Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:26

Совет доорунда жазыксыз жерден сталиндик жазалоого эки ирет кириптер болгон залкар манас таануучу илимпоз жөнүндө учкай кеп.

Алгы сөз

Зыяш Бектенов аксакалды да, анын уулу Эмил Бектеновду да көрүп калдым.

Зыяш Бектенов (23.10.1911 – 21.10.1994) атаны “Манас” дастанын изилдеп жүргөн жаш чагында сталинчил идеологиялык тар түшүнүктөн улам жазыксыз жерден ГуЛАГдын абагына кабылган чыгаан окумуштуу, манас таануучу, тилчи, адабиятчы, котормочу катары билчүбүз.

Ал өтө оор кырдаалда дагы эл үчүн, илим үчүн, акыйкаттык үчүн чыгармачыл кесиптик иш-аракетти улантууга болоорун өз өмүрү менен далилдей алган саналуу айдыңдардын бири. Бул жаатта кадырман аксакалдарыбыз – тилчи Кусейин Карасай уулу, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбек уулу, тарыхчылар Кушбек Үсөнбаев, Өмүркул Караев, Сабыр Аттокуров жана башка чыгаан инсандар эске түшпөй койбойт.

Өрнөктүү өмүр

Зыяш Бектенов жаш кезинде.
Зыяш Бектенов жаш кезинде.

Зыяштын атасы Бектен – кыргыздын бугу уруусунун шапак уругунан болгон жана 1913-жылы Ысык-Көлдүн түндүк-чыгышындагы Кең-Суу жергесинде бий болуп шайланган. 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө Бектен да катышып, бул көтөрүлүш кандуу жазаланган соң, Улуу Үркүн маалында Чыгыш Теңир-Тоого (Батыш Кытайга) качкан жана ал жакта бозгунчулукта каза болгон. Анын уулу Зыяш беш жашар кезинде аман-эсен эл-жерине кайткан.

Зыяш Бектенов 1927-жылы Бишкектеги педагогикалык техникумга окууга өткөн. “Кызыл учкун” ийримине катышкан.

З.Бектенов, Т.Байжиев. Кыргыз тилинин окуу китеби. 1935 (латын арибинде).
З.Бектенов, Т.Байжиев. Кыргыз тилинин окуу китеби. 1935 (латын арибинде).

1930-жылдары ал кыргыздын латын жазмасындагы жаңы окуу китептерин жазууга автор катары салым кошкон.

1933-жылдан баштап Кыргыз Эл агартуу министрлигинин тапшырмасы боюнча (1933) өз алдынча жана Т. Байжиев менен авторлошуп 3–4-класстын «Эне тилин», грамматика жана жазуу эрежелерине арналган окуу китебин (1935) жарыялаган.

Алгачкы жолку абак

Зыяш ата оболу 1937-38-жылдары сталиндик абакта жатып чыккан. Анын кайнатасы Найзабек Төлө уулу (Тулин) бир кезде Алаш Ордо уюмуна мүчө болгон экен.

Ал кезде ежовдук-сталиндик жазалоо машинеси каалаган кишини ар кыл жалаага ылайык түрмөгө кесип, же сүргүнгө айдай алчу. Эшенаалы Арабай уулу, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, ж.б. айдыңдар жана коомдук ишмерлер сталиндик абактарда набыт болушту.

Нагыз советтик акын делген Аалы Токомбаев да 1937-жылдын ноябрынан (жетинин айынан) 1939-жылдын июнь (кулжа) айына чейин бейкүнөө абакта жатканы, абакка чейин жарыкка чыккан бардык китептери жок кылынгандыгы жөнүндө Кыргызстанда эгемендик доорунда гана ачык баяндалып калды.

Манас таанууга киришүү

Зыяш Бектенов 1938-39-жылдары Бишкекте пединститутта окуп жаткан чагында эле "Манас" дастанын иликтей баштаган.

Ал 1940-жылга карата бул улуу эпостун кара сөз вариантын даярдап бүтүргөн. Бул вариантты көптөгөн кыргыз жана орус манас таануучулары колдонушкан.

(Дастандын кара сөз вариантын кийинчерээк, "Кайра круулар" доорунан тартып, Кеңеш Жусупов, Ашым Жакыпбеков сыяктуу чыгаан жазуучулар да түзүшкөн).

Аскерде кызмат өтөө

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында, 1942-жылы Зыяш Бектенов Кызыл армияга чакырылган.

Ал оболу Түркмөн ССРинин Чаржоу шаарында жөө аскерлердин 2 айлык окуу курсунда окуган. 1942-жылдын аягынан тартып Ирандын Мешхет (Мешхед) шаарында 89-курсанттык бригаданын катарында аскер кызматын өтөгөн.

Ал аскерден Кыргызстанга 1946-жылы кайтып келген.

Илимге кайтуу

Зыяш Бектенов 1950-жылга чейин СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалында (азыркы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында) Тил, адабият жана тарых институнда кенже илимий, ага илимий кызматтарында эмгектенген.

Ара-чолодо окуу китептерди жазуу жаатында да талбай иштейт.

1949-жылы З.Бектенов бир эле учурда СССР Илимдер академиясынын кыргыз филиалынын аспирантурасын бүтүрүп, илимдин кандидаттыгын жактоо үчүн далаалат жасайт, бирок окуя башка нукка бурулат.

Экинчи жолу абакка кириптер болуу

Зыяш Бектенов 1950-жылы 5-майда кайрадан жазыксыз жерден абакка айдалган.

Эми аны үзөңгүлөшү Ташым Байжиев сыяктуу эле, “Манас” дастанындагы элдик мүнөзгө жат мазмунду колдогон деп айыптап чыгышты.

Ал Иосиф Сталин өлгөндөн кийинки доордо кайра акталган жана 1955-жылы 6-октябрда абактан бошотулган.

Досу Ташым Ыскак уулу Байжиев (1909–1952) КарЛАГдагы абактан кайтпай калган, ал эми бул экөөнөн саал мурдараак камакка алынган дагы бир чыгаан адабиятчы илимпоз – Тазабек Саманчин (1909–1979) болсо абактан бошоп эркиндикке чыгып келгени менен, мамлекеттик эгемендикти көрбөй, жылуу сөзгө жетпей арманда көз жумган.

З.Бектенов. Эскерүүлөр.
З.Бектенов. Эскерүүлөр.

Пост-советтик доордо Зыяш Бектенов сталиндик жазалоолордун айынан набыт кеткен жана айыпсыз куугунтукка кабылган даңазалуу замандаштары жөнүндө тарых үчүн өзгөчө маанилүү эскерүүлөр китебин жарыялаган.

Агартуучу. Айдың. Аалым

Зыяш ата (аны “Зыяш агай” деп атаганыбыз да жөн) өзү бүткүл айдыңдык өмүрүн Ата журтунда билим жарыгын чачууга жумшады.

XX кылымдагы далай кыргызстандыктар ал жеке өзү жана автордошуп жазган окуу китептерди латын жазмасында да, кирил жазмасында да окуп, таалим алып келишти.

Зыяш Бектенов У. Абдукаимов, К. Карасаев менен (1946) 4-класстын «Биздин адабият», 1948-49-жылдары Ташым Байжиев менен биргелешип орто мектептин 8-классынын «Кыргыз адабияты» (фольклор) окуу китептерин, ал эми абактан кайтып, акталган соң Кыргызстандагы орус мектептеринин 3–4-класстары үчүн «Кыргыз тили» (1959) китебин, андан соң 5-класстын «Кыргыз адабияты» (1963), 4-класстын «Кыргыз адабияты» (1969) окуу китептерин калемдешип жазган жана бир катар окуу китептердин окуу программаларын түзүүгө катышкан.

Түгөлбайдын баасы

Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин Мамлекеттик (мурдагы Сталиндик) сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбек уулу Зыяш Бектеновдун чыгармачыл ишмердигине жогору баасын берген:

Окуу куралдарын түзүүдө, элдик фольклорду талдап жазган макалаларында, орус тилинен кыргызчалаткан көркөм котормолорунда Бектеновдун сөзгө бай, стили так, сүйлөм түзүлүштөрү элпек жазмалары жалпыга түшүнүктүүлүгү эске алынып жана «Манас» эпосун изилдөөдө эмгек сиңирген адабиятчы-педагог болгондуктан, ага өз кезинде Тил-адабият жана Тарых институту тарабынан «Манас» эпосунун маңызын кара сөз менен түзүү иши тапшырылган.

Зыяш Бектеновдун кара сөзгө салган «Манас» эпосунун маңызы жеткилең иштелгендигин ошо өз кезинде эле В.Жирмунский, К.Рахматуллин сыяктуу илимпоздор жана кол жазма менен таанышкан адабиятчылар, жазуучулар бийик баалашты. Алтургай ушул маңыздын негизинде орус тилинде «Манас Великодушный» – «Айкөл Манас» аталып жазылган китеби болду...

Мыкты котомочу

Зыяш Бектенов котормочулук жаатында да үзүрдүү иштеген.

Ал Денис Фонвизиндин «Кемпай», Николай Островскийдин «Добул», Карло Голдонинин (Carlo Goldoni) «Эки мырзанын малайы», Назым Хикметтин «Унутулган адам», Бернард Шоунун «Пигмалион» аттуу драмалык чыгармаларын, ошондой эле, Николай Гоголдун эки томдук чыгармалар жыйнагын, Александр Фадеевдин «Талкалоо» романын орус тилинен кыргызчага которуп, Ала-Тоодогу кеңири окурмандар жамаатына тартуулаган.

Айрым сыйлыктары

Сталиндик доор анча-мынча сынга алынган кезеңде Зыяш атанын педагогдук мээнети аздыр-көптүр бааланган.

З.Бектенов 1966-жылы "Элге билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин алган. 1983-жылы 12-февралда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына арзыйт.

Ошол эле учурда анын өмүр жолу, чыгармачылыгы жөнүндөгү кыскача сөздүктүк макала Кыргыз совет энциклопедиясынын тиешелүү томдугунан кайра алынып салынган.

З.Бектенов эгемендик доорунун ирегесинде Кыргызстандын Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери наамын (21.2.1991), Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору наамын алган. Ал кезде университеттин ректору - академик Үсөн Асанов болчу.

Бирок Зыяш ата үчүн тагдырындагы эң чоң сыйлык – бул Кыргызстандын эгемендикке жеткенине жана коммунисттик цензуранын жоюлганына өз көзү менен күбө болуу бактысы эле.

Туурасы “Зыяшпы” же “Зияшпы”?

З.Бектеновдун ысымы адабиятта "Зияш" деп берилет, бирок “Ала-Арча” көрүстөнүндөгү анын бейитине тургузулган таш эстеликтеги текстте азан чакыргандагы аты "Зыяш" деп берилген. Бул кыргызча ысым арапча ضوء "Зийа" жана الدين "ад-Дин" сөздөрүнөн жалгашкан, мааниси кыргызча "Дин жарыгы" деп туюнтулган ысымдын кыскартылган, эркелетип айтылган түрү болуп саналат.

Анын китептеринде ысымы “Зияш” деген түрдө жазылып келет. Бирок мүрзө таштагы “Зыяш” варианты да бекеринен жазылып коюлбаса керек, себеби ысык-көлдүктөр, адатта, бул ысымды “ы” тыбышы менен айтышат.

Атанын уулу

Ал эми Зыяш атанын уулу Эмил Бектенов агай Кыргызстандын эгемендик доорунун алгачкы жылдары (1991-1994) өлкөнүн тунгуч Байланыш министри болгон. Ал өлкөнүн байланыш тармагын жаңыча куруу ишин жөнгө салган жетекчи адис болгон.

Эмил Зыяш уулу “Азаттык” үналгысына өз берүүлөрүн Кыргызстандагы орто жана ультра кыска толкунда эркин жана ырааттуу чыгаруусуна макулдугун берген расмий жетекчилерден эле.

1992-94-жылдары Эмил Бектенов агай менен көп ирет жолугушуп, анын кичи пейил, карапайым, жөнөкөй жана мыкты таалим-тарбия алган адис экендигине, атанын атын чыгарган чыныгы уул болгонуна күбө болгом.

Эстутум

Зыяш ата менен Ракыш апанын бейит таштары.
Зыяш ата менен Ракыш апанын бейит таштары.

Зыяш Бектеновдун сөөгү Бишкек шаарындагы айтылуу "Ала-Арча" көрүстөнүндө өзүнүн маркум жубайы Ракыш Найзабек кызы Бектенова (25.3.1918 - 22.5.1992) мурдараак коюлган бейитке жанаша жерге берилген.

Өмүр бою бири-бирине тар жол, тайгак кечүүдө өбөк болгон ата-апасына кийинчерээк урпактары кош таш эстелик тургузушкан.

1997-жылы 19-майда З.Бектеновдун ысымы Бишкектеги мурдагы Днепропетровск көчөсүнө ыйгарылган.

2013-жылы 14-сентябрда болсо Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылындагы кыздар лицейине З.Бектеновдун ысымы салтанаттуу түрдө ыйгарылган.

Интернеттеги эскерткич

Азыркы тапта Зыяш Бектенов атанын урпактары анын элесин түбөлүккө калтыруунун жаңы усулдарын колдонуп жатышат.

Маселен, Чынара Зыяш кызы жана анын уулу Азат Бектенов интернетте ziyash-bektenov.kg деген барак ачып, анда маркум аалымдын өмүр жолу, чыгармачыл мурасы тууралуу мултимедиалык маалыматтарды жарыялашты.

Өрнөк улантылса...

Дегиңкиси, көзү өткөн башка залкарлардын урпактары да өз бабаларынын мурасы тууралуу маалыматты калайык акысыз колдонуусу үчүн интернетте бир нече тилде жарыялап турушса, анда мындан жалпы элибиз, анын ичинде дүйнө өлкөлөрүнө чачыраган, бирок өз тарыхый тамыры тууралуу маалыматка суусап жаткан замандаштарыбыз да, ошондой эле, кыргыз таануу илимий тармагы да зор утушка ээ болоор эле.

Макала менен сүрөт баяндагы архивдик сүрөттөрдү биз ziyash-bektenov.kg интернет барагынан алдык; ага уруксат кылган Азат Бектенов мырзага терең ыраазычылык билдиребиз.​

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG