Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:41

1931-38: Шинжаңдагы боштондук кыймылын Сталин муунткан


Шинжаңдагы "ак гвардиячылардын" арасында Кызыл армия менен чекисттер да болгон. 1930-жж.

“Азаттыктын” сталинчилердин жазалоолору тууралуу көп тарамдуу түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы Шинжаңдагы (анын ичинде Чыгыш Теңир-Тоодогу) 1930-жылдардагы улуттук боштондук кыймылдарды басууга сталиндик Кремл кантип салым кошкондугу тууралуу маселеге арналмакчы.

Алгы сөз

Адатта, чыгыш элдеринин соңку жаңы тарыхы жөнүндө сөз болгондо, советтик тарыхнаамада В.И.Ленин 1917-жылы мусулмандык Чыгышка кайрылып, алардын улуттук боштондук кыймылына болшевиктер түз караарын байма-бай билдиргендиги даңазаланып айтылат. Чынында да ушундай билдирүүлөр болгон.

Дарекке эле карасак, “Эл Комиссарлар Кеңешинин Орусия менен Чыгыштын мусулман эмгекчилерине Кайрылуусу” деген документке жаңы төрөлгөн Советтик Орусиянын Улуттар иштери боюнча эл комиссары Жугашвили-Сталин жана Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы В.Ульянов (Ленин) 1917-жылы 20-ноябрда (григорийлик жыл санак боюнча 3-декабрда) кол коюшкан.

Бул документте:

“...Убакытты текке кетирбестен, атажуртуңардын кылымдардан берки жондон ныгырган баскынчыларын кулаткыла. Аларга мындан ары өз очогуңарды талап-тоноого мүмкүндүк бербегиле. Силер өзүңөр өз өлкөңөрдүн кожоюну болууга тийишсиңер.... Силер буга акылуусуңар, анткени өз тагдырыңар өзүңөрдүн колуңарда!” – деген жалындуу саптар бар болчу.

“...Не теряйте же времени и сбрасывайте с плеч вековых захватчиков ваших земель. Не отдавайте им больше на разграбление ваших родных пепелищ. Вы сами должны быть хозяевами вашей страны... Вы имеете на это право, ибо ваша судьба в ваших собственных руках”.

(Алгач бул кайрылуу 1917-жылы 22-ноябрда «Известия» гезитинин № 232 санында жарыяланган).

Совет өкмөтү түндүк-батыштагы Финляндиянын эгемендигин тааныган, бир катар Чыгыш өлкөлөрү өз көз каранды эместигин жарыялаганда, аларды таанып, колдоо кылган. СССР өзү федерация катары түзүлгөн.

Бирок Советтер Биримдигинин диктатордук режими 1930-50-жылдары өз кызыкчылыгы үчүн айрым чыгыш элдеринин улуттук боштондук кыймылдарын кандуу басууга баргандыгы жөнүндө совет адабиятында дээрлик сөз болчу эмес.

Эми бир партиянын атынан диктатор Сталин бийлеген совет дөөлөтү тарых чаңында калган соң, жаңы ачылган архивдик маалыматтар бул мамлекеттеги жана анын сыртындагы чакан этносторго карата жүргүзүлгөн саясатка бейтарап, калыс баа берүүгө мүмкүндүк берүүдө.

Борбордук Азия чөлкөмүнүн батышында 1917—23-жылдардын ичинде бардык аймактар Совет мамлекетине каратылды. Айрым жерлерде болшевиктик бийлик ыктыярдуу орнотулса, Түркстан автономиясы, Бухара сыяктуу аймактарда күч колдонуу менен коммунисттик түзүлүш орногон. Каршылык көрсөткөндөрдүн эң узакка созулган кыймылы — Борбордук Азиядагы басмачылар күрөшү — 1933-жылы эмес, 1942-жылы гана биротоло басылгандыгы айтыла баштады.

Теңир-Тоонун чыгышында...

Ал эми Чыгыш Теңир-Тоо менен Ак-Тоо, Тарим ойдуңу, Жуңгария жана Кытай Алтайы (ханзу адабиятында жалпылап “Шинжаң” аталган бул чөлкөм азыркы тапта КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районуна кирет) болсо 1917—1948-жылдары Борбордук Азиянын батышынан качып келген антисоветтик күчтөр жана алардын сары изине сая түшкөн чекисттер менен катар эле, өз алдынча улуттук мамлекетти калыбына келтирүүнү эңсеген жергиликтүү күчтөрдүн жана чордончул кытай бийликтеринин татаал күрөшүнүн майданына айланган.

Кеңеш өкмөтү калыптанып жаткан жылы Владимир Ленин чыгыштагы мусулман жана башка элдерге ар кыл автономиялык макамдарды берүүгө убада кылганы, бул убадалардын кайсы бири советтик мамлекеттик түзүлүш алкагында аткарылганы маалым. Ал эми ленинизмдин түпкү идеясы — бара-бара “дүйнө жүзүндө коммунизм орнойт жана мамлекет деген биротоло жоюлат” деген жобого баш ийдирилгенин эске алсак, бул убадалардын бардыгы убактылуу болгонун аңдайбыз.

1930-жылдарда Иосиф Сталин “социализм канчалык жеңген сайын, тап күрөшү айыгыша курчуй берет” деген жобону СССРдин коомуна таңуулаган соң, СССРден сырткаркы аймактардагы боштондук кыймылдар да башкача таразалана баштады.

Чыгыш Теңир-Тоо менен Ак-Тоо аймагы болсо мурдагы ак гвардиячылардын, панисламчылар менен пантүркчүлөрдүн уюгу катары бааланып калды.

Кытайдын ичкерки бийлиги да солгундап, ич ара атуулдук согуш маалында бул аймак Бээжиндин колунан биротоло чыгып кала жаздады. Бул аймакка Жапония менен Улуу Британия да өз таасирин болочокто орнотуу үмүтү менен көз салып жаткан учур эле.

Шинжаңдагы ич ара күрөш

1930-жылдары Шинжаңда ар кыл этностун өкүлдөрү жашаган. Маалыматка караганда, алардын 60 пайыздайы — уйгурлар болгон. Ханзулар (кытайлар) калктын 12 пайызын, монголдор (анын ичинде ойроттордун калдыгы) 8,7 пайызын, казактар 7,7 пайызын түзгөн. Эзелтеден Чыгыш Теңир-Тоо, Ак-Тоо, Хотан, Каракорум жана Тарбагатайды жердеген кыргыздар 60 миңден ашуун болгон. Андан тышкары 30 миңдей орус, 20 миңдей тажик, 15 миңдей өзбек, 2 миңдей татар жашаган.

Мындан улам Шинжаңдагы калктын басымдуу көпчүлүгүн түрк тилдүү мусулман калктар түзгөнүн көрүү кыйын эмес.

1928-жылдан Шинжаңды ханзу тектүү ашынган улутчул төбөл Цзин Шужэн (Jīn Shùrén; 1879—1941) Гоминдандын атынан бийлеп турган. Анын чөлкөмдөгү өкмөтү коррупцияга белчесинен баткандыгы үчүн калайыкка жек көрүмдү болгон. Өзү да ханзу тектүүлөрдү ачык колдоп, башка этностордун нааразылыгын күчөткөн.

Цзин Шужэндин катачылыктарынын бири — ансыз да Кытайдын борбордук бийлигин таанып келген Кумул хандыгынын акыркы өкүмдары Махсут Шах ханды (бийликтеги жылдары: 1882—1930) тактысынан түшүрүп, хандыкты жойгону болду. Заты – кытайлык вассал, аты – уйгур ханы болгон бул инсандын жеке бийлигинин жоюлушу кумулдуктар үчүн улуттук эзүүнүн нагыз көрүнүшү катары бааланган.

Дал ошондуктан 1931-жылы апрелде Үрүмчүдөгү кытай төбөлүнө каршы ири көтөрүлүштүн алгачкы очогу Шинжаңдын чыгыш өңүрү болгон Кумулда (ханзулар бул ойдуңду “Хами” дешет) пайда болгону бекеринен эмес.

Кумул ойдуңундагы толкундоолор көп узабай Бар-Көл, Турпан, Гүчүң (Гучэн) аймактарынын көп этностуу калайыгы тарабынан колдоого алынды.

Кумулдагы көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири – мурдагы вазир, теги уйгур Йулбарс-хан (1889—1971) болгон. Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыздар менен казактар да бул элдик кыймылга удаалаш өз алдынча көтөрүлгөн.

Алтайдын Кытай тарабындагы тоолорундагы казактардын көтөрүлүшүн Шарип хан жетектеген. Кыргыздардын ичинен Осмонаалы деген көтөрүлүш жолбашчысы да көп эскерилет.

Элдик кыймылдарды басуу үчүн Цзин Шужэн расмий Маскөөгө кайрылып, курал-жарактан жардам берүүсүн өтүнгөн жана 1931-жылы октябрда тымызын келишимге кол койгон. Келишимде советтик соодага артыкчылык берүүсү үчүн Шинжаңдагы автономиялуу жашап жаткан кытай төбөлүнө аскердик көмөк көрсөтүлмөк.

Анын бул кылыгы борбордогу буржуазиялык Гоминдан өкмөтүнө билинип калган. Эл аралык укук жаатынан алганда, бул келишим эч негизсиз эле, анткени Шинжаң чөлкөмүндөгү жергиликтүү бийлик Гоминдандын Нанкиндеги борбордук өкмөтүнүн уруксатысыз өз алдынча эл аралык келишим түзүүгө акысыз болчу.

Бирок келишим түзүлдү да, калды!

Кийинки, 1932-жылы Үрүмчүдөгү кытайлык аскерлер менен советтик аскерлер бийик тоолуу чек ара аймактарында биргелешкен аскердик иш-чараларды жүргүзө башташкан.

Кыргыз журт которуулары

Коңшу Кыргызстанда айыл чарбасын коллективдештирүү жүрүмүнө каршы чыккан кыргыздардын жоон тобу чек арадан өтө качып, Шинжаңга баш паана издеп келишкен.

Бүбүш Осмоналиева, айтылуу тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун (Сыдыковдун) кызы, атасынын сүрөтү менен. Кочкор, Нарын облусу, Кыргызстан. 07.8.2014.
Бүбүш Осмоналиева, айтылуу тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулунун (Сыдыковдун) кызы, атасынын сүрөтү менен. Кочкор, Нарын облусу, Кыргызстан. 07.8.2014.

