Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Даутов: Сынчылардын көбү ташыркап калды


Кадыркул Даутов.
Кадыркул Даутов.

Кыргыз адабий сынынын оор жүгүн эринбей көтөрүп келаткан Кадыркул Даутов соңку жылдары бир топ көлөмдүү эмгектерди жаратты. Алардын арасында айтылуу Барпы акын тууралуу изилдөөсү, кыргыз адабий сынынын жарым кылымдан ашуун мезгилин камтыган эки томдук "Элдик эстетикадан элдик эпоско" фундаменталдуу эмгеги бар. Кадыркул Даутов азыркы адабият, аты угулбай кеткен адабий сындын азыркы абалы, мурдагы сынчылар тууралуу маек курду.

Сынчы кыргыз адабиятынын актуалдуу проблемаларын, тигил же бул сүрөткердин чыгармачылык ийгиликтери менен кемчиликтерин объективдүү, калыс баалаган макалаларын, тарыхый-теориялык эмгектерин байма-бай жарыялап келатат.

"Азаттык": Бул сынчылыкты өзүңүзгө тагдыр кылып алышка эмне себеп болду?

Даутов: Кыргыздын баары эле чыгармачылыкты ырдан баштайт. Кийин акын болгону да, прозаиги да, драматургу да, илимге киргени да, сынга киргени дагы. Мен ырды мектепте окуп жүргөндө эле баштагам. Газетага кабар, ыр жазып, аларым чыккан. Болгондо да "Ала-Тоо" журналынын биринчи бетине чыккан. Ыр жаза берсем деле болмок. Бирок мен аскерде Мухтар Ауэзовду окугандан кийин "кой, окуш керек экен" деп кайрадан окууга кириштим. Дүйнөлүк адабиятты, анан орус адабиятынан Державинден баштап Вознесенскийге чейин казып окуп чыктым. Жазыш үчүн көп жүк көтөрүш керек экен. Ошолорду окуп түшүнүп алгандан кийин ары жакта шыгың болсо умтулсаң болот экен. Жаза турган акын, жазуучу же сынчыдан төмөн турсаң эмнени айта алат элең. Менин көзүмдү ачкан Плеханов менен Гегель болду. Менин тагдырымдагы кескин өзгөрүш Москвадан башталды. Мен ал жерде аспирантурага өтүп кеттим. Ал жерде дүйнөлүк аты бар окумуштууларды көрөсүң. Борев бизге Гегелдин философиясы боюнча лекция окучу. Георгий Гачевди көрдүм. Философияны алты ай жатып алып окудум.

"Азаттык": Сиз сынга калыптанган сынчы катары келдиңиз. Кийин талаш чыгып калды. Ал Салижан Жигитовдун "Сынчылык бул кесип" деген макаласынан улам чыкты. Ал сөз сиз менен Кеңешбек Асаналиевге катуу тийип калды окшойт. Ортодон талаш чыкты. Мына азыр сын жок болуп эле калды. Эмне үчүн ушундай болуп калды?

Даутов: Жигитовдун антип айтканы азыр деле туура эмес. Кесип парсы сөзү - касип деп коюшат. Кесип эми, мына ушул университетти миң бала бүтсө ошончосу мугалимдик кесипте жүрөт да. Көп болсо беш-алтоо бөлүнүп чыгат. Сынчы, ар кимде эле сынчылык талант болбойт. Куудул Шаршендей мыктылар миңдеп чыгып жаткан жери жок, чыныгы сынчылар деле бирин-серин эле болот. Муну өнөр деп аташ керек. Мен ошондо каршы болгом.

Гегель капитализм келгенде эң эле чоң оорчулук адабиятка түшөрүн мурда эле айтып койгон. Сооданын арааны жүрөт. Китепти мурдагыдай көп нуска менен чыгарууга болбойт. Себеби анын өкмөткө кереги жок.

(Маекти толугу менен бул жерден угуңуз)
Даутов: Сынчылардын көбү ташыркап калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:47 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG