Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Венгрия: Орбан ордунда калды


Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан.
Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан.

Венгрияда Евробиримдик менен чатагы көп өкмөт башчысы Виктор Орбан парламенттик шайлоодо жеңип алгандыгын жарыялады. Жекшембидеги добуш берүүдө ашкере оңчул, антисемиттик партия да бир топ жылышка жетишти.

Виктор Орбан өзүнүн ФИДЕС партиясынын колдоочуларына мындай деди:

- Менин айымдарым жана мырзаларым. Бизге жарашкан жупунулук жана сыймыктануу менен бардык күмөн саноо, беймаалымдык жок болду, биз жеңип алдык деп айтышым керек.

Жекшембинин түнүндөгү сөзүндө Орбан анын жеңиши жумуш орундарын түзүүнү, үй-бүлөнү бекемдөөнү жана улуттук суверендүүлүктү күч алдырууну көздөгөн өз өкмөтүнүн саясатына болгон колдоонун натыйжасы деп мүнөздөдү.

Добуштардын 99 пайызы саналгандан кийин, ФИДЕС 44 пайыздан ашыгын жеңгендигин көрсөтүүдө. Бул Венгриянын парламентиндеги 199 орундун 133үн билдирет.

Эгер бул көрсөткүч бышыкталса, ФИДЕС парламенттеги мандаттардын үчтөн экисин сактап калган болот. Мынча мандат Конституцияны өзгөртүү үчүн жетиштүү. Орбан ошону менен мыйзамдарды калчоого дагы төрт жылдык жолдомо алат.

Премьер өз жеңиши барандуу болгондугун белгиледи:

- Бул катардагы жеңиш эмес. Биз ушунчалык кеңири колдоого ээ болдук, анын маанисин бүгүн аңдай да албай турабыз.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда, социалисттер баштаган солчулдар альянсы 38 орунга, а эми антисемитизмге айыпталган ашкере оңчул "Йоббик" партиясы 23 орунга ээ болушу күтүлөт.

Орбан Европа Биримдиги менен демократиянын түп негиздерин тепселеп жатат деген кинелер боюнча кагылышкан. Бирок мажарлардын көбү 50 жаштагы коммунизм менен күрөшкөн диссидент премьерди өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон жетекчи катары көрүшөт.

Шайлоодогу дагы бир чоң жеңүүчү катары "Йоббик" партиясын атап жатышат. Себеби ал өткөн шайлоодо болгону 17 пайыз алган эле, азыр көрсөткүчү 20 пайызга жетти.

Бул партиядан шайланган депутат 2012-жылы «улуттук коопсуздук» үчүн бардык жөөт мыйзамгерлерди тизмеге алып, «акылы кем цыгандар» үчүн камак жайын ачыш керек деп чыккан. Кийин партия «расист» деген айыптоону четке кагып, мыйзамдуулукту, тартипти жана коррупция менен күрөштү жактай тургандыгын айткан.

Европалык жөөттөр конгрессинин президенти Моше Кантор бул партиянын азыркы шайлоодо добуштардын бештен бирин алышын «Венгрия үчүн каран күн» деп атады. Ал "Йоббикти" «неонацисттик партия» деп айыптап, анын ишмердүүлүгү Европаны «өтө тынчсыздантышы» керек деди.

Кантор "Йоббиктин" жеңиши келерки айда өтө турган Европа парламентине шайлоонун алдында континенттеги ашкере оңчул партиялардын чырагына май тамызганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG