Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Унутулуп бараткан улуу талант


Ашым Жакыпбековдун "Теңири Манас" чыгармасы
Ашым Жакыпбековдун "Теңири Манас" чыгармасы

Кыргыз адабиятына опол тоодой салым кошкон жазуучу Ашым Жакыпбеков эгерде тирүү болгондо быйыл 12-августта 80 жашка чыкмак. Калемдештеринин айтуусунда, нукура сөз чеберинин адабий мурасы эскерилбей келатат.

Жазуучу жана котормочу Ашым Жакыпбеков кыргыз адабиятына “Жаралуу көгүчкөн”, “Биз атасыз өскөнбүз”, “Айкашка”, “Катаал багыт”, "Айдагы жезкемпир” деген аңгеме, повесттери менен таанылганы менен, анын редактордук жөндөмүн баары эле биле бербесе керек.

Сүрөткерди жакындан билген курдашы, калемдеши Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиевдин айтуусунда, Ашым Жакыпбеков кыргыздын бир топ адабиятчыларына туура багыт берип, татыктуу таланттарды адабият чөйрөсүнө алып келген мыкты устат катары дагы зор салым кошкон.

- Ашым эң көп окуган билимдүү, эстетикалык табити абдан жогору болчу. Адабиятты түшүнгөн жагынан өтө кыйын эле. Ал редактор болуп "Ала-Тоо" журналында жана башка басылмаларда иштеп жүрдү. Бу адабияттын өсүп, алдыга жылышына редакторго көп нерселер көз каранды болот. Ашым ошол кездеги жаңы жаза баштаган көп жазуучу жаштарга жол көрсөткөн устат дагы болгон.

Бексултан Жакиев курбалдаш калемдеши Ашым Жакыпбеков “Манас” эпосун кара сөз менен жазып, кыргыз адабиятынын казынасына зор мурас калтырып кеткенин дагы кошумчалады.

Ашым Жакыпбеков тууралуу макала чыккан гезит
Ашым Жакыпбеков тууралуу макала чыккан гезит

- “Теңирим Манас” Ашымдын кара сөз менен жазылган “Манас” эпосундагы өзүнүн варианты десек болот. Себеби, ал ылайыктап тууралап, түзөтүүлөр, оңдоолор, алымча-кошумчаларды кылган. “Теңирим Манасты” айтылуу Азамат Алтай англис тилине котортом деп жүрүп, чамасы келбей калды.

Ашым Жакыпбековдун дагы бир калемдеш курдашы Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев болсо улуу сүрөткердин залкарлыгы даанышман жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир нече чыгармаларын кыргыз тилине которуп, аны өзүнүн стилинде кыргызчалатканында экенин баса белгиледи.

- Чындыгында Чыңгызды кыргыз жазуучу кылган Ашым Жакыпбеков. Анткени Чыкемдин бүт чыгармаларын которуп, кыргыз тилинде жазып берди десек болот. Анан менин капа болгонум, өткөндө бир студент “Чыңгыз Айтматовдун стилистикалык өзгөчөлүктөрү” деп дипломдук иш жазып атыптыр. Эми чындап келсе Чыкемжин чыгармаларындагы өзгөчөлүктөр Ашымдын сөзү. Ашымдын өзүнүн стили. Анткени ал ар бир чыгарманын тереңине кирип, нукура кыргыз тилинде жазып берип жүрдү.

Ашым Жакыпбековдун ааламы
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:25 0:00
Түз линк

Ашым Жакыпбеков “Кыргызфильм” киностудиясында редактор болуп иштеп турганда «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Көз кареги», «Айдагы жезкемпир» аттуу көркөм фильмдердин сценарийин жазган. «Өнөр жөнүндө баян», «Каныбек», «Советтик Кыргызстан», «Чыңгыз Айтматов» тасмаларынын редактору болгон. Жакыпбековдун “Издеп жүрөм”, “Аппагым”, "Сагыныч” деген ырларына обон жазылып, азыркыга чейин эл арасында ырдалып жүрөт.

Ал Стефан Цвейгдин новеллаларын, М. Ю. Лермонтовдун “Биздин замандын уулу” жана башка чыгармаларды кыргыз тилине которгон.

Кыргыз адабияты менен маданиятына зор салым кошкон Ашым Жакыпбековдун чыгармачылыгы унутулуп баратканы өтө өкүнүчтүү, дейт Мар Байжиев.

Ашым Жакыпбеков чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кыргызчалаган
Ашым Жакыпбеков чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кыргызчалаган

- Ары-бери чуркап, жулунуп, тиги-буга кирип, көчөнүн атын койдуруп аракет кылса ошондо болот экен. Болбосо өкмөт бири келип, бири кетип атат. Айрыкча маданият менен адабиятка келгенде кызматка ким келип, ким кетип атканын деле билбей калып атабыз.

Ашым Жакыпбек 1935-жылы 12-августта Талас облусунун Шекер айылында жарык дүйнөгө келген. Анын 80 жашка чыкканына байланыштуу Улуттук китепкананын Сейрек кездешүүчү жана баалуу басылмалар бөлүмү 7-августта эки апталык чакан көргөзмө уюштурду.

- Көргөзмөгө Ашым Жакыпбековдун 1961-жылы алгачкы жарыкка чыккан “Жаралуу көгүчкөн” деген китебинен тартып, “Теңирим Манасына” чейинки бардык китептерин койдук. Ошондой эле өзүнүн макалаларын, котормолорун, ага тиешелүү документ, материалдардын баарын койдук.-деди Улуттук китепкананын башкы адиси Нурбек Мамытбаев.

Китепканадагы көргөзмөгө Ашым Жакыпбековдун жакындары, калемдештери, адабият-маданият кызматкерлеринин бири дагы келип катышкан жок. Көргөзмөнүн ачылышынын өтө жупуну болуп калышынын себебин Нурбек Мамытбаев мындайча чемеледи.

- Мурда көргөзмөлөрдү уюштурууда кайсы бир автордун туугандары же башка бирөөлөрү келип, чогуу уюштурчу элек. Мында болсо автор тараптан эч ким болбогондон кийин, эмгек жамааты көргөзмөнү ушул жерге уюштурдук, - деди Нурбек Мамытбаев.

Ал эми улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашева жазуучу Ашым Жакыпбековдун 80 жылдык мааракеси өкмөттүк денгээлде өткөрүлүшү керек деген пикирде.

- Ашым Жакыпбеков патриарх жазуучуларыбыздын, патриарх котормочуларыбыздын дагы бири. Кара сөздүн чебери десек да болот. Ал киши мына август айында 80 жашка толот. Бул көргөзмө биздин китепкананын планында болчу. Өкмөт дагы ойлоп жатса керек. Ал кишинин мааракеси өкмөттүк деңгээлде өтөт деген үмүттөбүз.

Ашым Жакыпбеков Шекерде жана Суулуу-Маймактагы Ак-Чий орто мектебинен билим алып, 1953-жылы Фрунзе шаарындагы №5 мектепке келип окуп, орто билим алып аттестатка ээ болот.

1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, 1961-жылга чейин «Ала-Тоо» адабий журналында, 1961–1964-жылдары Шекер айылындагы орто мектепте орус тили мугалими болуп эмгектенген. 1964-жылы Кыргыз ССР мамлекеттик басма комитетинде редактор-кеңешчи, 1965–1969-жылдары «Мектеп» басмасынын Балдар жана жаштар адабияты редакциясынын башчысы,1969–1972-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясынын башкы редакторунун орунбасары, 1972–1985-жылдары башкы редактору,1987–1993-жылдары «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын башкы редакторунун орунбасары, 1993-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Бириккен улуттар уюму тарабынан кабыл алынган "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын даярдоо, өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын «Манас» мамлекеттик дирекциясында эпостор боюнча башкы адиси катары кыргыз маданиятына эмгек сиңирген.

Анын «Теңири Манас» романы 1994-жылы жарык көрүп, көзү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Жазуучу, киносценарист жана котормочу Ашым Жакыпбеков 59 жаш курагында, тактап айтканда 1994-жылы Бишкек шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG