Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

КЫРГЫЗДЫН ТУНГУЧ ЭТНОГРАФ КЫЗЫ 70ке ЧЫКМАК


16-декабрь күнү Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде таасын педагог, таланттуу этнограф Какен Мамбеталиеванын 70 жылдыгына арналган 2 күндүк илимий конференция соңуна чыкты. Конференцияда Кыргызстандын чар тарабынан келген окумуштуулар тарабынан 50дөн ашык доклад окулуп, билдирүүлөр жасалды. Материалдар эми өзүнчө китеп болуп чыгары да айтылды.

Атактуу этнограф Соломон Абрамзондун шакирти, илимий диссертациясын СССР Илимдер Академиясынын Миклухо-Маклай атындагы этнография институтунун Ленинграддагы бөлүмүнөн жактап келген, кыргыздын тунгуч этнограф кызы Какен Мамбеталиеванын жарык дүйнө менен коштошконуна 22 жылдан ашыптыр.

Эгер ал тирүү болсо быйыл 70 жашка чыкмак экен. Орошон окумуштуунун 70 жылдыгынын урматына уюштурулган илимий конференцияда тарых илимдеринин доктору, профессор Закир Эралиев Какен Мабеталиеваны заманбап педагог, залкар этнограф катары баалап, анын дагы бир артыкча касиетин баса белгиледи:

"Эчтекеден коркчу эмес. Маселен, орус, шовинизм, компартия, идеология дегендерге ал баш ийчү деле эмес. Чыныгы тоолук мүнөз кыргыз болчу. Өзүнүн оюн так айткан, айтканынан кайтпаган окумуштуу эле. Какен Мамбеталиева кыргыз тарыхында биринчи болуп жумушчу табын изилдеп, кыргыз жумушчу табы түзүлгөнбү же түзүлгөн эмеспи – ушул маселеге өмүрүн арнады. Кыргыз жумушчу табынын түзүлүү тарыхы гана эмес, алардын салт-санаасын, тарыхый ордун даана ачып берди"-дейт профессор Закир Эралиев.

Закир Эралиев андан аркы сөзүндө Какен Мамбеталиева кыргыз этнографиясын башкалардан бөлүп карабай, дүйнөлүк этнография менен тыкыз байланыштырып сабак өткөндүгүн, дал ошон үчүн анын окуган дарсы кызыктуу да, маанилүү да болгондугун эскерди.

Доцент Жыргал Момбекова Какен Мамбеталиеванын докторлук диссертациясы жазылып бүткөндүгүн, бирок, корголбой калгандыгын айтуу мемен, ошол илимий эмгекти китеп кылып чыгаруу, ал боюнча атайын лекцияларды өтүү жагын сунуштады.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Токторбек Өмүрбеков кезинде Ленинграддан келип Кыргыз илимдер академиясында иштеп жаткан Какен Мамбеталиеваны Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине которуш ошол кездеги ректор Салмоорбек Табышалиевдин, министр Абдылда Каниметовдун деңгээлинде чечилгендигин документтерге таянуу менен баяндап өттү. “Ошол эле 1962-жылы, - деди андан ары Токторбек Өмүрбеков, - СССР билим берүү министрлигинин кийлигишүүсү менен Какен Мамбеталиева Каракалпакстандын Нукус мамлекеттик университетине кафедра башчылык кызматына чакыртылыптыр. Бирок, мекенчил окумуштуу айым Кыргызстандын кызыкчылыгын бийик коюп, бул жакта калган.”

Тарых илимдеринин доктору, саясат таануучу Алыбек Акуновдун айтуусунда, анын илимий жетекчиси Какен Мамбеталиева ошол кездеги Миклухо-Маклай атындагы этнография институтунун деректири баштаган орустун орошон окумуштуулары менен тыгыз байланышта болгон. Таңгалыштуу жери, кийинчерээк оорунун айынан сүйлөй албай калган кезде да Какен Мамбеталиева илимий жетекчилик милдетин так аткарчу экен, аспиранттарынын эмгектерин дыкат окуп, өз пикирин ак кагазга жазып берип жүрүптүр.

Какен Мамбеталиеванын бир тууган агасы Сулайман Мамбеталиев тарыхчылар миң жашка чыккан карыяга окшош дешет, карындашым ошо миң жашка чыгып анан өлгөндөй сезимдемин деген оюн айтуу менен, конференцияны уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
XS
SM
MD
LG