Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:43

Мажар көтөрүлүшүнө 60 жыл


“Террор үйү” музейинин дубалындагы коммунисттик доордо набыт болгон мажар атуулдарынын сүрөттөрү. Будапешт. 06.6.2011.

Мындан 60 жыл илгери, тогуздун айынын 23үндө, Мажарстанда (Венгрияда) коммунисттик тоталитардык режимге каршы элдик көтөрүлүш башталган.

Демократиячыл күрөштүн алдыңкы сабында студенттер турду

1956-жылдын 23-октябрында (тогуздун айынын 23үндө) Мажарстандын (Венгриянын) ордо шаары Будапештте студенттер тынч демонстрация өткөрүп, өлкөдөгү сталинчил коммунисттик режимди демократиялык реформалар аркылуу өзгөртүү талабын көтөрүшкөн.

Студенттер өкмөттүн колундагы үналгы компаниясына келип, өз талаптарын жалпы калайыкка ачык жеткирүүнү көздөшкөн. Алардын үналгы компаниясынын кеңсесине кирген өкүлдөрү камакка алынганын угуп, сыртта котологондор кармалгандарды дароо бошотуу талабын коюшкан.

Президент Роза Отунбаева айым “Террор үйү” музейиндеги жыйында Ч. Айтматов тууралуу чыгып сүйлөөдө. Будапешт. 06.6.11.
Президент Роза Отунбаева айым “Террор үйү” музейиндеги жыйында Ч. Айтматов тууралуу чыгып сүйлөөдө. Будапешт. 06.6.11.

Сырттагы тынч демонстранттарга мамлекеттик коопсуздук полициясынын кызматкерлери ок атып, натыйжада бир студент набыт болгон. Анын сөөгүн улуттук желекке ороп, демонстранттар өз талабын кайталап, коммунисттик режимге каршы ураан чакырышкан.

Бул кабар борбор шаарга жана өлкө аймагына чагылгандай тез таркап, эл толкуп, Кремлге толук баш ийген коммунисттик режимге каршы боштондук көтөрүлүш башталган.

4-ноябрда советтик Кремл бул өлкөгө шашылыш аскер киргизген. Советтик жоокерлерге каршы элдик күчтөрдүн кандуу кагылышуулары 10-ноябрга чейин созулган.

Акыры көтөрүлүш басылган. Кагылышууларда 2500 мажар, 700дөй совет жоокери набыт болуп, коммунисттик системаны кабыл алгысы келбеген 200 миңден ашуун мажар Батышка үрккөн.

Поляк-мажар байланышы

Варшавадагы Мажарстан маданият институтунун деректири Янош Тишлердин айтымында, ошол 1956-жылдын жай мезгилинде коммунисттик Польшада Познан (Познань) сыяктуу бир катар шаарларда жумушчулар демонстрацияларга чыгып, коммунисттик режимге нааразылык билдиришкен. Будапештте да 23-октябрда башталган нааразылык жыйындарында поляк демонстранттарга карата тилектештик билдирген ураандар чакырылган. Демек, Ортоңку Европадагы коммунисттик өлкөлөрдөгү карапайым калайык бири-биринин акыбалын жана демократиячыл талаптарын дурус билишкен.

1989-жылы Мажарстанда тынч ыңкылаптын жүрүшүндө коммунисттер өз бийлигинен баш тартып, кайрадан демократиялык жумурият негизделди. 23-октябрь окуялары жаңыча бааланып, бул күн Мажарстанда улуттук майрам катары жарыяланды.

2011-жылы кулжа (июнь) айынын башында мен Будапештте болуп, тоталитардык режимдин курмандыктары эскерилген "Террор үйү" аттуу музейди (ажайыпкананы) кездим. Кулжанын 6сында бул жайда ошол кездеги Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева эжеке маркум Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана мурасы жөнүндө дарс окуган болчу.

Дарс аяктаган соң, ажайыпкананы жакшылап кыдырдык. Бул музейде 1956-жылкы жана башка даңазалуу да, кайгылуу окуялар ар кыл экспонаттар жана фактылар аркылуу мыкты чагылдырылган экен.

Месарош жана Ала-Тоо

Азыркы Бишкектен түштүк чыгышта жайгашкан “Ата Бейит” комплексинде сталинизмдин курмандыктарына арналган эстелик да бар. Бул эстелик ушул жайда көмүлгөндөргө гана эмес (алардын арасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдун сөөгү да коюлган), жалпы эле коммунисттик тоталитардык коомдун запкысын чеккендердин бардыгына арналат десек жаңылышпайбыз.

Бедизчи Ласло Месароштун кызы, кинорежиссер Марта Месарош айым “Террор үйү” музейиндеги жыйында чыгып сүйлөөдө. Будапешт. 06.6.2011.
Бедизчи Ласло Месароштун кызы, кинорежиссер Марта Месарош айым “Террор үйү” музейиндеги жыйында чыгып сүйлөөдө. Будапешт. 06.6.2011.

Ошондой жазыксыз набыт болгон инсандардын бири – көркөм өнөрдү өнүктүрөм деп Ала-Тоого келген бир мажар азаматы эле.

Тактап айтсак, 1930-жылдары Кыргызстанда камакка алынып, ГУЛагда өмүрүнөн ажырагандардын бири –- мажар бедизчиси жана коомдук ишмери Ласло Месарош (László Mészáros, 1905-1945) болчу. Бишкекте бедизчилер студиясын негиздеген бул улуу инсандын сталиндик доордогу тагдыры тууралуу кийин анын өз кызы кызы Марта Месарош даректүү (Mészáros László emlékére - "Ласло Месароштун элесине" тасмасы, 1968-жыл) жана 1990-жылдары көркөм тасма да жаратты.

Ласло Месарош жөнүндөгү көркөм тасмага кыргыздын чыгаан кино актеру Болот Бейшеналиев (1937-2002) да тартылган.

Тилектеш өлкөлөр

1956-жылы кандуу аяктаган мажар ыңкылап аракетинин тарыхына таандык окуялар совет доорунда бир тараптуу гана (буржуазиялык төңкөрүш далаалаты катары) баага татып келген. Азыр Кыргызстанда да 60 жыл илгерки мажар көтөрүлүшү объективдүү изилденип, окуу китептерде калыс чагылдырылып жатат.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Мажарстандын экономикалык алакалар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто (Péter Szijjártó) мырза менен Бишкекте сүйлөшүү жүргүздү. 26.4.2016.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Мажарстандын экономикалык алакалар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто (Péter Szijjártó) мырза менен Бишкекте сүйлөшүү жүргүздү. 26.4.2016.

Бүгүнкү Мажарстан – парламенттик демократия чыңдалган өлкө. Кыргызстан да биротоло ушул нукка түшүү үчүн аракеттенип жатат.

Демократиялык системаны курууну мүдөө кылган эл аралык тилектештик көзгө көрүнбөгөн жиптер аркылуу чыңдала берет эмеспи. Мажарлар да, анын ичинде мажарлашып кеткен кыпчак боордоштор да, Кыргызстандын азыркы парламенттик демократияны көздөгөн нугуна тилектештик билдирүүдө.

Ошондуктан мажарлардын көтөрүлүшүнүн 60 жылдык мааракеси да алатоолуктар үчүн өз мааракесиндей аздектелет десек жаңылышпаспыз.

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG