Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 22:39

Мындан ары элди алаксытуу мүмкүн эмес


Апрель окуяларынын курмандыктарын эскерүү митинги. Бишкек, 17-май, 2010-жыл.

Революция – бул коомдун өнүгүшүндөгү чукул бурулуш. Ушул ыңгайдан алганда 2005-жылдагы март жана 2010-жылдагы апрель окуяларынын кыймылдаткыч күчтөрү кайсылар эле? Алардын жар салган ураандары менен чыныгы мүдөөлөрү кандай болгон? Эми дагы ушундай курч кырдаал келип чыкса, жааттар кандай негизде ажырымдалышы ыктымал деп ой жүгүртүп көрөлү.

Эки окуяга тең миңдеген адамдардын катышуусуна түрткү берген негизги себеп – адилетсиздикке болгон нааразылык маселесинин – бүгүнкү күндө да күчү кете элек. Ырас, бийлик башындагыларды алмаштырып коюу менен эле маселе чечилип калбай турганын көпчүлүк болбосо да, элдин кыйласы түшүндү.

Адилетсиздикке болгон нааразылык маселеси бүгүнкү күндө да курчу кете элек.

Бирок толгоосу жанбаган кыжырдануу ичте дымып жатып, эртеби-кечпи башка бир формадагы жарылууга – диний фанатизмдин өтө бат күч алып кетишине, экстремисттик маанайдагы үгүттүн жаштарды жапырт азгырышына, улут аралык касташууга, аймактар ортосундагы жаңжалга же башка дагы бир социалдык алааматка алып келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Анткени массалык психологиянын табиятындагы бир өзгөчөлүк бар: көпчүлүктүн жашоосу оорлогондо жеке адам көбүнчө "Биз эмне болуп баратабыз?" деп ойлонбой, күнөөлүүнү бөлөк улуттагылардан, диндегилерден, башка аймактагылардан ж.б. издеп калат. Ал эми эмне кылуу керектигин чагымчылдар (провокаторлор) айтып берет да, жаалданган кара күчтү бузуку максаттарга пайдаланып кетет.

Классикадан үч суроо

Орус коомчулугунун жаңы тарыхында абдан белгилүү үч суроо бар: "Ким күнөөлүү?", "Эмне кылыш керек?" жана "Биз эмне болуп баратабыз?".

Он тогузунчу кылымдын орто ченинде кырынан коюлган биринчи суроонун келип чыгышына ошол кездеги Орусиянын Европа элдеринен бир кылым артта калышы себеп болгон. Орусиядагы революциялык кыймылдын башатында турган инсан А. И. Герцен ушундай аталыштагы роман жазган. Анын идеялык өзөгүн түзгөн суроо – "Элдин бир бөлүгүнүн аянычтуу тагдырга тушукканына жана башка бир бөлүгүнүн ыймандан кетишине ким күнөөлүү?" деген катаал суроо коомдук аң-сезимдин революцияланышына зор түрткү берген.

Экинчи суроо Лениндин саясий көз карашына абдан чоң таасир эткен Н. Г. Чернышевскийдин социалдык утопия маанайындагы "Эмне кылыш керек?" романында тикесинен коюлган. Ушундай эле аталыштагы программалык китебин кийинчерээк жекече террорду да, ырааттуу реформаны да "такыр жарабайт" деп "башка жолду" тандаган Октябрь төңкөрүшүнүн жол башчысы өзү жазган.

Үчүнчү суроо - "той да болуп, тойдун эртеси да болгондон", тактап айтканда, революциянын максаты орундалгандан кийинки катуу көңүл калуунун ачуу жемиши эле.

Бишкектеги митингдердин бири. 12-май, 2010-жыл.
Бишкектеги митингдердин бири. 12-май, 2010-жыл.

Дымыгуу жылдары карыларын жалгыз таштап жаштары жапырт шаарга качкан, жашоонун мааниси кетип, аракечтиктин эпкини улам күч ала берген Орусиянын алыскы кыштактарын тим коёлу. Кыргыз жергесинде ошол доордогу маанай кандай болгонун да кайра эскерип отурбай, азыркы жагдайды кеп кылалы.

Биригиш үчүн… ажырым

Коомдук аң-сезим кароосуз калганда отоо чөп баскан талаага окшоп жапайыланып бараткансыйт. Эгин эгилбеген, бак тигилбеген, гүл өстүрүлбөгөн жерге коко тикен же тамыры жок камгак чыгат эмеспи. Анын сыңарындай, жыйырма сегиз жылдан бери адабиятка, көркөм өнөргө, спортко жетиштүү көңүл бөлүнбөй келгендиктен, экономикада көмүскө киреше басымдуулук кылып, жогорку билим берүү системасы диплом базарына айланды.

Социалдык маселелер үстүрт каралган коомдо кылмышкерлер кутуруп, соттор карөзгөйлөнүп, калайык калк рухий жактан жакырданып баратат. Айткан сөзү менен кылган ишинин ортосундагы ажырым түпсүз жаракадай тереңдеп кеткен бийликтин тушунда мындан башкача болушу мүмкүн да эмес эле.​

Мындан ары дүңгүрөк ураандар, кагазда кала берчү ар кандай "программалар" менен элди алаксытуу мүмкүн эмес.

24-марттагы жана 7-апрелдеги эл ишенген мүдөө акталышы үчүн биз баарыбыз биригүүнүн туура жолун, улуттук ынтымактын эң ишеничтүү таянычын аныктап алышыбыз зарыл. Мындан ары дүңгүрөк ураандар, кагазда кала берчү ар кандай "программалар" менен элди алаксытуу мүмкүн эмес. Чындык (реалдуу иш) менен бекемделбей куну кеткен сөз тескери гана натыйжа берет: сергек ойлонгон адам ашыра мактоону кошаматчылык же тымызын келеке, ал эми обу жок каралоону көрө албастык катары түшүнөт.

"Биригиш үчүн ажырым керек", деген эле кезинде Октябрь төңкөрүшүнүн атасы Ленин. Ал доордогу эң зор ажырым таптык негизде жүрүп, кедейлер (жумушчулар менен дыйкандар) байлар табын жоюш үчүн бириккенин тарыхтан билебиз. Бүгүнкү күндө байлар менен кедейлердин ортосундагы айырма улам чоңоюп баратканы чын. Бирок мындай чорт кескен ажырымдын негизинде "тигилерге каршы биздикилер" болуп биригүү аркылуу келечектүү коом курууга болбой тургандыгын көпчүлүк аңдап билбесе да, сезип-туюп турат.

Ырас, мыйзамсыз жол менен, мамлекетти карактоо, элди алдоо жолу менен байыгандарды жектеш керек. Бирок бирөөнүн буйругу, түрткүсү, кыстоосу менен гана иштеп, өз алдынча оокат кылууга үйрөнбөй калганынын айынан турмушун оңдой албай жаткандарды аясак да, жатып ичер жан бактыларды кедей болгону үчүн эле ким жакшы көрсүн?

Апрель окуяларында окко учкандардын сүрөттөрү. 18-ноябрь, 2010-жыл.
Апрель окуяларында окко учкандардын сүрөттөрү. 18-ноябрь, 2010-жыл.

Адамдарды жашоо деңгээли, катмарлар боюнча эмес, жашоого, бакубат турмуштун өбөлгөсү болгон жаратман эмгекке болгон мамилесине карай айырмалоо, карама-каршы коюу жолу биз үчүн алгылыктуу болчудай. "Карама-каршылыксыз коом өнүкпөйт" деп Ленинден илгери Маркс айтканын эске алсак, анда биздин коомдун өнүгүшү горизонталь эмес, вертикаль түрүндөгү ажырымга негизделиши керек. Адал эмгеги, талантын талыкпай өстүргөн чыгармачыл түйшүгү менен татыктуу өмүр сүргөн мыкты инсандарга аралашып жан баккан бузуку, мителер бардык катмарларда бар.

«Кыяматтан» бир сабак

Социалдык тегине, абалына, тутунган динине, сүйлөгөн тилине эмес, дилине, ниетине, ишине карай Бостон менен Базарбайды, Авдий менен Гришанды ж.б. карама-каршы койгон Ч. Айтматовдун "Кыямат" романында ушундай тике кесилиш даана белгиленген. Бул эки топтогулар бүгүнкү оппозициянын катарында да, бийликтин ар кайсы тепкичтеринде да бар.

«Базарбайлардан» качан арылабыз?

Бийликтегилер улут (мамлекет) биримдигин ишеничтүү камсыз кылгысы келсе, расмий саясатты сындагандардын баарын тегиз душман көрбөшү керек. Президенттин жаңы командасы партиялык негизде эмес, принциптик нукта куралышы зарыл.

Эгер Сооронбай Жээнбеков мыйзам бузууга демилгечи болгон, сотторду саясий максаттарга пайдаланган, мамлекеттик мүлктү, бюджетти талоонго учураткан "мителерди" кетирип, таза иштей турган кесипкөй (профессионал) кадрларды бириктире алса - өзү да утат, элге, мамлекетке да шарапаты тийет. Тескерисинче, эгер сөз менен иштин ортосундагы 28 жылдан бери тереңдеп келген ажырым жоюлбаса, өзүнөн мурункулардын чыласына жыгылып, эң чоң наалатка калат: бийликтин жоопкерсиздиги кыргыз мамлекеттүүлүгүн жок кылууга себеп болушу толук ыктымал.

Оппозиция өз катарын ар кандай "базарбайлардан" арылта жүрүшү зарыл.

Оппозиция өз катарын ар кандай "базарбайлардан" арылта жүрүшү зарыл.

Бул оңой эмес, бирок мунсуз чукул бурулуш жасабай эле бир орунда тегеренип (биринен кийин бири башталган сарай төңкөрүштөрүн жүргүзүп) тура беришибиз мүмкүн. Бийлик башкаруу түзүмүндөгүлөрдүн жарымына жакын бөлүгүнүн бизнес, дыйканчылык, мал чарбасы, билим берүү ж. б. чөйрөлөргө кетишине шарт түзүшү абзел. Бизге жакшы айлык акы алып, натыйжалуу иштеген, жетиштүү гана сандагы мамлекеттик кызматкерлер керек. (Бюрократиядагы мителик – Кыргызстанды алсыраткан эң чоң мүшкүл).

Азамат Алтай эң акыркы маегинде айткандай, ынтымактын башкы тиреги – кара кылды как жарган калыстык. Буга башкаруу пирамидасынын ар бир баскычында, коомдогу ар бир социалдык катмарда бийлигине, байлыгына жараша ар кимдин укугу менен милдетин, эркиндиги менен жоопкерчилигин кылдат теңдештирүү аркылуу гана жетише алабыз. Андыктан президенттик аппарат менен өкмөттүн курамын тең жарымына чейин кыскартып, буларды бирдиктүү түзүмгө айлантуу зарыл. Дал ошондой эле бири-бирин кайталаган же укук-милдеттери так аныкталбаган кийинки баскычтагы түзүмдөрдүн баары жоюлууга тийиш.

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG