Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Айыпсыз атылган адабиятчы


30-жылдардагы кандуу апааттын курмандыгы болгон алгачкы кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн арасында Токчоро Жолдошев да болгон. Анын агартуучулук, билим берүү системасын уюштуруу жаатындагы эмгеги өзүнчө сөзгө арзыйт.

Адабиятчы

Токчоро Жолдошевдин кыргыз көркөм адабиятынын кандай болушу керектигин кашкайта көрсөткөн чыйрак макалалары азыр да кызыгуу жаратат. Туңгуч кыргыз сынчысы, бир боор калкынын сабатынын ачылышына үлкөн салым кошкон мугалим, эл агартуу иштерин уюштурган министр, сталиндик кандуу жазалоого 32 жашында дуушар болгон таланттын тагдыры чынында да армандуу болгон.

Токчоро Жолдошев колунда бар кишинин үй-бүлөсүндө жарыкка келип, бала кезинен билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишкени эркиндик жылдары гана айтыла баштады. Аны кызы Чолпон Жолдошеванын да ырастаган жайы бар. Токчоронун атасынын колунда бар үчүн мектептин окуу акысын төлөп, каргадай кезинде билим алышына шарт түзүп отурбайбы.

Токчоро Жолдошев
Токчоро Жолдошев

Ак падышанын бийлиги орун-очок алгандан кийин азыноолок ачыла баштаган орус-тузем мектептеринен билим алган алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү элинин башына түшкөн азап-тозоктордун баарын көрүшкөн.

1916-жылы Үркүндө эл менен Кытайга кошо барып, андан келгенден кийин жаңы заманды курууга чын дилден катышып, элдин сабатын ачууга, заман агымынан артта калбоого үндөшкөн. Сабатсыздыкты жоюу, жаңы маданиятты жайылтууга аракет кылып, бала окутуп, гезит, китептерди чыгарууга катышкан ошол демилгелүү жаңы муундун дээрлик баары сталиндик кандуу жазалоого туш келип жок кылынган. Жарым кылымдан ашуун алардын ысымдарын атоого да тыюу салынып, мамлекеттин өз элине жасаган өлчөөсүз кылмышы жабылып-жашырылып келди.

Токчоро Жолдошев 1920-жылы Алматыдагы агартуу институтуна кирген. Студенттик каникул учурун текке кетирбей, жайлоолордо мектеп ачып, ал жерде элдин сабатын жоюуга катышып, буга кошумча ошол кездеги казак гезит-журналдарына кабар, макала жазып турган.

Агартуучу

Окуусун бүтүп келгенден кийин Кыргызстандагы маданий курулуш иштерине баш-оту менен кирип, элдин сабатсыздыгын жоюу, эл агартуу иштерин уюштурууга, жаңы маданияттын калыптанышына чоң салым кошкон.

Токчоро Жолдошев Касым Тыныстановдон кийин республиканын эл агартуу комиссарлыгын жетектеген. Бул жооптуу ишти да мыкты аткарган. Жолдошевдин тушунда жаңы мектептер арбын ачылган, керектүү окуу китептери чыгарылган. Анан дагы бир маанилүү иши - кыргыз профессионал адабиятынын калыптанышына тикелей салым кошкону, мыкты адабий-сын макалаларды Кыргызстандагы гезит-журналдарга жарыялашы.

Дөө-шаалар эрөөлү: Касым-Аалы-Чыңгыз

Дөө-шаалар эрөөлү: Касым-Аалы-Чыңгыз

Кыргыз тарыхындагы идеологиялык кармаштардын эң чоңу - ХХ кылымдын башында Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин, андан соң ошол эле Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун ортосунда болгон.

Токчоро Жолдошев жаңы адабияттын үлгүлөрүн сын элегинен өткөргөн кылдат эстетикалык туюмга ээ сынчы катары да таанылган. Кыргыз адабий сынынын корифейлеринин бири Кадыркул Даутовдун ырасташынча, Токчоро Жолдошев катарлаштарынан кадимкидей айырмаланып, сынчылык таланты кашкайып көрүнүп калган талант болгон.

- Мисалы, Касым Тыныстанов ошол кездеги кара сөз, ыр жазгандардан кандай айырмаланса, Токчоро Жолдошев да адабият жагындагы түшүнүгү боюнча көбүнөн айырмаланат. Жакшы үй-бүлөдө туулуп, орус-тузем мектебинде окуган. Анда байдын балдары окуган. Жашынан орусча билип калганы, Алматыда окуп, кийин Москвада иштеп, ал жердеги Луначарскийлердин лекциясын угуп, ошол 20 – 30-жылдардагы башкалардан кадимкидей айырмаланып турган. Орус адабиятын, казак адабиятын окугандыгы көрүнүп турат. Казактар орустарга мурдараак кирип, көбүрөөк аралашып калган. Окуу, билим деген чоң нерсе да.

Талант

Ошондой билимдүү кыргыздын дагы бир таланттуу азаматы 32 жашында чыгармачылыгы баралына жетип турган чагында 1935-жылдын 16-октябрында камакка алынган. Анын үй-бүлөсү кандай азап-тозокторго кабылганын артындагы чиедей үч баласынын арасынан аман калган кызы Чолпон Жолдошеванын мезгилдүү басма сөздөрдө жарыяланган эскерүүлөрүнөн аңдоого болот.

Айтса, Токчоро Жолдошевдин адабияттагы жолун улаган кызы Чолпон атасы камалганда беш жашта болчу. "Эл душманынын" баласы болуу кандайлыгын өз жон териси менен сезген айтылуу окумуштуу атасынын адабий мурасын 2007-жылы атайын китеп кылып чыгарган. Кыргыз улуттук университетинин басмасынан 200 нускада басылып чыккан ал китепти азыр күндүз чырак менен издеп таба албайсың. Атасы тууралуу таберик китепти кайра чыгаруу жөнүндө ойлонуп жүрүп, бирок шарты келбей Чолпон эже да өткөн жылы бул дүйнөнү таштап кете берди.

Кандуу бийлик колунан курман болгон кайрандардын артында калган эмгектерин кайрадан чыгаруу иштери ушу кезге чейин мамлекет эсебинен эмес, репрессияга туш келгендердин жакындарынын, артында калган бала-чакасынын аракети менен жарык көрүп келет.

Токчоро Жолдошевдин каламынан чыккан эмгектери чогултулуп, илимий түшүндүрмөлөрү менен дагы бир ирет басылып чыкса жакшы эле болмок. Анын артында калтырган адабий мурасын изилдеп келаткан адабиятчы, профессор Садык Алахандын айтуусунда, Токчоро Жолдошев өз мезгилинен кыйла эле алдыга озуп кеткен инсан болгон.

Кадыркул Даутов жана Садык Алахан
Кадыркул Даутов жана Садык Алахан

- Көркөм чыгарманын ак-карасын аныктаган адабий сын багытындагы алгачкы чыйырды Токчоро Жолдошев бузду десек болот. Ал кезде Калим Рахматуллиндин, Касым Тыныстановдун макалалары чыккан. Бирок кооз адабияттын эстетикалык кунарын ачып берген ири адабий обзорду “Жаңы маданият жолунда” журналына сандан-санга жарыялаган Токчоро Жолдошев болгон. Адабий сынын, адабий иликтөөсүн токтотпой, айрым чыгармалар тууралуу так, аргументтүү, адилет ойлорун айткан.

Сталиндик репрессияга туш келген алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын артында калган эмгектерин мамлекет эсебинен чыгарып, жасаганынан жасай турганы арбын кайрандарды жаңы муундун эсине салып туруу бекем жолго коюлса болмок. Бирок да бул ишти системалуу жүзөгө ашырган кайсы бир мекеме же демилгелүү инсан азырынча чыга элек.

Жалаа

Айтылуу сынчы Кадыркул Даутов эч кандай олуттуу айыбы жок эле Токчоро Жолдошев жалган жалаанын айынан камалып атылып кеткен дейт.

- Мисалы, Касым Тыныстановдун ырын окубай туруп эле мунун саясий катасы бар деп жазып атышпайбы. Ал деле ушундайга туш келген. Бул каршы, бул мындай болгон, бул тигиндей болгон деп. Көрсө өзүбүздө эле кыргыздарда эле шпиондор иштеген экен. Жаман көргөн кишилерин салып бере берген. Ошентип эле кеткен.

Эмнеликтен социалдык теңчиликти алдыга койгон жаңы саясий система массалык жазалоого берилип, улут интеллигенциясынын эң мыкты өкүлдөрүн жок кылып, атылбагандарын өмүр бою кодулап келишинин чоо-жайын тарых илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жуманалиев мындай жагдайга байланыштуу түшүндүрөт:.

- Элим, коом өссө, өнүксө экен деп аракет жасашат да. Бул 30-жылдарда эле болгон эмес. Ага чейин, андан кийин бир тобун кысымга алып келишпедиби.

32 жашында сталиндик репрессияга туш келген Токчоро Жолдошев кыска өмүрүндө бир топ иштерди жасап кетүүгө үлгүргөн. Анын агартуучулук, бул жааттагы уюштуруучулук иштерин эсепке албаганда да, улут адабиятынын өзүн-өзү аңдоо, сын өнөрүнүн калыптанышына кошкон салымы өзгөчө сый-урматка татыктуу иштерден.

Токчоро Жолдошев атылып кеткенден кийин анын үй-бүлөсүн жашаган үйдөн кууп чыгышып, куугунтукка кабылышканы, "эл душманынын" кызы Чолпон Жолдошева атасынын жолун жолдоп адабиятка ак кызматын аяган жок. Чолпон эженин филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсүнө жетиши атасы жасай албай кеткен иштерди аягына чыгарды окшойт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG