Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Качкындардан бата алган жубайлар


Фетхуллах Үзүмжүоглу менен Эсра Полат
Фетхуллах Үзүмжүоглу менен Эсра Полат

Эл аралык басма сөзгө баяндама (3-10-август)

Узаган аптада дүйнөлүк басма сөздө түркиялык жубайлар үлпөт тоюндагы сый тамакты төрт миң сириялык качкын менен бөлүшкөнү тууралуу окуя эң көп талкууланып, окулган тема болду.

The Independent гезити Сирия менен Түркия чектешкен Килис провинциясында Фетхуллах Үзүмжүоглу менен Эсра Полат никеге тургандан кийин адаттан тыш кадамга барышып, сыйга тартылчу тамакты төрт миң качкынга таратып берди деп кабарлайт.

Ал эми АКШда чыккан The Daily Beast басылмасы бул жубайларды дүйнөдөгү эң боорукер жаштар деп баалады.

“Азаттык” радиосу да дүйнөгө бул адаттан тыш кайрымдуулук кадамы менен аты чыккан Фетхуллах Үзүмжүоглу менен байланышып, төрт миң кишини тойгузчу каражатты кайдан тапканын сурады:

- Менин атам тойдон кийин ушундай сунуш берди. Биз каршы болгон жокпуз, азыр өкүнбөйбүз. Келинчегим үчүн да күтүүсүз окуя болду. Чыгымдын баарын үй-бүлөбүз көтөрдү. Ошондой эле тойдон түшкөн алтындарыбызды да короттук. Ошентсе да качкындардын көзүндөгү кубанычты көрүп, аябай ыраазы болдук. Элестетсеңиз, бир кесим нан менен ысык тамака зар адамдар бар. Төрт миң киши тамак жейбиз деп кезек күттү.

Килис шаары Сириядан качкандарды Түркияга киргизген негизги дарбаза. Бул калаанын расмий калкынын саны 108 миң болсо, азыр качкындар менен 123 миңге чыкты. Учурда Түркияда баш калкалаган сириялыктардын саны болжол менен эки миллиондой деп жазат The Daily Beast.

Түндүк Корея саатын өзгөрттү

Коңшусу Түштүк Кореядан айырмаланыш үчүн расмий Пхеньян өз убактысын киргизди. Эми бул эки өлкөнүн ортосундагы убакыт өзгөчөлүгү жарым саат болуп калды деп жазат The New York Times.

15-августтан тарта аталган өлкө 30 мүнөткө артка жылмакчы. Бул саясий чечим Жапония менен болгон согуштун токтогонуна байланыштуу чыкты. Бирок коңшу Кытай бул чечимди жактап чыкты. Мунун себеби соода катнаштан улам дейт The New York Times. Эми Кытай менен Түндүк Кореянын убактысы окшош болуп калды.

Ал арада The Washington Post гезити Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Махатма Ганди, Аун Сан Чжи алган эл аралык тынчтык сыйлыгына татыганын жазат. Индонезиялык уюм Ким Чен Ынга Сукарно Билим берүү фондунун сыйлыгын сентябрь айында ыйгармакчы. Гезиттин аналитиги Адам Тейлор БУУнун адам укугун одоно бузган өлкөлөр тизмесинин башында турган Түндүк Корея лидеринин абройлуу сыйлыкка татуусун таң калычтуу окуя катары баалады.

Гүлнарадан кийин гүлдөгөн өзбек модасы

"Саясий аренадагы олку-солкулар жана Гүлнара Каримованын үй камагына алынуусу өзбек модасы үчүн жаңы бурулуштун башаты болгону калды" деп жазат Euroasianet онлайн басылмасы.

Мурда Нью-Йорк, Париждеги мода көрсөтмөлөрүндө Каримовдун улуу кызынын гана коллекциялары чыгып, башка өзбек дизайнерлеринин эмгектери таанылчу эмес. Азыр Саида Амир сыяктуу жаш дизайнерлер эл аралык масштабга чыга баштады. Жакында эле Амирдин Лондондо жеке мода кечеси болду.

Ошентсе да өзбек текстили менен улуттук стилин дүйнөлүк аренада тааныткан Гүлнара Каримова эле. Себеби анын уюштуруусу менен атактуу модельерлер Ташкентке келишип, жаш дизайнерлердин шыгын ойготууга түрткү болгон. Учурда көптөгөн өзбек кийим-кечек дизайнерлеринин иштери эл аралык кызыгууну жаратууда. "Эмнеси болсо да Каримова Өзбекстан үчүн дүйнөлүк мода картасын ачып берген" деп жазат Euroasianet.

Орусия дагы бир китепке тыюу салды

The Moscow Times басылмасынын маалымдоосу боюнча, Орусиянын Свердловск аймагында жергиликтүү мектептерде англис жазуучусу Энтони Биивордун Экинчи дүйнөлүк согушка байланыштуу китебине тыюу салынды. Муну бийлик автор өз эмгегинде Үчүнчү Рейхти ашыкча мактаганы менен түшүндүрөт.

“Сорос” фонду жарыялаган бул китеп орус парламентинде да катуу талкууну жараткан эле.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG