп, студенттери менен жекече иш алып барчу. Ал өз шакирттеринен дүйнөлүк этнографиялык илим, жалпы дүйнө элдеринин этнографиялык мурасы тууралуу өз алдынча окуусун талап кылчу. Дүйнөдөгү тил түркүмдөрүн улум-улам жаттатчу.

Дал ушундай кубаттуу дарстын жана андан кийинки ырааттуу жекече сабактардын натыйжасында, Какен Мамбеталиеванын окуучулары ата-бабалары түшүндө да укпаган чет элдик мяо-яо, кхмер элдери тууралуу жана байыркы шумер сыяктуу өлүп-жок болгон тилдер жөнүндө кеңири билим алышкан. Ал кезде азыркыдай интернет жана “Википедия” сыяктуу ачык окуу ресурстары жок болчу, көп маалымат камтылган тексттерди эжеке өз студенттерине коллоквиум же дарс учурунда “кылдат жазып алгыла” деп окуп берчү.

Эжеке азыр да колдонулган жана өлүү тилдердин аталышын эле жаттатып тим болгон жок. Анын студенттери дүйнөдөгү тилдерди ар кыл тил түркүмдөрүнө бөлүп системалаштырып айтып беришчү. Биздин тилибиз (жалпы түрк тилдери) уңгу сөз ичинен сындырылбаган жана алдында мүчө кошулбаган, куранды жана уланды мүчөлөр уңгу сөзгө артынан жалгаштырылган агглүтинатив тилдерге кирээри жөнүндө гана эмес, биздин тилибиз алтай тил тобуна монгол, корей, тунгус-манчжур, жапон тилдери менен кошо кирээри, андан да жогорку тепкичте урал-алтай тилдери туруп, фин-угор тилдери да алтай тобуна жакындап кетээри жөнүндө эжеке студенттерине кеңири түшүнүктү калыптандырды.

Тилдердин топторго жиктелишин жаттатууну ашкере талапчыл жана курулай жаттаткыч советтик усул катары терс баалачулар азыр четтен чыгат. Бирок ал кезде (1960-70-жылдары) тарых илими боюнча окуу китептер дээрлик орус тилинде гана болуп, кыргыз энциклопедиясынын алгачкы томунун материалдары жаңыдан гана басмаканага жиберилип жаткан. Интернет түгүл, компютер түшкө кирчү эмес. Айылдан жаңы келгендер этнографиялык илимдин казынасын сырттан окуп келген устаттын кызыктуу дарсына таянып үйрөнө баштаганын түшүнүү менен кабыл алуу керек.

Юрий Кнорозов жана башка этнографтар

Какен Мамбеталиева өзгөчө маашырлануу жана ыраазылык менен студенттерине айткан этнограф жана тилчи окумуштуулардын бири - Юрий Валентинович Кнорозов (19.11.1922, Южный кыштагы, Харьков, Украина — 30.03.1999, Санкт-Петербург, Орусия) болчу.

Бул советтик (орусиялык) чыгаан окумуштууга 1947-жылы археолог жана чыгыш таануучу Сергей Токарев келип: “Айрым окумуштуулар майя жазмасы эми эч качан чечилбейт ко деп жатышат. Балким, сен бул жоромолдорду төгүндөй алаарсың. Кантип эле адам баласы ойлоп тапкан жазууну башка адам чечмелей албай калсын?” деп, бул жазманы кылдат иликтөөнү сунуш кылат. Кнорозов бир нече жылдык талыкпаган эмгегинин натыйжасында майя жазмасын чечмелөө (дешифрлөө) үчүн ачкыч табат. Илимде ири бурулуш жасаган макаласын ал 1952-жылы “Советская этнография” журналына жарыялайт. Ошентип, б.з. IV-VIII кылымдарда өзгөчө гүлдөп-өсүп, IX кылымдан тартып төмөндөй баштаган майя цивилизациясынын чыныгы турмушунун көшөгөсү ачылган.

(Айтмакчы, советтик даңазалуу аалымдардын да кандайдыр-бир капаста жашаганын азыр гана билип-тааный баштадык. Жогоруда айтылган улуу ачылыштын ээси Юрий Кнорозов совет доорунда Латын Америкасына саякатка чыгууга уруксат ала албай келген экен. Ал өзү барып кезүүнү эңсеген тарыхый майя жергесине (Борбордук Америка жана Түштүк Мексика) барууга Кайра куруулар доорунун акыркы мезгилинде – 1990-жылы гана мүмкүндүк алган. Ошол жакта калып калбасын деп коркуп тыюу салышканбы, ким билет? Бул жагдай жөнүндө 1991-жылы сентябрда америкалык илимпоз Michael D. Coe – Майкл Д.Коу мырза Archaeology журналындагы макаласында жазган).

Какен Мамбеталиева өзү жакшы тааныган этнограф окумуштуулар Ю.Кнорозов, Сауд Менделевич Абрамзон (1905-1977), Юлиан Владимирович Бромлей (1921-1990) сыяктуу нечендеген залкар илимпоздор жана алардын ачылыштары тууралуу мол маалыматты айтканда, студенттеринин көздөрү жалжылдап, өздөрү да ушундай ачылыштарды жасоону самап кетишчү.

Какен Мамбеталиева этнографиянын бир нече тармактарга бөлүнөөрүн, башка да илимий тармактарды айкалыштырып үйрөнүү аркылуу гана туура илимий жыйынтык чыгарууга болоорун баса белгилечү. Маселен, кыргыз тилин билбей туруп, кыргыз этнографиясы тууралуу илимий эмгектер, диссертациялар жазган “окумуштуулар” арбын болду. Ошол эле учурда, кыргызча суудай билген же кыргыз этнографиясын иликтөөдө башат ачып берген С.М.Абрамзон сыяктуу илимпоздор кыргыз санжырасын, уруу-уруктарын изилдеген залкар эмгеги үчүн Кыргызстан Компартиясынын жетекчилиги тарабынан адилетсиз сынга алынган кезең да эсте.

Калыстык үчүн айта кетелик, Какен Мамбеталиева гана эмес, жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Кеңеш Жусупов жана башкалар Саул Абрамзонго кайрылышып, бул сын адилетсиз экенин айтып, анын көңүлүн көтөрүүгө жетишкен. Ал эми эгемен Кыргызстанда залкар этнографтын чыгармалары кыргыз тилинде да жарык көрдү. - Караңыз: Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер / Котор. С.Мамбеталиев, Д.Сулайманкулов, С.Макенов. — Б.: «Кыргызстан—Сорос» фонду, 1999. — 896 6. - ISBN 9967-11-042-2.

Дал ошол идеологиялык тар калыптар ачык айткысы келген илимпоздордун кедерин кескен тар жол, тайгак кечүүсү бар цензуралык кезеңде Какен Мамбеталиева үчүн кыргыз этнографиясын иликтөөдө кыйла чектөөлөр коюлгандыгы пост-советтик доордо гана даана айтылды. Кыргыздын уруу аталыштарын, фольклордук мурасын үйрөнбөй туруп, кыргыз этнографиясын иликтөө да мүмкүн эмес эле.

Орошон окумуштуунун 70 жылдыгынын урматына уюштурулган илимий жыйында (2006-жылы) тарых илимдеринин доктору, профессор Закирбек Эралиев (1940-жылдын чын куран айынын 22синде Ош (азыркы Баткен) облусуна караштуу Лейлек районундагы Булак-Башы айылында туулган - 2010-жылдын теке (июл) айынын 12синде Бишкекте каза болгон) өзүнүн жашы улуу кесиптеши Какен Мабеталиеваны заманбап педагог, залкар этнограф катары баалап, анын дагы бир артыкча касиетин баса белгилеген:

"Эчтекеден коркчу эмес. Маселен, орус, шовинизм, компартия, расмий идеология дегендерге ал баш ийчү деле эмес. Чыныгы тоолук мүнөз кыргыз болчу. Өзүнүн оюн так айткан, айтканынан кайтпаган окумуштуу эле. Какен Мамбеталиева кыргыз тарыхында биринчи болуп жумушчу табын изилдеп, кыргыз жумушчу табы түзүлгөнбү же түзүлгөн эмеспи – ушул маселеге өмүрүн арнады. Кыргыз жумушчу табынын түзүлүү тарыхы гана эмес, алардын салт-санаасын, тарыхый ордун даана ачып берди", - деген эле ыраматылык профессор Закирбек агай.

Саясат таануучу, профессор Аалыбек Акунов. 0701.2012.
Саясат таануучу, профессор Аалыбек Акунов. 0701.2012.

Какен Мамбеталиева КМУдагы (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУдагы) эң мыкты окуган айрым студенттерге студенттик илимий конференциялар үчүн баяндама жасагыла, реферат, дипломдук иш даярдагыла деп ар кыл темалар берип, аларга багыт көрсөткөн.

Анын окуучуларынын бири - тарыхчы, саясат таануучу, профессор Аалыбек Акуновго Какен Мамбеталиева эже “Манас” дастанын этнограф катары иликтөөнү тапшырган. Аалыбек мырза өз дипломдук ишин 1981-жылы эң мыкты баага коргоп, ал түгүл Какен эже СССР ИАсынын Этнография институтунун ошол кездеги деректири, академик Ю.В.Бромлейге атайын кат жазып, А.Акуновду Орусияга чакырып, аспирантурага алууларын өтүнгөн. Жергиликтүү бюрократтык тоскоолдуктун айынан Аалыбек Акунов Маскөөгө жиберилбей калса да, ал өзүнүн дипломдук ишин жетектеген эжекеге ар дайым ыраазычылыгын билдирип келет.

Элеси эстен кетпейт.

Какен Мамбеталиева илим деп жүрүп турмушка чыккан эмес болчу. 1984-жылы 1984-жылы теке (июль) айынын 30унда, 48 жашында илимдин жогорку сересине көтөрүлүп, чыгармачыл мектебин ого бетер өркүндөткөн чагында, мына-мына докторлук ишимди жактайм деп турганда оорунун айынан түбөлүк жайга узап кете берген… Керээзине ылайык анын сөөгү туулуп-өскөн Эчки-Башы айылында Боз-Бешик дөңсөөсүнүн этегинде атасы Мамбеталы уста жаткан көрүстөнгө коюлган.

Бирок Какен эже телчиткен окумуштуулар жана алардын шакирттери илимде этнограф айымдын изин сактап калышты жана заманбап талаптарга ылайык улантып келишет.

Какен Мамбеталиева атындагы Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейи. 30.5.2015.
Какен Мамбеталиева атындагы Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейи. 30.5.2015.

Нарын шаарында жайгашкан Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музей (ажайыпкана) 2011-жылдан тартып туңгуч этнограф айым Какен Мамбеталиеванын ысымын алып калды. Музейде этнограф айымдын өмүр жолу тууралуу маалыматтар камтылган кызыктуу экспозиция уюштурулган. Ал эми 2012-жылы бугунун (майдын) 18инде Нарын шаарындагы бул музейдин кире бериш маңдайында кыргыз кыздарынан чыккан алгачкы этнограф окумуштуулардын бири Какен Мамбеталиеванын айкели ачылды.

2006-жылы Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонд (кор) негизделди. Какен Мамбеталиев атындагы коомдук кордун негизги максаты - туңгуч этнограф айымдын илимий мурастарын сактоо, жаштарга жайылтуу, этнография, антропология, археология жана башка тармактардагы илимий изилдөөлөрдү коомдук жана каржылык жактан колдоо, ар кыл тармактардагы илимпоздордун биргелешип иштөөсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана чет өлкөлөр менен илимий байланыштарды бекемдөө, эл аралык илимий семинар-кеңешмелерди, жыйындарды өткөрүү сыяктуу комплекстүү милдеттерди аткаруу менен байланыштуу. Кор Какен Мамбеталиева атындагы сыйлыктарды таланттуу этнограф жана археолог илимпоздорго жана студенттерге ыйгарып келет.

2006-07-, 2009-2010-, 2012-жылдары Бишкекте Какен Мамбеталиеванын элесине арналган эл аралык жана жумурияттык илимий жыйындар, семинарлар өткөрүлдү. Маселен, 2006- жылы Какен Мамбеталиеванын 70 жылдыгына карата этнографиялык биринчи семинар-кеңешме уюшулуп, ага 60тан ашуун илимпоз катышкан. Алар этнография, антропология жана ага чектеш илимдер боюнча изилдөөлөрү, эмгектери менен катышкан. Мамбеталиева атындагы коомдук фонд ошол илимий баяндамалар менен макалалардын 400 беттен турган көлөмдүү жыйнагын жарыкка чыгарган.

Какен Мамбеталиеванын шакирттеринин бири, өлкөнүн улуттук илимдер академиясынын мүчө-кабарчысы, тарых илимдеринин доктору, этнограф Аблабек Асанкановдун пикиринде, кийинки 20 жылдан бери мындай ар тараптуу көлөмдүү жыйнак чыккан эмес:

“Жыйнакта Кытайда, Өзбекстанда жана башка коңшу өлкөлөрдө жашаган кыргыздардын жашоо-тиричилиги, каада-салттары, өлкө аймагындагы жана Кошой-Коргондогу археологиялык табылгалар, боз үй жасалгалары, зергерчилик, элдик медицина, улуттук азыктар жана башка ар кыл темадагы иликтөө-изилдөөлөр камтылган”.

Элибиздин туңгуч этнограф кызы Какен Мамбеталиеванын 75 жылдык мааракесине арналган «Борбордук Азиянын көп этностуу коомунун маселелери: Көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн болжолдору» аттуу эл аралык жыйын Бишкекте (Жусуп Баласагын атындагы КУУда) 2012-жылы бугу (май) айынын 19унда өткөрүлүп, анын материалдары өзүнчө жыйнак болуп жарык көрдү.

Ал эми үстүбүздөгү 2016-жылдын чын куран (апрель) айынын 5инде Какен Мамбеталиева таалим алган жана өмүрү өткөнчө иштеген Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Ала-Тоодогу заманбап этнография көйгөйлөрү” аттуу илимий жыйын жана эскерүү чаралары өткөрүлүүдө. Бул жыйын жана эскерүү чаралары элибиздин туңгуч этнограф айымынын 80 жылдык мааракесине арналууда.

Бүгүнкү күнү кыргыз этнографтары, тарыхчылары жана тил изилдөөчүлөрү тээ Жапония, Корея, Кытай, Чыгыш Теңир-Тоо (азыркы Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном аймагы), Манчжуриядагы (Хэйлуңжандагы) Фу-Йү аймагы, Энесай (Хакасия жана Тыва), Алтай, Монголия, Итил, Урал, Кичи Азия, Батыш Европа, Австралия, АКШ, Латын Америкасына чейин ээн-эркин жана байма-бай каттап, совет доорунда болуп көрбөгөндөй эркин шартта илимий изилдөө жүргүзүшүүдө. Маселен, кыргыздын таланттуу археологу Кубатбек Табалдыев 2005-жылы майя, ацтектердин маданиятын иликтеген археологдордун Борбордук Америкадагы казуу иштерин жеринен көрүп кайтты. Эми кыргыз тарыхчыларынын төбөсүнөн ныгырган мурдагыдай идеологиялык цензуралык кысым да жок.

Быйылкы жыл “Тарых жана маданият жылы” деп жарыялангандан бери архивдик, этнографиялык жана башка иликтөөлөргө, китеп жарыялоого тарыхчылар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Үстүбүздөгү жылы кулжа (июн) айында Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын антропологдору менен этнографтарынын кезектеги илимий курултайы өткөрүлмөкчү.

Албетте, азыркы кыргыз тарыхчыларынын туруктуу жана бекем илимий пайдубалын кургандардын арасында көрүнүктүү этнограф айым Какен Мамбеталиева да бар экенин анын бүгүнкү алатоолук шакирттери жана сапарын улантуучулары дурус билишет. Бир сөз менен айтканда, илимдеги улуу көч уланууда.

XS
SM
MD
LG