Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Европа: ара жолдогу айласыз качкындар


Качкындар. Будапешт, Венгрия, 1-сентябрь, 2015-жыл
Качкындар. Будапешт, Венгрия, 1-сентябрь, 2015-жыл

Кечээ Будапешттеги темир жол вокзалында жүздөгөн мигранттар Австрия менен Германияга кетчү поезддерди басып алууга аракет кылды.

Европа биримдигине мүчө мамлекеттерге Ооганстан, Сирия жана Түндүк Африкадан акыркы бир айда эле 100 миңден ашык качкын келген.

Будапешттин чыгышындагы Келети темир жол бекетине киргизбей койгондон кийин колдоруна билеттерин кармаган мигранттар анын жанында “Германия, Германия” деп кыйкырып турушту. Эртең менен мигранттар темир жол бекетинде башаламандык уюштурганда полиция аларды вокзалдан сүрүп чыгарган. Бекет бир канча саатка жабылып, иштебей турду. Бирок ачылгандан кийин да ага мигранттар киргизилген жок. Германияга баратканын кабарлап, айласы куруган мигрант "Рейтердин" кабарчысына арыз-арманын айтып отурду:

- Айткылачы, бул эмне деген чечим? Айткылачы, эмне деген чечим? Мындай кырдаалда баары болушу ыктымал. Биздин абалыбыз ар бир адамдын башына түшүп калышы мүмкүн.

Венгриянын мигранттарга жасаган буга чейинки мамилесин Евробиримдиктин башка мамлекеттери бир канча ирет сындаган. Маселен, расмий Будапешттин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан качкан миңдеген бозгундарды токтотуу үчүн Сербия менен чек арасына 175 чакырымга созулган тосмо куруусу да сынга кабылып келатат.

Вокзалга кире албаган мигранттар. Венгрия.
Вокзалга кире албаган мигранттар. Венгрия.

Будапешттен айырмаланып, дүйшөмбү күнү Австрия борбору Венада качкындарды жылуу тосуп алышты. Венада 20 миң адам катышкан атайын акция уюштурулуп, анын катышуучулары “Качкындар, кош келиңиздер”, “Мен Европанын жалпы көрүстөн болушун каалабайм” деген жазуулары бар плакаттарды кармап, сүйүү жана тилектештик тууралуу ырларды ырдап турушту.

Австрия бийликтеринин ырасташынча, 31-августта Будапешттен Венага 3650 мигрант келген. Будапешттеги акцияга катышкан ырчы жана адам укугун коргоочу Вилли Резетаритс:

- Биз бүгүн бул жерде угуп жаткан сөздөр, "Качкындар, кош келиңиздер” деген ураандар меймандостугубузду жана өлүмдөн качып келген адамдарды басынтпаганыбызды көрсөтөт. Биз бардык проблеманы чече албайбыз. Бирок биз ачык жана боорукер болушубуз керек, - деди.

Акыркы июль айында эле Европага Ооганстан, Сирия жана Түндүк Африкадан 100 миңден ашык мыйзамсыз мигрант келген. Европа кеңешинин баш катчысы Дональд Туск 31-августта Словениянын премьер-министри Миро Церар менен Люблянада биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында качкындардын Европага агылышынын себебин мындайча түшүндүрдү:

Качкындардын балдары
Качкындардын балдары

- Миграциялык кризис боюнча Евробиримдикти айыптаганга болбойт. Анткени Европа бул кризистин булагы эмес. Азыркы учурда дүйнөдө жер которгон 70 миллион адам бар. Ошолордун баары Европага жеткиси келет. Анткени биздин толеранттуу, туруктуу жана мурдатан ачык болгонубуз аларга ыңгайлуу болууда.

Ал эми 31-августта Германиянын канцлери Ангела Меркел Евробиримдикке кирген башка өлкөлөрдү да Германияга келген бозгундардын бир бөлүгүн кабыл алууга чакырды. Меркелдин дүйшөмбү күнү маалымат жыйынында белгилешинче, мигранттарды Евробиримдиктин башка өлкөлөрү ортосунда тең бөлүштүрүү чечилбесе, ал Шенген визасына коркунуч жаратышы мүмкүн.

Немис канцлери Берлин 24-сентябрга чейин миграция кризиси менен күрөшүү үчүн толук иш мерчемдерин жарыялай турганын кошумчалады. Ага ылайык, Германия быйыл болжол менен 800 миңдей качкынды кабыл алат. Бул 2014-жылдагы көрсөткүчтөн жана Европа биримдигиндеги башка өлкөлөргө салыштырмалуу алда канча көп.

Еврошаркеттин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы биримдиктин чек арасынан 340 миңдей мыйзамсыз мигрант өткөн. Алар Балкан чөлкөмү аркылуу Венгрияга, андан ары Германия, Австрия жана Батыш Европанын башка мамлекеттерине кирип кетүүгө умтулушат. Булар негизинен согуш жүрүп жаткан Ооганстан, Сирия, Ирак сыяктуу өлкөлөрдөн качкандар.

XS
SM
MD
LG