Дал ошол жылдары кыргыздын чыгаан тарыхчысы Осмонаалы Кыдык уулу – Сыдыков (1875—1942) да Батыш Кытайдагы Текеске чейин качып келип, 1942-жылы бозгунда кайтыш болгон.

Бирок колхоздоштурууга каршы чыгып, 1932-жылы жапатырмак Шинжаңга качкан кыргыздар тобу тууралуу тарыхнаамабызда терең изилдөөлөр жүргүзүлө элек.

Алардын бири – ат-башылык Абдылдабек Жаанбай уулу баштаган топ болушу мүмкүн. Ал Батыш Кытайга өтүп кетүүгө элди көндүргөн чакта, Оренбургдагы сүргүндөн кайткан акын Казыбек Мамбетимин уулу (1901—1936) да бул топко кошулган.

Барнаулдук тарыхчы В.А.Бармин Орусиянын Социалдык-саясий тарых боюнча мамлекеттик архивиндеги даректерге таянып, Кыргызстандын түштүгү боюнча кызыктуу маалыматты жарыялаган: Болшевиктер партиясынын Алай-Гүлчө райондук комитетинин катчысы ВКП(б)нын Борбордук Азиялык бюросун жолдогон катында 1932-жылдын 5-10-июлунун ичинде гана Кытайга 187 түтүн үй-бүлө көчүп кеткенин билдирген.

Анын айтымында, Кытайдын Шинжаң аймагынан улам-улам эмиссарлар өтүп келишип, алайлык кыргыздарды Кашкарга көчүп келүүгө тынымсыз үндөп жатышат. Алар “Кашкардагы бийликти кыргыздар басып алды. Эми Ферганада кыргыздардын саны аз. Фергана өрөөнүндө эми бийликти ала албайсыңар. Андан көрө Кашкарга келсеңер, саныбыз көбөйөт, бийликти колго алабыз, алтын, мал-мүлк, азык-түлүк көп болот” дегендей маанидеги тексттери бар каттарды да жөнөтүп турган.

1932-жылы жазында алайлык жана ички теңир-тоолук кыргыздар чек ара аркылуу Кашкар тарапка көп сандап өтүшкөн. Мурда басмачы кыймылы менен “башы оорубаган” айылдар да коллективдештирүү жүрүмүнөн коркуп, Эркечтам жана Торугарт сыяктуу ашуу жолдору аркылуу Батыш Кытайга өтө баштаганын Кашкардагы европалык күбөлөр да белгилешкен.

Тарыхчы Зухра Алтымышова белгилегендей, 1933-жылы 20-июлда Кыробкомдун экинчи катчысы Баялы Исакеев ВКП (б) БК Борбордук Азия бюросунун катчысы К.Бауманга баяндоо катын жолдогон. Анда Баялы Исакеев алыскы чек арадагы айылдарда “колхозчу-дыйкандарга саясий агартуу иштеринин жеткиликтүү жүргүзүлбөгөндүгүнүн айынан провокациялык аракеттердин таасирдүү болгондугун” белгилейт.

Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин алгачкы төрагасы Баялы Дыйканбай уулу Исакеевдин (1897-1938) айкели. Бишкек. 16.3.2017.
Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин алгачкы төрагасы Баялы Дыйканбай уулу Исакеевдин (1897-1938) айкели. Бишкек. 16.3.2017.

Калк арасында «бардык дан колхоздорун кампасына төгүлөт, эч кимге дан берилбейт», «элдин унаа малдары тартылып алынып, колхоздордун ишинде, Кызыл Армияга жана жүк ташууда колдонулат, андан кийин баардык колхозчуларды кыштактарга айдап киришип, бир казандан тамак беришет» деген сыяктуу же «Кытайдын Шинжаң чөлкөмүндө мусулман өкмөтү түзүлө тургандыгы, Алай-Гүлчө районунун анын бийлигине өтөөрү» тууралуу ушак-айыңдар таратылган. Натыйжада качууга даярданган 200дөй чарбанын 159у июль айынын баш ченинде Кытайга көчүшкөн, алардын ичинен 68 чарба чек арада кармалган, делген Исакеевдин баяндамасында.

1932-жылы советтик Кыргызстандан журт которгон кыргыздардын Кашкарга жаңы келген тобу менен Көк-Суу жана башка бекеттердеги куралдуу кагылышуудан улам 37 советтик чек арачы жоокер набыт болгон. Келгин кыргыздарга эзелтеден Чыгыш Теңир-Тоодо жана Ак-Тоодо жашап келген башка боордош кыргыз уруулары чоң көмөк көрсөтүшкөн.

1932-жылы июнда келгин кыргыздар Үрүмчүдөгү бийликтин Кашкардагы өкүлү жиберген бир кытай төбөлүн өлтүрүп коюшкан. Ошондо Кашкардын жаңы шаар бөлүгүнөн 300 жоокерди, Кашкардын эски шаар бөлүгүнөн 200 жоокерди шашылыш Улуу-Чаттагы чек ара аймактарына аттандырышкан. Аларга Опол кыштагынан 100 жоокер, Үч-Турпан шаарынан 200 жоокер келип кошулган.

Генерал Йаң жетектеген бул кубаттуу кошуун 1932-жылы июлда Кызыл армиянын чек арадагы аскерлеринин колдоосу астында Чыгыш Теңир-Тоонун чек арага жакын аймактарындагы көтөрүлүшчү кыргыздарга каршы биргелешкен аскердик өнөктүктү жүргүзгөн. Кыргыздардын көтөрүлүшүн жетектеген инсанды айрым булактар ‘İd Mirāb (Ид Мираб; кыргызча – Айтмурат же Айт Мырап?) деп белгилешет.

Бул бирдиктүү күчтөр “басмачыларга” каршы аскердик чараны ырайымсыз түрдө жүзөгө ашырган. Кытайлык жоокерлердин ырайымсыздыгынан улам айрым кыргыздар кайра СССРдин аймагына кире качып, андан ары “кызылдарга” колго түшкөн.

(Кийинки окуялардан эске салсак, айтылуу акын Казыбек Мамбетимин уулу да Кытайда жүргөн маалында, 1934-жылы, чек арадан СССР тарабына кайра өтүп, Ысык-Көлдүн Сыртында советтик чек арачыларга кармалып калган. Ал ГУЛагдын Ташкендин жанындагы абагында тутулган жана “Чырчык-курулуш” деген курулуш жайында иштеп жүрүп, 1936-жылы оорудан каза болгон).

Ошентип, “басмачыларга каршы күрөш” урааны менен чыккан советтик аскерлер Шинжаңдагы ички согушка тикелей катыша баштаган. Ал эми кытайлык (үрүмчүлүк) жоокерлер болсо СССРге каршы чыккан топторду же жөн гана бул өлкөдөн бозгунга кеткен карапайым калайыкты сталинчилер менен бирдикте жазалоого катышкан.

Ма Чжунъин Чан Кайшиден алган тапшырма

Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген Цзин Шужэнди Үрүмчүдөгү кызмат ордунан алуу үчүн Гоминдан өкмөтү тарабынан Кытай Улуттук армиясынын (КУА) 36-дивизиясы атайын батышка карай аттандырылган.

Оболу негизинен гансулук дунгандардан куралган бул ири кошуунга теги дунган Ма Чжунъин (Ma Zhongying; 1910—1936) жаштыгына карабастан колбашчы болуп дайындалган.

Ма Чжунъин.
Ма Чжунъин.

Дини жагынан мусулман болгон бул аскер башчы 1929-жылы Чан Кайшинин Нанкиндеги аскер академиясында атайын даярдыктан өткөн жана Чан Кайшини өзгөчө кадырлаган инсан эле.

Бул инсандын саясий көз карашы да татаал болчу. Бир жагынан Гоминдан өкмөтүнө берилген бойдон калса да, Кумул ойдуңуна келгенде ал өзү менен диндеш мусулмандардын Цзин Шужэнге каршы көтөрүлүшүн колдоп чыккан. Дал ушул татаал кырдаалда генерал Ма Чжунъинге бир катар көтөрүлүшчү уйгурлардын тобу да кошулуп кеткен. Маселен, ага Кумулдагы уйгур көтөрүлүшчүлөрүнүн жетекчиси Йулбарс хан өзү таянган.

Уруш маалында жаракат алган Ма Чжунъин Гансу вилайетине кайтып барып дарыланып, 1933-жылы Кумулга кайтып келген. Чөлкөмдө Ма Чжунъин өзүнүн жекече саясий оюнун да жүргүзгөн: эгерде ал Шинжаңды толук тынчытса, анда ал Гоминдандын борбордук өкмөтү тарабынан Шинжаңдын акими катары таанылмак.

1933-жылы 9-январда Турпандан чыккан көтөрүлүшчүлөрдүн бирдиктүү кошууну батышка — Үрүмчү шаарын карай жүрүш жасады. Февралдын этегинде алар Үрүмчүнү камалоого алышты.

Дал ошол учурда СССР Үрүмчүдөгү кытай бийлигин... кытай аскерлеринин көмөгү менен чыңдаган. Маселенин жайы мындай: 1931-жылы Ыраакы Чыгышта согушчан Жапониянын армиясы Кытайга кол салып, Манчжурияны басып алган. Ошондо Кытайдын Түндүк-Чыгыш Ыктыярдуулар армиясынын генерал Су Пинвен жетектеген бөлүктөрү түндүккө чегине берип, СССРдин чегине кирип келишкен. Аларды Советтер Биримдиги курчоого алып, уруксатсыз жылуу укугунан ажыраткан.

Дээрлик 10 миң жоокерлен турган бул ханзу аскер кошуунун 1933-жылы СССРдин аймагы аркылуу поюз менен Борбордук Азияга жеткиришкен. Манчжуриядан чыккан дал ушул кытай аскерлери 1933-жылы март айынын соңунда Шинжаңга киргизилип, Үрүмчүдөгү кытайлык бийликтерге кошумча тирек болуп калган.

Көп узабай, 1933-жылы 12-апрелде Үрүмчүдө мурдагы орус ак гвардиячыларынын түздөн-түз катышуусу менен аскер төңкөрүшү болду. Цзин Шужэн СССРдин чек арасына кире качып кутулду. Айрым жоромолдорго караганда, орус ак гвардиячылары жүзөгө ашырган бул төңкөрүшкө СССР аймагы аркылуу жаңыдан кирип келген кытай аскерлеринин жетекчилиги деле каршы болгон эмес.

(Цзин Шужэн ошол жылы октябрда СССРден ичкерки Кытайга кайтып келип, Гоминдан бийлиги тарабынан камакка алынган. 1935-жылы 10-октябрда мунапыс жарыяланып, ал эркиндикке чыккан. 1941-жылы 19-сентябрда Кытайдын Гансу вилайетинде өлгөн).

Үрүмчүнүн акиминин колдоочусу — Маскөө

1933-жылкы апрелдеги кутумдан кийин Үрүмчүдөгү гоминдандык бийлик Шэн Шицайга (Sheng Shicai; 1895—1970) өттү. 1944-жылга чейин Шинжаңдагы аким болгон бул төбөл шаарды коргоодо мурдагы орус ак гвардиячыларына жана СССРге өзгөчө таянды.

Шэн Шицай.
Шэн Шицай.

Полковник Павел Папенгут (1893—1933) жетектеген орус ак гвардиячыларынын кошууну Цзин Шужэнди кулатуу жана Шэн Шицайды Шинжаң акими кылып отургузуу жаатында өз милдетин ийгиликтүү аткарган. Андан соң Папенгут жалпы Шинжаңдагы кытайлык бирдиктүү аскер күчтөрүн башкарып калган.

(Папенгут бир кезде ак гвардиячы атаман А.И.Дутовдун башкы штабында кызмат өтөгөн, Советтик Орусияга каршы уруштарда чоң тажрыйбасы бар аскер кызматкери болгон).

Орус ак гвардиячыларынын кошуунун кураган маалда айрым шинжаңдык казак орустарды “эгерде кызмат өтөбөсөңөр, анда үй-бүлөңөр менен кошо СССРге мажбурлап өткөрүп беребиз” деп коркутушкан, айрымдары чоң жалыйнага кызыгып, аскерге жазылган.

Бирок Шэн Шицай жалпы чөлкөмдөгү Үрүмчүдөн тышкаркы көтөрүлүш очокторун баса албай калган. Анын бийлиги жалпы Шинжаңдын 10 пайыздай бөлүгүн гана камтыган учур болду. Дал ушул кезеңде ал Советтер Биримдигине кайрылып, аймакка Кызыл армиянын бөлүктөрүн киргизүүнү өтүнгөн.

Көтөрүлүшчүлөрдүн ичтен ириши

Советтик аскерлерди Шинжаңга киргизүү үчүн камылга кыйла узак мөөнөттү алса да, ара-чолодо СССР бийлиги көтөрүлүшчүлөрдүн ички ынтымагын ыдыратуу жаатында Шэн Шицайга көмөк кыла берген.

Маселен, 1933-жылдын 4-июнунда уйгур көтөрүлүш лидерлеринин бири Кожо Нияз (уйгурча Хожа Нийаз-хажы; 1889—1941) Жимисар жергесинде Шен Шицай менен тынчтык келишимин түзгөн.

Кожо Нияз
Кожо Нияз

Аларга Үрүмчүдөгү советтик жаңы башкы консул жана тыңчылар тармагынын башчысы Гарегин (же Георгий) Абрамович Апресов (1890—1941) арачы болгон.

(Теги армян Гарегин Апресовду Сталин ишенген өтө тажрыйбалуу дипломат катары баалашчу. Бирок баары бир бул дипломаттын жана ИИЭК тыңчысынын өзү деле Шен Шицайдын жалган жалаасы менен 1936-жылы ноябрда (башка маалымат боюнча — 1937-жылы мартта) Кытайдан артка чакырылып алынып, камакка алынган жана ГУЛагга айдалган. Ал СССР Жогорку сотунун аскер коллегиясынын 1941-жылдын 8-сентябрындагы айыпталуучулардын сыртынан жасалган өкүмүнө ылайык, өлүм жазасына өкүм кылынган. Ал ошол жылы 11-сентябрда Орёл шаарынын жанындагы Медведевский токоюнда атууга кеткен 157 кишинин бири болгон. Жазыксыз өлтүрүлгөн бул инсандарга коюлган “Орёл түрмөсүндө антисоветтик кутум даярдашкан” деген доо “Кайра куруулар” доорунда негизсиз деп четке кагылган).

Шен Шицай менен жашыруун келишиминге ылайык, Кожо Нияз ансыз да Үрүмчүгө баш ийбей калган Кашкар, Хотан, Турпан, Кумул аймактарынын автономдук өкүмдары болуп калмак (албетте, ал Шен Шицайга баш иймек) жана өз аскерин Ма Чжунъин жетектеген гоминдандык дунган дивизиясына каршы аттандырмак. Шен Шицай болсо өз жазалоочу аскерин Чыгыш Теңир-Тоонун күңгөй тарабына жибербөөгө убада кылган.

Келишимге ортомчу болгон Апресовдун сунушу менен СССР тарап Кожо Ниязга бир нече жүздөгөн жардыргыч заттарды, үч окчачаар (пулемёт), 2 миңдей мылтык ок-дарысы менен өткөрүп берилген.

Бул келишимге, бирок, кумулдук уйгур аскерлеринин бир тобунун башчысы Йулбарс хан ынанбастан, Ма Чжунъиндин тарабын андан ары колдой берээрин айткан.

Бул кайчы турумдар түшүнүктүү эле: Кожо Нияз жаштайынан эле Кумулдагы хандыкка каршы күрөшкөн жана кийинчерээк уйгур солчул революционерлерине жакындап кеткен инсан болсо, Йулбарс хан дунгандардын көмөгү менен Кумул хандыгын калыбына келтирип, Махсут Шахтын уулу Назирди тактыга отургузууну мүдөө кылган ишмер эле.

Эң башкысы, чөлкөмдөгү түрк мусулман көтөрүлүшчүлөр ич ара бөлүнүп калган. Апресовдун айлакер кадамдарынан кийин бул бири-бирине кастарын тиккен көтөрүлүшчүлөр өз ара согуша баштаган. Кээ бир жерлерде салгылашууларга удаа этностор аралык кыргындар да орун алган.

Маскөө сапары жана күч топтоо

1933-жылы октябрда жана декабрда Шэн Шицай Маскөөгө атайын сапар менен келген. Ал Шинжаң аймагы менен СССРдин экономикалык жана аскердик кызматташтыгы тууралуу сүйлөшүү жүргүзгөн.

Акыры Шэн Шицайдын өтүнүчүнө ылайык СССРден “Алтай ыктыярдуу армиясы” деп аталган аскер бөлүгү Кытайдын батышына аттандырылган. Анын негизги курамы СССР Эл комиссарлар кеңешине караштуу Бирдиктүү мамлекеттик саясий башкармалыктын (орусча шарттуу кыскартылган аталышы — ОГПУ; 1923—1934) Алматыдагы жана Ташкендеги полкторунун жоокерлеринен жана командирлеринен турган. Алар эч качан өздөрүн советтик жоокер катары көрсөтпөйбүз деген тилкат беришкен. Аларга ак гвардиячылардын аскер кийимдери берилген.

Ак гвардиячылар жана "актарча" кийинген "кызылдар". Шинжаң. 1930-жж.
Ак гвардиячылар жана "актарча" кийинген "кызылдар". Шинжаң. 1930-жж.

Шэн Шицай өз кол башчысы, мурдагы ак гвардиячы, полковник Павел Папенгутка бир атчандар полкун жана эки жөө аскер полкун түзүү тапшырмасын берген. Бул аскерлер да СССР тарабынан каржыланган.

Жалпысынан, Шэн Шицайдын карамагында 46 миңдей жоокери бар күчтүү армия куралганын ТАСС кабар агенттиги “Правда” гезитинин 1933-жылдын 23-декабрындагы санында маалымдаган.

Ошентип, баррикаданын бир эле жагында “кызылдар” менен “актар” ийиндешип орток душманга каршы салгылашкан өзгөчө кырдаал жаралган.

10 миңдей жоокери бар дунган тектүү Ма Чжунъин “ак гвардиячы” катары согушкан советтик куралдуу күчтөрдүн чабуулдарына туруштук бере албастан, оболу Үрүмчүдөн батышка — Кашкар тарапка чегинүүгө аргасыз болгон.

Хотан аймагындагы исламчы өкмөт

1932—33-жылдары Чыгыш Теңир-Тоо менен Ак-Тоодогу жана Тарим ойдуңундагы түрк тилдүү мусулман калктарынын бир катар өкүлдөрү өз алдынча саясий долбоорлору менен чыгышкан.

Маселен, уйгур диниятчы окутуучусу Мухаммад Эмин Бугра 1932-жылдын башында Хотанда өз бир тууган инилери Абдулла жана Нур Ахмат, ошондой эле өз санаалаштары менен биргеликте “Улуттук ыңкылап комитети” деген жашыруун уюмду негиздеген.

1933-жылы 20-февралда бул комитеттин Мухаммад Эмин Бугра баштаган жетекчилери Кара-Каш аймагынын көтөрүлүшчү лидери, казы Мухаммед Нийас-А’лам жана Сабит Дамулла Абдулбакы менен Хотан оазисинде кезигишкен.

Алар 1933-жылы 16-мартта көз каранды эмес Хотан Ислам эмирдиги өкмөтүн түзгөн. Мухаммед Нийас-А’лам президент жарыяланган. Сабит Дамулла Абдулбакы өкмөт башчы болуп калган. Мухаммад Эмин Бугра “амир-и ислам” даражасындагы башкы колбашчы болуп калган.

Хотандагы бул убактылуу өкмөт ашынган исламчы болуп, мусулман эместерди катаал жазалаган. 1933-жылы март менен апрел айларынын аралыгында Хотандагы бул бийликке СССРден качып келген басмачылардын корбашысы Жаныбек (1869—1933) кошулганын Эндрю Форбс өз китебинде жазат.

(Булак: Forbes, Andrew D. W. Warlords and Muslims in Chinese Central Asia. A political History of Republican Sinkiang 1911-1949. – University Aberdeen. – Cambridge, London, New York, New Rochelle, Melbourne, Sydney: Cambridge University Press, 1986. – ISBN 0-521-15514-7. - P. 84.).

Маалыматка караганда, Жаныбек казы Хотанда узак убакыт бою кала бербестен, андан ары Түндүк Индияга өткөн жана азыркы Пакистанга караштуу Гилгит өрөөнүндө 1933-жылдын соңунда көз жумган.

Жаныбек казы Сагынбай уулу жана анын жигиттери.
Жаныбек казы Сагынбай уулу жана анын жигиттери.

Жаныбек казынын ОГПУчулар түзгөн кыскача өмүр баянында: “Жаныбек Сагынбай уулу, 1869-жылы туулган, басыз уруусунун кашка уругунан чыккан бай-манап. 1917-жылкы Өктөбүр төңкөрүшүнө чейин Түркстан чөлкөмүнүн Фергана облусундагы Ош үйөзүндө Ак-Жар болуштугунун башкаруучусу, ошол эле мезгилде шарияттык сот (казы) милдетин аткарган” деген маалымат камтылган.

Жаныбек казы Сагынбай уулу айыл чарбасын коллективдештирүү ыкмларына каршы болуп, 1930-жж. башында СССРден көчө качканда, оболу Улуу-Чатта байыр алганы тууралуу кытайлык кыргыздар далай аңыз кеп айтышат. (Башка бир маалыматта, Жаныбек казы саал эртерээк, 1926-жылы Кыргызстандан көчө качкан).

Чыгыш Түркстан Ислам Жумурияты

Мусулман көтөрүлүшчүлөрдүн бир даары 1933-жылы 12-ноябрда Кашкарда көз каранды эмес Чыгыш Түркстан Ислам Жумуриятын негиздегенин жарыя кылышты. Анын борбору Кашкар шаары болгон. Уйгур жолбашчыларынын бири Кожо Нияз бул жумурияттын президенти болуп шайланган.

(Анын бул жаңы эгемен жумуриятка мамлекет башчы болуп жарыяланышы Шэн Шицай менен 1933-жылы кол койгон Жимисар келишимине каршы келген. Демек, эми Кожо Нияз Ма Чжунъинге каршы күрөштө кубаттуу эки өнөктөшүнөн — Үрүмчүдөгү Шэн Шицайдын автономдук өкмөтүнөн жана СССРден айрылган).

1933-жылы ноябрда Хотан Ислам эмирдиги өкмөтү да Чыгыш Түркстан Ислам жумуриятынын курамына кирген.

Чыгыш Түркстан Ислам Жумуриятынын премьер-министри болуп Сабит Дамулла Абдулбакы (1883—1934), ал эми коргоо министри болуп Махмут Мухити (аны кытайча Mahmud Shi-chang - Махмут Ши-чаң же Сижан деп да аташчу; 1887—1945) шайланган.

Мамлекеттик желек көгүлтүр түстө болуп, анын бетинде жылдыздуу айчыктын ак түстүү сүрөтү түшүрүлгөн.

Алгач Хамидеги (Кумулдагы) мусулмандардын боштондук көтөрүлүшүн колдогон, кийинчерээк жергиликтүү мусулман көтөрүлүшчүлөрүнүн өзүнө багынбаган бөлүктөрүн жазалай баштаган генерал Ма Чжунъин 1934-жылы Кашкарга басып келгенинде өзүнүн Нанкиндеги Гоминдан өкмөтүн колдой тургандыгын ачык билдирген.

Ал “Чыгыш Түркстан Ислам жумурияты жоюлду” деп бир тараптуу жарыялаган, бирок түрк тилдүү мусулман көтөрүлүшчүлөрүнүн бир кыйласы анын жарыясына ынанган эмес.

Кыргыздар менен уйгурлар колдогон көтөрүлүш лидерлери Кожо Нияз менен Сабит Дамулла 1934-жылы 6-февралда түштүккө — Жаңы Ысар (Йаңи-Гиссар) шаарына качууга мажбур болушкан.

Бирок апрелде мындагы ири салгылашуудан соң кыргыздар менен уйгурлардын кошуундары Ма Чжунъиндин жоокерлерине жеңилүүгө дуушарланган. Чыгыш Түркстан Ислам Жумурияты 1934-жылы июнда жоюлган.

Кожо Нияз Артыш шаары аркылуу Кыргызстанга качкан жана СССРде убактылуу баш паана тапкан. Ал ошол 1934-жылы жайында Үрүмчүдөгү советтик башкы консул Апресовдун кеңеши менен СССРден Үрүмчү шаарына кайтып келген жана Шэн Шицай тарабынан ага убада кылынган Шинжаң акиминин орун басары кызматына киришкен. (Чыгыш Түркстан Ислам Жумуриятынын коргоо министри болгон жана 6-уйгур дивизиясын жетектеген колбашчы Махмут Мухити болсо Кожо Ниязга “Үрүмчүгө барба” деп жакшы эле өтүнгөн, бирок ал ага кулак салган эмес).

Кожо Нияз жана бир катар башка уйгур саясатчылары 1937-жылы апрелде “троцкист” жана “жапон тыңчысы” катары абакка түшкөн. Аны камакка алуу чечими Маскөө тарабынан сунушталган дешет. Бир маалыматта Кожо Нияз 1938-жылы, башка маалыматта 1941- же 1943-жылы Үрүмчүдөгү Гоминдан абагында өлтүрүлгөн делет.

Чыгыш Түркстан Ислам Жумурияты жоюлган соң, Сабит Дамулла Абдулбакы жана башка айрым министрлер камакка алынган. Мурдагы жадитчи Сабит Дамулла Абдулбакы 1934-жылы июнда Кытайдын Аксуу шаарында өлтүрүлгөн.

Ал эми уйгур лидерлеринин бири, мурдагы мударрис (окутуучу) Мухаммад Эмин Бугра Индияга бозгунга кеткен. Махмут Мухити 6-дивизиянын башчысы катары Чыгыш Теңир-Тоодо кала берген.

Маскөөнүн өкүлдөрү Үрүмчүнү кубаттуу көзөмөлдөй баштаган

Үрүмчү окуяларына кайра толугураак кайрылсак, СССРге каршы келишкис жоо болгон мурдагы дутовчу Папенгут 1933-жылы 10-декабрда Шэн Шицай тарабынан кызматынан алынган. Бир аздан соң Папенгут “1933-жылы апрелде кутум аракетин жасады” деп айыпталып, Үрүмчү шаарында 1933-жылдын соңку айында атууга кеткен. Мунун өзү расмий Маскөөгө Шэн Шицайдын көзү түз экенин билдирген ишаара болчу. Анын үстүнө кээде Папенгут да өзүм билемдик кылып, Шэн Шицайды укпай койгон учурлар болгон.

Орус ак гвардиячыларын 1933-жылдын декабрынан тартып полковник Н.И.Бектеев жетектеп калган. Бектеев СССРге каршы маанайда болбогон орус аскер башчы эле. Ага Шинжаң армиясынын генерал-лейтенанты чини берилген. Бирок ал ак гвардиячы катары кийинген советтик офицерлер менен кеңешип иш алып баруусу керек болгон. (Мурдагы ак гвардиячыларга дурус аскер кызматынан соң мурдагы “күнөөлөрү” кечирилип, советтик Орусияга кайтууга мүмкүндүк аласыңар деп убада кылынган).

1934-жылы көп сандаган кызыл аскерлер Үрүмчүдөгү кытайлык режимди колдоо үчүн келе баштаган.

Жогоруда айтылгандай, Кызыл армиянын Шинжаңдагы жоокерлери бул аймакта орун-очок алып калган ак гвардиячылардын аскер кийимин кийген. Бул — эл аралык чөйрөдө чоң чуу жаратпоо үчүн жасалган арга эле. Дал ошол болшевиктик жоокерлер Гоминдан өкмөтүнүн Шинжаңдагы аскер чөлкөмүнүн башчысы, генерал Шэн Шицайдын Совет өкмөтүнө жасаган өтүнүчүн аткарып, аймактагы эгеменчил күчтөрдү ойрон кылууга орчун көмөк көрсөтүшкөн.

Баса белгилөөчү жагдай: ансыз да советтик аскер күчтөрүн кээде басмачыларды кубалап, Кашкарга карай ичкери аттандыра калып жүргөн Совет бийлиги үчүн Шэн Шицайдын аскер жөнөтүү тууралуу бул өтүнүчү чоң шылтоо болду.

1930-жылдары сталиндик СССР Чыгыш Теңир-Тоодогу түрк калктарынын эгемендик кыймылына муктаж эмес эле. Тескерисинче, Кумул, Турпан, Хотандагы көтөрүлүш очокторун Улуу Британия, Жапония колдогонун, мурдагы Осмон мамлекетинен чыккан айрым түрк саясатчылар гоминданчы мусулмандар тарабында жүргөнүн билген соң, сталиндик Кремл Үрүмчүдөгү кытайлык акимдин бийлигин аскер күчү менен шашылыш колдоону зарыл деп тапты.

Этностордун укугун тепсөө

Иш жүзүндө Чыгыш Теңир-Тоодогу 1930-жылдардагы бул окуялар сталинизмдин эгемендикке умтулган этносторду жазалоосунун дагы бир көрүнүшү катары бааланышы мүмкүн.

Эгерде СССРдин аймагында чакан этносторду жазалоо алардын мурдараак берилген автономиялык макамдарын жоюу (маселен, шорлордун макамы жоюлган) жана айрым этносторду тарыхый атажуртунан башка аймактарга күчтөп көчүрүү (депортациялоо), бир катар улуттардын салттык жазма маданиятын бузуп, эски жазмага тыюу салып, кыска мөөнөттө кирил жазмасына өткөрүү, чакан этностордун чыгаан айдыңдарын “эл душманы” катары куугунтуктоо сыяктуу усулдар менен жүргүзүлсө, СССРдин чек арасынан сырткаркы аймактарда диверсия, убактылуу басып алуу, ал жактагы антисоветтик жетекчилердин көзүн тазалоо, сталинчил коомдук уюмдарды жана аскер топторун калыптандыруу сыяктуу усулдар арбын колдонулган.

Ошентип, 1934-жылы январда Кызыл армия бөлүктөрү менен чекисттердин атайын тандалма жоокерлери Шинжаңга киргизилген. Алардын бир кыйласы ак гвардиячылардын катарын толуктамыш болуп, өз аскердик милдетин тымызын аткарган. Чек арага жакын кээ бир аймактарда алар ачык эле уруш жүргүзүшкөн.

Бул чөлкөмдөгү кырдаалдын татаалдыгынын дагы бир жагдайы — кытайлык күчтөр өздөрү экиге бөлүнүп калышкандыгы болчу. Шэн Шицайдын советтик аскерлерди чакырганына кыжырданган Нанкиндеги Гоминдан өкмөтү бир эле учурда Үрүмчүдөгү Шэн Шицайдын бийлигине жана совет аскерлерине, ошол эле учурда жергиликтүү улуттардын эгеменчил кыймылдарына каршы күрөш жүргүздү.

Жапон баскынчыларына каршы күрөш кырдаалында Гоминдан өкмөтү СССРдин аскердик көмөгүнө да суусап турган. Бул эки тарап тең жергиликтүү этностордун өз тагдырын өзү аныктоо укугу үчүн күрөшү 1930-жылдардын шартында Маскөө менен Нанкиндин кызыкчылыктарына төп келбестигин аңдаган.

Неге Сталин Шэн Шицайды колдогон?

Айрым калемгерлер Иосиф Сталиндин Шэн Шицайды колдогонун кытайлык чыныгы марксисттерди колдогондук катары жаңылыш эсептеп жүрүшөт. Чынында Кытай Компартиясынын күчтөрү өлкөнүн Шинжаңдан алда канча алыста — ичкерки Кытайда жайгашкан.

1931-жылы алар Цзянси вилайетинин бир бөлүгүндө “Кытай Кеңеш Жумуриятын” негиздешкен. Анын борбору — Жуйцзин шаары болгон. (Аны "Кызыл борбор” деп атап калышкан). 1935-жылы коммунисттер гоминдандык аскерлердин чабуулуна туруштук бере албай, уюшкан түрдө Яньан аймагына чегинген. Демек, алардын Шинжаңга көңүл бурууга чамасы да жеткен эмес.

Бирок Шэн Шицай өзү Маскөөнүн көмөгүн чукул арада алуу үчүн сталиндик социализмди жактаарын улам кайталап айта баштаган. Айрым маалыматтарга караганда, 1934-жылы советтик кеңешчилер Курлун үйөзүнүн Шэн Шицай дайындаган башчысынын кабинетиндеги дубалда Сун Ятсендин, Сталиндин жана Шэн Шицайдын сүрөттөрүнүн жанаша илинип турганын көрүшкөн.

Шэн Шицай 1938-жылы Маскөөгө кезектеги иш сапары менен келип, Бүткүл союздук Компартияга — ВКП (б)га — мүчөлүккө кабыл алынып, № 1859118 белет алган.

Иосиф Сталин (оңдо) менен Михаил Ежов. 1937-ж.
Иосиф Сталин (оңдо) менен Михаил Ежов. 1937-ж.

Советтик аскерлер, демек, сталиндик Кремл өз “куурчагы” катары колдонгусу келген Шэн Шицайды каржы, курал-жарак, аскер күчү жагынан ырааттуу колдоп, Үрүмчү бийлигине каршы турган гоминдандык келгин аскерлерге (36-дивизияга) жана жергиликтүү этностордун улуттук боштондук кыймылынын күчтөрүнө каршы уруш жүргүздү.

Чекисттер эки ортодо айласыз калган ак гвардиячы славяндардын (арасында көптөгөн казак орустардын) мурдагы СССРдеги атуулдук согуш маалында Кызыл армияга каршы салгылашууларда дасыккан аскер кадрларын Шинжаңда өз тарабы үчүн ийкемдүү колдонду.

Мындай кырдаалды — Борбордук Азиянын чыгышында Кеңеш өкмөтү ак гвардиячылар менен “достошуп”, буржуазиялык Гоминдан өкмөтүнүн жергиликтүү өкүлүн жактап, улуттук демократиялык көтөрүлүштөргө каршы чыга турган күндү — Ленин менен Сталин өздөрү деле 1917-жылы алдын ала эч боолголошпосо керек.

Гоминданчы дунгандар

1934-жылы Гоминдандын 36-атчандар дивизиясы Шинжаңга сүңгүп келген советтик жоокерлерге каршы бир нече жолу салгылашкан. Бул 36-дивизиянын курамында мурдагыдай эле гансулук дунгандар басымдуулук кылган, бирок жергиликтүү уйгурлар да болгон.

Айтмакчы, 36-дивизиянын алгачкы жетекчиси — генерал Ма Чжунъиндин кадр саясатын жүргүзүүдө мурдагы Осмон мамлекетинин офицери Кемал Кайа Эфенди (Kemal Kaya Efendi) да олуттуу рол ойногон дешет. Бул мырза 1920-жылдары Мустафа Кемал Ататүрктүн саясатына каршы турган. Анын пантүркчү сыяктуу деле туруму билинген эмес.

(1934-жылы Кемал Кайа Эфенди советтик аскерлерге туткунга түшкөн, бирок аны Шэн Шицайга өткөрүп беришкенде, Үрүмчүдөгү бул ханзу акими аны өлтүртүп салмак тургай, кайра Шинжаңда жол куруу тармагын башкартып койгон. Мындан улам Кемал Кайа Эфенди советтик чекисттер үчүн тыңчылык кылып жүргөнбү деген шек да жаралган. Бул түрк тектүү офицер франсуз тилин да мыкты билген жана айтылуу швед саякатчысы Свен Андерс Гедин (шведче: Sven Anders Hedin) менен Шинжаңда жолугуп, Түркияны сагынып жүргөнүн айткан).

Шинжаңда совет жоокерлери 36-дивизия менен айыгышкан салгылашуулардын биринде иприт газын колдонгону да айтылып келет. Дунгандар басымдуулук кылган бул мусулман дивизиясы кийин Кашкардан чыгып, улам түштүк-чыгыш тарапка чегинүүгө аргасыз болгон.

Совет тыңчылары жана кеңешчилери Үрүмчүдө

Шэн Шицайдын бийлигин чындаган соң, советтик аскерлердин көбү СССРге кайтып кетип, анча-мынчасы гана Үрүмчүдөгү бийликтин өтүнүчүнө ылайык “ак гвардиячы” катары аймакта калтырылган.

Айтмакчы, болочокку маршал, эки жолку Советтер Союзунун Баатыры Павел Семёнович Рыбалко (1894—1948) Шэн Шицайдын колбашчысы генерал Бектеевдин кеңешчиси катары 1934-жылдын жазынан 1935-жылдын декабрына чейин иштеген. Аны “кытайлык орус генералы Фу Дзихуэй” деп билишкен.

Мындагы советтик кеңешчилердин бири – теги татар чалгынчы Ади Каримович Маликов (1897—1973) болгон. Татар, кыргыз, түрк, перс тилдерин билген. Иранда СССРдин өкүлчүлүгүндө (1927-жылы ноябрдан — 1931-жылы мартка чейин) аскер атташеси катары иштеп жүрүп, бул өлкөдө советтик тыңчылар тармагын түзгөн. 1934-жылы май айында Үрүмчүгө келип, 1936-жылдын июлуна чейин мында советтик негизги кеңешчи болгон. 1937-жылы Шинжаңдагы аскердик экспедициянын (жортуулдун) башчысы болгон.

Айрым авторлордун оюнча, Ади Маликов Кызыл армиянын чалгын башкармалыгынан тымызын алынган көрсөтмөгө ылайык, тийешелүү чечимдерди Шинжаң аскерлеринин штабынын жетекчилигинин атынан сунуштап турган.

Советтик архивде Ади Маликовдун Кашкар шаарын алаардагы берген кеңеши тууралуу уникалдуу маалымат сакталып калган:

“Маликов: Кашкарды бошотуу маалында орус аскерлеринин эмес, сарттардын жана кытай аскерлеринин чабуулу жасалып жаткандай түр көрсөтүү керек.

Шэн Шицай: Мындай жагдайда сарттар өздөрүн өздөрү Ма Чжуинден (Чжунъин) куткарып жатышканын көрүп тынчтанып калышат эмеспи”.

(Булак: Аптекарь, Павел. От Желторосии до Восточно-Туркестанской республики // rkka.ru. — Российский Государственный Военный Архив (далее — РГВА) Ф.25895 Оп.1 Д. 892, барак 4).

Кейиштүүсү, эки жолу “Кызыл Туу” орденин алган Маликов 1937-жылы июлда “троцкисттерди колдогон” деген жалаа менен чалгын кызматынан четтетилет жана 1938-жылы 3-июнда жалган жалаа менен Кызыл армиядагы кызматынан алынат. Ал ошол жылы 18-июнда камакка алынып, ГУЛагдагы абактарга тыгылган. Өмүрүнүн 15 жылдай бөлүгү Маскөө, Казан, Куйбышев шаарларындагы абактарда, Краснояр чөлкөмүндөгү лагерлерде коротулган. 1954-жылы 5-июлда акталып, августта бошотулган. Ади Маликов 1956-жылы Маскөөгө келип, мында 1973-жылы январда каза болгон.

(Булак: Алексеев М.А., Колпакиди А.И., Кочик В.Я. Энциклопедия военной разведки. 1918-1945 гг. — М., 2012. — С. 499-500).

1933-34-жж. Шинжаңда аскер аба мектебинин башчысынын ага кеңешчиси болуп учкуч Фёдор Петрович Полынин (1906—1981) иштеген. Ал Үрүмчүнү камалап келген көтөрүлүшчүлөрдү учак менен келип бомбалагандардын бири болгон.

(Учак менен) ылдыйладык да, козголоңчулардын чордонуна сынык чачыратчу 25 килолук бомбаларды таштай баштадык. Котологон козголоңчулар (Үрүмчү шаарынын сепилинин) дубалынан жапырт чегинип, кача баштаганын көрдүк. Сепилге кетчү жолдо карда жаткан өлүктөр даана көрүнүп турду...” – деп Үрүмчүгө чабуул койгондорду бомбалаган кезди эскерген.

(Полынин кийинчерээк, 1937—38-жж. жапон-кытай согушунда Тайвандын Формоза аралындагы жапон аскер аба майданын бомбалоого катышкан жана көрсөткөн эрдиги үчүн 1938-жылы ноябрда Советтер Союзунун Баатыры наамын алган).

Баарынан кызыгы, өз аскерин талкалаган негизги күч – СССР болгонуна карабастан, 36-дивизиянын колбашчысы Ма Чжунъин 1934-жылы июлда Кашкардагы советтик консул Макс Думпис менен жолугуп, СССРден саясий баш паана сураган.

Ошол эле жылы 10-июлда (башка бир маалыматта — 5-7-июлдарда) Ма Чжунъин Улуу-Чатка келип, Эркечтамдагы кытай-совет чек арасынан СССР тарапка өтүп кеткен. Ал сый туткун катары кармалып, Алматы аркылуу Маскөөгө жеткирилген. Ал СССРдин борборунда болжол менен 1936-жылы белгисиз кырдаалда өлгөн (балким, анын өлүмү — чекисттердин дагы бир иш-аракетинин натыйжасыдыр?).

Ма Чжунъин СССРге өтүп кетээрден мурда Улуу Британиянын Кашкардагы консулунан бир нече ирет көмөк сураган, бирок өтүнүчү жоопсуз калган. СССРдин Кашкардагы өкүлү “ийкемдүүрөөк” болсо керек. Ал эми Маскөөдө ал совет бийлиги тарабынан кандайдыр-бир кызматка деле алынса керек деген жоромолдор айтылып калат.

1934-жылы жайында Кашкар шаары кайрадан Шэн Шицайдын Үрүмчүдөгү бийлигине баш ийип калган.

Шинжаңдагы Дунганстан

1934-жылы сентябрь айында дунгандардын 36-дивизиясынын калган-каткан жетекчилиги Үрүмчүдөгү аким Шэн Шицай менен тынчтык келишимин түзгөн. Дал ушул келишимге таянып алып, бул дивизиянын жаңы жетекчиси, генерал Ма Хушан (Ma Hushan; 1910—1954) Шинжаңдын түштүгүндө жарым көз каранды мамлекетти негиздеген. (Ма Хушан өзү Ма Чжунъиндин жакын тууганы, кайын агасы болгон)

Бул өлкөнү “Дунганстан” (Tunganistan) деп Шинжаңга саякаттап келген британдык журналист Роберт Питер Флеминг (Robert Peter Fleming; 1907—1971) баштаган айрым калемгерлер шарттуу атаган.

Бул мамлекет ашынган исламчы да болгон эмес, СССРди да колдоп жиберген эмес. Жапонияга ачык каршы туруп, Чан Кайшинин бийлигин тааныган бул авторитардык жана аскердик "мамлекет" 1937-жылы кулаган..

1937. Жаңы боштондук көтөрүлүш

Шинжаңда 1937-жылы жазында улуттук боштондук көтөрүлүш жаңы күч менен кайрадан алоолонуп чыккан.

Негизинен уйгурлардан куралган 6-дивизиянын колбашчысы Махмут Мухити (аны кытайча Mahmud Shi-chang - Махмут Шичаң же Сижан, б.а. "бригада генералы" деп да аташчу; 1887—1945) Үрүмчүдөгү бийликтин алсыздыгын көрүп, 1936-жылдын ортосунан тартып өз алдынча жаңы мусулмандык мамлекет түзүү үчүн акырындап кам көрө баштаган. Ал 1933—34-жылдары Чыгыш Түркстан Ислам жумуриятынын коргоо министри болгонун жогоруда эскерттик.

Ал кытайлык бийликтин алык-салыгына нааразы болгон жергиликтүү калайыктын аттуу-баштуу кишилерин өз тарабына имерип кирген. Айрым дунган өкүлдөрүнө да шерик бололу деп сөз салган.

Кошумча көмөк алуу үчүн ал СССРдин Кашкардагы өкүлүнө да кайрылып, Үрүмчүдөгү бийликке билдирбестен, тымызын курал-жарак алууга да далаалат кылган. Бирок СССРдин сталиндик бийлиги өзүн “марксист” деп атап жаткан Шэн Шицайды исламчы Махмут Мухитиден артык көргөн.

1937-жылы апрелде Махмут Мухити Сижан Үрүмчүгө каршы көтөрүлүш баштаганда, аны 6-дивизиянын эки гана полку колдоого алып, башка эки полк Шэн Шицайдын бийлигин жактап туруп алган.

6-8-апрелде Үрүмчүдөгү Кытай бийлиги Махмут Мухитиге тынчтык жол менен маселени жайгаруу сунушун билдирген, бирок Мухити азганактай күчү менен Улуу Британиянын кол астындагы Индияга өтө качкан.

(Шринагарга жетип, Мухити Сижан Мекеге ажылыкка барган, андан соң Индиядан Жапонияга кеме менен жетип, жапон императорунан Шинжаңды боштондукка чыгарууга жардам кыл деп суранган. Жапон бийлиги аны бир кошуунга кол башчы кылып, Кытайга каршы аттандырган. 1945-жылы Жапония багынган соң, Мухити Кытайдын Сиан жергесинде жүрөгү жарылып өлгөн).

Мухити качып кеткенине карабастан, көтөрүлүш очоктору улам алоолонуп күчөй берген. Кашкарга Үрүмчүдөн сүйлөшүү үчүн жиберилген төбөлдөр көтөрүлүшчүлөр тарабынан камакка алынган.

Эми 6-дивизияны уйгур тегиндеги Абдул Нияз Камал менен Кичүү Акун (уйгурча Кичик Ахун) жетектеп калышкан. Бирок алардын чыгышка жортуулга чыккан аскерин Корла, Карашаар аймагында Шэн Шицайдын күчтөрү жана советтик аскерлер жеңилүүгө дуушар кылган.

Дунган дивизиясынын жортуулдары

Кашкар колдон чыгып, эмне кылаар айласын таппай калган Шэн Шицай уйгурлардын 6-дивизиясын жазалоо үчүн көмөккө... Түштүк Шинжаңдагы дунгандардын 36-дивизиясын чакырган. Бул — карышкырга кой кайтартууга тете болчу.

Хотанда кармалган 36-дунган дивизиясы 1937-жылы 27-майда Ак-Тоонун чыгышындагы Жаркент шаарын жеңил-желпи каратып, айдын соңунда Кашкарды камалоого кирген.

Шэн Шицай дунган дивизиясынын жетекчиси, генерал Ма Хушанга “эми болду!” деп, алардын Кашкарга чабуулун токтотуу аракетин кылып, атайын телеграмма жөнөткөн. Бирок 36-дивизиянын жетекчилиги аны тоотпой койгон. Ал түгүл 30-майда дивизиянын полку Кашкардын чет жакасындагы өкмөттүк аба майданына чабуул койгон.

Ма Хушан бир бригада аскерин Кашкар четине калтырып, калган күчү менен Үч-Турпан жана Марал-Башы шаарларын каратуу үчүн чыгышка аттанган.

Үрүмчүдөгү акимдин (аны “дубан” деп да аташчу) жемкорлукка белчесинен баткан, чөлдүү жана бийик тоолуу аймактарда согуш ыкмаларын терең өздөштүрө албаган колбашчылары 1937-жылы июлда алсыраган. Алардын автоунааларына тоскоол кылуу үчүн карапайым калайык жолдор менен көпүрөлөрдү бузуп турган. Буга кыжырданган кытай жоокерлери карапайым калайыкка зомбулук менен мамиле кылып, элдин нааразылыгын ого бетер күчөткөн.

Сталиндин өз учурунда жиберген аскердик жардамы

Шинжаңдагы кырдаал колдон чыгып кетпесин деп чочулаган сталиндик Кремль Шэн Шицайдын Үрүмчүдөгү бийлигин бар аргасы менен колдоону улантууну чечкен. 1937-жылы 21-июнда СССРдин Коргоо иштери элдик комиссариаты берген көрсөтмөгө ылайык, аскердик эки кошуун Чыгыш Теңир-Тоого жиберилүү үчүн даярдала баштады.

Ошентип, СССРдин ичинде саясий жазалоолорго мыкты машыккан сталиндик режим эми Чыгыш Теңир-Тоодогу көтөрүлүштү басуу үчүн кайрадан атайын кошуундарды тымызын жиберүү тактикасын колдонду.

Сталиндин өкмөтүн тынчсыздандырган бир канча жагдай бар эле. СССР бийлиги бул аймактагы көтөрүлүшчүлөр Чыгыш Кытайда бир кыйла жиреп келген Жапониянын таасири астында калышы ыктымал деп чочулашкан. Шинжаң аркылуу Кытайдын Жапониянын баскынчылыгына каршы согушуп жаткан күчтөрүнө аскердик жардам жиберүүнүн өзгөчө коопсуз жолу кетчү. Шинжаң менен соода алакалары да СССР үчүн пайдалуу болгон.

1920—1943-жылдары Сталин Шинжаңды Кытайдын эч ажырагыс бир бөлүгү катары караган. Бул аймактын чыгышында — Хами (Кумул) аймагында жашыруун түрдө советтик учак чогултуу ишканасы курулганы жана бир канча жылдар кадимкидей учак өндүрүп тургандыгы да маалым.

СССРдин Үрүмчүдөгү башкы консулу Г.А.Апресовдун 1934-жылы Маскөөгө жиберген катынан улам Шинжаңдын кен байлыктары да совет бийлигин кызыктырганын билсек болот:

...Муктаждык чыкса, анда Шинжаңдын көмүрү менен мунай заты менен биз Түрксиб (темир жол курулушун) гана эмес, Борбордук Азия жумурияттарынын жана Батыш Шибердин керектөөлөрүн да камсыз кылаар элек. Шинжаңда алтын кени бар 26 район белгилүү...”

Консул Апресов өз катында Шинжаң өкмөтүнө берилип жаткан жардам мындагы баалуу кендерди болочокто иштетүү аркылуу кайтарымдуу боло турганына Маскөөнү ынандырууга далаалат кылган.

Шинжаңдагы шаарлар. Карта.
Шинжаңдагы шаарлар. Карта.

Эң олуттуу тынчсыздануу тудурган жагдай — бул Чыгыш Теңир-Тоодогу мусулман калктардын чыныгы мамлекеттик эркиндикке жетишинин коркунучу эле. Бул өрнөк Кеңеш бийлиги астында калган Борбордук Азиянын батыш аймактарындагы мусулман калайыгында да улуттук боштондук кыймылына түрткү болушу ыктымал эле.

Мына ушул жагдайлардан улам Сталиндин өкмөтү чекисттер менен кызыл аскерлердин мыкты куралданган жаңы бөлүктөрүн Шинжаңга тынымсыз аттандырууну эп көргөн.

1937-жылы июлда Шинжаңдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн оту алоолонгон очокторго СССРдин Ички иштер эл комиссариатынын (СССР ИИЭК) жана Кызыл армиянын бир нече полку, кубаттуу артиллерия, чопкуттуу унаалар жөнөтүлдү. Аларды 25тей аскер учагы абадан колдоого алды.

Кыргызстандын өзүндө эле Ош менен Нарында атайын аскер топтору түзүлгөн. Алардын “Ош” жана “Нарын” тобу деп шарттуу аталышы – бул аскер топторунун биротоло куралган жайларынын наамына байланыштуу. Иш жүзүндө алар СССРдин ар башка аймактарынан жиберилген.

“Ош” тобуна 42-тоолук атчандар полку, батарея, 19-тоолук атчандар дивизиясынын атайын бөлүктөрү, СССР ИИЭКнын 19-атчандар полку кирип, бул топту комбриг Иван Васильевич Селиванов (1886—1942) жетектеген. (Ал 1940-жылы генерал-лейтенант болгон; Улуу Ата мекендик согуш маалында 1942-жылы 23-февралда жалган жалаа менен атууга кеткен жана 1954-жылы кайра акталган).

“Нарын” тобуна 48-тоолук атчандар полку, батарея, 21-тоолук атчандар дивизиясынын атайын бөлүктөрү, СССР ИИЭКнын 13-мотордук унаалуу полку кирип, бул топту полковник Ибрагим Бекжанов жетектеген.

Ибрагим Паскаевич Бекжановдун (Бикжанов; 1985—1988) теги рязандык татар болгон. Падышалык аскерде кызмат өтөгөн чагында ал унтер-офицер даражасына жеткен. 1918-жылы ноябрда Кызыл Армияга ыктыяры менен кирген. 1937-жылы июнь-сентябрь айларында атайын тапшырма менен Шинжаңда болгон.

(Бекжанов 1940-жылы генерал-майор даражасын алган. 1941-жылы 25-июлда Бобруйск шаарынын жанында фашисттерге туткунга түшкөн. Аны туткунда “Бигжанов” деп катташкан. 1945-жылы 29-апрелде аны Вайсенбург чебиндеги түрмөдөн америкалык аскерлер бошотуп алышкан. Ошол жылы 5-июнда Парижден учак менен Маскөөгө жеткирилген. 1945-жылы июндан декабрга чейин анын иши кылдат териштирилип, анын актыгы тастыкталган. Декабрда анын генерал-майор даражасы калыбына келтирилген. 1950-жылы ардагер болуп калган. Ибрагим Бекжанов 1988-жылы 17-декабрда Алматы шаарында каза болгон).

Танкчылардын жүрүшү

Архивдик маалыматтарга жана эскерүүлөргө караганда, Нарын тобуна Ф.Э.Дзержинский атындагы дивизиянын айрым танкчылары да кошулган.

1937-жылы 11-мартта Ф.Э.Дзержинский атындагы дивизиянын танкчыларынын ичинен атайын полк уюштурулган. Аны майор Брагин жетектеген. Полктун карамагында БТ-7А жана суудан өтө алчу Т-38 танктары болгон.

1937-жылы июлда бул полктун ичинен атайын танк ротасы түзүлүп, анын командири болуп капитан Илья Михайлович Хорьков дайындалган. Ротанын саясий жетекчиси (идеологиялык иштер боюнча башчысы) – ага лейтенант Николай Яковлевич Климков болгон.

Ротанын 3 взводунун ар биринде 5 танк, командирдики менен чогуу — 16 танк болгон. Мындан тышкары чалгындоо взводуна Т-38 танкынан бешөө берилген. Танктарды оңдоо үчүн атайын устаканасы бар бир нече автоунаа да коштоп жүргөн. Ар кандай жардыргыч заттарды тазалоо үчүн бул ротага кошумча бир сапёрдук взвод да берилген.

Өз доору үчүн мыкты даярдыкта болгон бул рота 1937-жылы августта Кыргызстандын Кант темир жол бекетине келген. Андан соң ал полковник (кийинчерээк — генерал) Николай Казимирович Норейко жетектеген атчан аскерлер тобуна өткөрүлүп берилген. Бул атчан аскер тобуна Шинжаңдагы кытайлык бийликтерге көмөк көрсөтүп, улуттук боштондук кыймылынын очокторун ойрон кылуу милдети жүктөлгөн.

Бул милдет СССР бийлиги тарабынан “интернационалдык көмөк” катары бааланган. Иш жүзүндө, бул ишти жүзөгө ашыруу - ар кандай элдердин өз мамлекеттик макамын өзү тандоо укугу бар деген лениндик жобонун тебеленип-тепселиши болгон.

Атчандар тобунун курамындагы танк ротасы Кант — Балыкчы (ал кездеги Рыбачье) — Нарын багытында жылып, андан ары Ат-Башы өрөөнү жана Торугарт ашуусу аркылуу Кытайдын Улуу-Чат жергесине өткөн.

Улуу жибек жолу маалында атчан, төөчөн, арабачандар үчүн оңой болгон бийик тоолуу, тар капчыгайлуу жана чөлдүү жерлердеги тар жолдор танктарга жана автоунааларга кыйла опурталдуу болгон.

Танк ротасы Марал-Башы, Кашкар, андан ары Такла-Макан чөлү, Жаркент, Хотан аймактары аркылуу түштүк-чыгышка илгерилеп, Кытай менен Улуу Британиянын Түндүк Индиядагы ошол таптагы чегине чейин жеткен (бул кытай-индиялык чек ара аймагында — Каракорум тоолорунда көчмөн кыргыздардын тобу байырлаган; азыр да аларды Шайдылда-Базар кыргыздары деп коюшат).

Кытайдан Индияга кетчү дал ушул бийик тоолуу чек ара аймагында танк ротасынын көмөгү менен көтөрүлүшчүлөрдүн ири аскер күчү кыйратылган. Көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн ири кербен да колго түшкөн (бул кербенде 25 миң төө жана эшек болгону маалымдалган).

Танк ротасы өзүнө берилген аскердик тапшырманы аткарган соң, 1938-жылы февралда кайра Кыргызстан аркылуу СССРге кайтып келген.

СССРден Шинжаңга жиберилген аскерлердин жана коопсуздук кызматынын күчтөрүнүн жоокерлеринин басымдуу бөлүгү 1938-жылы январда эле артка кайта баштаган.

Советтик жогорку сыйлыктар

СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1938-жылдын 19-октябрындагы “Совет өкмөтүнүн атайын тапшырмаларын өрнөктүү аткаргандыгы үчүн” деп аталган жарлыгына ылайык, бир катар советтик жоокерлер, алардын арасына алиги атчан аскерлер тобунун жана анын танк ротасынын өкүлдөрү ар кандай жогорку сыйлыктар менен сыйланган.

Маселен, бригада командири Николай Норейко “Ленин” ордени менен сыйланса, капитан Илья Хорьков “Кызыл Жылдыз” орденине, ага лейтенант Николай Климков болсо “Каармандыгы үчүн” (“За отвагу”) медалына татыган.

Мындагы “Кызыл Туу” орденине татыгандардын арасында айрым мусулман жана түрк тектүү жоокерлер да бар: Айтказы Абишев, Камалбек Алимжанов, Өмүрзак (Умурзак) Исламов, Разак Мавлянов, ал эми “Кызыл Жылдыз” орденине татыгандардын ичинде Адил Билялов, Жумакан Ертаев, Ортай Жумабаев, Хамза Исмагулов, Абил Нусупбаев, Куаныш Омаров, Хикмат Максудов, Яхья Усманов саналып өткөн.

Ал эми “Каармандыгы үчүн” медалына татыгандардын ичинде Абилхаир Баймулдин, Абдулла Валишев, Шакир Досейнов, Касен Сейтказин бар.

“Күжүрмөн кызматы үчүн” медалын Абдурасул Абдрахманов, Садрип Абдуллин, Хусан Айталиев, Ергеш (Эргеш?) Алибеков, Аюп Гапсатаров, Ахмет Гайнулин, Шаип Жантасов, Шарип Молдарахимов, Гатта Нуржанов, Ражаи Рахматов, Шак Сейтмагамбетов, Жакуп Тохтабаев, Амаш Токабаев, Рыспай Шаипов, ж.б. алган экен.

Жогорудагы чекисттерге берилген сыйлык тууралуу жарлыктан жана башка маалыматтардан улам, 1938-жылы советтик аскерлердин жана коопсуздук кызматтарынын Чыгыш Теңир-Тоодогу аскердик жортуулу Маскөө үчүн ийгиликтүү аяктаган деп тыянак кылса болот.

Советтик “кыргыз” кошууну көтөрүлүшчүлөрдүн аскерин ойрон кылган

СССРде куралган көп этностуу “Ош” жана “Нарын” тобунун жоокерлери Кызыл армиядагы аскер кийимдерин таштап, жергиликтүү калктыкындай чапан кийген, ошондуктан аларды Шинжаңда “кыргыз кошууну” деп да кабыл алышкан.

Бул топтор бат эле Кашкар шаары менен Хотан шаарын ээлөөгө жетишкен. Жергиликтүү калайык “кыргыздарды” жакшы тосуп алышкан. Кийинчерээк бул эки топ тең Николай Норейконун жетекчилиги астында иштеп калышкан.

(ИИЭКтин полковниги Норейко 1937-жылдагы Шинжаңдагы ийгиликтерден кийин, 1938-жылы 7-февралда “комбриг” аскер чинин алган; 1940-жылга чейин колдонулган бул “бригада командири” даражасы кээ бир өлкөлөрдө “бригада генералы” деп аталат).

Айтмакчы, кээ бир кызыл аскер офицерлери “кудай жалгап” Шинжаң аскердик өнөктүгүн даярдоо иштеринин аркасында 1937-жылы сталиндик-ежовдук камоолордон аман калганын да айтып жүрүшөт. Маселен, Борбордук Азия аскер аймагынын (округунун) чалгындоо бөлүмүнүн башчысы, полковник Василий Васильев жана ар кыл жашыруун амалдарды уюштуруучу адис, дивизия командири Яков Мелькумов бир канча убакытка камалбай турган.

Шэн Шицайдын аскерлери жана Кызыл армия жоокерлери “козголоңчу” дунган дивизиясын талкалаган соң, 1937-жылы генерал Ма Хушан талоондо чогултулган алтынын жана башка байлыгын алып, Улуу Британия көзөмөлдөгөн Индияга качкан. Андан алтынды тартып алып, британ бийликтери бул байлыкты кайра Үрүмчүгө жөнөткөн.

(Андан соң Ма Хушан кеме менен ичкерки Кытайга жеткирилген. 1949—54-жылдары коммунисттик Кытайга каршы партизандык ыкма менен уруш жүргүзүп, акыры туткунга түшкөн да, ошол жылы Ланчжоуда өлүм жазасына тартылган).

Шинжаң иштерине кийлигишүүгө чекит коюлган эмес

Деги, 1933—38-жылдардагы Кызыл армиянын жана чекисттердин бөлүктөрүнүн Шинжаңдагы “коопсуздук амалдары” СССР үчүн майнаптуу аяктады беле?

Буга так кесе жооп кайтаруу кыйын. Балким, коопсуздук чаралары улам жаңы тарыхый баскычка ылайык улам башка түспөлгө ээ болуу менен улантылган десек туура болоор? “Ким үчүн ийгиликтүү болду?” деген суроо да коюлушу абзел.

Улуттук боштондук кыймылды муунтуу — советтик марксисттер үчүн ийгилик катары каралышы керек беле?

Чынында, Маскөөнүн, анын ичинде анын коопсуздук чараларын жүзөгө ашырган ОГПУнун (1934—41-жылдары — СССР Ички иштер эл комиссариатынын Мамлекеттик коопсуздук боюнча Башкы башкармалыгы; кыскача — ГУГБ) Шинжаңдагы тактикасы кыйла татаал болгон. Бул аймакта чекисттер исламчы агымдарга каршы күрөшүп чектелбестен, көтөрүлүшчүлөрдүн советчил, марксист топторун да түптөп кеткен.

Үрүмчүдө отурган кытай акими Шэн Шицай советтик кеңешчилерди жакшылап угуп, өз бийлиги үчүн тийешелүү сунуштарды кабыл алган. Мунун натыйжасында ал 1934-жылы жергиликтүү калкка кеңири эркиндиктерди тартуулаган Декларацияны жарыялап, казактар менен уйгурлардын айрым аймактарына автономия берүүгө убада кылган.

Бул тил эмизүүлөрдөн улам алтайлык казактар жана айрым уйгур лидерлери Шэн Шицайды колдоп да чыгышкан. Ушулардын бардыгынын артында сталиндик кеңешчилер тургандыгы түшүнүктүү.

Шинжаң төбөлүнүн кулатылышынан соң

Арийне, СССРге таянуу саясаты айлакер Шэн Шицай үчүн утурумдук гана тактика болгон.

1941-жылы нацисттик Германиянын СССРге капысынан кол салышы жана нацисттердин Маскөөнүн алдына чейин жиреп келиши 1933-жылдан тартып марксизмди мактаган Шэн Шицайдын антисоветтик жана антикоммунисттик саясатты тута башташына түрткү болду.

Ал 1942-жылы 17-сентябрда Мао Цзэдундун бир тууган иниси Мао Цземинди (1896—1943) камакка алып, кийинки жылы 27-сентябрда өлүм жазасына тарттырган. (Мао Цземин “марксизмди кадырлап калган” Шинжаңга 1938-жылы Кытай Компартиясынын жетекчилигинин тапшырмасы менен келген болчу).

1942-жылы 5-октябрда Шэн Шицай Маскөөдөн Шинжаңдагы бардык советтик кеңешчилерди жана адистерди кайра чакыртып алгыла жана 3 айдын ичинде советтик аскерлердин калган бөлүгүн чыгарып кеткиле деп талап кылды.

Мао Цзэдун (солдо) Чан Кайши менен тост көтөрүүдө. 1945-жылдын сентябры.
Мао Цзэдун (солдо) Чан Кайши менен тост көтөрүүдө. 1945-жылдын сентябры.

Бирок Гоминдандын жетекчиси Чан Кайши Шэн Шицайга ишене берген эмес жана аны 1944-жылы августта Шинжаң акими кызматынан алып, өз өкмөтүндөгү айыл чарба жана токойчулук министри кызматына дайындаган.

(Ал жылдары СССР жапондук баскынчыларга каршы салгылашып жаткан кытайлыктарга, - анын ичинде коммунисттерге гана эмес, Гоминдан аскерлерине дагы, - аскердик жардам көрсөтүп келген. Далай аскердик баалуу жүктөр автоунаалар менен ичкерки Кытайга Шинжаң аймагы аркылуу ташылып турган).

1944-жылы 11-августта “мурдагы марксист” Шэн Шицай Үрүмчүдөн Чунцинге көчкөндө, анын Шинжаңдагы топтогон “акыбети” жүк ташуучу 50 автоунаага араң толгон. Анын жүгүнүн арасында “болгону” 1,5 тонна алтын жана 15 тонна күмүш бар эле. 1949-жылы Кытайдын материктеги бөлүгү дээрлик толук коммунисттик бийликке баш ийип калганда, Шэн Шицай Тайванга качкан.

Айтмакчы, Шэн Шицай менен СССРдин мамилеси салкындаган жылдары деле Кумулдагы (Хами) советтик учак куроо ишканасы 1944-жылы көчүрүлүп кеткенге чейин өз ишин эч токтоткон эмес. Бул ишкананы коргоо үчүн 1941-жылы ИИЭКнын 171-батальону жиберилген.

Чекисттердин бул кошууну да “ак гвардиячылардын” аскер кийимин кийген. Бул кошуундун дагы бир милдети – Шинжаңдын ар кыл аймактарында геологиялык чалгын жүргүзгөн советтик адистердин коопсуздугун камсыз кылуу болгон.

Улуттук боштондук кыймыл менен “ойноо”

Үрүмчүдөгү ишенимден кеткен кытайлык төбөл Шэн Шицайдын 1941-жылдан кийинки антисоветтик саясий нугуна кабатырланган Сталиндин өкмөтү жаңы кырдаалда Чыгыш Теңир-Тоодогу улуттук боштондук кыймылдын айрым очокторун колдоого алууну чечкен.

1930-жылдардан бери Шинжаңда атайын тапшырма менен калып, СССРдин кызыкчылыгында ачык же тымызын саясат жүргүзгөн, жергиликтүү улуттук боштондук кыймылынын өкүлдөрүн гана эмес, көз каранды эместик идеяларын козгогон куралсыз айдыңдарды да ырайымсыз жазалаган көптөгөн чекисттер да болгон. Эми чекисттер башкача нукта уюштуруучулук милдетти аткара башташты.

1944-жылы Шинжаңдын бир катар аймактарында улуттук боштондук көтөрүлүштөр башталды. Ал түгүл (экинчи ирет) Чыгыш Түркстан жумурияты жарыяланды. (Макалада бул жумурият тууралуу кеңири сөз кылбайбыз).

Генерал Ысакбек Монуй уулуна арналган Кыргызстандын почтоо маркасы. 2012.
Генерал Ысакбек Монуй уулуна арналган Кыргызстандын почтоо маркасы. 2012.

Айтмакчы, ОГПУнун жана кийинчерээк СССР ИИЭКнын тапшырмасын аткарып жүрүп, кийинчерээк Чыгыш Теңир-Тоодогу улуттук боштондук кыймылдын лидерлеринин бирине айланган даңазалуу инсан — кыргыз генерал Ысакбек Монуй уулу (Монуев; 1902—1949) болгон. Ал 1944-жылы Чыгыш Түркстан демократиялык жумурияты түзүлгөндө, анын коргоо министри болуп калган. (Ал жана башка лидерлер 1949-жылы Бээжин менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн учакта баратканда сталиндик режим тарабынан жардырылган деген маалымат бар).

Чыгыш Түркстан демократиялык жумуриятынын аймагында деле 1944—1946-жж. СССР ИИЭКнын жана советтик чек арачылардын күжүрмөн аскер топтору ар кыл иш-аракеттерди жүргүзгөнү маалым.

Айрым кызыл аскерлер жана тыңчылар Шинжаң аймагында ОГПУнун тапшырмасына ылайык “ак гвардиячылардын өкүлдөрү” катары 1940-жылдардан кийин деле СССР үчүн тымызын кызмат өтөп кала берген. Алардын айрымдары 1960-жылдардын башында Кытайдан СССРге кайткан. Тарыхый атажуртуна кайта албай, ошол бойдон тагдыр шамалы менен Кытайда кала бергендер да болгон.

Соңку сөз

Айтылуу "маданий ыңкылаптан” кийинки доордо бир катар саясий реформаларды баштан кечирген Кытай Эл Республикасы XXI кылымдын башында мурдагы СССРден бөлүнүп чыккан Евразия жумурияттары (анын ичинде Орусия Федерациясы жана Кыргызстан) сыяктуу шериктер менен бирге "Шанхай Кызматташтык Уюму" деп аталган эл аралык уюмга баш кошуп, дурус коңшулук мамилелерди өнүктүрүүдө.

Дал ушул тапта кыргыз окумуштуулары XX кылымдын алгачкы жарымындагы Борбордук Азия жана Ички Азия тарыхына таандык бардык маселелерди калыс, бейтарап иликтеп, мурдагыдай идеологиялык чидерден таптакыр эркин болгон илимий изилдөө усулун жигердүү колдонуулары, архивдик маалыматтарды, сүрөттөрдү, тасмаларды, даректүү баяндарды жана жаңы тыянактарды интернетке кеңири жана ачык жарыялоолору абзел.

Азыркы тапта Кыргызстанда гана эмес, ШУАРда жана башка чет мамлекеттерде байырлаган кыргыз жана башка этностордун топторунан 1930-жылдардагы Чыгыш Теңир-Тоодогу окуялар тууралуу улуу муундар калтырган эскерүүлөрдү жана заттык эстеликтерди жыйноо да алгылыктуу.

Ушул жүрүм улантылса, 1930-жылдардагы советтик тоталитардык режимдин чыныгы саясий жүзү жана сталинчилердин Борбордук жана Ички Азиядагы империячыл (дөөлөтчүл) айлакер саясатынын тарыхы ого бетер объективдүү таразалана берээри шексиз.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG