Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

1937: Аргымайдын урпагын тегатындагы бир тамга ажалдан арачалаган


Даңазалуу алтайлыктар сулалеси: Аргымай Кулжин, Кару Кулажи жана акын, сүрөткер жана мөмөрчү Алексей Кулажи.
Даңазалуу алтайлыктар сулалеси: Аргымай Кулжин, Кару Кулажи жана акын, сүрөткер жана мөмөрчү Алексей Кулажи.

Алтай элинин чыгаан уулу, ишкер жана агартуучу Аргымай Кулжин жана анын небереси Алексей Кулажи тууралуу азыноолак кеп.

“Кайра куруулар” доорундагы капысынан кездешүү

1980-жылдардын соңу. Ал кездеги жалпы Советтер Биримдигинин ордо шаары болгон Маскөөдө кезектеги илимий сапарда болуп калдым. Ленин атындагы китепканада иштедим, СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунда болдум. Кечинде Кызыл аянттын бир ыптасындагы “Россия” конок үйүнө кайттым.

Кире бериште бөлмөнүн ачкычын алып жатсам, четкерээк жактан көз салып турган бир киши үн салды:

Кечиресиз, сиз каяктан болосуз?

Карасам, жашы менден бир топ улуураак киши экен. Кыргызга да окшоп кетет, бирок орусча өзгөчө так сүйлөйт экен. Айдың (интеллектуал) жана жаракөр экени жүзүнөн көрүндү.

Ага Кыргызстандан келгенимди айтсам, ого бетер кубанып кетти:

О, анда бир тууган турбайбызбы! Мен ‑ алтай кижимин.

Алтайлык акын, сүрөткер жана мөмөрчү Алексей Каруевич Кулажи (Кулжин).
Алтайлык акын, сүрөткер жана мөмөрчү Алексей Каруевич Кулажи (Кулжин).

Анын чакыруусу менен конок үйдүн буфетине баарлашууга түштүм. Өз арманын айтуу үчүн жакын кишини өзгөчө көксөп турганын туйдум. Калган ишти жыйыштырдым да, аны менен бир кыйлага кожурашып отурдум.

Бул киши – СССР Архитекторлор Биримдигинин мүчөсү, Чувашстандагы белдүү мөмөрчү Алексей Каромович Кулажи (орусча Куладжи) экен. Ал Чувашстандын борбору Чебоксары шаарынын кээ бир жаңы микрорайондорун өз доору үчүн жаңы стилде долбоорлоодо жана курууда өзгөчө салым кошуп, жергиликтүү бийликтердин сыйлыктарын да алган экен.

Бул – Алексей агадан мен уккан алгачкы гана маалымат болду.

Аргымай Кулжин – алтайлыктардын байы жана демөөрчүсү

Алексей агабыз өзүнүн чоң атасы Аргымай тууралуу саймедирлеп айтып берди. Аргымай Кулжин (орусча Кульджин) алтайлыктардын көгөл-майман уругунан чыккан. 1865-жылы туулган. Бул маалыматты укканда “бизде да найман уруусу бар” деп кошумчалап койдум, бирок майман сөзү “найман” этнониминен чыкканбы, же жокпу, так айтыш кыйын.

Көрсө, Аргымай XIX кылымдын акырында ‑ XX кылымдын башында асыл тукум жылкыларды өстүргөн бир нече ишканасы бар, падышалык Орусиядагы эң кадыр-барктуу саналган инсан болгон экен. Ал аргымактарын Орусияда гана эмес, Монголияда да сатыкка койгон. Асыл тукум жылкы өндүрүү салтын үйрөнүү үчүн ал кайзердик Германия менен Улуу Британияга чейин ишкердик сапарда болгону айтылат. Ал арап аргымагы менен алтайлык аргымакты аргындаштыргандан өндүрүлгөн жаңы жылкы түрү “Аргымайдын породасы” деген ат менен маалым.

Аргымай Кулжин падыша Николай Экинчи менен да жолуккан экен. Өз элинин сабаттуулугун арттыруу үчүн ал агартуучулук тармагына да чоң маани берип, демөөрчүлүк кылган. Ал өз элин толук христиандаштырып жиберүү аракетине каршы чыгып, алтайлыктардын улуттук биримдигин чыңдоо максатында синкреттик “ак жаан” (бурханчылык) диний ишениминин тамырын жайылтууга колдоо көрсөткөн. Ага бир тууганы Манжы да чоң көмөк көрсөткөн. Бул дин бутпарас дини менен теңирчиликтин элементтерин өзүнө жуурулткан.

Алтайлык ишкер Аргымай өз доорунда В.В. Радлов, Г.Н. Потанин, Н.Я. Ядринцев, В.Я. Шишков, Д.А. Клеменц сыяктуу орусиялык чыгыш таануучулар менен байланышта болгон жана Алтайда табылган айрым тарыхый эстеликтерди Орусиянын борборундагы музейге (ажайыпканага) жөнөткөн.

1918-жылы жалган куран (март) айында Аргымай Улала шаарында (азыркы Горно-Алтайск шаары) курултай чакырууга демилгечилерден болуп, анда Тоолуу Алтай аймагын (округун) түзүү тууралуу чечим кабыл алынат. Андан тышкары Аргымай жалпы Алтай, Түштүк Сибир, Батыш Монголия аймактарындагы түрк тилдүү калктардын башын бириктирип, алар үчүн Орусиянын курамындагы Ойрот жумуриятын түзүү идеясын колдойт. Бирок Сибирди көзөмөлгө алган ак гвардиячылар бул идеяга каршы чыккан. Алар үчүн Аргымай жикчил саясат жүргүзгөн инсан болгон.

Ак гвардиячылар жеңилгенде Аргымай убактылуу Монголияга жер которот, бирок 1920-жылдардын экинчи жарымында элине кайтат. Андан соң, албетте, мурдагы бай катары сталиндик жазалоолорго кабылат.

1920-30-жылдардагы сталиндик репрессиялар маалында Аргымайды гана эмес, анын урпактарынын бардыгын тең “эл душманы” катары куугунтукка алышкан.

Маалыматка караганда, Аргымай өзү 1930-жылы үчтүн айынын (январдын) 30унда камакка алынган (Кыргызстанда 1928-30-жж. бай-манаптарды сүргүнгө айдоо, кулакка тартуу өнөктүгү жүргөн чакта, Алтайда да тынч калышкан эмес).

Аргымай Кулжин көп жылдар бою сүргүндө жүрүп, 1940-жылдардын ичинде журтуна кайтып келген. Ал белгисиз себептер менен киши колдуу өлгөнү жоромол кылынып келет.

Тегаттын өзгөртүлүшү

Аргымайдын балдарынын бири Кару 1912-жылы төрөлүп, 1972-жылы каза болгон.

Кару Аргымай уулу Кулжиндин абактан жана кийинки куугунтуктоолордон аман калганынын себеби, ‑ анын уулу Алексейдин айтымында, ‑ өз тегатындагы бир тамганы өзгөртүп салып, жер которуп кеткени болгон. Албетте, Карунун “кулжа” сөзүнөн алынган Кулжин деген тегатын котортуп, башка жакка из жашырып качып кетүүсүнө атасы Аргымайдын айрым санаалаштары көмөк көрсөткөндөй.

“Кульджин” сөзүнүн ичкертүү белгисинин ордуна “а” тамгасы жазылса, “Куладжи” деген таптакыр башка түрк тегаты (фамилия) келип чыккан.

Түндүк Кавказда, Эдил боюнда жашаган кыпчактарда “кулаж” сөзүнөн (кыргызча да аралык чен бирдиги катары “кулач” сөзү колдонулган эмеспи) далай Куладжи, Куладжин (Кулажи, Кулажин) сыяктуу тегаттар келип чыккан. Ошондуктан Куладжи тегатын эч ким жасалма, жаңылыш же шектүү деп карабаса керек. Анын үстүнө орус эмес улуттардын өкүлдөрүнүн тегаттарын орус тил эрежесине ылайыкташтырып ката жазуу көнүмүш адат болгон.

Алексей – Аргымайдын атактуу небереси

Кару Аргымай уулунун баласы Алексей 1952-жылы жалган куран (март) айынын 28инде Алтай чөлкөмүнүн (крайынын) Чарыш ооданына караштуу Тигирек кыштагында жарык дүйнөгө келген. Бала чагында ал чоң атасы – “эл душманы” Аргымай экенин жашырууга аргасыз болгон.

Алексей 1974-жылы Новосибирск шаарында Новосибирск инженер-курулуш институтун аяктайт. Бир маалыматка караганда, ал 1975-жылы Африкадагы Мозамбикке чейин барып, социалисттик багыттагы өкмөттү колдогон советтик жоокерлердин катарында кызмат өтөгөн экен.

1977-96-жылдары Чувашстандын борбору Чебоксары шаарында мөмөрчү катары эмгектенген. Жогоруда учкай айтылгандай, Алексей өз кесибине шыктануу менен мамиле кылып, Чебоксарыда азыркыга чейин жергиликтүү энциклопедияларда даңазалангандай оригиналдуу имараттарды курууга салым кошот. Бир түрдүү, койондой окшош панелдик үйлөр жайната курулган ошол советтик доордо Алексей Кулажинин чыгармачыл даремети аркылуу чуваш элине таандык жасалгалоо өрнөктөрү жаңы имараттарды кооздоп курууда чагылдырылган.

Маселен, шаардын Тракторостроители көчөсүндөгү 9 кабат жаңы имараттарды калкалоо үчүн мөмөрчү А.Кулажи ири көлөмдөгү панно курууну сунуштайт. Сүрөтчү Н.С.Ведерников тарабынан бул долбоор жүзөгө ашырылып, анын “Жаз, Жай”, “Күз” деген үчүлтүк чыгармасы (1981) чуваш монументарлык өнөрүндө жаңы сөз болуп калган.

Алексей өзү ыр жандуу келип, орус тилинде философиялык мазмуну терең ырлар жазган жана бойок сүрөттөр да тарткан.

1985-87-жылдары ал Чебоксары шаарынын башкы сүрөтчүсү, 1987-89-жылдарда СССР Архитекторлор Биримдигинин “Архитектуралык долбоор” бирикмесинин Чебоксарыдагы бөлүмүнүн (филиалынын) деректири болгон.

Атажуртта оболу суук кабыл алышты

Дал ошол кезеңде Алексей Кулажи менен Маскөөдө кездешип калган элем. Кыска, бирок эч унутулгус жолугушуум маалында ал көөдөнүндөгү бугун, кайгысын жана ызасын да чыгарып алгансыды.

Аты чыгып, Чувашстанда Комсомол сыйлыгынын жана башка сыйлыктардын лауреаты болуп, толукшуп турган чагында Алексей Кулажи өз бабаларынан калган атажуртуна сагыныч жазуу үчүн келген экен.

Анын арман кылганы – Аргымай чоң атасы деле алтай улутунун камын жеген залкар ишмер болгон экен. Бирок “эзүүчү таптын өкүлү”, “эл душманы”, “абакта жатып келген киши” жарлыктары анын чоң атасынын тарыхый салымдарын жокко чыгарган.

Мен Компартиянын Тоолуу Алтай автоном облустук комитетинин биринчи катчысынын кабылдамасында болдум. Абдан толкундандым. “Мындан ары Чувашстанда туруп да Алтай үчүн кызмат кылууга даярмын” деп айтууга белендендим. Анан мени кабыл алганда биринчи катчы эмне дегенин билесизби? “Аргымайдын тукумдары кырылып бүткөн жок беле?” деп кекээр менен айтты! Мен тез арада Тоолуу Алтайдан Чувашстанга кайтып кетүүгө ашыктым, - деди Алексей Кулажи.

Пост-советтик доордогу өмүр

Тоолуу Алтай автономиялык облусу (1922-48-жылдары Ойрот автоном облусу) СССР ыдыраардан бир жыл мурда, 1990-жылы тогуздун айынын (октябрдын) 25инде өз эгемендик укуктарын чыңдап, автономдуу ССР болуп жарыяланды. 1991-жылы теке (июл) айынын 3үндө РСФСРдин Жогорку Кеңеши бул макамды андан ары чыңдап, Тоолуу Алтайды РСФСРдын курамындагы Тоолуу Алтай ССРи деп жарыялады.

СССР ойрон болгон соң, 1992-жылы бирдин айынын (февралдын) 8инде Тоолуу Алтай ССРинин Жогорку Кеңеши бул жумуриятты Тоолуу Алтай Республикасы деп жарыялоо тууралуу токтом кылды. Орусия Федерациясынын эл депутаттарынын курултайы 1992-жылы чын куран (апрел) айынын 21инде бул макамды Орусия Федерациясынын Башмыйзамына киргизүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул чечим ошол жылдын бугу (май) айынын 16сынан тартып күчүнө кирди.

1992-жылы бугу (май) айынын 7синде Тоолуу Алтай Республикасынын Жогорку Кеңеши жумуриятты Алтай Республикасы деп атоо тууралуу токтом кабыл алган.

Мындай ири жылыштарга кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн Алексей Кулажи 1990-жылдардын ортосунда биротоло Тоолуу Алтайга көчүп келди.

XX кылымдагы алтайлыктардын “Гомери”, дастанчы (кайчы) Алексей Григорьевич Калкиндин (3.4.1925—18.8.1998) А.Кулажи тарткан сүрөтү.
XX кылымдагы алтайлыктардын “Гомери”, дастанчы (кайчы) Алексей Григорьевич Калкиндин (3.4.1925—18.8.1998) А.Кулажи тарткан сүрөтү.

Алексей пост-советтик алтай айдыңдарынын чөйрөсүнө өзгөчө таланттуу акын жана сүрөтчү катары аралаша баштады.

Ал алтай элинин чыгаан уулдарынын (анын ичинде кайчы Алексей Калкиндин, окумуштуу Сазон Суразаковдун, ж.б.) бейнесине арналган бойок сүрөттөрдү тартуу ишин жолго койду.

Анын Алтайдагы жаңы турмушу ачуу-таттуу аралаш өтө баштады. Ага кызганыч менен мамиле кылгандар да, анын атажуртка кайтып келишине ыраазы болгондор да арбын болду.

Адатта, өзүн толук таба албай калган орусиялык айдыңдарда күчүн ичкиликке чыгаргандар бир кыйла кезиккен эмеспи. Маалыматка караганда, Алексей Кулажиде да ушундайча кыйчалыш учурлар болгон экен.

Анын жүзөгө ашырууга үлгүрбөгөн кыялдагы долбоору – Тоолуу Алтайда “бардык элдердин жалпы сыйынуу жайын” куруу эле.

Алексей Каромович (Каруевич) Кулажи чыгармачыл жактан толукшуп турган чагында, 1998-жылы бештин айынын (декабрдын) 29унда Алтай Республикасынын борборунда дүйнө салды. Ал болгону 46 жашта болчу. Айрымдардын айтымында, ал өз өмүрүн өзү кыйган, башкалары болсо ал өз өлүмү менен эле дүйнөдөн өткөнүн айтышат.

Акындык мурастан бир өрнөк

Акын, сүрөтчү, мөмөрчү Алексейдин жакшы санаалаштары ал өлгөндөн кийинки жылы анын “Ыр саптар” («Строки») аттуу ырлар жыйнагын басмадан чыгарышты (Горно-Алтайск, 1999).

Андагы ырлардын бирине назар салалык.

Кыргызча котормо (ушул саптардын ээсиники):

ТООЛОР ҮНҮ

Тереңинде, жээгинде

Өзөн-суунун ташы бар.

Мындан улам тоолорго

Киши керек эси бар.

Ит-кушунун үндөрү

Жетет нагыз жүрөккө.

Биер салты - өмүр маңызы,

Тек гана эмес жөрөлгө.

Кылымдарды багынткан

Сөз – асканын тилиндей.

Аскадан түшүп өрөөнгө

Шамалдап учат дирилдей.

Орусча түп нускадагы тексти:

ГОЛОС ГОР

И в глубинах, и снаружи

Каменисты русла рек…

Потому горам здесь нужен

Мудроватый человек…

Голос зверя, голос птичий

Столько сердцу говорят…

Потому-то здесь обычай —

Жизни суть, а не обряд…

Сохранённая веками

Речь звучит, как говор скал,

И уносится ветрами

Вниз, в долины, мимо скал…

18.05.1998.

Кыска жыйынтык

Ошентип, Алексей Кулажи чоң атасы ‑ айтылуу Аргымайдын атын жана жаркын элесин өчүртпөстөн, өз өнөрү менен атанын жаратмандык чыйырын андан ары улантып, пост-советтик доордо улутташтары тарабынан анын өмүрлүк салымдары жаатында жаңыча жана калыс иликтөөлөр жүргүзүлүшүнө өбөлгө болгондой урпактык иш аткарып кетти.

Сталиндик репрессиялар Сибирдеги жана Алтайдагы чакан элдер үчүн өзгөчө алааматтуу болгон. Миллиондогон калкы бар орус элинин “каймагы” сталиндик жазалоолор доорунда бир кыйла шыпырылганы менен, орус айдыңдарынын бардыгын жазалаш кыйын эле. Ал эми алаканга салгандай көрүнгөн чакан этностор – аз сандуу элдер үчүн сталиндик идеологиялык жазалоолор бул этностордун айдыңдарынын эң мыктыларын терип алып жок кылганга тете алаамат болгон.

Алтайлык кайчы Алексей Калкиндин (1925—1998) үйүндө конокто. Оңдон солго: А.Кулажи, З.Казагачева, Т.Шинжин, А.Калкин, Н.Калкина, Т.Кулажи (туруп турат). 1998.
Алтайлык кайчы Алексей Калкиндин (1925—1998) үйүндө конокто. Оңдон солго: А.Кулажи, З.Казагачева, Т.Шинжин, А.Калкин, Н.Калкина, Т.Кулажи (туруп турат). 1998.

Чакан этностордо 1950-80-жылдары кайрадан баш көтөргөн жаңы муундардын көпчүлүк өкүлдөрү эне тилин дурустап үйрөнө алган эмес. Алар компакттуу жашаган учурларда деле алардын ичинен өз эне тилин жана мурасын аздектегендери акырындап азчылыкка айлана беришкен.

Бул жааттан алганда, миллиондогон сандагы өкүлү бар улут менен жүз миңдеген же он миңдеген сандагы жана оторчулуктун азабын жеген чакан улутту салыштырып кароого да кыйын.

Аргымайдын урпактарынын мисалында, бирок, элдин рухун жана тарыхый эстутумун биротоло жок кылууга да мүмкүн эместиги айгинеленди. Чындык ийилди, бирок сынган жок. Бүгүнкү Тоолуу Алтайда бабалардын жаркын элесин эскерүү жана мурастарын ар тараптуу иликтөө иштери совет доорундагыдан алда канча алгылыктуу улантылууда.

ШИЛТЕМЕЛЕР

(Сүрөттөрдүн жана башка маалыматтардын булактары):

Куладжи А. Строки: Стихи / Предисловие В.Кожинова. ‑ Горно-Алтайск: Республ. тип., 1999. - 200 с., илл.

Себя всю жизнь искавший...: Стихи, проза, живопись. - Горно-Алтайск: Горно-Алт. тип., 2012. - 168 с., фото.

Чащина Л.Г. Русская литература Горного Алтая: Эволюция. Тенденции. Пути интеграции: Дисс. на соиск. уч. степ. д-ра филол. наук. – Томск, 2004. – 364 с. – URL: http://www.dissercat.com/content/russkaya-literatura-gornogo-altaya-evolyutsiya-tendentsii-puti-integratsii#ixzz4c0Oft7az

Шаман Камень — Сергей Колесников. ‑ URL: https://ok.ru/shamankame/topic/65914683938260

Витовцев Н. Алексей Куладжи, внук Аргымая, в картинах и стихах. 19.08.2013. ‑ URL: http://gorno-altaisk.ru/photogallery/vernisazh/aleksej-kuladzhi-vnuk-argymaya-v-kartinakh-i-stikhakh

Читаем "Антологию русского лиризма. ХХ век": Алексей Куладжи. ‑ URL: http://cult-and-art.net/poetry/144338-chitaem_antologiju_russkogo_lirizma__hh_vek

URL: http://litkarta.nbchr.ru/cgi-bin/irbis64r_14/cgiirbis_64.exe?LNG=&Z21ID=&I21DBN=KZDKR&P21DBN=KZDKR&S21FMT=lk_biogr&C21COM=S&S21P03=I=&S21STR=-475880

Личность, оказавшая влияние на историю Алтая. 23.3.2012. ‑ URL: http://elkurultay.ru/index.php?option=com_content&view=article&id=788:2012-03-23-03-36-17&catid=1:all-news&Itemid=2

Редактордун эскертүүсү: Сталиндик доордогу жазалоолор тарыхына байланыштуу жарыяланган макалалардын аталышынын башында шарттуу түрдө “1937” саны атайын түрмөктү айырмалоо үчүн кошулууда. Бирок жазыксыз куугунтукка кабылгандар 1937-жылы гана эмес, ага чейинки же андан кийинки жылдары деле камалган, соттолгон, сүргүнгө айдалган же өмүрүнөн айрылган болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG