Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Мамтилге мамилени ырастама өзгөртпөйт


Иллюстрация
Иллюстрация

Мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендирген өкмөт токтому акырындык менен ишке кирип жатат. Кээ бир бюджеттик мекемелер өздөрүндө атайын кыргыз тили боюнча курстарды ачып, аны окугандарга "тилди билет" деген тастыктама бере башташты.

2018-жылдын 1-мартынан тарта жалпы мамлекеттик кызматкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээли "Кыргызтест" мекемеси тарабынан текшериле баштайт. Анткен менен "өкмөттүн бул кадамы мамлекеттик тилге жасалып келе жаткан 28 жылдан берки мамилени өзгөртө албайт, андай аракет өкмөттүн өзүндө байкалбайт" деген пикирлер басымдуу.

Зарылчылык бар, каалоочу?

Борбор шаардагы "Бишкексууканал" ишканасынын инженери Наталья Ященко 27-декабрь күнү мэриянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүндө кыргыз тили курсун окуп, "Кыргыз тилин А-1 деңгээлинде билет" деген ырастаманы колуна алды.

- Мен кыргыз тилин төрт ай окудум, мага жакты. Бирок жакшылап окуу үчүн дагы убакыт керек. Биздин иште кыргыз тилин билүү керек. Каттар кыргыз тилинде келет, аларга кайра өз тилинде жооп берүүгө тийиш болсок да, котормочу жоктугунан орусча жооп беребиз.

Дагы бир мамлекеттик кызматкер, Бишкек мэриясынын саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Лидия Мухаммедшина "Кыргыз тилин А-2 деңгээлинде билет" деген тастыктама алган.

- Мен Бишкек шаар мэриясынын саламаттык сактоо тутумун камсыздоо башкармалыгынын башчысы болом. Менин колумда 16 кызматкер иштейт. Бизге бейтаптар келет, алар менен түшүнүшүп сүйлөшүү үчүн кыргызча билүү керек. Мен кыргыз тилин окуп жатканда кыргызча радио угуп жүрдүм, аябай пайдасы тийди. Жумушта да кыргызча сүйлөшкөнгө аракет кылабыз. Бизде Назгүл деген тил адисибиз бар, ага "бардык кызматкерлер менен кыргызча сүйлөш, суроо бергенде кыргызча берип, жообун да кыргызча берүүсүн талап кыл" деп айттым. Бул биз үчүн чоң тажрыйба болот. Өзүм Союз мезгилинде туулуп-өскөм, жалаң орус тили менен чоңойдум.

Бишкек мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекованын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, мэриянын 58 кызматкери акыркы бир жыл бою кыргыз тилин үйрөнүү курсунан өткөн, натыйжада 21 кызматкерге "кыргыз тилин билет" деген тастыктама тапшырылган.

- Биздин мекеме жыл сайын эле каалоочу кызматкерлерге кыргыз тилин окутат. Негизинен расмий тилдүү башка улуттардын өкүлдөрү көп окушат. Бизде алгачкы үч-төрт айда баштапкы топто окуп, "А-1" деңгээлин аякташат. Күзүндө кайра улантып, жыл аягына чейин улантуучу топто окушат. Аны ийгиликтүү аяктагандар "А-2" деңгээлинде тастыктама алышат. Мындан сырткары Б-1, Б-2 деп аталган деңгээлге кыргыз тилдүү кызматкерлер тартылат. Аларга талап катуураак. Булар кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүүнү өздөштүрүп калууга тийиш. Биздин окуу курсунан кийин "Кыргызтест" мекемесине барып, кошумча тест тапшырышат.

Токтом чийкиби?

"Мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө тийиш" деген токтомдун кабыл алынганына бир ай болду. Токтомго ылайык, 2018-жылдын 1-мартынан тартып жалпы мамлекеттик кызматчылардын кыргыз тилин билүү деңгээли "Кыргызтест" мекемеси аркылуу текшериле баштайт.

Мекеменин жетекчиси Батма Топоева маалыматы боюнча, мамлекеттик тилди билүү боюнча төрт баскыч каралган. Баштапкы, эң жөнөкөй деңгээлден тартып, базалык, орто, ортодон жогору жана жогорку деңгээлдер бар.

Артем Новиков.
Артем Новиков.

Токтомдо сынактын жыйынтыгында мамлекеттик тилди билбеген адистер кызматынан бошотулуп же төмөндөтүлө тургандыгы айтылган.

Ушу тапта кыргыз өкмөтүнүн курамында министрлик кызматтарда кыргыз тилин такыр билбеген же башка улуттун өкүлдөрү да иштешет. Мисалы, экономика министри Артем Новиков министрлик ордуна көрсөтүлүп жатканда "кыргыз тилин жакын арада үйрөнөт" деп убада берген, бирок парламентте кыргыз тилинде берилген суроолорго түшүнбөй калганын байкоого болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө иш жүзүндө аракет өкмөттүн өзүндө байкалбайт деп эсептейт. Ал бул токтом деле ишке ашпайт деген ойдо.

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

- Өкмөттөн жазылып жаткан мыйзамдар орус тилинде жазылат да, анан кыргызчага которулат. Иш жыйындарын алып барганын, теле-радио аркылуу сүйлөгөндөрүн көрүп жатабыз. Кыргызча тили чоркок. Анткени булар адабий китептерди жана башка маалыматтарды орусча окушат да, кыргыз тилин үйрөнүп, билгенин кеңейткиси келбейт. Токтомдо "кыргыз тилин билбегендер иштен алынат" деп турат. Анда экономика министрин же жакында дайындалган Бажы кызматынын башчысын "мамлекеттик тилди билбейсиң" деп кызматтан алып коюшабы? Ушунусу түшүнүксүз. Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билиши керек, бул зарылчылык. Мына, өткөндө эле саламаттык сактоо министринин орун басары Горин депутаттар менен Чоң-Алайга барды. Эл менен жолугушууларда алардын арыз-дооматын түшүнгөн жок. Чоңалайлыктар да анын орусчасын түшүнүшкөн жок. Бул бир эле мисал.

Мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик тилди билүүгө милдеттендирген өкмөттүн токтомунда мамлекеттик мекемелерде иштегендердин кыргыз тилин билүү дарамети 2020-жылы орто деңгээлде, 2021-жылы ортодон жогору деңгээлде болушу зарыл экени айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG