Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Эне тилин жеригендер


Бүгүн эне тил майрамы, тилибиз мамлекеттик макам алганына 24 жыл толду... Мен ашынган улутчул эмесмин. Бирок эне тилибизге мамиле зээн кейитет.

Мурдагы жылы гезитте иштеп жүргөн кезде көлдүк эки эжеден интервью алдым эле. Кийин бирөө экинчисин сотко берген экен. Иш Чубактын кунундай чубалып, быйыл жазда Жогорку Сотко жетти. Ал жерден Каракол шаардык сотунда кайра каралсын, кабарчы күбө катары чакырылсын деген чечим чыкты. Арадан үч ай өткөндө чакыруу кагаз колго тийип, Караколго сапар тарттым.

Кичи автобуста беш киши элек. Мен узун жолду кыскартмакка жанымдагы байкени кепке тарттым. Кесиби архитектор экен, кезинде Орусиядагы абройлуу окуу жайды бүтүргөнүн айтты. Союз кулаган тушта жүк ташуучу ишканага айдоочу болуп орношуп, КМШны түгөл кыдырыптыр.

“Мен көрбөгөн жер калдыбы?” - деп олтуруп эле, бир маалда “сиз ушул Жалал-Абаддан окшойсуз ээ, кызыктай сүйлөп атасыз?” - деп мага суроо узатты.

- Эмнеге минтип сурап атасыз? - дедим мен.

- Башкача сүйлөп атасыз да.

- Кандайча башкача?

- Зор, чыгым, пайыз, өргүү, бейтапкана деп жатасыз. Больница деп эле айтпайсызбы, обу жоктонбой. Деги каяктансыз?

- Кыргызстанданмын, кыргызча эле сүйлөп атам,- дедим мен бейтааныштын сынына теригип.

- Ай билбейм, кызыктай угулат экен. Баарыбыз эле Кыргызстанданбыз да,- деди байке. Суроосуна түз жооп албаганга тырчый түштүбү, негедир үндөбөй койду, жолду катар музыка угуп бардык.

Караколго күн бешимге чамалаганда жеттик. Чакырылган тараптар кармалып, сот кечигип башталды. Процесс алдында “кайсы тилде өткөрөбүз?” деген суроо талкууга коюлду. Судья жаш эле кыз экен. “Орусча сүйлөй аласызбы?” - деди мага кайрылып.

- Билем эми, бирок мамлекеттик тилде эле сүйлөбөйлүбү?

Мындай жообума ачуусу келе түштү окшойт, “арыз расмий тилде жазылган, кыргызча сүйлөсөңүз сизге переводчик керек, ал азыр жок” деп үнүн бек чыгарды.

Карасам залдын ичиндегилер жалаң кыргыздар. Баамымда баары эле мага окшоп элетте өскөндөр. Эми сот айтса кайда барабыз, берген суроосуна жооп бердик орусча. Бирок акыр-аягында судья өзү баш болуп кыргызчага өтүп кеткенибизди байкабай калыпбыз. Ушундай цирктин кереги бар беле?

Сабырым суз бойдон түн ортосунда борборго кайтып келип, автобекеттен такси чакырдым. 10 мүнөт ичинде телефонум шыңгырап, айдоочу келгенинен кабар берди. Бирок дароо эле табышпадык. Беш мүнөттөй убактыбыз кетти көрүнөт, ал расмий тилде сурайт, мен турган жеримди айтам. Келгенде карасам кыргыз эле байке. “Кыргызча эле сүйлөбөйсүзбү?” дедим олтурган кезде. “Эми бизде ушундай, кээ бир клиенттер кыргызча сүйлөсөң фирмага арызданат” деп актанды. Кудай урбадыбы эми, мамлекеттик тил дегендин расмий даражасы бар эмеспи, даттангыла да силер дагы тийиштүү жерге... Байке үндөбөдү.

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү керек эле. Эртеси жумуштан суранып алып, “Нуска” китеп дүкөнүнө бардым. Кирсем бир студент бала “биринчи орус тилин жакшы үйрөнүп, анан англисчеге киришпесем болбойт. Мектептен англисчени жакшы эле окучумун, бул жакка келгени кыйналып калдым. Кыргызча-орусча-англисче жазылган сөздүк керек эле”,- деп сатуучудан сурап аткан экен.

Аны угуп өзүмдүн 1-курска жаңы кирген кезим эске түштү. Биз да ушул балага окшоп чет тилден кыйналаар элек. Эжебиз кыргыз болгону менен немис тилди орусча өтчү. Текстти орусча которуп барып, тердеп-кургап жатып жооп берчүсүң. Азыр деле ошол көрүнүш. Чет тилди өздөштүрүү үчүн орусча жакшы билишиң керек, орусчаны суудай сүйлөө үчүн бир-эки жыл керек, ал эми убакыт деген күтпөйт эмеспи. Анын үстүнө үч тилдин грамматикасы үч башка. Аны орусча түшүнүп, кыргызча мээге сиңирүү оңойго турбасы анык. Ушундан улам айылда чоңоюп, бирок АКШга, Европага барып окуйм деген дымагы күчтүү улан-кыздардын үмүтүнө суу сепкен жокпузбу деген ой кетет.

Тилге кайдыгер мамиле кыргыз коомчулугунун бардык тарабында орун алгансыйт. Кафеде олтурсаң тейлөөчү болуп иштеген кыргыздын мотурайган эле кыз-жигиттери орусча суроо берет. Эмне тамак жээриңди кыргызча айтсаң, “с хлебом или без?” деп кайра сурайт. Жалаң кыргыздар тыгылып бараткан маршруткадан Баканбаевадан, Орозбековадан, проспект Манасадан токтотуп коюңуз деп айтабыз. Мыкты болсоң “аялдамадан же Калык Акиев көчөсүнөн токтот” деп көрчү, жаш-кары дебей бышкырып күлүшөт. Эне сүтү оозунан кете элек окуучу кыз артта олтуруп алып “Жази, пожалуйста кечирчи. Днюхаңа барбай калдым, өткөндөгү понттор үчүн апашка ругать этип койду. Короче не пустила она меня” деп телефону менен сүйлөшүп жатканын угасың. Дүкөнгө барсаң сербейген сакалы бар жигит “алдагы колбаса халалбы, болбосо албайм ширк” деп жатканын көрөсүң. Адалбы, күнөө десе бир жери кемийби?

Кыргыздын аттуу-баштуу эле мырза-айымдары парламентте “нет, почему, эми боло берет да. Якобы мындай болуп атат, ничего страшного не будет” дешет.

Албетте орус тилин да, араб тилин да билген жакшы. Артык дөөлөт баш жарбайт. Бирок 20 жылдан ашуун убакыттан бери мамлекеттик тилде аздыр-көптүр таза сүйлөөнү үйрөнө албаганыбыз өкүндүрөт. Азыр эми кыргызчаны да, орусчаны да үзүл-кесил, жаргон менен сүйлөгөн, тили жарды муун өсүп келе жаткандай туюлат. Эми дагы 24 жыл өткөндөн кийин кыргыз тилинин абалы кандай болот?...
XS
SM
MD
LG