Бишкекте кургак учук оорусу аныкталганы айтылган мугалимдин кесиптештери жана окуучулар текшерилип, алардан дарт аныкталган жок. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдуллат Кадыров “Азаттыкка” курган маеги учурунда билдирди:
“Ал эми мугалим боюнча айтсам, азыр ал иштеген мектепте бардык чаралар көрүлүп, иштер жүрүп жатат. Башка мугалимдерден, балдардан ооруну тапкан жокпуз”, - деди Кадыров.
Декабрь айында Бишкектеги мектептердин биринде иштеген мугалим кургак учуктун ачык түрү менен ооруй турганы кабарланган. Бул тууралуу ата-энелер чогулушунда белгилүү болуп, окуучулар жана ата-энелери дагы текшерүүдөн өтөрү белгиленген.
Абдулат Кадыров Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2035-жылга чейин кургак учукту жок кылуу программасы Кыргызстанда дагы иштеп жатканын кошумчалады. Дарыгердин айтымында, өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырып, бул дарттан каза болгондордун саны үч эсе азайды.
2024-жылы кургак учук 3998 адамда катталып, 194 адам каза тапкан. 2023-жылы 4183 бейтап катталып, 183 адам каза болгон. 2022-жылы 4568 учур катталып, 176 адам өлүмгө дуушар болгон.
Кургак учук – бактериялар пайда кылган инфекциялык оору, негизинен өпкөнү жабыркатат. Оору адам чүчкүргөндө, жөтөлгөндө жана какырганда аба аркылуу тарайт. (ST/КЕ)
Шерине