Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:09

Шор маданияты – эл болочогунун кепилдиги


“Алтын Шория” айкелинде шор кызы багыш минип турат. Таштагол ш., Тоолуу Шор жергеси.

Шорлор улуттук өнөрү, элдик көркөм чыгармачылыгы аркылуу өздөрүнүн этностук тегин сактоодо. Алардын Шибердин Тоолуу Шор жергесиндеги улуттук району 1939-жылы сталинчилер тарабынан жоюлуп салынган.

Этностук-саясий маалымат

Шорлор – Шибердеги түрк тилдүү калк. Алар тили жагынан хакас, алтай, кыргыздарга тектеш.

Шорлордун тилинин негизги кош диалекти алардын жергесиндеги эки ири дарыянын - Мрас-Суу (ал шор тилинде "Ылай-Суу" дегенди туюнтат; орусча кээде Мрассу, Мрассы деп жазыла берет) менен Кондом (орусча - Кондома; шор тилинде "Ийри-Суу" дегенди туюнтат) дарыяларынын аталышынан улам мрассу жана кондом диалекттери деп аталат.

XX кылымдын 20-30-жж. шорлор убактылуу болсо да улуттук маданий автономияга ээ болгон.

Оболу 1922-жылы Советтик Орусиянын курамында Ойрот автоном облусу түзүлгөн (бул облус 1944-жылдан тартып Тоолуу Алтай автоном облусу болуп калган.

Шорлор, кумандылар жана телеуттардын бир бөлүгү негедир бул облуска кирбей калганын алтай акыны жана жазуучусу Бронтой Бедүров (Бедюров) белгилейт.

1923-24-жылдары шорлор байырлаган негизги аймакта (Тоолуу Шорияда) Кондом жана Кузнецк райондору негизделген.

1924-жылы 15-июлда Кузедеево кыштагында "шор татарларынын" тоолук райондук курултайы (“татаро-шорцевский горно-районный съезд”) өткөрүлүп, анда Темирчи Ала-Тоодогу шорлорду өз алдынча акимдик башкаруу аймагына бөлүү тууралуу маселе козголгон.

Кондом райаткомунун төрагасы, теги боюнча шор Фёдор Кузьмич Телгереков (Тельгереков) бул курултайда дүйнөдөгү соңку кырдаал жөнүндө баяндама окуган.

Курултайда темирчи ала-тоолук түрк этносунун өкүлдөрү өздөрүн “шор” деп расмий атоо жана аймакта Тоолуу Шор улуттук районун (“Горно-Шорский национальный район”) түзүү өтүнүчүн Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу Комитетине (СССРдин парламенти; кыскартылган аталышы - ББАК) жолдоо тууралуу чечим кабыл алынган.

1925-жылы июлда ББАКтын Президиуму Тоолуу Шор улуттук районун жана анын Кеңешинин Биринчи курултайын уюштуруу үчүн атайын революциячыл комитет (ревком) түзүү жөнүндө токтом кабыл алган. Ревкомго Ф.К. Телгереков, Ф.Н.Токмашев жана Л.Иванов киргизилген.

Тоолуу Шор Кеңешинин Биринчи курултайы 1925-жылы 1-октябрда Мыски айылында (“улус”) өткөрүлгөн. Курултайда Ф.К.Телгереков жетекчилик кылган Тоолуу Шор Кеңешинин райондук аткаруу комитети (“районный исполнительный комитет Советов Горной Шории”) шайланган.

Ал эми 1926-жылы 12-апрелде ББАКтын токтому менен Тоолуу Шор улуттук району расмий түзүлүп, ага Кондом районунан тышкары Кузнецк районунун бир бөлүгү киргизилген.

1926-32-жылдары Мыски айылы Тоолуу Шор улуттук районунун акимдик башкаруу борбору болуп турган. 1932-жылдын май айынан тартып бул борбор Кузедеево кыштагына көчүрүлгөн. Ал кезде Кузедеево кыштагы аркылуу темир жол өткөн.

Жогоруда эскерилген Ф.К.Телгереков советтик доордо шорлорун "Жарык жол" (шор тилинде "Чарык чол") аттуу алиппесин жана башка окуу китептерин жарыялаган айдың болгон.

Шорлордун калк саны, 1926-жылкы расмий статистикага караганда, болгону 12,601 кишиден турган.

1930-жылдардагы сталиндик жазалоолор шорлордун саясий жана интеллектуалдык (айдыңдык) “каймагын” жайлап кеткен: айрымдары атылган, айрымдары ГУЛагга айдалып, улуттук таламды көздөө үчүн коомдук күрөштөн сырткары калышкан. Камалгандардын арасында Ф.К.Телгереков да болгон.

1937-жылдардагы мындай жазалоолордон соң, 1938-жылы советтик Шибердин шовинист жетекчилигинин демилгеси менен Тоолуу Шориянын өзүнчө улуттук аймак катары макамын жоюу аракеттери башталып, 1939-жылы бул аракет сталиндик Маскөө тарабынан биротоло колдоо тапты.

Ошентип, Тоолуу Шор улуттук району советтик улуттук маданий автономия катары 1939-жылы биротоло жоюлду.

СССРде “Кайра куруулар” доору маалында, 1988-жылы, шор айдыңдары бул автономиялык бирдикти (жок дегенде “улуттук аймакча” – “округ” катары) калыбына келтирүү өтүнүчү менен расмий Кремлге кайрылып көрүштү. Бирок, кейиштүүсү, бул аракеттен эч майнап чыкпады. Бул аймакча этнос катары жоголуп бараткан шорлордун маданий кайра өрүшүн жана алар жайгашкан аймактардын экологиялык жактан дээрлик кайра жаралышын камсыз кылмак болчу.

Пост-советтик доордо

Азыркы тапта Шибердин бир катар аймактарына чачыраган шорлор өздөрү байырлаган аймактарда коомдук-маданий бирикмелер жана клубдар түзүп, алар аркылуу эне тилин жана маданий мурастарын сактап калуу үчүн далаалат кылышууда.

Маселен, 2013-жылы 9-августта Кемерово облусундагы шорлор “Кемерово облусунун Шор улуттук-маданий автономиясы” чөлкөмдүк коомдук уюмун (“Региональная общественная организация Шорская национально-культурная автономия Кемеровской области”) негиздешкен.

Анын ардактуу президенти - спортчу Юрий Яковлевич Арбачаков. Ал – бокс боюнча дүйнөнүн, Европанын жана СССРдин чемпиону, кесипкөйлөрдү арасындагы он жолку дүйнө чемпиону болгон. Ал Кемерово облустук кеңешинин да депутаты. Бул уюмдун президенти - Анна Анатольевна Тунекова айым. Ал бир эле учурда Кемерово шаарындагы шорлордун улуттук-маданий автономиясынын төрайымы болуп шайланган.

2015-жылы 13-майда болсо Кемерово облусуна караштуу Таштагол шаарында Шор элинин Онунчу курултайы өткөрүлдү. Бул курултай Кемерово аймагынын “Шор элинин жамааты” (“«Ассоциация шорского народа»”) аттуу коомдук бирикмесинин жогорку башкаруу органы болуп саналат. Курултайда уюмдун жаңы желеги жана энбелгиси (герби) кабыл алынып жаңы президенти шайланды.

Шорлордун этностук-маданий уюмунун желеги.
Шорлордун этностук-маданий уюмунун желеги.

Курултайга Новокузнецк, Мыски, Калтан, Осинники, Междуреченск шаарларынан жана Таштагол районунан 86 делегат келип катышты.

2019-жылга чейинки мөөнөткө шорлордун президенти болуп Светлана Михайловна Дудкина айым шайланды. Ал Мыски шаарынын акиминин этностук маселелер жана социалдык көйгөйлөр боюнча орун басары болуп иштейт (анын талапкерлигин Кемеровонун губернатору Аман Түлеев да колдогондугу айтылууда).

Жер-жерлердеги жигердүү иш алып бараткан уюмдардын бири – Шор элинин Таштагол районундагы “Тоолуу Шор” («Таглыг Шор») коомдук уюму болуп саналат.

Айтмакчы, 2010-жылы 12,888 гана киши өзүн “шор” катары каттаткан. Азыркы тарта 14 миңдей киши өздөрүн шор деп каттаткан.

Демек, дээрлик бир кылым ичинде нечендеген шорлор өз теги катары башка этносторду (алардын ичинде орус, хакас, алтай ж.б. улуттарды) тандап жаздырып калганын түкшүмөлдөө кыйын эмес.

Азыркы шорлор өздөрүнүн маданиятын, салт-санаасын, үрп-адатын сактап калуу үчүн мыйзамдуу жолдорду колдонуп күрөшүп келет.

Шор фолклордук чыгармачылыгы жана көркөм өнөрү

Шор элинин фолклордук чыгармалары жанры жагынан коңшу хакас жана алтай элдериникине үндөшүп кетет.

“Кайчы” деп шорлор төкмө акындарды – ири фолклордук чыгармаларды, анын ичинде баатырлык эпосту, б.а. «алыптығ ныбақты» муундан муунга өткөргөн жаратуучуларды жана аткаруучуларды аташат.

Шорлордун фолклордук чыгармаларынын арасында жомоктор, уламыштар, аңчылык баяндары, ырлар (“сарын”), макал-ылакаптар, жаңылмачтар ж.б. бар.

Кош кылдуу музыкалык аспапты алар “комыс” деп аташат (кыргыздын үч кылдуу комузунун байыркы варианттарынан). Шор шамандары шылдырактарды жана барабандарды колдонушчу.

Таштагол шаарындагы шор өнөрпоздору “Чылтыс” (“Жылдыз”) деп аталган шор этностук музыка тобун түзүшкөн. Бул топ дүйнө кыдырып, шорлордун музыкалык мурасын кеңири таанытып келет. 2017-жылдын 13-февралында бул фолклордук топ өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 32 жылдыгын белгиледи.

Тори Воробьеванын “Шаман айым” аттуу кум сүрөтү.
Тори Воробьеванын “Шаман айым” аттуу кум сүрөтү.

Ал эми Чылтыс Таннагашева аттуу шор өнөрпоз айымы болсо көмөкөйү менен ырлар аткара алган таланттуу ырчы.

Айтылуу сүрөткер Тори Воробьеванын “Шаман айым” аттуу кум бетиндеги сүрөтү Чылтыс Таннагашеванын аткаруусундагы фолклордук ырларды уккандан кийин жаралган экен.

Шорлордун этностук-маданий коомдук уюмунун желегинде көк бөрү тартылса, ал эми Таштагол шаарындагы “Алтын Шория” айкелинде болсо - шор кызы багыш минип турат. Кыргыздарда да көк бөрү, багыш, бугу, аюу, арстан, илбирс тотемдер болгонун эскере кетелик.

Шорлордун аймагы VI – XIII к. башындагы Энесай Кыргыз каганаты маалында кыргыздарга темир өндүрүп берген кенчилер аймагы катары кызмат кылган. Кыргыздардын курч миздүү кылычтары чыгыш жазма эстеликтеринде эскерилген.

Сүрөт баяндагы (төмөндө) шор уз айымы тартылган сүрөттү көрсөк, нагыз эле кыргыздын токуучуларынын жана өрмөкчүлөрүнүн өзүндөй сезилет.

Негизи, кыргыз-шор этностук-маданий алакаларынын тарыхын иликтөө – азырынча ачыла элек дыңдардын бири.

Шор тилинин сөз казынасынан.

Қазыр суғдуң палығы (Шар аккан суунун балыгы)

[Шор тилиндеги элдик ыр]

Қазыр суғдуң палығы (Шар аккан суунун балыгы)

Қазанымда қайназа-че. (Казанымда кайнасачы!)

Қалық-чонның палазы (Калкыбыздын баласы)

Қачан-да ырыстығ конза-че. (Качан да ырыска кансачы!)

Терең суғдуң палығы (Терең суунун балыгы)

Тепшиде полған полза-че. (Тепшиде болгон болсочу!)

Текши қалықтың палазы (Текши калктын баласы)

Қунанманза-да конза-че. (Кубанычка кансачы!)

Кыскача түшүндүрмө.

Тоолуу Шор (шор тилинде - Тағлығ Шор) жергеси Темирчи Ала-Тоо (Кузнецкий Алатау), түндүк-чыгыш Алтай тоолору жана Салайыр дөңсөө тоолору бири-бирине ашталган аймак.

Батыш Сибирдин түштүк ыптасы, Алтайдын түндүгү жана Түштүк Сибирдин бир өңүрү камтылган бул аймакта байырлаган орто кылымдардагы кыргыздардын бир калдыгы – азыркы шор эли.

Биз жогоруда сомоло котормосу менен сунуштаган шор тилиндеги «Қазыр суғдуң палығы» («Шар аккан суунун балыгы») элдик ыры 1960-70-жж. фолклор таануучу, кайчы (баатырлык эпосту, б.а. «алыптығ ныбақты» айтуучу), акын Степан Семенович Торбоков тарабынан жазылып алынган.

Ырдагы “қазыр” сөзү бир жерде туруп калбаган, күргүштөп шар аккан дегенди туюнтат.

"Қалық-чон" сөзү (кыргызча “ай-аалам” сыяктуу эле) шор тилинде жаңы маанини – “жалпы адамзат” маанисин берет. “Чон” – азыркы хакас тилинде дагы “эл” маанисин туюнтат (“хакас чон” – “хакас эли”).

“Ырыс” сөзү “бак-таалай” дегенди туюнткан байыркы кыргыз сөзү, азыркы кыргыз тилинде да мааниси бузулбай сакталган.

Бул ырдагы “тепши” сөзү азыркы кыргыз тилинде “чылапчын”, “илеген”, “таштек” маанисинде колдонулат, ал эми шорчо анын мааниси “жайпак табак” (орусча - “тарелка”) маанисинде учурайт. Демек, байыркы кыргыздар “тепши” деп жайпак табакты да аташкан экен.

Кыргызстандын айрым жерлеринде да “Тепши” деген жер-суу аталыштары кезигет (маселен, Ички Теңир-Тоодо Он-Арча айыл аймагындагы тоо кыркалардын ортосунда жайпак табактай болуп ыктоо жерде жайгашкан чакан Тепши жайлоосу бар).

“Қунанманза-да” – “кайгы-кападан алыс, куунак, кубанычта, шаттыкта эле (жүрсөчү)” деген мааниде.

Кыскача адабият тизмеси:

Шорский фольклор / Зап., пер., вступ. ст., примеч. Н.П.Дыренковой. - М.; Л., 1940;

Чудояков А.И. Этюды шорского эпоса. - Кемерово, 1995;

Шорские героические сказания: Кан Перген. Алтын Сырык / Вступ. ст., подгот. поэтич. текста, пер., коммент. А.И.Чудоякова; музыковед. ст. и подгот. нотного текста Р.Б.Назаренко. - М.; Новосибирск, 1998.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG