Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 11:07

Дөөт Кара Шомфайи: "Устатыбыз Иштван Мандоки Коңурдун элеси түбөлүккө калат"


Давид Кара Шомфайи менен Кыргыз улуттук китепканасынын деректиринин орун басары Рыскелди Буларкиев. 18.5.2017.

18-майда А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында мажарстандык чыгаан түрколог жана кыпчак таануучу Иштван Мандоки Коңурдун эмгектеринин англисче жыйнагынын жана башка китептердин бет ачары болду. Бул иш-чараны маркум Коңур Мандокини эскерүү чарасы жана чыгыш таануучу Дөөт Кара Шомфайинин кезектеги чыгармачыл баяндамасы менен таанышуу катары да бааласа болот.

Кээде чыгармачыл кечелер улам жаңы фактылар, улам жаңы маалыматтар менен көңүл сергитип, тар мейкиндикти ааламга чабыт жасачу мейкиндикке алмаштырат. Ошондо мындай кечеге катышып отургандар бүркүт сыяктуу оболоп, алеки-саатта бул жагынан Байкал, Эне-Сай жана Алтайдан чыгып, аркы жагынан Эдилден өтүп, Дунайга жетип, кайра Ала-Тоого кайтып келиши мүмкүн.

Иштван Мандоки Коңурдун “Чыгыштан көчкөн келгиндер” чыгармалар жыйнагынын англисче котормосунун мукабасы. 18.5.2017.
Иштван Мандоки Коңурдун “Чыгыштан көчкөн келгиндер” чыгармалар жыйнагынын англисче котормосунун мукабасы. 18.5.2017.

Мажарстандык таланттуу чыгыш таануучу, көп тилдерде сүйлөгөн (полиглот), көп элдердин этнографиясы жана тили боюнча адис Дөөт Кара Шомфайи (Dávid Kara Somfai) Бишкек шаарында замандаштарына дал ушундай майрамдык маанай тартуулап берди. Анын катышуусу менен 18-майда Бишкектеги А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында мажарстандык чыгаан түрколог жана кыпчак таануучу Иштван Мандоки Коңурдун (István Mándoki Kongur) эмгектеринин англисче жыйнагы жана башка мажарстандык китептер чыгармачыл коомчулукка тааныштырылды.

Кечеге мажарстандык жеке менчик “Молнар” басма үйүнүн кожоюну Адам Молнар, Мажарстандын Кыргызстандагы ардактуу консулунун өкүлү Вячеслав Саулин, кыргыз эл жазуучулары Бексултан Жакиев, Кеңеш Жусупов, манасчы Сапарбек Касмамбетов, геолог, академик Апас Бакиров, публицист жана журналисттер Эсенбай Нурушев, Темирбек Токтогазиев, географ Темиркул Эшенкулов, Дөөт Каранын кайын ата-кайын энеси – журналист Памирбек Казыбаев, тарыхчы Мистегүл Махмутбекова жана башка айдыңдар, басма өкүлдөрү, илимпоздор, студенттер, окуучулар катышты. Жолугушууну А.Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасынын деректиринин орун басары Рыскелди Буларкиев алып барды.

Кеченин соңунда Дөөт Кара Шомфайи көп жылдык мээнетин арнап тарткан даректүү тасма көрсөтүлдү. Анда чыгыш таануучу, кыпчак таануучу, теги мажарстандык кыпчак Иштван Мандоки Коңурдун (10.2.1944, Мажарстандын Карцаг шаары – 22.8.1992, Орусиянын Дагыстан аймагы, Макачкала шаарында кайтыш болгон, сөөгү Алматыда жерге берилген) өмүрүнө жана чыгармачыл жолуна жаңыча түс берген маалыматтар камтылган.

Көрсө, ыраматылык Иштван Коңур агай 1977-жылы алгачкы жолу Алматы шаарына келген экен. Ал кезде Казак ССРинин борбору болуп турган шаарда КГБнын казакстандык “куйруктары” анын сары изине чөп салып, ал түгүл өз кишилеринен турган коомдук жолугушуу уюштурууга жетишкен экен.

Коңур жубайы Оңайша менен.
Коңур жубайы Оңайша менен.

Кийинки жылы Коңур агай Батыш Казакстанга – өзүнүн сүйгөнү Оңайшанын туулган аймагына барууга камынганда ага Динмухаммед Кунаев да уруксат ала албай коюптур. Ошондо айтылуу Олжас Сулейменов агабыз (СССР Жогорку Кеңешинин депутаты катары) Казакстандын КГБсынын орус тектүү жетекчисине кирип, жоопкерчиликти жеке өзүнө алып, Иштван Мандоки Коңурга казактын адай жана башка уруулары байырлаган батыш казакстандык талаа-чөлдүү аймактарга барууга уруксат алып берген экен.

Алматыда жалаң орусча сүйлөгөн айдыңдарды көбүрөөк учураткан Коңур бул саякаттан кайткан соң, Эрден (Ерден) Кажыбеков сыяктуу казактын түрколог жана тилчи айдыңдарына өзүнүн чөлдө эмес эле, бейиште (казакча “жумак”) болуп келгенин айтыптыр.

“Эмнеге?” деп таң калып сурашса: “Көрсө, өз эне тилинде сүйлөгөн казактардын аймагы элет жеринде дагы эле сакталып калган турбайбы!” – дептир Коңур агай.

Ал эми 1980-жылы Иштван Мандоки Коңур коңшу Кыргызстанга өтүү ниетин билдиргенде, КГБ ага да уруксат бербей койгон экен. Ошондо Олжас Сулейменов кыргыздын залкар жазуучусу, Ленин сыйлыгынын ээси Чыңгыз Айтматовго телефон чалат да, өзүнө таандык кызматтык унаа менен Алматыдан Фрунзеге (азыркы Бишкекке) Коңур агайды эч уруксатсыз эле жөнөтүп жатканын айтат. Чыкебиздин ал кездеги бедели жумурияттын Компартиясынын Биринчи катчысыныкынан да жогору болуп турган. Коңур агайдын Бишкектеги бардык жолугушуулары ээн-эркин жана шатыра-шатман өтөт. Коңур агай кыргыздардын меймандостугуна чечекейи чеч боло кубанып, кайра Алматы аркылуу Будапештке кайтат.

И.Мандоки Коңурдун үйүндөгү эскерүү тактасы, Будапешт. Т.Чоротегиндин сүрөтү. 05.6.2011.
И.Мандоки Коңурдун үйүндөгү эскерүү тактасы, Будапешт. Т.Чоротегиндин сүрөтү. 05.6.2011.

1980-жылдардын этегинде жана 1990-жылдардын башында Иштван Мандоки Коңур бир нече жолу Бишкекке келген. Ошол сапарларынын биринде ал кыргыз геолог жана географтарга кошулуп, Ала-Тоонун бийик тоолуу жайлоолорун да кезип, фолклор таануу жаатында изилдөө жүргүзгөн, түрколог Кадыралы Конкобаев, тилчи (кийинчерээк ишкер) Разак Сайдилканов сыяктуу жергиликтүү илимпоздор менен байма-бай жолуккан.

Географ Темиркул Эшенкулов агайыбыз биз менен жакынкы маегинде 1989-жылы июлдан августтун башына чейин Иштван Мандоки Коңур кыргыз географ жана геолог илимпоздору (арасында Садыбакас Өмүрзаков, Темиркул Эшенкулов да бар) менен Кыргызстанды кыдырып чыкканын эскерди.

Алар Кыргызстандын Илимдер академиясынын геология институтунун деректири, минерология илимдеринин доктору Апас Бакиров агайдан өзгөчө колдоо алышкан, КГБнын эскертүүлөрүнө эч карашкан эмес. Азык-түлүк артынып алып, автоунаа менен июлдун башында сапарга чыгышкан.

Оболу алар Чүй өрөөнү аркылуу Кочкорго келип, мындагы Кочкор-Башы шаарынын калдыгын (Кум-Дөбө айылы) көрүшкөн. Андан соң Төлөк айылы жана Калмак-Ашуу аркылуу Соң-Көлгө келишкен. Мында Коңур агай кымыз ичип ыракаттанган, чабандар менен маектешкен. Андан ары Молдо-Тоо аркылуу Ак-Талаа аймагына түшкөн жана Ак-Терек, Тоголок Молдо, Куртка айылдарынын аймагында чатырда конушкан. Коңур агай ар дайым чатыр тигүүгө жана жыйноого өзү да аралашып турган. Тогуз-Торого Макмал кени аркылуу өтүшкөн. Андан ары Жалал-Абат аймагына өтүп келе жатып, жайлоодо калышкан. Жалал-Абатка түшүп жатканда Таргылда деген жерде токтошкон. Андан ары Таш-Көмүр, Кетмен-Төбө аркылуу түндүккө кайтышкан.

Чычкан капчыгайындагы Ит-Агар жергесинде Коңур агабыз жаратылыштын кооздугуна, жайлоонун аңкыган атыр абасына эрээркеп, ыраазы болуп, “кыргыз жери чырайлуу жер экен го!” деп кадимкидей ыйлап жиберди, дейт Темиркул агабыз. Анан Суусамыр жана Төө-Ашуу аркылуу Чүй өрөөнүнө түшүп келишкен.

Дээрлик бир айга созулган бул саякат маалында Коңур агай этнограф жана фолклорчу катары талбай иштеди. Ара-чолодо табият кумарына батты, жолуккан кыргыздарга эне тил жана каада-салтты сактап калуу жаатында өз ойлору менен бөлүштү. Ага Бишкектеги айрым кыргыз академиктердин жалаң орусча сүйлөп туруп алганы анчейин жакпаган экен, мунусун да айтты.

1989-жылы ошол сапарында Иштван Коңур агай “Азаттыктын” мурдагы деректири, ардагер Төлөмүш Жакып уулунун Нарын районунун Үч-Нура айыл аймагындагы Байказак кыштагындагы бир туугандарына жазган катын тымызын ала келген экен, аны геолог окумуштуулар Төлөмүш аганын туугандарына жеткирткен болчу (ал кезде Төлөмүш агай СССРде “эл душманы” саналчу, кийинчерээк, 1992-жылы, Кыргызстандын эгемендик доорунда гана, өз атажуртуна ээн-эркин келип кеткен).

Иштван Мандоки Коңур өзү кезиккен аалымдарга “Азаттык” үналгысында иштеген Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу жана анын жары Майра жеңе (Бактыгүл), Аким Өзгөн жөнүндө жакшы сөздөрүн айткан.

Темиркул агайдын бул кыстармасы мен үчүн алиги даректүү баянга мыкты кошумча болду.

Дөөттүн даректүү тасмасы китепканадагы окурмандарга көрсөтүлүп жана Иштван Мандоки Коңур тууралуу жылуу сөздөр айтылып жатканда, эрксизден Иштван Коңур агай менен Кыргыз мамлекеттик университетиндеги (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУдагы) жана башка жолугушууларыбыз эске түштү. Анда да Коңур агай жаш илимпоздорго жаркын өрнөк сыяктуу мыкты таасир калтырган.

Ыраматылык Иштван Мандоки Коңур 1992-жылы күзүндө Кыргызстанга көчүп келип, Бишкекте (азыркы И.Арабаев атындагы КМУда) иштөөнү самаган, аны бул жакта да күтүп жатышкан.

Бирок мурдагы кыпчактардан таркаган Түндүк Кавказдагы элдерди кыдырып жүргөн чагында жүрөгүнөн кармап, ал 1992-жылы августта мезгилсиз дүйнө салган. Мажарстандык улуу кыпчактын сөөгү Алматыга алынып келинип, аруулап жерге коюлган.

Кийинчерээк, 1995-жылы, мен Будапешттеги маркум Коңур агайдын үйүнө келип, Оңайша жеңеге жолугуп, куран окудум.

Ал эми Коңур агайдын шакирти Дөөт Кара Шомфайиге келсек, ал 1969-жылы чын куран (апрел) айынын 21инде Будапештте туулган. Ал азыркы учурда Мажарстан илимдер академиясында өзү курбалдуу адистердин ичинен түрк жана монгол тилдерин, бир нече европалык тилдерди мыкты билген жана Евразия талааларында жана тоолорунда ырааттуу этнографиялык изилдөөлөр жүргүзгөн, Улуу Британиянын Кэмбриж шаарында таалим алган, докторлук ишин жактаган, кыргыз, алтай, казак, монгол жана башка тилдерде түш жоруган, евразиялык түрк-монгол калктардын шаманчылыкка байланыштуу мурдагы жана азыркы диний ишенимдерин жана каада-салтын иликтеген чыгаан адис. Демек, маркум Коңурдун чыйырынын чыныгы улантуучусу.

Тегирметилик Абдыкадыр бакшы ыр ырдап, "Манас" да айтат. Д.Кара-Шомфайинин сүрөтү. КЭР, 2005.
Тегирметилик Абдыкадыр бакшы ыр ырдап, "Манас" да айтат. Д.Кара-Шомфайинин сүрөтү. КЭР, 2005.

Дөөт Кара өзүнүн жары, кыргыздын таланттуу котормочу жана илимпоз кызы Аида Памирбек кызы Шомфайинин көмөгү менен Чыңгыз Айтматовдун айрым соңку чыгармаларын (“Кайрылып куштар келгенче”; “Чыңгыз хандын ак булуту”) түздөн-түз кыргыз тилинен мажарчага которуп, 2007-жылы жарыялаган. Маркум Чыңгыз Айтматов аларга өз алкышын билдирген.

Андан соң Дөөт Кара мырза “Манас” дастанынын Сагымбай Орозбак уулу айткан вариантынан чакан үзүндүнү кыргыз тилинен мажарчага которуп, тийешелүү сөздүк жабдып жарыялаганын маалымдады. “Бул котормо мен үчүн кыргыздын күйөө баласы катары да зор парыз болчу”, - деди Дөөт Кара.

Дал ушул котормо китептер, ошондой эле Иштван Мандоки Коңурдун чыгармалар жыйнагынын жаңы чыккан англисче котормосу жана заманбап мажар түркологу Йанош Шипоштун (János Sipos) кыргыз фолклордук обондуу ырлары тууралуу англисче монографиясы А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын казынасына салтанаттуу тапшырылды.

Жыйын маалында Давид Кара Шомфайи быйыл теке (июл) айынын 20-22леринде Бишкекте өтө турган Алтаистика боюнча эл аралык илимий шеринеге чакырылды.

Бишкектеги кадыр-барктуу китепканадагы бул жолугушуу маркум Иштван Мандоки Коңурдун арбагы ыраазы болчудай эскерүү жыйынына айланды. Болочокто кыргыз айдыңдары Коңур агайдын илимий чыгармаларынын жыйнагын кыргыз тилине да которушса, Ала-Тоодогу ал тууралуу жакшынакай сөздөрдөн жакшы ишке өткөн болоор элек.

Чыңгыз Айтматов: "Талма бийди Венгрияга келип көрдүм!" (Оңдо: Дөөт Кара Шомфайи). Будапешт, 2006.
Чыңгыз Айтматов: "Талма бийди Венгрияга келип көрдүм!" (Оңдо: Дөөт Кара Шомфайи). Будапешт, 2006.

Шилтемелер

Ajtmatov, Čingiz. Egyéb szerzőség: Somfai Kara Dávid, Buda Ferenc (ford.); Dzsingisz kán fehér fellege: két elbeszélés (Kajrylyp kuštar kelgenče; Čyngyz handyn ak bulutu). ‑ Budapest: Holnap Kiadó, 2007. 143 p. ‑ ISBN:978-963-346-782-4.

Mándoky, István Kongur. Newcomers from the East: Hungarians and Kipchak-Turks in Europe / With a historical introduction by Peter B. Golden; Edited by Ádám Molnár. – Budapest: Molnar and Kelemen Oriental Publishers, 2017. – xx + 328 + 8 pages, ill., maps. – ISBN HU 978-963-88238-4-7 (hardback), ISSN 2416-3260. – Bibliotheca Turcica. - Volume 1.

Mándoki Kongur, István. A kun nyelv magyarországi emlékei / István Mándoki Kongur. - Karcag : Karca Város Önkormányzata, 1993. - 193 S.

Sipos, János. Kyrgyz Folksongs. ‑ Budapest: l'Harmattan, 2014. ‑ 416 p. – The Hungarian Academy of Sciences. Institute of Musicology.

Somfai, Dávid Kara. An Encounter with a Kyrgyz Dervish in the Talas Valley //– Shaman: An International Journal For Shamanistic Research. ‑ Vol. 23. Nos. 1-2. Spring/Autumn 2015. ‑ pp. 211-224.

Somfai, Dávid Kara (forráskiad.). Manasz. Kirgiz hőseposz. ‑ Budapest: Molnár Kiadó, 2016. ‑ 244 p. ‑ ISBN/ár: 978 963 88238 5 4 fűzött. ‑ (Török-magyar könyvtár; II..)

Somfai, Dávid Kara. Mándoky Kongur István nyomában // Birtalan Á, Somfai-Kara D. Kőember állott a pusztán: Tanulmánykötet Mándoky Kongur István emlékére. 214 p. ‑ Budapest: L'Harmattan Kiadó, 2008. ‑ ISBN:978 963 236 129 1. ‑ pp. 173-200.

Somfai, Dávid Kara. Kalmak: The Enemy in the Kazak and Kirghiz Epic Song // Acta Orientalia Academiae Scientiarum Hungaricae. – Vol. 63: (2). – Budapest, 2010. ‑ pp. 167-178.

Somfai, Dávid Kara. Kazak. ‑ Munich: Lincom Europa, 2002. ‑ (Languages of the World: Materials: 417).

Somfai, Dávid Kara. Sart-Kalmyk - Kalmyks of Ysyk-köl (Karakol, Kirghizstan) // Ágnes Birtalan (szerk.) Oirad and Kalmyk Linguistic Essays. 210 p. ‑ Budapest: ELTE Eötvös Kiadó, 2012. ‑ ISBN:978-963-312-116-0. ‑ pp. 197-210. ‑ (Talentum sorozat; 11.)

Somfai, Dávid Kara. Kirghiz Shamanism (West Central Asia) // Mariko Namba Walter, Eva Jane Neumann Fridman (szerk.). Shamanism. An Encyclopedia of World Beliefs, Practices, and Culture. ‑ Santa Barbara; Oxford: ABC CLIO, 2004. ‑ pp. 579-582.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG