Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 14:12

21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн утурлай «орусча кайрылгандарга кыргызча гана жооп берели» деген чакырык социалдык желелерде жаңырып, коомдо курч талкуу, кызуу талаш жаратты. Айрымдар ачууга алдырып, акарат кылууга өттү. Өз ара түшүнүшүүгө качан жетишебиз? Ынтымакты, биримдикти кантип бекемдейбиз?

«Меники сеникин түшүнбө»

Орусча билбегендерди тамашалап (айрымдары мазактап) «моя твоя не понимай» дешчү, кээде бир эле тилде маектешкендер биринин айтканын түшүнбөй калганда да ушинтишет. Башка улуттагы эле эмес, теги кыргыз жарандарыбыздан да кыргыз тилин билбегендери кыйла. «Окуп жатам, үйрөнө баштадым» дегендерди көргөндө кубанып калам. «Үйрөнүп алсам сонун эле болмок» дегендер көп. Кой аксагы менен миң эмеспи, «Билбейм, билгим да келбейт!», - деп аксым карагандары да бар.

Акыйкатта, «Кыргызстандын жарандары кыргыз тилин билүүгө тийиш» деген талап туптуура (айрыкча расмий мекемелерде, тейлөө чөйрөсүндө иштегендер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү). Өнүккөн, демократиялуу салты бай, адам укуктарын сыйлаган өлкөлөрдө деле ушундай ченем бар. Мисалы, немис тилин билбегендер Германиянын жарандыгын ала албайт.

Орусияда кара жумушта иштеген мигранттар орус тилинен сынак тапшырат. «Коомдук жайларда улуттук тилде сүйлөбөгүлө!» деп тыйгандар да бар. Союз мезгилинде Фрунзеде кыргыздарды ушинтип жемелеген орус кемпирлерди көргөнмүн. Албетте, биз ал жосунду кайталабашыбыз керек. Бирок коомдогу ынтымакты бекемдеш үчүн көп тилдүүлүктү (бир эле адам бир нече тилде эркин сүйлөгөн маданиятты) жайылтуу зарыл.

Сөз билбеген муштуму менен коркутат

Бул макал сөзгө чукак, б.а. өз оюн жеткиликтүү туюндурууга, башкалардын айтканын толук түшүнүүгө жарабаган пенделер жөнүндө окшойт. Түз маанисинде ушундай, бирок өзөк мааниси алда канча терең. Анча сөзмөр эмес, бирок башкалар менен оңой мамиле түзө билген адамдар да болот эмеспи. Тескерисинче, тили буудай кууруп турса да, чыр-чатактын алдын алууну, чатак ырбап баратканда кырдаалды жөнгө салышты билбегендер өтө көп.

"Мама тил, папа мекен"

Кыргыз тили жөнүндө кыйнаган ойлор. Эне тилибиздин акыбалы жылдан-жылга оорлошуп баратканын, ага себеп болуп жаткан башкы жагдайларды белгилүү экономист Сапар Орозбаков кезектеги ой-толгоосунда кеңири талдоого алат.

Чындыгында инсандын жетик социалдашуусу, б.а. коомго эркин аралашуусу үчүн тил билүү өтө зарыл экендиги ар бирибизге түшүнүктүү. Бул айрыкча ар түрдүү улут өкүлдөрү аралаш жашаган коомдо маанилүү. Психологдор бир гана тил менен чектелгендерге караганда бир нече тилди жакшы билгендер чырдуу кырдаалды оңой жөнгө салышы көбүрөөк ыктымал дешет.

Башка элдин тили аркылуу пейилин, мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрдү билебиз. Тилин билбеген топко аралашуу канчалык оор болору баарыбызга белгилүү. Түшүнүксүз тилде сүйлөшкөндөр кандайдыр бир сөзгө жылмайып же каткырып калса, айрымдар өзүн мазактагандай шектене баштайт. Кыргызстанда жашап, ушул мамлекеттин жараны болсо да, биздин тилди билбегендер кыргызча өткөн жыйындарда өзүн ыңгайсыз сезерин билебиз. Бирок «ушундай болбосун» деп бир-эки киши үчүн бүтүндөй жыйынды орус тилинде жүргүзгөндө, калган көпчүлүк да нааразы болот. Коомдогу биримдикти чыңдоого бул жагдайдын кедергиси тийип жатат.

Эл бололу, адам бололу

Орустун «канча тил билсең, ошончолук адамсың» макалы бар. Тил баарлашуу үчүн, өз ара түшүнүшүү, сыйлашуу үчүн керек. «Сыйга сый, сыр аякка бал» деген ушул. Башка улут өкүлдөрүнө сый мамиле кылганыбыз жакшы, алар деле бизди урматташы керек.

Биздин жарандар кыргыз жана орус тилдерин билиши зарыл, башка тилдерди үйрөнө алса - андан да жакшы. Ошондуктан Канада, Швеция жана Балтика боюндагы республикалардагыдай көп тилдүү билим берүү программаларын кеңири жайылтуу зарыл. Мисалы, Эстониядагы мектептерде сабактардын бир тобу эстон тилинде, дагы бир тобу орус тилинде окутулат, жогорку класстарга барганда дагы бир катар сабактар англис же башка чет тилде окутулат. Кыргызстанда азыр 50дөн ашуун мектепте бул тажрыйба сынактан өткөрүлүп жатат.

Немистин улуу акыны Гёте: «Чет тилин билбеген адам эне тилин да жакшы билбейт», - деген экен. Көрсө, бөтөн тилди үйрөнүп жатканда өз тилибизден деле көп сөздөрдү билбей турганыбызды байкап, кээ бир сөз айкаштарынын башка маанилерин да өздөштүрүүгө абдан сонун мүмкүнчүлүк жаралат экен.

«Кыргыз тили мектепте начар окутулат» деген доомат көп айтылып келет. Бул маселени чечиш үчүн окуу китептерин тандоо укугун мугалимдер менен ата-энелерге бериш керек – Билим берүү жана илим министрлиги «ушуну гана колдоносуңар» деп чектебеши кажет. Ошондо коммуникативдик, интерактивдүү усулдарга негиздеп жазылган окуу китептер кеңири жайылтылат. Ар кайсы авторлор жазган, ар башка университеттер чыгарган мындай китептер бар. Тилчи мугалимдерге (окутуучуларга да) жаңы усулдарды үйрөтүп, бүтүрүүчүлөрдөн жана расмий кызматка жаңыдан орношуп жаткандардан мамлекеттик тил боюнча экзамен алыш керек.

Немистин улуу акыны Гёте: «Чет тилин билбеген адам эне тилин да жакшы билбейт», - деген экен. Көрсө, бөтөн тилди үйрөнүп жатканда өз тилибизден деле көп сөздөрдү билбей турганыбызды байкап, кээ бир сөз айкаштарынын башка маанилерин да өздөштүрүүгө абдан сонун мүмкүнчүлүк жаралат экен.

Булар – мамлекеттин тил саясатына тиешелүү иштер. Ал эми коомдо ар бирибиз, айрыкча кыргыздар, кыргыз тил чөйрөсүнө кам көрүшүбүз, жөнөкөй айтканда, кыргызча сүйлөшүүнү адатка айлантуубуз керек. Биринчи кезекте өзүбүз (кыргыздар) бири-бирибиз менен эне тилибизде сүйлөшсөк, көчөдө, коомдук башка жайларда башка улут өкүлдөрүнүн тил үйрөнүшүнө жайлуу шарт түзүлөт. Менин байкашымча, азыр башка улут өкүлдөрүнүн арасында кыргыз тилин үйрөнүү зарылдыгын аңдап билгендер көбөйдү. Жаш медиктердин катарында кыргызча жакшы билгендер көп.

Биз, кыргыздар, «эне тилибизде сүйлөсөк экинчи сорттой көрүнөбүз» дегендей өксүк комплексинен арылышыбыз керек. Биздин тилди үйрөнүп жаткандарга ар бирибиз колдон келишинче көмөктөшөлү. Тили келбей, кээ бир сөздөрдү туура эмес айтып алгандарды мазактап күлбөйлү, туура вариантын айтып берели. Бизге ушул маданият жетишпейт.

Жолдош Турдубаев, публицист

P/S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG