Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

"Азаттыктын" мурдагы кызматкери Майра Жакып келини дүйнө салды


Төлөмүш Жакып уулу, Майра Жакып келини кызы Тилек менен.
Төлөмүш Жакып уулу, Майра Жакып келини кызы Тилек менен.
“Азаттык” радиосунун мурдагы кызматкери Майра Жакып келини 76 жаш курагында дүйнө салганы тууралуу Мюнхенден кабар келди. Майра Жакып келини “Азаттык” радиосунда Бактыгүл деген ысым менен эфирге чыккан биринчи аял алып баруучу болгон. Ал 1971-жылдан 1995-жылга чейин "Азаттыктын" Мюнхендеги баш кеңсесинде эмгектенген. Крымдык татар кызы Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында энеси менен кошо Германияга туткунга айдалып, немис жергесинде чоңойгон жана Кыргыз кызматынын негиздөөчүлөрүнүн бири Төлөмүш Жакып уулуна күйөөгө чыккан. Алар үч кыздуу болушкан.

Маркумдун сөөгү 28-апрелде Мюнхендин Валтфридхоф көрүстөнүнө күйөөсү Төлөмүш Жакып уулунун жанына коюлат.

XS
SM
MD
LG