Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Сүрөт баян: Шор өнөрү – элди сактаган казына

Шорлор – Шибердеги түрк тилдүү калк. Алар тили жагынан хакас, алтай, кыргыздарга тектеш. Алардын фолклору, музыкалык өнөрү, уздугу, устачылык салты да бул элдердикине тектеш.


Шорлордун этностук-маданий коомдук уюмунун желегинде көк бөрү тартылса, ал эми Таштагол шаарындагы “Алтын Шория” айкелинде болсо - шор кызы багыш минип турат.
Тоолуу Шор жергесиндеги Таштагол шаарындагы шор өнөрпоздору 1985-жылы “Чылтыс” (“Жылдыз”) деп аталган шор этностук музыка тобун түзүшкөн. Бул топ дүйнө кыдырып, шорлордун музыкалык мурасын кеңири таанытып келет.

Ал эми Чылтыс Таннагашева аттуу шор өнөрпоз айымы болсо көмөкөйү менен ырлар аткара алган таланттуу ырчы. Айтылуу сүрөткер Тори Воробьеванын “Шаман айым” аттуу кум бетиндеги сүрөтү Чылтыс Таннагашеванын аткаруусундагы фолклордук ырларды уккандан кийин жаралган экен.

Кош кылдуу улуттук музыкалык аспапты шорлор “комыс” деп аташат.

16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG