Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Он алты миң мигрант биометрика тапшырды


Чет мамлекеттеги кыргызстандыктардын биометрикалык маалымат тапшыруусу боюнча маалымат
Чет мамлекеттеги кыргызстандыктардын биометрикалык маалымат тапшыруусу боюнча маалымат

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, ушул тапта чет жактагы миллионго чукул кыргыз жарандарынын 16 миңге жакыны гана биометрикалык маалыматын тапшырды.

Кыргызстандын элчилик жана консулдук өкүлчүлүктөрү жарандарды маалымат берүүгө чакырып жатканын билдирсе, ошол эле маалда айрым журтташтар өз маалыматын кандай тапшыруунун жол-жобосу менен тааныш эмес. 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө жашап, консулдук каттоодо турган жана биометрикалык маалымат тапшырган жарандар гана добуш бере алышат.

- Менин билишимче, Германиянын чоң шаарларында жашаган кыргыздардын бардыгы эле биометрикалык маалымат тапшырды окшойт. Гамбург шаарына консулдуктун кызматкерлери жазында келишкен. Бул тууралуу алдын ала маалымдашкан. Кечке чейин отуруп чогултушту. 100 ашуун адам тапшырдык. Ошол эле күнү башка шаарга да жөнөшкөн, - деди Гамбургда жашаган Раида.

Ал эми Дубайда эмгектенген Бакай:

- Биометрикалык маалыматымды төрт-беш ай мурда консулдукка тапшыргам. Кабыл алып жаткан техника өтө жакшы эмес. Анткени өзүм ага күбө болдум. Тапшырып жатканда көп мүчүлүштүктөр болду. Ошондой эле Дубайдагы кыргыздардын көбү кайда барып тапшырары тууралуу маалыматы жок экенин өзүм баамдай алдым. Менин оюмча, консулдук бул боюнча тиешелүү иш алып барган жок окшойт, - деп билдирди.

Кыргызстандыктар иштеп, окуп жүргөн мамлекеттердин дагы бири Түркия.

- Биометриканы Түркиянын Стамбул шаарында тапшырдым. Биз студенттер менен биргеликте консулдукка барып, беш мүнөттө берип чыктык. Ошондой эле менин билишимче, консулдук кыргыздар көп чогулган иш-чараларга барып, ошол жактардан дагы чогултуп жатат, -деди Стамбулда окуган Айпери.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, чет жактарда миллионго чукул кыргызстандык жашайт. Өткөн жылдын декабрь айынан тарта өлкөнүн чет мамлекеттердеги 37 өкүлчүлүгүндө биометрикалык маалымат топтоо иш-чарасы башталган.

Германия

Германияда биометрикалык маалымат топтоо Берлиндеги элчиликте, Франкфурт шаарындагы консулдукта жана Бонн шаарындагы элчиликтин бөлүмүндө жүргүзүлүп жатканын жана ушул тапта миңден ашуун жаран өз маалыматын бергенин Берлиндеги вице-консул Айбек Шамиров айтты:

- Бизде 22-январда маалымат топтоо башталган. 40 кишиден көбүрөөк кыргыздар жашаган аймактарга өзүбүз бардык. Гамбург, Мюнхен жана башка шаарларга барып чогултуп келдик. Болжол менен 1000ден ашык адам өттү. Ал эми консулдук катоодо баш-аягы 3000 кишидей адам каттоодо турат. Бизде каттоодо Кыргызстандан көчүп келген этностук немистер бар. Бирок алар бул жактын дагы паспортун алышкан, каттоодон дагы чыккан эмес. Ошондуктан алар келбеши деле мүмкүн.

Америка Кошмо Штаттары

Кошмо Штаттардагы элчиликтин каттоосунда 3500 адам турса, алардын 50 жакыны гана биометрикалык маалымат тапшырды. Вашингтондогу элчиликтин экинчи катчысы Айсулуу Сакееванын айтуусунда, АКШ жана Канададагы жарандарды биометрикалык маалымат тапшырууга үндөгөн кампания улантылууда. Ар кайсы штаттардагы кыргыз диаспораларына алдын-ала маалымат жиберилип, социалдык тармактар аркылуу таркатылууда. Бейрасмий маалымат боюнча, Кошмо Штаттарда 20 миңдин тегерегинде кыргызстандык жашайт, анын беш миңдейи Американын жарандыгын алышкан.

Түркия

Түркияда болжол менен 5 миңдей кыргызстандык туруктуу жашаса, Стамбулдагы консулдукта каттоодо 1010, ал эми Анкарадагы элчиликтеги каттоодо 589 адам турат. Ушул күнгө чейин алардын болжол менен 550 чамалуусу гана биометрикалык маалыматын тапшырды. Бул тууралуу Стамбулдагы консул Бактыгүл Докенова “Азаттыкка” билдирди. Ушул тапта кыргызстандыктар көп жашаган шаарларда маалымат топтоо жүрүп жатат.

Түштүк Корея

Түштүк Кореяда расмий маалыматтар боюнча, үч жарым миң кыргызстандык окуп-иштейт. Алардын 600ү элчиликте каттоодо турат. Ушул күнгө чейин 300 чамалуу киши гана маалыматтарын беришкен. Сеулдагы башкы консул Азиз Кыштообаевдин айтуусунда, элчиликтин кызматкерлери алыскы Тэгу, Пусан, Янсан шаарларына чейин барып маалымат топтоп келишкен. Түштүк Кореядагы 1000ден ашуун мыйзамсыз иштеп жүргөн жарандар консулдуктан каттоодон өтүүнү каалашпай турганын элчиликтин өкүлү кошумчалады.

Сеулдагы кыргыздар биометрикалык маалымат тапшырып жатышат.
Сеулдагы кыргыздар биометрикалык маалымат тапшырып жатышат.

Бириккен Араб Эмирликтери

Бириккен Араб Эмирликтеринде беш-жети миңдин ортосунда кыргызстандыктар бар деп айтылганы менен, консулдук каттоодо эки миңге жетпеген киши турат. Дубайдагы консул Мээрим Аскарованын айтуусунда, ушул күнгө чейин 221 адам биометрикалык маалыматын тапшырды.

Миллиондой кыргызстандыктар мекендеген Орусиядагы элчилик учурда бул өлкөдөгү Кыргызстандын консулдуктарында маалымат топтоо жүрүп жатканын, жалпы канча киши тапшырганын тактоо зарылдыгын белгилешти.

Орусиядан кийин эле кыргызстандык мигранттар коңшу Казакстанда арбын. Тилекке каршы, Алматы шаарындагы консулдук “Азаттыкка” бул туурасында маалымат берүүдөн баш тартты.

Жалпысынан ушул тапта четте жүргөн миллиондон ашык кыргызстандыктын 16 миңге чукулу биометрикалык маалымат тапшырды. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин биринчи катчысы Роман Денисов биометрикалык маалымат тапшыруу ар бир кишинин жарандык милдети экенин белгилейт:

- Маалыматтарды топтоо мыйзамга, өкмөттүн көрсөтмөсүнө ылайык өтүп жатат. Элчиликтин, консулдуктун кызматкерлери болгон аракеттерди көрүп, алыс жайгашкан, кыргыздар жыш жашаган аймактарга атайын барып жатышат. Декабрь айынан тарта ушул күнгө чейин 15 860 адам маалымат тапшырды, бул сан өзгөрүп атат, анткени жарандар дагы эле тапшырып жатышат. Албетте, биз аларды кыйнай албайбыз. Көбү эмгек мигранттары болгондуктан, айрымдары келип-кетип турушат. Көптөрү Кыргызстандан беришти. Ал эми каттоодо турган, активдүү жарандар берип атышат. Консулдук каттоодо турган, биометрикалык маалыматты тапшырган адам гана шайлоодо добуш бере алат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоочулардын негизги тизмеси добуш берүүгө чейин 55 күн калганда аныкталат. Четте жашап, мурда каттоого турбаган кыргызстандыктар добуш берүүгө 15 күн калганга чейин өзү жашаган өлкөдөгү же ага жакын мамлекеттеги Кыргызстандын өкүлчүлүгүнө кайрылып, консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалымат тапшырган соң кошумча тизмеге кире алышат.

XS
SM
MD
LG