Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Жаныбек басмачы: чындык жана легенда


Жаныбек казы Мадаминбек, Көр Шермат, Ади паңсат, Айтмерек сыяктуу корбашылар менен байланыш түзүп, басмачылардын чоң тобуна жетекчилик кылган. (Сүрөттө: сүрөтчү Асатилла Тешебаев тарткан Мадаминбектин портрети)
Жаныбек казы Мадаминбек, Көр Шермат, Ади паңсат, Айтмерек сыяктуу корбашылар менен байланыш түзүп, басмачылардын чоң тобуна жетекчилик кылган. (Сүрөттө: сүрөтчү Асатилла Тешебаев тарткан Мадаминбектин портрети)
Кийинки жыйырма жыл ичинде улуттук тарыхыбызды калыбына келтирүү, унутта калган легендарлуу ысымдарды өз ордуна коюу иши бир топ эле алга жылды. Убагында “эл душманы”, “чыккынчы” аталган, а бирок чын-чынында келгенде адилеттик, өз ишеними, эл менен жердин намысы, эркиндиги үчүн күрөшкөн ошондой адамдардын арасына Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев баштаган жоон топ инсандарды кошуп жүрөбүз.

Бирок дале болсо аттары көмүскөдө калып, чындык үчүн, дили жана дини, адилеттүүлүк үчүн өмүрүн сайган, акыры кызыл аскерлердин огунан шейит кеткен, же Совет өкмөтүнөн куугунтугунан качып, Кытай менен Ооганстанга ооп кеткен, укум-тукумдары Пакистан менен Европа өлкөлөрүнө чейин тарап кеткен басмачылар тууралуу адилеттүү сөздөр дале болсо жетиштүү айтылбай келет. Ырас, басмачылардын баары эле баатыр эмес, арасында ар кандайы болгон, баатыры да, чыккынчысы да кездешкен. Бирок алардын арасында атактуу Мадаминбек корбашынын монументалдуу фигурасы жатат. Басмачылардын арасында Ади паңсат менен Айтмерек корбашы, Көр Шермат менен Абдыш мерген сыяктуу легендаларлуу адамдар бар.

Ошондой аты-жөнү эл оозунда калып, бирок тийиштүү тарыхый баасын алалбай келаткан атактуу ысымдардын бири Өзгөн жергесинен чыккан Жаныбек басмачы, же тагыраак айтсак Жаныбек казы болгон десек чындыктын дал үстүнөн чыгабыз.

Азыркы Өзгөн районунун кереметтей Көлдүк айлында туулуп-өсүп, бирок негизинен Өзгөндө жашаган Жаныбек Сагымбай уулу (1869-жылы туулган) жаңы орногон Совет бийлигин 47 жаш курагында жалпы эл сыяктуу эле жакшы маанай менен тосуп алган.

Бирок жаңы бийликтин элди эки элдешкис, антогонисттик тараптарга бөлгөн тапчыл, зордукчул саясаты, кылымдар бою калыптанып калган салт менен адаттарды тепсеп, чарбачылыкты, менчикти теңирден тескери жакка буруу аракети ага абдан жат учураган. Айрыкча бирөөнүн менчигин тартып алып, ага ыракмат айткандын ордуна “кулак”, “бай-манап”, “эл душманы” атыктырып, аларды карапайым элге каршы коюу саясаты чынында эле оокаттуу, өз жанына тың, кыргыз менен өзбекке бирдей кадырлуу Жаныбек казыга катуу тийген.

Адилеттиги үчүн жалпы Өзгөн аймагына “казы” аталып, ар качан бирөөнүн акын жегендерге, кыргыз менен өзбекти кагыштыргандарга, элди бөлүп-жаргандарга каршы туруп келген Жаныбек бир заматта “эл душманы” атыкканы ырасында да чындыкка туура келбеген иш эле. Тапчыл, жикчил саясаттын айынан бир заматта шектүү делген адамдардын арасында калып, айрыкча урук-туугандары, элге кадыры сиңген дос-тааныштары кулакка тартылганда жаңы бийликке каяша айтканга мажбур болгон. Эч бир күнөөсү жок туруп үй-бүлөсү менен чогуу сүргүнгө айдалгандарды, көп учурда атууга өкүм болгондорду көргөн соң өмүр бою адилеттикти туу туткан Жаныбек казы Совет бийлигине ишенимин биротоло жоготкон.

Ошентип Орто Азиянын туш-тушунда пайда болуп жаткан нааразылык кыймылына кошулуп, Мадаминбек, Көр Шермат, Ади паңсат, алайкуулук Айтмерек корбашылар менен байланыш түзүп, кийинчерээк басмачылардын 500гө жакын чоң тобуна жетекчилик кылууга аргасыз болгон. Ырас жаңы бийлик менен кызматташууга Жаныбек казы бир эмес, үч жолу аракетин жасаган. Чын ниетинен жардам да берген, бирок баары бир большевиктердин саясатын чын дити менен эч бир кабыл албай койгон. Акыры жаңы бийликке курал менен каршы турууну чечкен.

Ошентип Жаныбек казы бара-бара “басмачы” аталып, анын куралдуу чоң тобу Кыргызстандын түштүгүндөгү эң ири жан эң күчтүү топтордун бири катары саналып, баш-аягы он жыл Совет бийлиги менен кырчылдашып кармашкан. Бир тарабы Ак-Cай менен Арпада, экинчи тарабы Кара-Кулжанын башы Жүлгүрдө, Кара-Шородо, кээде Алайкууда кызыл аскерлер менен бир нече жолу катуу кагылышкан. Ал гана эмес 1929-30-жылы жалпы Ош аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланып, айласы кеткен кызыл аскерлер Жаныбектин бир туугандарын, алардын аялдарын барымтага алган.
Ошону менен бирге басмачылар кыймылынын эң эле абройлуу, согуш иштеринде таланттуу өкүлдөрүнүн бири Жаныбек казы канткен менен кан төгүүнү абдан жактырбаган, зордукчулукту айыптаган адам экен. Эки сөзүнүн бири “кан төксөң, кан бересиң, жан алсаң жан бересиң” деген сөз болчу дешет.

Ошентсе да кыраакы, сөзгө чечен, тубаса лидер Жаныбек баары бир тарыхтын агымы башка жакка агып, оомат басмачыларга эмес, Совет өкмөтүнө ооп атканын билген жана сезген. Ошондуктан 1930-жылы сүйүктүү жайлоосу Кара-Шородо кол алдындагы жигиттердин баарын катарга тизип, жүрөгүнүн толтосунан чыккан ыраазычылыгын билдирип, колундагы азык-оокатын баарына тегиз таратып, жаңы бийликти кулатуу мүмкүн эместигин мойнуна алып, басмачылардын баарын үйлөрүнө тараткан экен.

Албетте, басмачылардын баарын, анын ичинде Жаныбек казыны да идеалдаштыруу, анын катарындагыларды өңчөй баатырлар катары сүрөттөө чындыкка да, турмушка да ылайык келбеген иш болоор эле. Керек болсо талап-тоноо, түн аралаш кол салуу, мыкаачылык менен өч алуу сыяктуу иштер абдан көп кездешкен. Маселен, Кытайга ашып, андан ары Ооганстанга оойлу деп турган опурталдуу заманда эл-жерден качып, эртеңки күнүн туман чалып турган Жаныбек казыга бир аттуу-баштуу жоокери минтип тийишкен экен: “Казым, ичээр суум түгөндү, ыйманым саламат болсун деп кудайга жалына бер, мен сени беш жүз беш атарга сатып жибердим” дептир. Ошондо эч качан сөздө алдырбаган кыраакы Жаныбек: “Кап, аттиң, арзанга сатып ийген экенсиң, менин баам сен бычкан баадан ат үстүнчө кымбат эле, эми өз убалың өзүңө, баччагар” деген экен. Айткандай эле алдыраарда жаздыраар болуп, оозунан жаңылган көпкөлөң жигитти басмачылар энеден туума жылаңач кылып, ат менен Кытайдын шаарында көчөмө-көчө кыдыртып, акыры башын алып тынышкан экен.

Жаныбек казынын тапкычтыгы тууралуу экинчи бир уламыш мындай айтылат. Кызылдар артынан сая түшүп, экинчи жагынан басмачылардын ичинен чыккан чыккынчылар айланы кетирип баштаганда, Жаныбек жанына алып калган кыркка чукул жигити менен Кытайга түнү менен ашмак болот. Кара-Кулжанын Буйга деген айылындагы Жусуп деген темир устага “Түнү менен кырк атка така жасап, кыркына кырк тескери така кагасың, ага үлгүрбөсөң керт башыңан айрыласың” деп буйрук берет. Айткандай эле темир уста кырк жаңы таканы басмачылардын аттарына тескери кылып такалап, ошентип Жаныбек корбашы бир кишисин жоготпой, Кытай жергесине ашып кеткен экен.

Жаныбек басмачы кийин Кытайдан Ооганстанга жер которуп, андан кийин Пакистанды пааналап, Гилгит деген жерин жердеп, 72 жашында эки сөзүнүн бири Кыргызстан болуп атып, 1933-жылы а дүйнө салган дешет. Бир кыргыз, бир өзбек аялынан калган уул-кыздары азыр да ошол Гилгитте, бир далайы Исламабадда, калгандары Германия менен Англияда жашашат.

...Жаныбек казы өлөөрөнө аз калганда: “Азап тарткан менче тартаар, кордук көргөн менче көрөөр, бирок чиркин, сөөгүм Кыргызстанда эмес, Пакистанда кала турган болду. Ошон үчүн мен каза болгондо биринчи кабарды Рахманкул ханга жеткиргиле. Ошол кандай десе, ошондой кылып көмгүлө. Пакистан билбесе да, кыргызга төбөм көрүнгөн киши элем, бейитимди чоң жолдун боюна, эл ары-бери каттаган жерге койгула” деп керээз калтырыптыр. “Басмачы” аты өчүп, Жаныбек казы аталаарына ар дайым ишенип, ошол бекем ишеним менен келбес сапарга кете берген экен кайран киши...

XS
SM
MD
LG