Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Мамлекетти башкаруунун парламенттик демократия формасы үчүн күрөш - Эркиндин ЖҮРӨГҮНҮН күрөшү болгон


Маркум Эркин Алымбеков.
Маркум Эркин Алымбеков.

Маркум Эркин Алымбеков тууралуу тарых жана саясий илимдердин доктору, профессор Аалыбек Акуновдун эскерүүсү.

2016-жылдын 29-августу Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы орду толгус оор жоготуулардын күнү катары тарыхта калды. Бул күнү Москва шаарында басмакана өрттөнүп, анда иштеген жумушчу-кызматкерлердин 17си каза таап, алардын 14ү Кыргызстандык кыз-келиндер экендигине жүрөк сыздап турганда, ал аз келгенсип ушул эле күнү Бишкек-Ош автожолунун Өтмөк ашуусуна жакын жеринен эки автоунаа кагышып анын кесепетинен 9 киши каза болду. Өлкөнүн президенти бул күндү аза күтүү күнү деп жарыялады.

Каргашалуу ушул күнү дагы бир суук кабар келди...Шум ажал Кыргызстандын дагы бир мекенчил жараны Эркин Алымбековду 55 жаш курагында арабыздан биротоло алып кетти.

Эркин биздин досубуз эле, аны менен сыймыктанчубуз, ага ишенчүбүз, аны колдочубуз.

Мен Эркинди 1988-жылы Свердлов райком комсомолунун 1-катчысы болуп иштеп баштаган мезгилинен бери билем. Комсомолдун Бишкек шаардык комитетинин пленумунун чечимине макул болбой, ага каршы ачкачылык акциясына чыкканы ошол кездеги жаштардын эсинде калды.

Кеңсенин алдындагы тепкичте акция өткөрүп жаткан Эркиндин гезиттеги сүрөтүн алигиче эстейм. Партия менен анын күжүрмөн жардамчысы лениндик комсомолдун позициясына ачык каршы чыгуу - ал мезгилде тобокелдиктин жеткен чеги катары кабылданчу, андан аркы карьерасынан биротоло кол жууп калуу коркунучу толук мүмкүн эле. Эркиндин бул эрдигине биз анда таң калуу менен сыймыктанганбыз.

1994-жылдын январынан тарта “Кыргызстан Биримдик партиясын” түзүүнүн үстүнөн иштеп баштаганда Эркин менен таанышканбыз. Ал өлкөдөгү көрүнүктүү, ийгиликтүү ишкерлердин бири экен. Базар мамилелерине негизделген экономиканын пайдубалын кургандардын бири Эркин болгон.

Элдин көбү СССР кайра тирилип келчүүдөй болуп күндөн күнгө алсырап бараткан мамлекетти карап балапандай оозун ачып отурганда акылга сыйбас тоскоолдуктарга карабай Эркин бизнес чөйрөсүндө мыкты ийгиликтерге жетишкен. Анын бизнес-кеңсеси азыркы энергетика министрлигинин батыш капталындагы имаратта экен. Партияны түзүү боюнча демилгечи топко Эркин бир нече бөлмөлөрдү бөлүп берип, техникалык жактан толук камсыз кылып турган.

Жалаң эле бизнес же экономикалык маселелерди жакшы билбестен, Эркин саясий чөйрөнү, мамлекеттин саясий келечеги жөнүндөгү маселелерди да абдан жакшы билеерин, ошондо эле Кыргызстандын демократиялык келечеги жөнүндө айкын жана так көз караштары бар экендигин жана бул идеяларды ишке ашырууга толук даяр экендигин көргөзгөн. 1994-жылы 9-апрелде уюштуруу конференциясы болгон “Кыргызстан Биримдик партиясынын” аткаруу комитетинин төрагасы болуп бир добуштан шайланышы да буга күбө.

Москвадагы С.Орджоникидзе атындагы башкаруу институтун бүтүргөн Эркин сыяктуу Кыргызстандыктар ошол кезде көп эле болгон. Бирок Эркиндин билими терең болчу, анан ал өз билимин практика менен дайыма айкалыштырып турчу. Бизнесте өз ордун тапкан Эркин эми эгемендиктин алгачкы жылдарынан баштап Биримдик партиясынын түзүүчүлөрүнүн жана жетекчилеринин бири катары саясатка өтө баштаган...

...2010-жылкы апрель революциясынан кийин түзүлгөн конституциялык кеңешменин тең төрагасы катары Эркин Алымбеков өзүнүн экономикалык жана саясий билими менен бай тажрыйбасын толук колдоно алды. Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Клара Сооронкулова сыяктуу кеңешменин активдүү мүчөлөрү менен бирдикте парламенттик демократияга өтүү конституциясын түзүүдө Эркиндин эмгеги зор болгон.

Бул Конституциянын философиясы менен өзөктүк идеясынын бүгүнкү күндө ишке ашпай жаткандыгы, бүгүнкү бийликтегилердин ал философияны түшүнүшпөй жаткандыгы - башка маселе.

Парламенттик республиканын 2010-жылкы Конституциясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн толугу менен анын авторлоруна бергенде балким биз бүгүн Европадагыдай коомдо жашайт элек!

Элдердин жакшы жашоосуна ушул Конституция тоскоолдук кылып жатат, аны өзгөртпөсөк оңолбойбуз дегендерге каршы Эркин Алымбековдун катуу күрөшү – бул анын жарандык позициясы, бул Эркиндин жан дүйнөсүнүн, аң-сезиминин жана көз карашынын күрөшү.

Бул - Эркиндин ЖҮРӨГҮНҮН күрөшү болгон.

Э.Алымбековду Кыргызстандагы базар мамилелерине негизделген экономиканын жана мамлекетти башкаруунун парламенттик республика формасын негиздөөчүлөрүнүн бири катары тарыхта калат дегенге толук негиз бар.

Э.Алымбеков айтканын аткарган, сөзүнө турган, сөздүн баа-баркын билген, иши менен сөзү айкалышкан, экономикалык билими терең, такшалган саясатчы катары замандаштарынын эсинде калат. Ал абдан жөнөкөй, көтөрүлбөгөн, адамкерчиликтүү досубуз эле.

Кош бол, Эркин-дос, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!

Сенин жаркын элесиң элиңдин, досторуңдун эсинде түбөлүккө калат!

Аалыбек АКУНОВ,

тарых жана саясий илимдердин доктору, профессор.

29-август 2016-жыл

XS
SM
MD
LG