Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Аман Жумабай: Венгрия мынча көп качкынды күткөн эмес


Аман Жумабай Будапештте Европа Борбордук Университетинде магистратурада окуйт.
Аман Жумабай Будапештте Европа Борбордук Университетинде магистратурада окуйт.

Германия менен Батыш Европанын башка өлкөлөрүнөн баш калка алууну көздөгөн жүздөгөн мигранттар Будапешттин эл аралык темир жол бекетинин алдында нааразылык акциясында турганына экинчи күнгө аяк басты.

Венгриядагы качкындар маселеси тууралуу Будапешттеги Европа Борбордук Университетинде магистратурада окуган Аман Жумабай менен маектештик.

"Азаттык": Аман мырза, 1-сентябрда жүздөгөн мигранттар Австрия жана Германияга кетчү поезддерди басып алууга аракет кылды, алардын нааразылык акциялары уланып жатат. Азыр Будапештте кырдаал кандай?

Аман Жумабай: Мигранттардын Венгрияда эч калгысы жок. Алар Австрияга же андан ары Германияга кетүүнү көздөп жатышат. Бир нече күн мурда досторум менен бирге аларга тамак-аш, кийим-кече алып барып бердик. Качкындардын көбү Будапешттеги "Келети" темир жол бекетинде топтолгон. Анткени алар ошол жакка биринчи келишет. Венгрия өкмөтү бул качкындарды же калтырып, же андан ары башка жактарга жөнөтүшү керек эле. Бирок андай болгон жок. Ошол себептен качкындар өз жолун табуу үчүн нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат. Аларда акча жок, курсактары ачка, кийим жетишпейт. Венгриялыктар атайын ыктыярчылардын пункттарын ачып, колунан келген жардамын бергенге аракет жасашууда.

"Азаттык": Ал эми сиздин оюңуз боюнча Венгриянын өкмөтүнүн качкындарды кабыл алууга каалоосу жокпу же мүмкүнчүлүгү туура келбейби?

Азыр бийликте турган “Йоббик” жана “Фидес” деген партиялар улутчул көз карашы менен белгилүү. Премьер-министр Виктор Орбан дагы ошол “Фидес” партиясынан. Алар мигранттарга жардам берүүгө кызыкдар деле эмес.

Аман Жумабай: Венгрия парламентинин спикери Ласло Көвер жакында эле сүйлөгөн сөзүндө Венгриянын Сербия менен чек арасындагы дубал Евробиримдикке кирген өлкөлөрдү коргоо үчүн курулуп жатканын билдирди. Көптөрдүн оюнча, бул жөн эле шылтоо. Алар качкындарга өздөрү эле каршы жана киргизгиси келбейт. Будапешттин өзүндө чоң жарнактарда “Мигранттарга каршыбыз! Аларга жумуш жок” деген жазууларды илишкен. Ар кандай пропаганда иштери өткөрүлүп жатат. Азыр бийликте турган “Йоббик” жана “Фидес” деген партиялар улутчул көз карашы менен белгилүү. Премьер-министр Виктор Орбан дагы ошол “Фидес” партиясынан. Алар мигранттарга жардам берүүгө кызыкдар деле эмес. Маселен, биз “Келетиге” барсак, болгону суу коюп коюптур. Башка эч нерсе жок. Активисттер “эгер Венгрия өкмөтү жакын арада чара көрбөсө, анда жакын арада мигранттарды башка өлкөлөргө мыйзамсыз ташыгандар пайда болот” деп айтышууда. Эгер мындай болсо алар ар кандай жол менен башка өлкөлөргө алып өтө башташат. Бул дагы туура эмес, анткени качкындар анда ар кандай кырсыкка кабылышы мүмкүн.

Будапешттин "Келети" темир жол бекетиндеги мигранттардын нааразылык акциясы.
Будапешттин "Келети" темир жол бекетиндеги мигранттардын нааразылык акциясы.

"Азаттык": Ал эми жергиликтүүлөрдүн бардыгы эле ошентип колдоо көрсөтүп, качкындарды кабыл алууга даярбы? Аларга каршы чыгып, нааразы болгондор да бар да?

Аман Жумабай: Албетте, Венгриянын баш калаасы Будапештте көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Өзгөчө башка улуттун өкүлдөрү мигранттарга түшүнүү менен карап, аларга жардам берүүгө умтулуп жатышат. Мажарлар өздөрү деле жардам бергенге даяр. Бирок алар качкындардын мынчалык чоң агымын күткөн эмес. Ошондуктан бир чети дендароо болуп турушат. Венгриянын өзүндө деле көйгөй жетиштүү. Буларда “Рома” деген лөлүлөр тобу көп. Аларды жумушка орноштуруу, жөлөк пул берүү өзүнчө маселе. Ошол себептен дагы мигранттарды көргөндө “эми буларга кайдан жумуш таап беребиз?” деген коркуу сезими башталгандай.

Мажарлар качкындардын мынчалык чоң агымын күткөн эмес. Ошондуктан бир чети дендароо болуп турушат.

"Азаттык": Азыр мигранттардын көбү автобекеттерде топтолгон экен. Жергиликтүү элдерде көп сандагы качкындардан чочулоо жокпу?

Аман Жумабай: Жок, алар азыр тынч эле, эч кимге зыяны жок отурушат. Бирок эми кандайдыр бир чара көрүлүп, аларга жардам көрсөтүлбөсө жана абал ушундай нукта улана берсе, албетте, өзгөрүү болушу мүмкүн. Качкындар дагы жан багуу үчүн уурулук же кандайдыр бир жаман иштерге барышы ыктымал. Алардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат. Жолдор жабык, азыр нааразылыкка чыккандан башка айласы калбай калды.

"Азаттык": Учурда Венгрия менен Сербиянын чек арасында дубал көтөрүлүп жатат. Эгер ал бүтсө, мигранттардын агымын азайтканга жардам береби?

Аман Жумабай: Ал деле, менимче, токтото албайт. Негизи өкмөттүн ошол дубал куруу демилгесин көптөр колдогон жок. Менин мажар досторум бул нерсени аябай примитивдүү чечим деп эсептешет.

"Азаттык": Аман, эми өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Венгрияга келгениңизге канча болду. Кайсыл багытта билим алууну улантып жатасыз? Венгрияда кыргыздар көппү, алар негизинен эмне менен алектенишет?

Аман Жумабай: Венгрияга келгениме бир жыл болду. Европа Борбордук Университетинде тарых боюнча магистратурада окуп жатам. Өзүм буга чейин Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетин аяктагам. Азыр бул жакка Кыргызстандан он чакты студент келип тапшырат экен. Ал эми иштегендерден мен билгенден беш-алты адам бар. Алар деле ушул жактан окуу жайды аяктап анан калып калган кыргыздар.

XS
SM
MD
LG