Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:54

Орусиянын Волгоград облусунда дрон соккусунан мунай базасы өрттөндү


Орусия. Мунай ишканасындагы өрт. Архив сүрөт.
Орусия. Мунай ишканасындагы өрт. Архив сүрөт.

Орусиянын айрым аймактары 10-январга караган түнү Украинанын согуштук дрон чабуулуна кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Волгоград облусунда учкучсуз учак мунай базасынын аймагына түшкөнүн, ал жерде өрт тутанганын губернатор Андрей Бочаров билдирди. Адамдар арасында жабыркагандар жок экени, эгер жергиликтүү тургундарды эвакуациялоо зарылчылыгы жаралса коңшу кыштактагы мектептин имараты даярдалганы айтылды.

Кырдаалдан улам Волгоград, Геленжик, Краснодар жана Чебоксары шаарларынын аэропортторунун ишине, учактардын учуп-конуусуна убактылуу чектөө киргизилгенин Росавиация мекемесинин расмий өкүлү Артем Кореняко жарыялады.

Борбор калаа Москвада да ишембиге караган түнү дрон коркунучунан улам Домодедово жана Жуковский аэропортторунда рейстердин убактысы өзгөртүлгөн, мэр Сергей Собянин калаага жакын аймакта бир учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдаган.

Жалпысынан, Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 10-январга караган түнү өлкө аймактарында жана оккупацияланган Крымда 59 дрон жок кылынды.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетинен майнап чыкпагандыктан Киев Орусиянын аскердик мүмкүнчүлүгүн алсыратуу максатында анын мунай жана аскердик-техникалык ишканаларын бутага алууга мажбур экенин айтып келүүдө.

Бир күн мурда орус армиясы Украинанын борбор калаасы Киевге жана Львов шаарына жапырт дрон соккусун урган. Украин борбор калаасынын мэри Виталий Кличко бул чабуулду "маанилүү инфраструктура үчүн эң оор чабуул" деп атаган. Киевдеги көп кабаттуу үйлөрдүн дээрлик жарымы, болжол менен 6000 имарат жылуулуксуз калган. Кол салуудан төрт адам каза болуп, дагы 24 адам жаракат алган.

Львовго өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү жаңы "Орешник" баллистикалык ракетаcы менен чабуул коюлган. Муну Орусиянын Коргоо министрлиги жарыялап, “Ракета баллистикалык траектория менен саатына болжол менен 13 миң чакырым ылдамдыкта учту” деп билдирген. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG