Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Акунов: Саясий куугунтуктун курмандыгы болдум


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин жаңы ректору болуп Искендер Исамидинов дайындалды. Окуу жайдын мурдагы ректору кандай укуктук негиздер менен кызматтан алынганы азырынча белгисиз.

Улуттук университеттин мурдагы ректору Аалыбек Акунов "Азаттыкка" курган маегинде өзүн негизсиз кызматтан алууну көздөгөн күчтөр бар экендигин белгилеп, муну алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырды.

- Бүгүн сиз Кыргызстандагы базалык, же болбосо негизги окуу жайдын ректорлук кызматынан кеттиңиз. Сизди кызматтан алуу боюнча өкмөттүк буйруктун мазмуну менен макулсузбу?

- Ошол буйруктун мазмуну менен тааныша элекмин. Бирок кызматтан алынышым менен, албетте, макул эмесмин.

- Сиз бул орунга былтыркы апрель окуяларынан кийин президенттин жардыгы менен дайындалган элеңиз. Бир жылга жетпей кесиптештериңиз менен тил табыша албай калдыңыз, кызматтан алынышыңыздын түпкү себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Кызматтан алынышымдын негизги себеби министр Канат Садыков тарабынан уюштурулган куугунтуктун эле жыйынтыгы. Жарым жылдан бери атайын иштелип чыккан сценарий менен куугунтукташты. Аягында өздөрүнүн максатына жетишти деп ойлойм.

- Улуттук университтетин алдында көп институттар, алардын алдында коллеждер бар. Сизди "коллеждерди өзү эле билип бириктирген" деп айыпташса керек эле. Мындай орчундуу иштерди кесиптештериңиз менен кеңешип жасаганда мындай чуу чыкмак эместир?

- Сиздин айтканыңыз чындыкка дал келбейт. Беш коллеж бар. Бул коллеждерди бириктирүү жөнүндө 21-январда министрдин буйругу келген. Ал министрликтеги коллегиянын чечимине ылайык болгон. Ошол буйрукта “1-майга чейин бардык коллеждерди бириктиргиле” деп жазылып турат.

Буйрук келгенде биз аны окумуштуулар кеңешинен карап, аны ишке ашыруунун жол-жобосун иштеп чыктык. “Бириктирилсин” дедик. Бул окумуштуулар кеңешинин чечими болгон. Бирок биз бириктире баштаганда министрликтен каттар келе баштады, “Исамидиновдун институт алдындагы коллежин, Токтобаев директор болгон институттун коллежин, Күчүков жетекчи болгон борбордун коллежин өзүндө эле калтыргыла” деген. Биз акыры жүрүп ал коллеждерди өздөрүндө калтырдык. Калган эки коллежди гана бириктиргенбиз. Коллеждер тууралуу маселе бул министрликтин эле интригасы.

- Сизге окумуштуулар кеңешин чакырбай туруп эле университетте кайра түзүү аракеттерин жасады деп кине койулуп жатат. Алар кайра-кайра чыккандан кийин гана ошол институттардын жамааты менен жолугуп, алардын оюн уга баштадыңыз, мурда эмнеге анткен жоксуз?

- Бул жөн эле жалаа, ушак. Министрликтин коллеждер тууралуу буйругу келгенде эле биз аны окумуштуулар кеңешине койгонбуз. Ал эми коллеждерди өзүндө калсын дегендери булардын өз максаттарына жетүүдөгү интригалары эле.

Министр кечээ Коомдук каналдан чыгып, “Акуновду эмгек кодексинин бир нече жоболорун бузгандыгы үчүн кызмат алып атабыз” деп айтты, мен ошол министрге түздөн түз кайрылат элем, кайсы жоболору бузулган конкреттүү айтып берсе деп. Ал эми биз куугунтуктоо боюнча топтогон маалыматтарды документалдуу түрдө көрсөткөнбүз. Аны жамаатка да айтканбыз.

- Бир ай мурун университеттин айрым кызматкерлери митинг уюштуруп, сизди кызмат ордуңуздан кетишиңизди талап кылып, “кызмат абалынан кыянат” пайдаланат деген айып коюшкан. Балким азыркы алмаштыруулар ошол доолордун негизинде болуп жүрбөсүн?

- Ооба, кетсин дешкен. Ал митингге студенттерди да алып чыгышкан. Бул уюшулган митинг болгон, бирок “эмне үчүн кетсин деп атат” деп 6-июнда эмгек жамааттын чогулушу болгондо алар эч нерсени айта алышкан эмес. Ошондо эмгек жамааты “мындайыңарды токтоткула” деп айткан.

Митингге чейин эле мындай аракеттер болгон. Январь айынан баштап эле булар тоголок кат жаза башташкан. Бул каттардын негизинде министр комиссия түзүп текшерткен. Текшерүүнүн жыйынтыгында деле андай эч нерсе таба алышкан эмес. Ошондо Башкы прокуратурадан министрдин наамына “сиз тоголок каттын негизинде комиссия түзүп, мыйзамды бузуп атасыз” деген кат келген. Бирок ошого карабастан ошол эле адамдарга дагы бир кат жаздыртып, дагы бир комиссия түздүргөн. Ал деле келип текшерген, эч нерсе тапкан эмес.

Башкы прокуратурадан экинчи жолу “сиз абдан мыйзамды бузуп атасыз” делинген. Ушул эки протестти, андан тышкары проректорлорду дайындоо боюнча да мыйзам бузуп, Баш прокуратурадан ага да протест келген.

- Мыйзам боюнча ректорду президент дайындайт эмеспи. Акыркы жолу президент Отунбаева, же анын аппарат башчысы Каптагаев менен качан кездештиңиз, алар сизге алдын ала сын-пикир айтышты беле?

- Каптагаев менен акыркы жолу өткөн 2010-жылдын ноябрь айында кездешкен элем. Андан бери жолуккан эмесмин. Эч кандай сын-пикир айтылган эмес. Президент дайындаар алдында май айынын аяк ченинде, 2010-жылы кездешкем. Анда ал өзүнүн талаптарын айткан “так болуп бер, шайлоолордо эч жакка кошулба” деген.

- Сиздин тегерегиңиздеги араздашуулар алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу эмеспи? Сиз кайсы саясий партияга жан тартасыз?

- Мен бүгүнкү күнгө чейин тигил же бул партияда эмесмин. Азыр жаңы ректор болуп келе жаткан адамдын мурунку шайлоолордо өзүн кандай алып жүргөндүгү жөнүндө баарына белгилүү.

Ал эми мен болсо былтыркы парламенттик шайлоодо антип университетти катыштырган эмесмин. Бул шайлоолорго деле көз карашым ошондой. Албетте азыркы кадрдык өзгөрүүлөрдү президенттик шайлоо менен байланыштырып, саясатка айландыруу турган иш.

XS
SM
MD
LG