Линктер

бейшемби, 13-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 00:33

Арабдашкан кыргыз ысымдары


Cүрөттүн макалага тиешеси жок. (Бишкекте өткөн курут фестивалы, 2016-жыл)

Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылы төрөлгөн балдарга кандай аттар көп коюлганы тууралуу маалымат таратты. Алардын ичинде араб тилинен алынган аттар басымдуулук кылат. Балдарга ат коюуда араб ысымдарына эмне себептен көбүрөөк артыкчылык берилип жатат?

Чоң энесин, таенесин ээрчип шаардагы төрөтканалардын бирине апасын көргөнү келген Сумая беш жашта. Ал азырынча өзүнүн аты эмнени түшүндүрөрүн билбейт. Бирок өзүнүн, эжесинин атын айтканды билет. Көчөт кыздын чоң энеси Калыя өздөрү мусулман болгондуктан неберелерине да мусулманча ысымдарды тандап алышканын кеп кылды:

- Эки небереме мусулманча ысым ыйгарганбыз. Мындан башка да неберелерим бар. Баарыбыз макулдашып, ушул ат жагып, анан коюп алганбыз. Бирок бул ысым эмнени түшүндүрөрүн деле билбейм.

Эрмат Таштемиров болсо калкты каттоо бөлүмүнө кызына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алайын деп келген аталардын бири.

Менимче бул араб аттары эмес, мусулманча аттар.

- Эң улуу кызымдын атын чоң атасы Хадича деп койгон. Ортончусун кайындарым Рабия деп койду. Үчүнчү кызымды болсо чоң энеси Камила деп койгула деди. Менимче бул араб аттары эмес, мусулманча аттар. Биз өзүбүз мусулман болгондон кийин балдарыбызга ушундай ат койгонубуз туура.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, былтыр үч миңге чукул эркек балага Умар деген ат коюлган. Умар ислам тарыхында экинчи халиф катары белгилүү экени айтылат. Ал эми кыздар арасында Раяна деген ысым алдыга чыккан. Андан кийин ата-энелер Алинур, Алихан, Али, Амир жана Арууке, Амина, Айбике, Айлин деген ысымдарды тандашкан.

Адистер акыркы жылдарда төрөлгөн балдарга ислам адабияттарынан алынган ысымдарды ыйгаруу жылдан-жылга күчөп баратканын айтып, бул келечекте улут келечегине таасирин тийгизет деп чочулашат. Алардын бири - жазуучу Абдымамбет Сариев:

Абдымамбет Сариев.
Абдымамбет Сариев.

- Кыргыз эли илгертен өзүнүн атын, тилин, каада-салтын, "Манасын", көркөм өнөрүн сактап, эл катары жок болбой келген. Азыркы учурда диний сабатсыздык айынан көпчүлүк адамдар радикалдык исламга кирип кетип, кыргыз аттарын арабчага алмаштырып жатышат. Бул улутту улут катары жок кыла турган белгилердин бири.

Сариев кезинде кыргыздар дин аркылуу келген аттарды улуттук тил өзгөчөлүктөрүнө карата өзгөртүп, "бай", "хан", "бек", "бий" деген сөздөрдү кошуп кабыл алса, азыр ошол тилден түз эле кабыл алып, айрым аттарды айтуу оор же ыңгайсыз болуп калганын айта кетти.

Диний серепчи Канат Мурзахалилов болсо бул көрүнүштү ислам дини кыргыз коомчулугуна тереңдеп сиңип баратканы деп баалап, анын терс жагы жок дейт:

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

- Мен эч кандай терс жагын көргөн жокмун. Бул - адам укугу. Ар бир адам өз баласына кандай ат коёрун өзү билет. Ат коюп жатканда ал ысым ошол баланын келечегин аныктайт деген түшүнүк бар да. Ошого жараша ата-энелер жакшы ат тандаганга аракет кылышат. Бул биздин калктын ислам динине болгон ишеними артканын билдирет.

Анткен менен этнограф Октябрь Капалбаевдин айтымында, адам аттарынын тарыхы элдин тарыхы жана алардын тили менен тыгыз байланышта.

- Кыргыздардын өзүнүн ат коюу жөрөлгөлөрү бар эмеспи. Мисалы, денесиндеги өзгөчөлүктөргө байланыштуу ырымдалып коюла турган ысымдар да болот да. Мисалы, Сыргак, Артыкбай, Кошумбек, Меңдибай, Калыбек, Анарбек деген аттар болгон эмеспи. Азыркы кыргыздар балдарындагы мындай өзгөчөлүктөрдү каякка алып барат?

Капалбаев учурда адамдын атынан жана фамилиясынан эле кайсы элге тиешелүү экенин билсе болорун, ал эми кыргыз коомчулугунун жарымы балдарына диний аттарды, миграцияда жүргөндөрдүн кайсы бир катмары ошол өлкөдөгү улуттун ысымдарын коюп жатканы жакшы көрүнүш эмес деген оюн кошумчалады.

Парламент депутаты Рыскелди Момбековдун балдарга ат коюу боюнча мындай сунушу бар:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Кыргыздын өзүнүн тарыхында Калыгул, Арстанбек сыяктуу олуялар болгон. Манас, Семетей, Сейтек, Курманбек сыяктуу баатырлары бар. Ушул аттарды кайталап кое берсек, каада-салтыбызга да, ошол аттарды алып жүргөн адамдардын аң-сезимине да башкача болмок.

Адабиятчылар "Манас" эпосунун өзүндө эле алты жүзгө чукул каармандардын аттары бар экенин, балдарга ысым ыйгарууда аларды колдонсо болорун айтып жүрүшөт.

Тарыхчы жана жазуучу Баяс Турал “Улуттук ысымдар – улуу мурас” деген китебинде адам аттарына кайрылып, ысымдар тарыхтын өзгөрүшүнө да таасир этерине токтолгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG