Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:57

Учурда улут көркөм сөз өнөрү өз казанында өзү гана кайнап, ортолук карым-катыш азайды. Мына ушул кенемтени толтуруу максатында “Рух Эш” менчик сайты мындан үч ай илгери котормого конкурс жарыялап, байге фондун 100 миң сомго баалаган. Сынакка келген чыгармалардын ичинен 44 тандалып алынып, жыйынтык Билим күнү чыкканы турат.

"Бака маңдабай, жылан жыттабай"

“— Сиздин менде жумушуңуз барбы? — деп сурады лабораториянын башчысы.

— Көрүп турасыз… Башка бөлүмгө өтүп атам. — дедим бир аз чайналып, — Мага мүнөздөмө керек.

— Анын эмнеси бар экен? — таңдана сурады башчы. — Жазыңыз, мен кол коюп берем!

— Кандайча? — деп түшүнбөй сурадым, — Өзүмө өзүмбү?

— Бул мүнөздөмө кимге керек? Магабы же сизгеби?

— Ооба, бирок…

Китеп дүкөнү. Бишкек
Китеп дүкөнү. Бишкек

Башчы сөзүмү оозуман жулуп алды:

— Кандай жазышты билбесеңиз бирөө-жарымдан сураңыз. Такыр эле болбосо катчыдан мүнөздөмөнүн үлгүсүн алыңыз.

«Өтө керектүү… — жок, — сый-урматка ээ». Хм-м… Каерде? Албетте, кесиптештеримдин арасында да. Жок, «авторитеттүү жана ишенимдүү»… Так ушинтип жазышым керек. Бекеринен мага майрамдарда шампан ачканды ишенип тапшырышпайт да! Мына, жакында эле менин суроом менен коллективге арнап радиодон ыр беришти. Жеңил-желпи ыр эмес, болгондо да «Оо, кыздар, кыздар» деген ырды беришти. Туруктуумун. Жада калса саясатты да чемичкедей чагам. Тамеки тартканы чыккан жерде да батыраак болгула деп турам…

— Азаматсыз! — деди лаборатория башчысы мүнөздөмөгө кол коюп жатып, — Акылыңыз бар экендиги көрүнүп турат. Башкалар «Үлгүдөгү» Иванов дегенден бери көчүрүп келишет. Сиз жок дегенде өз фамилияңызды жазганга жарапсыз. Жаңы ишиңизде да ушундай сабаттуулугуңузду көрсөтүп жүрө бериңиз. Ийгилик каалайм!” – бул конкурска келип түшкөн котормолордун бири.

Орус аскиячы сүрөткери Михаил Задорновдун “Мүнөздөмө” деген аңгемеси. Бул котормо сыйлыкка илинер-илинбеси, муну ким которгону ушул жылдын 1-сентябрында ачыкка чыкмакчы. Конкурска келип түшкөн чыгармалардын арасынан 44ү тандалып алынган.

Максат кыргыз котормо өнөрүнө азыноолок кол кабыш кылып, бул өнөргө жаштарды тартуу. Конкурстун жыйынтыгында биринчиликке жеткен үч авторго 15 миң сомдон, экинчи орунду ээлеген үчөөнө 10 миң сомдон, үчүнчү орунга чыккандардын ар бирине 7 миң сомдон сыйлык ыйгарылмакчы.

Конкурска келип түшкөн чыгармалардын арасынан котормонун талабына жооп бере тургандары гана тандалып алынганын Олжобай Шакир ырастады. Анын айтуусунда, бул ирет котормого негизинен жаштар, анан да 11 тилден кыргызчага тикелей которулган чыгармалар тандалып алынды. Буга чейин кыргызчага дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрү ортолук орус тили аркылуу таржымаланчу.

Котормонун казаны какшып калды дедик эле, шүгүрчүлүк, көрөңгөсү, чөбөгөсү калган экен. Эми ага элдин, коомчулуктун колдоосу керек.
Эсенбай Нурушев

Котормо өнөрүнүн түйшүгүн мыкты билген публистчи, сынчы Эсенбай Нурушев кыргыз адабиятында таржымачылыктын таасын үлгүсү деп айтарлык котормолор Салижан Жигитовдун, Аман Токтогуловдун, Сагын Наматбаевдин, Ашым Жакыпбековдун каламына таандык экенин белгилеп, бул ирет жооптуу ишке бел байлагандар арасында жаштар арбын экенине сүйүнүп жатканын айтты. Эсенбай Нурушев “Рух Эш” сайты жарыялаган котормо боюнча конкурстун калыстар тобун жетектейт.

- Олжобайдын (Олжобай Шакир) бул демилгеси мыкты. Себеби, адабиятты мындай коёлу, көркөм котормого, кыргыз айтып коёт го, “бака маңдабай, жылан жыттабай” калган. Анан ушунча авторлор катышыптыр. Болгондо да чех, кытай, англис, немис, түрк тилинен түп нускасынан которулган. Ушулардын баарын кыргыз тилине жеткирүү аракети жасалган. Дагы бир жагы кыйынмын деген жазуучулардын көбү билбеген Мопассандын, башкалардын чыгармалары которулган. Биринчи кезекте ушул конкурска катышкандарга чоң ырахмат деп коюш керек. Котормонун казаны какшып калды дедик эле, шүгүрчүлүк, көрөңгөсү, чөбөгөсү калган экен. Эми ага элдин, коомчулуктун колдоосу керек.

Аты "Кыргызфильм", тарткан кинолору орусча

Котормо боюнча конкурстун калыстар тобунун мүчөсү, “Белгисиз маршрут” кинотасмасынын ээси, драматург Темир Бирназаров кыргыз котормо адабияты минтип аз-аздан кайра жандана баштаганы жакшы жышаан экенине токтолуп, кыргыз киносунда мурдагы көнүмүштүн күүсү менен орусча тасмаларды тартуу күчөп, кыргыз тили унутта калып баратканын билдирди.

Темир Бирназаров
Темир Бирназаров

- Негизи улуттук интеллектуалдык рухий жан дүйнөбүздүн өзөгүн түзгөн - бул адабият. Тилекке каршы, ал таптакыр четте калды. Олжобайдын ушул демилгесине абдан ыраазымын. Буюрса, драматургияга да көңүл бурулса. Себеби ал спектакль, кино. Кинону эл көрүп атат, анын деңгээлин көрүп атасыз. Тема тандаганды билишпейт. Эң өкүндүргөн нерсе “Кыргызфильм” дейбиз, кинолору орусча тартылат. Ушундай нерсеге келип калдык. Бул жакшы демилге мамлекеттин көз жаздымында калбайт болушу керек, көмөк көрсөтүлөт деп ойлойм. Анткени бул улуттук идеологиянын өзөгүн түзгөн нерсе.

Орустун улуу акыны Александр Пушкиндин “Котормочулар почтанын атындай” деген таамай салыштыруусу бар. Улуттук адабияттардын өз ара карым-катышын байытып, тилдин көркөм туюнтуу мүмкүнчүлүгүн арттырууда таржымачылыктын мааниси зор. Кыргыз адабиятында Узакбай Абдукаимовдун орус акыны Александр Пушкиндин ыр, поэмаларын, Сүйүнтбек Бектурсуновдун орус классиги Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” роман-эпопеясын, Самансур Бөлөкбаевдин Сервантестин “Дон Кихотун”, Олжобай Орозбаев, Калмак Саякбаев, Зарлык Сагынбаевдин орус жана дүйнөлүк классикалык чыгармаларды кыргызчага оодарышы, Керез Рысалиевдин немис генийи Гетенин “Фаустун” таржымалашы сындуу котормочулуктун салттуу мектеби бар.

Караев: Чыңгыз мени сактап калган

Өзбекстандык география илимдеринин доктору жана Айтматов таануучу Сүйүн Караев жизактык кыргыздардан. Жашы 90го таяп калса да Караев бүгүн Ташкенде жетекчилик кызматта ишин улантууда.

Кыргыз окурмандары Дантенин “Ажайып тамашасын” да өз эне тилинде окуу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. Котормочулуктун өрнөктүү үлгүсү катары Салижан Жигитовдун Назым Хикметтин, Мустай Каримдин чыгармаларын түркчөдөн, башкырчадан, француз жазуучусу Антуан де Сент Экзюперинин “Кичинекей ханзадасын” ортолук орус тилинен кемелине келтирип которушу, Алыкул Осмоновдун элдик китепке айланып кеткен грузин классиги Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” дастаны, Аман Токтогуловдун авар акыны Расул Гамзатовдун “Менин Дагстаным” баянын, Сагын Наматбаевдин орус жазуучусу Василий Шукшиндин чыгармаларын кемелине келтире таржымалашы, Ашым Жакыпбековдун австриялык жазуучу Стефан Цвейгдин “Бейтааныш аялдын каты” повестин, Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” баштаган чыгармаларын кыргызчалашы маданий турмуштагы окуя катары кабылданган.

Адабиятчы, сынчы Камбаралы Ботояровдун котормосундагы орус жазуучусу Исай Калашниковдун “Каар заман” романы кыргызча бир нече басылганына карабай, ушу кезде да табылбаган таңсык китептердин бири.

Короо тарып баратат

Олжобай Шакир кийинки кездери котормочулукка көңүл бурулбай, “бийик өнөр” баам сыртында калып келатканын эске алып, конкурс уюштурууга бел байлап, анын каржылык чыгымдарын атын атагысы келбеген кыргыз ишкери өзүнө алганын белгиледи.

Олжобай Шакир
Олжобай Шакир

- Колдон келишинче кыргызча өрнөктүү тексттерди жарыялаганга аракет кылып жатам. Бирок короо тар болуп калат экен. Себеби дайым эле мыкты тексттер колго тие бербейт. Анан кыргыз авторлорунун көбүнүкү жөө жомок болуп калат. Анан дүйнө адабиятын биз буга чейин орус тилинде окуп келсек, азыр жаңы муундагы генерация пайда болду. Башка чет өлкөгө кетип аткан жаштар бар. Алар менен чыгармачылык алака да бар болчу. Бирин-экин жомок которуп беришкен. Ошолор үчүн конкурс жарыяласам деп 100 миң сом байгени бирөө менен сүйлөшүп, бышыктап алгандан кийин үч ай мурда жарыяладым. Бул жерде 11 тилден которгон авторлор катышты. Мурда адабиятта белгисиз жаш авторлордун катышып атышы мага табылга болду.

Котормонун түйшүгү кандайлыгын жакшы билген Самыкбай Абыкеев заман шартына жараша “төртүнчү муза” унутта калып келатканы көп ойлонторун ырастап, минтип жекече демилге менен унутта калып бараткан өнөргө сүрөткерлердин көңүл бура баштаганы жакшы жышаан экенине токтолду.

- Кийинки кездери котормолорду чыны окуй деле элекмин. Мурдагы кездеги мыкты котормочуларды билебиз. Азыр калп айта албайм.

Нургүл китепкөй окурмандардын бири. Ал кийинки кездери котормо китептер дээрлик чыкпай калганын белгилеп, кыргыз тилинин туюнтуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө котормонун мааниси зор экенин ырастады. "Котормого көңүл бурулушу керек, бул биринчи иретте кыргыз адабиятынын сапаттык деңгээлинин көтөрүлүшү үчүн керек", - дейт Нургүл.

- Котормо чыкпай деле калды. Авторлордун китептери миң нуска менен чыкканына карабай чаң басып сатылбай турат.

“РухЭш” сайты буга чейин аңгеме жанры, аялдардын коомдук ролу, балдар адабиятына арналган сынактарды уюштуруп, жеңүүчүлөрдү белгилеп келген. Сайттын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин айтуусунда, быйыл жыл аягына чейин кыргыз адабий сынына арналган конкурс уюштурулмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG