Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Муктаждык болбосо тил өнүкпөйт


Быйыл кыргыз тилинин мамлекеттик макам алганына 25 жыл толду.
Быйыл кыргыз тилинин мамлекеттик макам алганына 25 жыл толду.

Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын кабыл алынганына чейрек кылым болсо да, ага жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбаганы сындалып келет.

Кыргыз тилинин мамлекеттик макам алышынын 25 жылдыгы жер-жерлерде майрамдык иш-чаралар менен белгиленди. Жыл сайын 23-сентябрь ыр-бийдин коштоосунда өткөнү менен, кыргыз тилине мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келет. Мындай пикирин 1989-жылы Мамлекеттик тил боюнча мыйзамды кабыл алган кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы Таштанбек Акматов билдирди.

- Мыйзам кабыл алынган кезде кыргыз интеллигенциясы кыргыз тилин мамлекеттик деңгээлге көтөрүү боюнча демилге көтөргөн. Азыр ошол демилге басаңдап калды. Арадан 25 жыл өтүп кетти. Учурда кыргыз тилинин көйгөйлөрү аз эмес. Мунун баарын мамлекеттик деңгээлде чечүү керек.

Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев кыргыз тилин мыйзам аркылуу мажбурлоо менен эмес, ага болгон муктаждыкты арттыруу аркылуу өнүктүрүү керек деген ойдо. Бул үчүн Улуттук тил комиссиясы сыяктуу уюмдар өз ишин так аткарышы керек.

- Тил комиссиясы көп жылдардан бери эле иштебей келген. Эми президент жарлык чыгарып, каражат бөлдү. Президент өзү баш болуп кыргыз тилин өнүктүрөлү деп жатат. Эми ошол комиссия бөлүнгөн каражаттарды орду менен жумшоосу керек. Маселе бөлүнгөн акчалардын ишке эмес, кулкунга кеткенинде болуп жатат.

Жакиев айтып жаткан Мамлекеттик тил боюнча комиссия алгылыктуу иш жасабаганы менен кыргыз тилинин өнүгүшүнө өз алдынча салым кошкон жарандар да жок эмес. Алардын бири “Биздин мурас” коомдук фондунун башчысы Чоробек Сааданбеков. Ал 250 миңден ашуун сөздөн турган электрондук сөздүк түзүп, кыргыз тилиндеги колдонмолорду интернет аркылуу жайылтып келет. Анын айтымында, кыргыз тилин интернеттин жардамы менен үйрөнүүгө толук шарт бар, болгону аракет гана кылуу керек.

- Бүгүнкү күндө мурдагыдай мугалим издөөнүн зарылдыгы жок. Кыргыз тилин үйрөнөм деген киши интернет аркылуу керектүү материалдарды оңой эле табат. Усулдук колдонмолор, электрондук сөздүктөр, кыргызча адабияттар мунун баарын интернеттен көчүрүп алса болот. Эгер аракет болсо тилди бат эле өздөштүрсө болот. Материал жок деген жөн гана шылтоо.

Аткаминер неге кыргызча сүйлөбөйт?

Мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдар кыргызча сүйлөп, кыргызча иш алып баруусу керектиги айтылганы менен иш жүзүндө мындай эмес. Маселен, буга чейин Феликс Кулов баштаган айрым саясатчылар кыргызча билбейт деп сынга кабылып келсе, бүгүнкү күндө да кыргызча эки сөздүн башын кошо албаган аткаминерлердин саны аз эмес. Адистер мындай көрүнүштү мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилин билүүсүн милдеттендирген мыйзамдын жоктугу менен түшүндүрүшөт. Кыргызча түшүнгөн, бирок сүйлөй албаган парламент депутаттарынын бири Олег Домшенко кыргызча үйрөнүү оор экенин айтууда:

- Кыргыз тилин үйрөнүү кыйын. Анткени биз бала бакчада, мектепте орус тилинде билим алганбыз. Анын үстүнө 40 жаштан кийин тил үйрөнүү оңой эмес экен. Мен кыргызча курстарга барып аракет кылып жатам, бирок керектүү материалдар жетишсиз. Шаарды кыдырып, кыргыз тилине үйрөтө турган колдонмолорду таба алган жокмун. Кыргызча үйрөтүүнүн методикасы иштелип чыга элек.

Бишкекте 80ге жакын бала бакчада жана жүзгө жакын мектепте тарбиялануучулардын 80 пайызга жакыны орус тилинде билим алышат. Бала кезинен расмий тилде билим алгандарга 11-классты бүткөндөн кийин мамлекеттик тилди үйрөтүү майнапсыз экенин адистер баса белгилешет.

XS
SM
MD
LG