Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 08:02

Саясий документтердин архивинде сталиндик репрессия маалында жок кылынган 50гө жакын коомдук-саясий ишмерлердин өздүк документтери сакталып турат. Партиялык, советтик жооптуу кызматкерлердин бүтүндөй бир муунун жок кылуу өнөктүгү 1937–38-жылдары апогейине жеткен.

Кыйла жылдар бою большевиктердин “кылым кылмышы” жаап-жашырылып, жазыксыз жан бергендерди “эл душмандары” деп келишкен. Кыргызстандын саясий документтер архивинин жетектөөчү кызматкери Айнагүл Табышева куугунтук курмандыктары тууралуу кеп кылат.

“Азаттык”: Айнагүл айым, саясий документтер архивинде репрессияга кабылган кандай адамдардын иштери сакталат?

Табышева: Бизде ошол мезгилдеги кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн, советтик-партиялык кызматтагылардын "өздүк иштери" сакталат. Ошолордун негизинде алардын ким экендигин биле алабыз. 1991-жылы Чоң-Таштагы “Ата-Бейитте” ачылган тизмедеги репрессияланган адамдардын өздүк документтери сакталат. Бизде ошондойлордун кырктайы бар. Алардын ичинде Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдырахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Абдыкадыр Орозбеков дагы башка көптөгөн кыргыздын чыгаан уулдарынын өздүк иштери сакталып турат.

“Азаттык”: 1991-жылга чейин бул документтер КГБнын архивинде сакталып турган беле?

Айнагүл Табышева.
Айнагүл Табышева.

Табышева: Жок, бул мурда партиялык архив болгондуктан партиялык, комсомолдук кызматкерлердин архиви сакталчу. Союз убагында документтер ачыкка чыгып, "булар мындай болду" деш жок эле. Буларды “эл душмандары” дешчү. Ошон үчүн "1937-жылы атылган" деп, документтер жабык бойдон келген. Анан 1991-жылы эгемендикке жетишип, тарыхыбызды окумуштуулар кайрадан изилдеп, архивдик маалыматтардын негизинде көптөгөн китептер чыкпадыбы. Дагы эле изилденүүдө. Өзгөчө Чоң-Таштагы “Ата-Бейит” ачылгандан кийин элдин баары жанданып, “ий, эми өзүбүздүн ата-бабабызды билет экенбиз” деп, “атам мобу жактан атылып кеткен, мобу жерде иштечү эле” деп бала-чакасы бизге келип, “изилдесек болобу, менин атам буякта иштеди эле, тиякта иштеди эле” деп, “ушинтип эл душманы болуп кетиптир” деген жарандар бизге кайрылгандары көп болду. Кийин кыргыз мамлекетин түптөөчүлөр Айдарбеков, Орозбеков, Тыныстанов деп айтып келбедикпи. Бирок алар эле эмес, билинбеген, аты аталбаган, репрессияга кабылган адамдар көп экен. Ошолордун ичинен сизге Шамурзин Султанкул жөнүндө айткым келет. Бул киши 1938-жылы 5-ноябрда атылган экен. Кичине кезинен көп кыйынчылыктарды көргөн экен. Атасы орто чарба киши экен. Бирок балалыгы оор өтүптүр. Кыйынчылыктарды көп көрүп чоңойгонун өмүр баянында көп жазыптыр. Кыргыз мамлекети түптөлүшү үчүн чын дилинен иштеген азамат. Билимдүү киши болуптур. Анткен менен бирөөлөр чагымчылык кылып бул кишини “эл душманы” деп, “Алаш Ордо” партиясында турган, “Социал-Туран партиясында турган” деп шылтоолошуп, буларды камап, 1938-жылы 5-ноябрда атылып кеткен экен. Бул кишинин өздүк ишинде 1937-жылы Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетин жетектеп турган. Ошол жылы 13-декабрда партиядан чыгарылып, андан кийин атылып кеткен. Ал эми мындай мисалдар абдан көп.

“Азаттык”: Бул жердеги архивдик материалдар менен таанышып, окуп чыккандан кийин репрессия тууралуу өзүңүздө кандай түшүнүк калды? Ал кандай чыгып калды, эмнеге чыгып калды, түбү кайдан келет? Эмне үчүн бийлик өз катарындагы миңдеген, СССР боюнча миллиондогон адамдарды жок кылган? Алардын кайсы жерге жашырылганы да айтылбай калды. Ушуга токтоло кетсеңиз.

Табышева: Менин жеке пикиримде, ошол кезде кыргыздын чыгаандарын, кыргыз мамлекетин көтөрүп кете ала турган билимдүү адамдарын атайын эле план коюп жок кылышкан. Азыр ойлоп көрсөм, эң мыктылары кеткен экен. Мисалы үчүн Жусуп Абдырахманов кыргыз мамлекетинин түптөлүшү, мамлекетте кыргыз тилинин кызматын пайдалануу, өлкөнү кантип өнүктүрөбүз деп кантип иштегенин, Абдыкадыр Орозбековдун иштерин мынабу жеке иштеринен карап отурсаң алардын кыргыз эли, кыргыз мамлекети үчүн кандай күйгөнүн байкай аласың. Касым Тыныстанов, мисалы, биринчи профессор. Элдик агартуучу, алфавитти, тамгаларды кыргызчалаткан киши. Араб тамгасын реформалап, латын тамгасын кабыл алууда чоң эмгек сиңирген. Саясий ишмер Төрөкул Айтматов. Бул кишилер жашап турганда биздин илимибиз, маданиятыбыз мыкты өнүкмөк. Мен буларды атайын эле кыргыздын каймактарын жок кылуу деп эсептейм. Мынабу документтерди карап, изилдеп, окугандан кийин ушундай ойдо калдым.

Азыр бизге көп келишет. Айрыкча мына бул Чоң-Таштагы “Ата-Бейит” ачылгандан кийин. Ал жерден 137 кишинин сөөгү табылбадыбы. Ошондон кийин кыргыз эли жанданды болуш керек. "Биз да изилдеп көрсөк, архивге барып иликтеп көрсөк, ата-бабаларыбыз чыгып калабы" деп урпактары, туугандары издеп келдишет. Алардын жакындары “эл душмандары” катары жок болгон. Алардын кабарын аталарынан, апаларынан уккан боюнча эле калышкан. Азыр эми бизге келишип, “менин атам ушул жерде иштеген, партиялык кызматкер болчу, Киробкомдо мындай болуп иштеген” деп болжолдоп эле келип атышат. Ошондо бул жердеги өздүк иштери табылып атат. “Атылып кетти” деген маалымат жок, бирок иштегендиги тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Кабарды көбүнчө апаларынан уккан экен. Алардын абдан жашырганы – корккондуктан болгон. Анан да он жылга чейин кат алууга, кат жазууга да уруксат жок болчу.

Өткөндө бир эже арыз жазып келиптир. "Касымов Ракы" деп айтты. “Касымов менин атам, ал атылып кетиптир, ошондо мен бир жашта экенмин” деди. “Апамдан сурасам ыйлап эле эч нерсе айтчу эмес. Ошону изилдейин деп келдим” дейт. Эже деле пенсиялык курактагы аял экен. Анан ал кишинин атасынын ишин издеп отуруп таптык. Атасынын фамилиясы Молдокасым экен. Молдо деген сөз аябай коркунучтуу болгонбу, ошондон Касым деп эле коюп, ысмын да Ракы деп коюптур. Молдокасымов Рахманберди деген киши экен. Ал кишинин өздүк ишин таап, кызы аябай кубанып кетти. Ошол киши да репрессияланган экен. Ошондой атылгандар, эл тааныбаган көптөгөн адамдар, тарыхта аталбаган, билинбей калган канча адамдар репрессияланган! Муну изилдеш керек. Бул тарых. Тарыхчыларга да көп иш кылууга туура келет.

“Азаттык”: Молдокасымов деген белгилүү фамилия менен жазалангандар сөзсүз изилдениш керек го. Сиз айтып аткан изилдөө жагына келсек - бул иш сизди канааттандырабы? Бизде тарыхчылар негизи аз экен. Алардын өзүнө гана тиешелүү такай изилдеп келаткан темасы бар. Ал эми совет мамлекетинин Кыргызстанда түптөлүшүнө, анын калыптанышына, өнүгүшүнө кызыккан тарыхчылар аз экен. Репрессияны изилдеген тарыхчылар жок деп деле койсок болот. Жалгыз Жумагул Байдилдеев гана бар. Байдилдеев жакшы иштерди жасап жатат, бирок ал жетишсиз. Изилдөө жагынан дагы кандай иштерди жасаса болот?

Табышева: Менин оюм мындай. Биз тарых факультетин бүттүк. Союз учурунда Кыргызстандын тарыхын биз "совет мезгилине чейин, совет мезгилинде" деп гана окучубуз. Бизди минтип окуткан: "Кыргыз эли сабатсыз болгон. Тоодо мал артынан гана жүргөн. Кийин дыйканчылык кыла баштаган, отурукташкан, анткен-минткен" дечүбүз. Ушинтип кыска-кыска маалыматтар берилип, биздин тарых негизи изилденген деле эмес. Тарыхчыларыбыздын мындай темаларды азыраак изилдеп атышынын бир себеби ушунданбы деп ойлойм. Кийин окугандардан Шабдан баатыр, Тайлак баатыр деп эми изилдеп атпайбызбы. Изилденчү тарых жатпайбы. Аларды "бизге тап душманы, эзүүчү тап" деп окутушчу эмес. Анан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин тарыхыбызды изилдеп, санжырачылардан угуп, Тайлак баатыр, Курманжан датканы изилдеп атабыз. Курманжан датканы буга чейин эч ким мынчалык даңазалаган эмес. Ал кишинин жалгыз Алай эмес, жамы кыргыз үчүн кандай иш жасаганын тарыхчылар эми изилдеп, мектеп окуучулары эмес, тарых факультетин бүткөн биз кийин ушундай улуу инсандарды билип атабыз. Мындай тарыхты мектеп программасына киргизип, Кыргызстандын тарыхын жазып атышат. Бирок дагы изилдене турган проблемалары көп деп ойлойм.

“Азаттык”: Сиз архивге жаштар, изилдөөчүлөр көп келишерин айтып атасыз. А бирок ошол келип аткандардын, жаш изилдөөчүлөрдүн эмгегинин натыйжасы анча көрүнбөй жатат. Себеп дегенде, убакыт өтүп кетип жатат. Совет тарыхындагы кайгылуу окуяны көрүп калган, угуп калган кишилердин катары суюлуп кетип баратат. Ойлонуп отуруп кечигип калган жокпузбу?

Табышева: Кечиккен деле жокпуз. Эми изилдеп атышат да. Муну кийинки муунга, өзгөчө жаштарга жеткириш керек. Мектеп программасына киргизип, кеңири окутуш керек. “Кыргызстандын тарыхы” деп Жайыл баатыр, Шабдан баатыр деп кичинеден кирип атат. Бирок тарыхыбыз дагы терең жазылып, кенен окутулушу керек. Мына Зайнидин Курманов, сиз айтып аткан Жумагул Байдилдеев, дагы башка көптөгөн тарыхчыларыбыз архивдик материалдардын негизинде өзүнчө бир окуу программасын, балдарга жеткиликтүү китептерди чыгарса, балдардын кызыгуусун ойготсо деген ойдомун. Мектеп мугалимдери тарыхты мыкты билип, балдардын тарыхка кызыгуусун ойготушу керек. Азыр балдар китеп окушпайт. Баарын Интернеттен алып калышты. Балдарды китеп окууга кызыктырып, алардын элибиздин өткөнүнө кызыгуусун ойготсо келечекте бизден мыкты тарыхчылар чыгат деген ойдомун.

“Азаттык”: Ырахмат, ишиңизде ийгиликтер көп болсун!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG