Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Тилди өздөштүрүү ынтымакты бекемдейт


Бишкекте 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу жыйын өттү.

22-сентябрда өткөн иш-чарага президенттик аппарат жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, өкмөт башчы Сапар Исаков, адабият, маданият кызматкерлери, тилчи-окумуштуулар жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Иш-чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 28 жылдыгына арналган даректүү тасма менен башталып, жыйынды Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев расмий түрдө ачты.

Андан кийин Мира Карыбаева катышуучуларга өлкө башчысынын куттуктоосун окуп берди.

- Жалпы элдик аракет, бир тилекке бириккен улуттук мүдөө гана тилибиздин толук кандуу иштешине жана өркүндөшүнө өбөлгө түзөт. Демек биздин тилек өз өлкөбүздө, өз тилибизде иштейли деген табигый талап. Башка улуттун өкүлдөрүн өз айланабызга бириктирип, ынтымакта иштешүүнүн бирден бир жолу - мамлекеттик тилди кеңири колдонуу.

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков өз сөзүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча кабыл алынган улуттук программага 500 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөнүн, бирок жумуштар аксап жатканын ортого салды:

- Ачыгын айтуу керек. Максат кылган иштер дароо эле жүрүп кетпейт экен. Баарыбыз эле кыргыз тилине күйүп-бышканыбыз менен аны алдыга жылдырууга күч керек экен. Программаны ишке ашырууда Илимдер академиясында даярдалган материалдар болгону үчүн алар аксаган жок. Бирок башка мекемелерге берилген бир топ талаптар аксап келди. Ошондуктан бул күнгө чейин бул программаны ишке ашырууга берилген каражаттын 140 миллион сому гана өздөштүрүлдү. Калган 350 миллиондон ашык каражатты өздөштүрүү үчүн алдыда аз гана убакыт калды.

Турсунбеков учурда улуттук программанын негизги жумуштарынын бири - "Кыргызтест" системасы ишке киргени турганын белгиледи. Анын айтымында, "Кыргызтест" быйыл биринчи жолу президенттикке талапкерлердин тил билүү жөндөмүн текшерүү менен сынактан өттү. Эми өкмөттүн токтому чыкса мамлекеттик мекеме жетекчилеринин ар бири бул система аркылуу сынактан өтүшү керек.

Иллюстрация
Иллюстрация

Өкмөт башчы Сапар Исаков коомчулукту мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап жатып, эне тил маселеси жаңы өкмөттүн программасында камтылганын кошумчалады:

- Биздин өкмөттүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасында да мамлекеттик тил саясатынын багыты так көрсөтүлгөн. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары кайсы гана тармак болбосун өз ордун табат деп терең ишенем.

Иш-чарага катышып жаткандардын ичинен Светлана Саргынбаева кыргыз тилинде түзүлгөн көпчүлүк тексттер татаал, түшүнүксүз болгондуктан кээ бир тармактарда иштебей жактанын айтып, тилчи-окумуштуулар мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн жатык, жөнөкөй усулдарын иштеп чыкпай жатат деген пикирде:

- Мага 7-8-класста окуган балдар "Светлана Петровна, бул жерде эмне тууралуу жазылган, түшүндүрүп коесузбу" деп келишет. Окуп көрсөм тексттер өтө татаал. Анан мен текстти жөнөкөй тил менен жазып, түшүндүрүп коем.

Тил комиссиясы: журналисттерге доомат көп

Тил комиссиясы: журналисттерге доомат көп

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы журналисттерге кыргыз тилинде сүйлөө жана жазуу эрежелери боюнча устаттык сааттарды өткөрүүнү болжоп жатат.

Мындан сырткары акыркы мезгилде мамлекеттик тилди жаңы технологияларга ылайыкташтыруу зарылдыгы айтылып келет. Бул багытта иштеп жаткандардын бири - IT боюнча адис Мирбек Окенов:

- Улуттук программанын негизинде кабыл алынган стратегия бар. Азыркы мезгилде интернет айдыңында кыргыз тилинде макала, сөз айкашы, болбосо сөздүктөрдү кыргыз тилине ыңгайлаштырып киргизүү чегинде турабыз. Акыркы эки жылда Википедияда макалаларыбыз көбөйүп калды. Эки эсе көбөйдүк десек болот. Аткарылып жаткан иштер чынын айтканда жетишсиз. Мисалы, учурда англис тилинде 1 млн 500 миң макала бар. Ал эми кыргыз тилинде 63 миң макала болду.

Окенов жаштар жай турмушта гана эмес, интернет айдыңында да кыргыз тилинде кат алышып турса, ал заманбап маалымат технологиясында ошол тилге болгон талап бар экенинен кабар берип, анын андан ары өнүгүүсүнө шарт түзөт дейт.

Акыркы маалыматтар боюнча учурда дүйнөдө 5 500 тил бар. Анын ичинен 193 тил Бириккен улуттар уюму тарабынан таанылган. Кыргыз тили ошол 193 тилдин ичине кирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG