Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:48

1928-1937: Кеңеш Өкмөтүнүн калк каймактарына каршы саясаты


Оренбургга сүргүнгө айдалган кыргыз байларынын тобу. 1929. Ж.Бөтөнөев фотосу.

Советтик Кыргызстанда XX кылымдын 20-30-жылдары сталиндик ыкма менен сүргүнгө айдалган кыргыз бай-манаптары жана айдыңдары тууралуу тарыхчынын макаласы.

XX кылымдын 20-30-жылдарынын аралыгында Кеңеш өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан ар бир союздук жана автономдук республикалардын калкынын каймактарына карата акыйкатсыз мамилеси, күч колдонуу менен алардын жеке менчигин мамлекеттик менчикке тартып алып, өздөрүн үй-бүлөөсү менен өлкөнүн ичинде бир аймактан экинчи аймакка жана өлкөдөн сырткары алыскы аймактарга сүргүнгө айдоолору постсоветтик тарыхнаамада гана калыс иликтене баштады.

Сүргүнгө айдалган кыргыз бай-манаптары жана айдыңдары СССР деген ири державанын 1922-жылдын 30-декабрынан – 1991-жылдын 8-декабрына чейин, дээрлик 69 жыл жашоосуна өз салымдарын кошкону да жалган эмес.

Тарыхтан баарыбыз окуп билгендей эле, 1917-жылы В.И. Ленин башында турган большевиктер партиясы социализмдин баалуулуктарын ашкере даңазалоо менен калктын көпчүлүк пайызын түзгөн кедей-кембагалдардын, орто дыйкандардын айрым бир бөлүгүнүн колдоолоруна ээ болуп, бийликке келишип, калктын каймактары болгон, т.а. байларды, бийлерди, манаптарды, казыларды, молдолорду, ири соодагерлерди жалпы бир сөз менен “кулактар”, “антисоветтик элементтер” ж.б. жагымсыз жарлык аттарга “байлап”, аларды 30 жылдын ичинде дээрлик жок кылууга жетишти.

Ленин баштаган социализмдин баалуулуктарын андан ары ишке ашырууда сталиндик акимдик буйрукчул-командалык системанын усулдары колдонулуп, бул жүрүм абдан чоң трагедиялар менен коштолгону тарых чындыгы.

Туура, социализмдин прогрессивдүү жактарын дагы танууга болбойт. Башканы айтпай эле, өзүбүздүн Кыргызстан тууралуу сөз кыла турган болсок, тээ илгертен көчмөнчүлүк турмушта күн кечирип келген кыргыз элинин отурукташып жашоого өтүүсү, кат сабатын жоюуга, РСФСРдын курамында болсо дагы өз алдынча автономиялуу мамлекет болуп жашоо укугуна жетишүүбүз, керек болсо 1991-жылы эгемендүү, көз карандысыз мамлекет катары СССРден бөлүнүп чыгышыбыз үчүн жагымдуу пайдубал жараткан.

Кеңеш бийлиги өгөйлөгөн, кеңеш бийлиги “эл душманы” катары ат койгон «басмачылар», «кулактар» деген жарлык менен жабыркаган жердештерибизди толук бойдон алар абдан адилеттүү, айкөл адамдар болгон, алар кыргыздын чыныгы каймактары (элиталары), алар кедей-кембагалдарга ырайымдуу мамиле кылышкан дегенден алысмын.

Бирок, алардын арасында чындап эле кедей-кембагалдарга, жарды-жалчыларга кайрымдуу болгон, азыркы тил менен айтканда, жумушсуздарды жумуш орундары менен камсыз кылган (малын кайтарткан ж.б.), 1930-жылдагыдай чоң ачарчылыкта өзүнүн уруусун болсо дагы тамак-аш, кийим-кече ж.б. менен камсыздашкан чыгаандар чыгып, өз доорунда алар абдан чоң эрдик кылган десек болот.

Боогачы Жакыпбек уулу, жубайы Асел жана Кемел Шабдан уулу (туруп турган) Оренбургда. 1929.
Боогачы Жакыпбек уулу, жубайы Асел жана Кемел Шабдан уулу (туруп турган) Оренбургда. 1929.

Айдыңдар тууралуу бир өрнөк. Мына ошол Оренбург шаарына сүргүнгө айдалган бай-манаптардын ичинде Нарын кантонунун Шаркыратма болуштугунда жашаган атактуу Боогачы Жакыпбек уулу (Жакыпбеков) дагы болгон. Бул адам белгилүү акын, комузчу экенин жалпы эл билгени менен, бүгүнкү күндө анын өзүнүн жана аялынын сүрөтүн көргөн адамдар дээрлик жок десек жаңылышпайбыз.

Боогачы Жакыпбеков менен бирге Нарын кантонунун ар кайсы болуштуктарынан жалпы 12 үй-бүлө Орусиянын Оренбург шаарынын (советтик Казакстандын алгачкы борбор шаарынын) жанындагы аймактарга айдалышкан. Боогачы ата менен бирге анын аялы Асел апа дагы кошо айдалган.

Менчикке карата мамиле.

Бүгүнкү күндөгү көз караш менен караганда, ар бир адамдын жеке менчиги мыйзам тарабынан корголуп, ал кол тийгис болуп саналат. Капиталисттик өлкөлөрдөгү коомдук тажрыябаны карай турган болсок, ар бир адам өзүнүн акыл эмгегине, жөндөмүнө жараша жашоого мүмкүнчүлүгү болот, т.а. кимдин жашоого жөндөмдүүлүгү жогору болсо, ал татыктуу, кыйналбай, бакыбат (комфортабелдүү) жашайт, ал эми кимдин жашоого жөндөмдүүлүгү пассивдүү болсо (жалкоо, демилгесиз ж.б.у.с.), андай кишилердин бир катары акыл эмгеги менен жашагандарга жана ишкерлерге сөзсүз кызмат кылаарын дүйнөлүк турмуш далилдеген.

Мына ушул өңүттөн караганда, эмне үчүн ошол мезгилдеги Кеңеш бийлиги өгөйлөгөн кулактардын, орто дыйкандардын эсебинен кедей-кембагалдар жашаш керек эле жана эмне үчүн жеке менчик ээлери болгон кулактардын жана орто байлардын мал-мүлкү, жери ж.б. байлыгы мамлекеттин менчигине акысыз алынышы керек болчу? Ушунун өзүн акыйкаттуу саясат болгон десек болобу?

Эгерде, бүгүнкү күндө байлардын, бизнесмендердин, бийлик төбөлдөрүнүн, дин кызматкерлеринин ж.б. жеке менчигин мамлекеттин менчигине акысыз бергиле, бай-кедей деген болбош керек деп, мурдагы социализмдин баалуулуктарын таңууласак, анда коомдо эмне болоорун айтпасак да белгилүү.

Кеңеш Өкмөтүнүн калктын каймактарына каршы саясаты ошол кездеги караңгы, кедей-кембагал элдин колдоосунан жана өздөрү жекире “басмачылар” менен “кулактар” деп атаган коом өкүлдөрүнүн санынын абдан эле аздыгынан пайдаланышкан десек болот.

1914-1918-жылдардагы дүйнөлүк биринчи согуштун, 1918-1920-жылдардагы жарандык согуштун, XIX кылымдын аягында башталган Борбордук Азия үчүн болгон англис-орус атаандашуусунун кесепеттери Кыргызстанга да чоң кедергесин тийгизип, анын натыйжасында эл бир нече топторго бөлүнүп, ак гвардиячылар, кызыл гвардиячылар, ортодогулар, ээрчимелер ж.б. топторго өкүл болушту. “Кеңеш Өкмөтүнүн саясатына баш ийбейбиз, биз өзүнчө өлкө куруп жашайбыз, ким Кеңеш Өкмөтүнө кызмат кылса аны саткынчы катары карайбыз” дегендерди, анын ичинде Кеңеш Өкмөтүнө кызмат кылгандарды жана алардын лидерлерин өлтүргөндөрдү “басмачылар”, “ак гвардиячылар” деп аташып, алардын лидерлерин баш кылып четинен жок кылышты.

Калктын каймактарын жок кылууга ошол кездеги Кыргыз АОнун, Кыргыз АССРинин, Кыргыз ССРинин айрым бир жетекчилеринин дагы абдан чоң орду болгон. Алардын айрымдары ошол кездеги системаны шылтоолошуп, өздөрүнүн жеке керт баштарын, кызматтык карьераларын, үй-бүлөөлөрүн ойлошуп, Кеңеш Өкмөтүнө кошомат кылуулары, көрсөтүлгөн пландарды ашыгы менен убактысынан мурда аткаруулары, бөрк ал десе баш алган сыяктуу саясаты коомду ого бетер ашкере саясатташкан жаатташууга такап, акыры алардын өздөрү 1937-1938-жылдардагы кандуу репрессиянын жазыксыз курмандыктары болуп калганы да маалым.

1937-1938-жылдардагы сталиндик-ежовдук кандуу жазалоолорду биз мурдагы учурларда болшевиктик көз караштагы саясий өңүттө карап, жазалангандар “улутчулдар” болушкандыгы, тигил же бул оппозициялык антикоммунисттик партияларга тиешелери бардыгы ж.б. у.с. себептер менен “туура репрессияланышып, өз маалында атылган” деп окуп келчүбүз.

Биздин ошол советтик кездеги калкыбыздын каймактарынын каймагы болгон жетекчилерибиздин көрсөтмөлөрү жана болшевиктик партиялык чечимдер менен жергиликтүү байлар, манаптар, бийлер, казылар, молдолор, соодагерлер, айрым ири акындар, агартуучулар сот жообуна тартылышып, жумурият ичинде бир аймактан экинчи аймакка жана жумурияттан таптакыр сырткаркы аймактарга сүргүнгө айдалышкан.

Демек, Кеңеш Өкмөтү байларды сүргүнгө айдаткан жергиликтүү жетекчилердин өздөрүн кийинчерээк жазыксыз жерден репрессиялашып, алардын бир тобун атып жок кылышты. Ошентип жогоруда белгилеп өткөндөй, бир гана коммунисттик партиянын уучунда болгон Кеңеш бийлиги 15 союздук республиканын башын бириктирип, 69 жыл бою СССР деген державаны күч менен кармоого жетишти.

Эми коомдук жана этностук катмарлар жөнүндө азыноолак даректүү маалымат келтирелик.

1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдын курамында түзүлгөн Кара Кыргыз автоном облусунда жалпы канча калк жашаган жана анын этностук курамы кандай болгон? Калктын канча пайызын Кеңеш бийлиги кийинчерээк өгөйлөгөн кулак чарбалары түзгөн? Деги эле “кулак” деген сөз кайдан чыкты? Мына ушул ж.б. сурооорго жооп издеп көрсөк.

1924-жылы Кара Кыргыз автоном облусунун калкынын саны 828 300 кишиден турган; анын 63,5%ын кыргыздар, 16,8%ын орустар, 15,4%ын өзбектер, 4,3%ын башка этностордун өкүлдөрү түзсө (Караңыз: Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Бишкек, 2003. - 56-бет), ал эми салык эсебинин маалыматтары боюнча, 1928-1929-жылдарда Кыргызстанда 3 406, же болбосо жалпы калктын 1,8 пайызын түзгөн гана кулак чарбасы болгон. Бул маалымат – Кыргызстанда кулак чарбалары дээрлик жокко эсе дегенди туюнтат.

“Кулак” деген сөз кайдан чыкты?

Падышалык Орусияда “кулак” сөзү аркылуу орустар анча-мынча гана оокатка ээ, бирок далдалчылык, сүткорлук жана алдамчылык менен күн көргөн социалдык катмарды аташкан. Ал эми Кеңеш бийлиги чыңдалган соң, 1920-жылдары бул терминге жаңы маани берилип, айрым учурда дыйкан чарба ээлерин, айрым кездери орто байларды, ал эми бийликтеги ВКП(б) партиясы “тап күрөшүн тереңдетүүгө” багыт алган кезде, айыл-кыштактардагы “мите жана эзүүчү” катары бааланган оокаттуу дыйкан чарбаларынын кожоюндарын атап калышкан.

Баардыгы болуп Кыргызстандын бардык дыйкан чарбасынын 3,6 пайызы гана жеке менчик капиталисттик чарбанын үлүшүнө туура келет. Кеңеш бийлиги менен болшевиктик жогортодон түшкөн буйрукчул документтерге ылайык, республиканын бардык дыйкан чарбасынын 3-5 % кулакка тартылган (Караңыз: Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Бишкек, 2003. – 247-бет).

Бул тапшырманы аткаруу жана ашыра аткаруу үчүн бийликтин жергиликтүү органдары фактыларды атайылап бурмалоо менен иш жүргүзүшкөндүгү, керектүү сандагы «кулак чарбаларын» «издешкендиги жана табышкандыгы» түшүнүктүү. Натыйжада орто чарбалардын кыйла бөлүгү негизсиз эле кулакка тартылган. Демек, ошол кездеги бийликтин жергиликтүү өкүлдөрү кошоматчылык, акыйкатсыз саясат жүргүзүп, далай оокаттуу кишилерди жазыксыз жерден аёосуз жазалатышкан.

1920-30-жылдары кулак чарбаларына мамлекет кандай мамиле кылган? деген суроо чындыгында кызыгууну жаратат. СССРдеги жана Кыргызстандагы советтик бийликтер “кулактарды” колхоз-совхоздордон тазалап, Ала-Тоодон сырткары аймактарга депортациялоо үчүн атайын токтомдорду чыгарышып, директиваларды кабыл алышып, ошонун негизинде иш алып барышкан.

Мисалы, 1931-жылы 29-июнда ВКП (б) БКнын Орто Азиялык бюросунун “Кулак чарбаларын көчүрүү жөнүндө” директивасы чыккан. Директивага ылайык августтан – сентябрга чейинки аралыкта Орто Азиядан Украинага, Түндүк Кавказга 6 миң кулак чарбалары көчүрүлсө, анын 700 дөн ашыгын Кыргызстандык кулак чарбалары түзгөн (Изменение социально-классовой структуры населения Киргизии в годы строительства и упрочения социализма (1917-1961 гг.) / Отв. Ред. Ю.А.Поляков; АН КиргССР, Ин-т истории. - Фрунзе, 1989. - 147-бет.).

1932-жылдын 3-декабрындагы ВКП (б) нын Кыргыз Обкомунун “Колхоздорду кулак жана бай-манаптардан тазалоо жөнүндө” токтому да коллективдүү чарбалардын социалдык курамын бай-манап жана кулак чарбаларынан “тазалоодо” буйрукчул мүнөзү менен абдан чоң мааниге ээ болгон.

Кыргыз айылдарында антиэлиталык депортациялар же кулакка тартуу процесси кандай ишке ашты? – деген суроо дагы көпчүлүктүн кызыгуусун жаратат.

1927-1928-жылдардагы жер–суу реформаларынын башталышы менен антиэлиталык депортациялар жана кулакка тартуу жүрүмү коштолгон.

1927-жылы 15-декабрда Жалал-Абат кантонунун Көкарт болуштугунда өткөн активисттердин жыйынында Алимбеков аттуу байдын 134 танап сугат жана 40 танап кайрак жери тартылып алынса, 16-декабрда Көк-Жаңгак кыштагында 3 бай чарбасы ликвидацияланып, алардын 99 гектар сугат жана 142 гектар кайрак жери, айыл чарба шаймандары жана курулуштары тартылып алынган. Ошол жылдын 21-22-декабрында ошол эле кыштакта дагы 12 бай чарбаларынын мал-мүлкү конфискацияланган. Ошентип, жалпы 15 бай чарбасынан 2160 танап сугат жана 2007 танап кайрак жери тартылып алынган.

Ал эми, Багыш айылдык кеңешинде 27 бай чарбасы ойрон кылынып, жойдурулган.

Жалпысынан 1927-жылдын 14-декабрынан – 27-декабрына чейин райондо биринчи Көкарт болуштугунда (Багыш, Үчмалай, Таран-Базар айылдык кеңештеринде) 46 бай дыйкан чарбалары жойдурулган (Будянский Д.М. Земельно-водная реформа в Южной Киргизии. – Фрунзе, 1968. - 101-бет).

Мындан сырткары Ош кантонунан 96 бай, 169 ири соодагер жана башка “эмгекчи эмес” чарбалар жойдурулган жана 2240 тың чарба жабыркаган. Жалал-Абат кантонунан 182 бай, 50 ири соодагер жана башка эмгекчи эмес чарбалар жойдурулган жана 1207 чарба жабыркаган. Ош жана Жалал-Абат кантонунан биригип, жалпы 278 бай, 219 ири соодагер жана эмгекчи эмес чарбалар жойдурулган жана 3447 чарба жабыркаган (Будянский Д.М. Земельно-водная реформа в Южной Киргизии. – Фрунзе, 1968. - 133-бет.).

1927-1928-жылдары жүргүзүлгөн жер-суу реформасы, чындыгында, коомдогу антиэлиталык депортациялардын жана куугунтуктун биринчи баскычы болгон десек туура болот.

Ал эми 1929-жылдан 1934-, 1935-жылдарга чейинки мезгил - экинчи баскыч; 1936-1938-жылдардагы кандуу репрессиялар антиэлиталык депортациялардын үчүнчү баскычын камтыйт десек жаңылышпайбыз.

Тарыхта баарыбызга маалым болгондой, 1937-1938-жылдардагы кандуу репрессиялардын курмандыктары - так ушул 1927-1935-жылдары антисоветтик элементтер, кулак чарбалары деп аталып депортациялангандардын балдары, же болбосо, ата-теги бай-манап, кулак, молдо болгон деген жалаалар боюнча камалгандар эле. Мурда айдалгандарга жакын тууган-туушкан же дос болуу – далайынын бирден-бир айыбы катары угузулган.

Антиэлиталык депортациялардын экинчи баскычы, чындыгында, 1929-жылдын жай айларында И. Сталин “туташ коллективдештирүүнүн” ураанын жарыялагандан соң башталган. 1930-жылы 5-январда ВКП (б) Борбордук Комитети “Коллективдештирүүнүн темпи жана колхоз курулушуна мамлекеттик жардам көрсөтүүнүн чаралары жөнүндө” токтом кабыл алган. Анда коллективдештирүүнүн мөөнөтү бекитилип, ал сталиндик административдик-буйрукчул системанын жетекчилиги алдында жүргүзүлгөн.

1930-жылы январь-февраль айларында коллективдештирүү өтө тез темп менен жүргүзүлдү. 1929-жылы дыйкандардын 6,6% гана колхоздорго кирген болсо, 1930-жылдын мартында бул көрсөткүч 37,2% га жеткен (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Бишкек, 2003. - 52-53-беттер; Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1990.).

Бирок, Сталиндин мындай буйрукчул өкүмзор системасынын алкагында күч колдонуп мажбурлоо жолу менен жүргүзүлгөн коллективдештирүү саясатына табигый түрдө каршы болгон, колунда бар оокаттуу үй-бүлөөлөрдү (бай-манаптарды), дин өкүлдөрүн жана карапайым малчы-дыйкандарды “антисоветтик элементтер”, кулак чарбаларын “сактап калгысы келгендер” катары эсептеп, далайын сүргүнгө айдашкан.

Жолдошбек Бөтөнөев (Ботоноев), тарых илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти.
Жолдошбек Бөтөнөев (Ботоноев), тарых илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти.

Жогоруда белгилегендей, 1929-жылы жарыяланган И. Сталиндин “Туташ коллективдештирүү” ураанынын алкагында ошол жылдын (1929-жыл) 29-сентябрында Кыргыз АССРинен сырткары көчүрүлө турган 44 бай-манаптын тизмеси такталып, “жашыруун” документ катары сакталган.

(Бул - автордун макалалар түрмөгүнүн алгачкысы).

Жолдошбек Сапарбек уулу Бөтөнөев,

тарых илимдеринин кандидаты,

Ош МУнун доценти.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG