Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

Чорос-Гуркиндин көөнөргүс мурасы. Сүрөт баян.

Алтай элинин даңазалуу кулуну, сүрөтчү, мамлекеттик ишмер Григорий Чорос-Гуркин жана анын үй-музейи тууралуу кыска сүрөт баян.

Алтай элинин мурдагы совет доорунда, өзгөчө сталинчилердин каргашалуу зомбулугу кезеңинде, жарытылуу жылуу сөз укпаган даңазалуу инсаны –– теги алтайлык сүрөтчү жана мамлекеттик ишмер Григорий Иванович Чорос––Гуркин (12(24).01.1870 –– 11.10.1937).
Аны XX кылымдын башында эле Шибер пейзажынын эстетикасын орус көркөм сүрөт өнөрүнө киргизген алгачкы сүрөткер, “Шибердин өзүнүн жергиликтүү сүрөтчүсү” катары даңазалай башташкан.
Григорий Чорос-Гуркин 1917-жылы февралда падышалык бийликтин кулатылышын жана Убактылуу өкмөттүн негизделишин кызуу кубаттоого алган. 1917-жылдагы Өктөбүр ыңкылабына чейин эле ал жаңы мезгилдин удулун пайдаланып, алтай элинин автономиялык макамы жана эгемендиги үчүн күрөш жүргүзүүгө белсенген алтайлык чыгаан айдыңдардын биринен болду.
Бул атуулдук күрөшү кийин аны “буржуазиячыл саясатчы”, “улутчул” катары айыптоого шылтоо болгон. Сталинчил бийликтер тарабынан жалган жеринен "жапон тыңчысы" деп да айыпталып, ал 1937-жылы атууга кеткен. 1956-жылы, б.а. өлгөндөн кийин гана, ал толук акталган.
Учурда Алтай Республикасына караштуу Чемал районундагы Онос (Анос) кыштагында Г.И.Чорос-Гуркиндин үй-музейи иштеп жатат. Бул музейдин директору, теги алтай Евгений Сергеевич Тукуеков келгендерге атактуу алтайлык сүрөтчү жана мамлекеттик ишмер Григорий Чорос-Гуркин тууралуу саймедирлеп баян кылып келет.
Чоң Алтайдагы алтай таануучулардын илимий шеринесине катышкан окумуштуулар тобу 2019-жылдын 14-сентябрында бул үй-музейде болуп, алтай элинин чыгаан уулу Григорий Чорос-Гуркиндин элесин эскеришти.


16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

XS
SM
MD
LG