Линктер

жума, 18-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:09

Алтай эгемендигинин күрөш туусу – Чорос-Гуркин


Григорий Чорос-Гуркин (1870––1937). 1915-жылдагы сүрөт.

Алтай элинин даңазалуу кулуну, сүрөтчү, мамлекеттик ишмер Григорий Чорос-Гуркиндин тагдыры жана мурасы жаатында тарыхчынын блогу.

Алтай элинин мурдагы совет доорунда, өзгөчө сталинчилердин каргашалуу зомбулук доорунда жарытылуу жылуу сөз укпаган даңазалуу инсаны – теги алтайлык сүрөтчү жана мамлекеттик ишмер Григорий Иванович Чорос–Гуркин (12(24).01.1870 – 11.10.1937) болгон.

Биз быйыл күздө Орусиядагы алтай таануучулардын эл аралык илимий шеринесине катышкан соң, Алтай Республикасынын Чемал районуна караштуу Онос (орусча Анос) кыштагындагы бир ажайыпканага бардык.

Ал – Григорий Иванович Чорос–Гуркиндин үй-музейи эле.

Теги жана балалык чагы

Буга чейин Чорос-Гуркин тууралуу азыноолак кабарым бар эле. Ал алтайлык илгерки чорос уругунун акыркы өкүлдөрүнүн биринен болгон. Анын урпактары сталиндик доордо ар кыл шартта азап-тозокту көрүшүп, алардан кийин урпак калган эмес экен.

Эгерде «Чорос» сөзү чорос этнониминен келип чыкса (кыргыздын «чоро» сөзү менен бул алтайлык этноним да уңгулаш; тек гана анын соңуна монголчо «с» куранды мүчөсү уланып калган), «Гуркин» сөзү алтайча Гүркө антропониминен экен.

Дээрлик 2 гектар жерде жайгашкан бул үй-музей азыркы тапта Григорий Гуркин атындагы заманбап орто мектепти да өзүнө камтыйт.

Григорий Чорос-Гуркин 1870-жылы 12(24)-январда Тоолуу Алтай жергесиндеги Улала кыштагында (азыркы Горно-Алтайск шаары), теги алтайлык кол өнөрчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Бала чагында ал христиан орустардын чиркөөсүндөгү мектепке караштуу, иконаны боёк сүрөт кылып тартууга багытталган өнөрканада окуп калат. Андан соң ал Бийск шаарында (бул шаар падышалык доордун учурунда Сибирдеги айдыңдык жактан өтө өнүккөн шаар болгон) катехизатордук окуу жайда таалим алуусун улантат.

Чыгаан сүрөткер

1897-жылы ал санкт-петербургдук ыр аткаруу капелласынын студенти, болочок композитор жана этнограф Андрей Викторович Анохин (1869-1931) мырза менен Тоолуу Алтайда кезигип, анын сөзүнө ынанып, билимин арттырыш үчүн Санкт-Петербургга жөнөйт.

Орусиянын бул борбор шаарында ал атактуу орус сүрөтчүсү, пейзажчы, гравюра тартуучу Иван Иванович Шишкиндин (1832, Елабуга - 1898, Санкт-Петербург) шакирти болгон. Иван Шишкин бул окуучусунун мыкты пейзаждык эмгектерин көрүп: «Сага окуунун деле кереги жок экен. Кыл калемди алгын да, сүрөт тартып кир!» деген экен.

Устаты Иван Шишкин өлгөн соң, 1899-жылы таланттуу алтайлык сүрөткер падышалык Орусиянын Көркөм өнөр академиясынын пейзаж тартуу өнөрканасында билимин улантат.

Падышалык доордо эле анын даңазасы артып, 1902-жылдан тартып Орусиянын бир катар шаарларында сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулган.

1903-жылы Г. Чорос-Гуркин өзүнүн туулуп-өскөн Тоолуу Алтай аймагына кайтып келет да, Чемал жергесинде Онос (орусча Анос) кыштагында жер тилкесин сатып алып, анда мөмө-жемиштүү, кооз чарбак куруп, айылдыктар үчүн мектеп да салып, көркөм өнөр дүйнөсүндөгү тынымсыз мээнетине байланыштуу жергиликтүү тиричилигин улантат.

Тоо койнуна кайтып келүү анын руханий дүйнөсүн ого бетер байыткан. Мында анын шедеврлери (арасында 1906-жылы тартылган «Аскаттагы кызыл карагай», 1907-жылы тартылган «Хан Алтай», 1912-жылы тартылган «Балыкты-Суу шаркыратмасы» жана башка эмгектери) жаралган.

Ал 1907-1908-жылдары Томск шаарында, 1911-жылы Томск, Иркутск, Красноярск, Барнаул шаарларында жеке көргөзмөсүн уюштурган. Аны Шибер пейзажынын эстетикасын орус көркөм сүрөт өнөрүнө киргизген алгачкы сүрөткер, «Шибердин өзүнүн сүрөтчүсү» катары даңазалай башташкан.

Г. И. Чорос-Гуркин «Сибирская жизнь», «Жизнь Алтая» журналдарына адабий чыгармаларды да жарыялап турган.

Мамлекеттик ишмер

Григорий Чорос-Гуркин 1917-жылы февралда Орусияда падышалык бийликтин кулатылышын жана Убактылуу Өкмөттүн негизделишин кызуу кубаттоого алган алтайлык айдыңдардын биринен болду.

Ал 1917-жылы 12-майда Томск шаарында, губерниялык элдик жыйындын биринчи отурумунда чыгып сүйлөп, «Алтай жана анын муктаждыктары тууралуу» баяндама жасаган. Бул отурум Шибердеги орус эмес түпкү элдердин өз тагдырын өзү чечүү укугун жактаган чечим чыгарган. Мында да алтайлык сүрөткердин чоң таасири болгон.

Аны даңазалуу окумуштуу (географ, этнограф) жана либерал-демократ Григорий Николаевич Потанин (22.9. [4.10.] 1835-30.6.1920) ырааттуу колдоого алган. Г. Потанин Орусиянын курамында өзүнчө Алтай Республикасын түзүү идеясын жактаган. Бул республика, Г. Потаниндин долбооруна ылайык, Алтайдан тышкары Саян тоолорун, монгол Алтайын жана Жуңгарияны камтышы керек болгон.

Ошентип, 1917-жылы алтайлыктардын автономиялык макамда болсо да өз алдынча мамлекеттик бийлиги түзүлөт. Г. И. Чорос-Гуркин оболу Алтай Думасынын, андан соң Алтай–Каракорум чөлкөмдүк башкармалыгынын жетекчилигинде иштеп калат. Жарандык согуш маалында Шибердин көп аймагын көзөмөлдөгөн ак гвардиячылар (колчакчылар) «жикчилдик кылды жана ата мекенге чыккынчылык саясатын жүргүздү» деп айыптап, Чорос-Гуркинди 1919-жылы апрелде Бийск шаарында убактылуу камакка алышат. Күрөө коюлуп, боштондукка чыгар замат ал Монголияга качып кетүүгө үлгүрөт.

1920-жылы Монголиядан Тыва аймагына көчүп келип, бул жерде беш жылдай байырлап, Г. И. Чорос-Гуркин Тывадагы агартуу реформаларына көмөкчү болот. Ал тыва тилиндеги окуу китептерин сүрөтчү катары жасалгалап, өз салымын кошкон.

Монголия менен Тывада өткөргөн учурун текке кетирбестен, чыгармачыл жактан толукшуп турган Чорос-Гуркин абдан көп сүрөттөрдү тарткан. Ал элдик салттар менен тиричилик көрүнүштөрүн таамай чагылдырган, мааниси терең чийме жана боёк сүрөттөрүн жаратат.

Советтик Алтайда

1925-жылы Г.И.Чорос-Гуркин большевиктик өкмөттөн советтик Тоолуу Алтайга кайтып келүүгө уруксат алып, өз ата журтуна кайтып келген. Орто жолдо ал Новосибирск шаарында «Советская Сибирь» гезитинин редакциясынын кеңсесинде жеке сүрөт көргөзмөсүн уюштурууга жетишет.

Анатолий Васильевич Луначарский (1875-1933). Советтик почта маркасы. 1975-жыл.
Анатолий Васильевич Луначарский (1875-1933). Советтик почта маркасы. 1975-жыл.

1926-жылы Маскөөдө анын чыгармалары эки башка ири сүрөт көргөзмөсүнө катыштырылган. Ал кездеги РСФСРдин эл агартуу комиссары Анатолий Васильевич Луначарский (1875-1933) Чорос-Гуркиндин сүрөттөрүнө өзгөчө жылуу баа берген: «Чорос-Гуркиндин, Алтайдан келген ойрот сүрөткеринин, боёк сүрөтүнүн назиктиги менен айырмаланган, тим эле баа жеткис боёктору өңүн ачып турган пейзаждарын дагы белгилей кетмекчимин. Алтай тарапка ушунчалык назик ыкма кантип жетип калганын мен эч биле албайт экенмин». (Баса, «ойрот» деп алтайлыктарды совет адабиятында бир кыйла жылдар бою жаңылыш этноним менен атап келишкен. ­ Т.Ч.).

Г. И. Чорос-Гуркин социалисттик реформалар доорунда Алтайдагы көркөм өнөрдү өнүктүрүүгө чын ыкласы менен салым кошкон. Азыркы тапта Горно-Алтайск шаары деп аталган Алтай Республикасынын борбор шаары ал кезде Ойрот-Тура деп аталган. Бул шаарды большевиктик майрамдык жасалгалоого да Чорос-Гуркин көп ирет көмөк кылган.

Ал совет доорундагы алтайлыктардын эне тилдеги алгачкы алиппесинин сүрөттөрүн тарткан. Өз сүрөттөрүндө алтайлыктардын улуттук маданиятынын өзгөчөлүктөрүн чагылдырууга умтулган. Элдик эпоско, бакшылыктын жасалгаларына, байыркы скифтик мотивдерге да кайрылат. Социалисттик ураандарга ылайыктап плакаттарды да тарткан.

Кейиштүүсү - 1930-жылдары (сталиндик жазалоо заманында) большевиктер да эски сандыкты «аңтарып», анын мурдагы «буржуйлук» жана «улутчул» саясий турумдарын эстешет. 1934-жылы ал кайрадан камакка алынып, кайра бошотулган.

Ал эми 1937-жылы анын кайрадан камакка алынышы, «тымызын улутчул уюм түзгөн» жана «Жапониянын кызыкчылыгында тыңчылык кылган» деген жалган жалаага кабылышы, айтылуу ежовчулардын кандуу тырмагы миллиондогон айдыңдардын өмүрүн кыйган учурга туш болду. Бул кандуу тырмактын чеңгелинен ал да кутула алган жок. Бөөдө жерден атууга кетти.

Григорий Чорос-Гуркин 1956-жылы толугу менен акталган. Ага чейин анын чыгармаларына тыюу салынды, анын далай сүрөттөрү музейлерден жоготулду же музейдин караңгы, нымдуу бөлмөлөрүндө камалды.

(Ошол алаамат доордо Томск шаарынын музейинин жетекчилери гана Чорос-Гуркиндин айрым шедевр чыгармаларын эч коркпостон сүрөт көргөзмөсүндө ачык көрсөтүп турган деп айтышат).

Көөнөргүс мурас

Учурда Алтай Республикасына караштуу Чемал районундагы Онос (Анос) кыштагында Г. И. Чорос-Гуркиндин үй-музейи кадимкидей иштеп жатат. Ага бүткүл Орусиядан чебер сүрөтчүлөр Иерусалимге же Меккеге келгендей эле каптап келүүдө.

Бул музейдин директору, теги алтай Евгений Сергеевич Тутуеков келгендерге атактуу алтайлык сүрөтчү жана мамлекеттик ишмер Григорий Чорос-Гуркин тууралуу саймедиреп баян кылып келет.

Чоң Алтайдагы алтай таануучулардын илимий шеринесине катышкан окумуштуулар тобу 2019-жылдын 14-сентябрында бул үй-музейде болуп, алтай элинин чыгаан уулу Григорий Чорос-Гуркиндин элесин эскеришти.

Григорий Чорос–Гуркиндин Горно-Алтайск шаарындагы айкели. 2016-жыл.
Григорий Чорос–Гуркиндин Горно-Алтайск шаарындагы айкели. 2016-жыл.

Ал эми Алтай Республикасынын борборунда тургузулган анын бараандуу айкели – бүгүнкү күнү алтай элинин залкар сүрөтчүсү, агартуучусу жана мамлекеттик ишмери Григорий Чорос-Гуркин - көп улуттуу Алтайдагы тарыхый эс тутумда өзүнүн мыйзам ченемдүү жана кадыр-барктуу ордун татыктуу ээлегенин айгинелейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG