Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:38

Төрөкул Айтматов: Сталинизм өмүрүн мезгилсиз үзгөн мамлекеттик ишмер


Төрөкул Айтматов (1903-1938) - 1937-жылы декабрда жазыксыз камалып, 1938-жылы 5-ноябрда атылган мамлекеттик ишмер.

Төрөкул Айтматовдун 35 жашында атылып кеткенин жакындары 20 жылдан кийин, сөөгү коюлган жайды 43 жылдан соң гана билишкен. СССРде миллиондогон курмандыктар тууралуу маалымат жашырылып келген. Бейкүнөө өлгөн 137 кишинин сөөгү табылган жерде эгемендик доорунда “Ата-Бейит” эскерүү жайы тургузулду.

Тестиер темир жолчу

Төрөкул Айтматовдун ата-тегинен айтылуу манаптын же чынжырлуу байдын изин табыш кыйын деп айтылчу. Кыргыздын сол канатына кирген кытай уруусунун ичиндеги Шекер уругунан тараган, өз мээнети менен турмуш кечирип, итке минген кедей да эмес, малы тоого батпаган чириген бай да эмес, бирок жашоо-турмушуна тың, эл арасында кадыры бийик адамдардан болушкан экен. Ата-жотосу ким экендигин, жети атасын билүү парздыгын кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматовдун да атайын эскерген жайы бар.

(Айтмакчы, 2013-жылы профессор Роза Айтматова жарыялаган "Тарыхтын актай барактары" аттуу даректүү китепте Айтматтын атасы Кимбилди Кончужок уулу өз заманындагы бай киши болгону ачыкталды).

Улуу жазуучуунун чоң атасы Айтмат жетим калып, Биринчи дүйнөлүк согуш алдындагы каатчылык заманда тикмечилик өнөрү менен алектенген жана эл арасына таанылып, “Айтмат машинечи” катары белгилүү болгон. Кийин тигүү аспабын кызына өткөрүп берип, агасы Биримкул экөө Шекерге тегирмен салып, шекерликтер менен жакынкы айылдардагы элдин буудайын тартып берип, иш жакшы жүрүшүп турган чагында, кайсы бир караниеттердин айынан тегирмени өрттөнүп кетет. Айтмат он жашар баласын ээрчитип алып, Маймак темир жол бекетинин жанындагы Тешкен-Тоо курулушуна жумушчу болуп кетет. Бул эми 1913-жылдагы окуя.

Айтматтын бир тууган агасы Биримкулдун эки аялынан үч баласы – Алымкул, Өзүбек жана Керимбек, ал эми Айтмат менен Айымкандан беш бала – Айымкүл, Төрөкул, Карагыз, Гүлайым жана Рыскулбек.

Төрөкул Айтматов жары Нагима Хамза кызы менен. Каракол. 1926.
Төрөкул Айтматов жары Нагима Хамза кызы менен. Каракол. 1926.

(Ал эми Төрөкул менен жубайы Нагима Хамза кызынан беш бала - Чыңгыз, Илгиз, Люция жана Роза. Алардын Люция менен эгиз төрөлгөн Рева деген уулу бир жашка жетпей чарчап калган).

Төрөкул курулушта атасына жардамдашып жүрүп, эки жылдан кийин темир жолчулардын каты менен Олуя-Атадагы орус-тузем мектебине жолдомо алат. Талаа-түзгө уулун жалгыз жөнөтүүну каалабаган Айтмат шаардагы мектепке эмгек сабагынан үйрөтчү мугалим болуп ишке кирет. Айылга барып үй-бүлөсүн шаарга көчүрүп келет. Ошентип социалисттик Кыргызстанды куруунун башында турган мамлекеттик жана саясий ишмер Төрөкул каргадай кезинен орус мектебинен окуп, эртелеп билим алууга жетишет.

Төрөкул Айтматовдун кыска өмүр баянына баам таштаган киши анын жооптуу кызматтарда кыска убакыт иштегени, кызматтык тепкичи Кыргызстандын бир топ жерлеринде – Караколдо, Жалал-Абатта, Араван-Буурада улантылганын, Бишкек (Пишпек, Фрунзе), Москва, Ташкент шаарларында өткөнүн байкабай койбойт.

Жаңыдан таканчык алып жаткан советтик бюрократия улуттук кадрларды кыска убакытка жер-жерлерге жооптуу кызматтарга дайындап, аны менен эле тим болбой, алардын артына коопсуздук кызматынын адамдарын аңдытып койгондугу менен айырмаланган. Мурдагы падышалык оторчул бийлик тушунда жергиликтүү элдин арасынан иш кагаздарын жүргүзүүгө азыноолок өкүлдөрүн алса, коммунисттик бийлик тушунда улуттук кадрлардын ишин тескеп, багыттап турууга чоң борбордон келген өкүлдөр коюлган.

Төрөкул Айтматовдун Караколдо кандай иштегенин, кимдер менен кандай мамиледе болгонун, кайсы топко кошулганын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ("чекисттер") тийиштүү жерлерге жеткирип турушканы кийин ачыкка чыкты.

Түштүктөгү жер реформасы

Төрөкул Айтматовдун Жалал-Абат менен Араван-Буура районундагы кызматы Кыргызстандын түштүгүндө жер реформасын жургүзүүгө багытталган болчу. Мурдагы ири жер ээлеринен, орус бийлиги тушунда жергиликтүү элдин сугат жерлерин тартып алган келгиндердин жерин дыйкандарга бөлүп берүү, большевиктер бийликке келип атканда убада кылган “жер – дыйкандарга” убадасы Кыргызстандын түштүгүндө 1920-жылдардын аягында, 1930-жылдардын башында ишке ашырылган.

Атасынын ошол кездеги ишин алты жашка чыгып калган Чыңгыз кийинки эскерүүлөрүнүн биринде минтип эскерген:

“Менин бала кезимде эсимде калган атамдын элеси - узун бойлуу, ичке, капкара чачтары артка таралып, гимнастеркачан, галифе шым, анан кончу бийик булгаары өтүкчөн эле. Кош дөңгөлөк жумшак араба, алдында арабакеч, артындагы отургучта атам отурчу.

Ал кездеги Фергана өрөөнүндөгү кызматтагы адамдар турчу үйлөрүбүз бийик коргондор менен курчалып турчу.

Бул жердин өзүнчө эрежелери болор эле. Баары бир маале болуп ынтымакта турушчу. Бардык маселени, той болобу же кимдир биөөнү а дүйнөгө узатабы, мунун баарын мааленин эң улуусу, аялыбы эркегиби, ушулар чеччү. Мааледегилер чогуу киришчү. Бул салт Кыргызстандын түштүгүндө, анан да Өзбекстанда азыр да сакталууда.

1934-жылы мен алтыга чыгып калгамын. Атам Төрөкул Айтматов өз мезгилиндеги таанымал адам болчу. Ал көп окуган билимдүү, Жамбулда орус мектебин бүткөн эле. 30 жашка чыга элек кезинде жооптуу кызматтарда иштеп калган. Революциянын жеңиштери турмушка кире баштаган. Айыл чарбасын коллективдештирүү деген албан иш турган. Көпчүлүккө колхоздоштурууну колдошчу. Мурда калыптанып, тамырлап кеткен тартиптерди жоюу керек эле. Бардык күчтү бир жерге топтоп, кедейликтен чыгуунун аргасы жасалып жаткан.

Фергана өрөөнүнүн бир ныптасындагы Кыргызстандын түштүгүндөгү Араван районунда атам күн сайын тынбаган мээнетти талап кылган, түйшүгү түмөн пахтачылардын камы менен жүрчү. Күн-түн тынбай, кайсы бир пахтакерге техника жагынан, башка бирөөсүнө сугатка суунун бөлүшүн текшерип, башка бирөөнө иштөөсүнө шарт түзүп берем деп эле чапкылап жүрчү. Атамын жанынан киши үзүлчү эмес.

Мамочка, курсак ачты

Менин балалыгым ачарчылык мезгилге туш келип калды. Кайыр сурагандар аябай көп эле.

Биздин үйгө жашы он-он бирлерге келип калган бир жетим бала көп келчү. Ал бул үйдөн сөзсүз бирдеме берет деп келчү. Билген орусча-кыргызча сөздөрдү аралаштырып, колун сунуп турчу: “Мамочка, мамочка, курсагым курулдап калды – эчтеке жей элекмин! Нан берип коюң...”

Ыйламсыраган ушул үндү уккандан кийин апам мага сындырым нан же жей турган бирдеме берип, "балага берип кой" деп жөнөтчү. Ал бала биздикине көп келчү, кээде аны менен биздин үйдүн жанында же бакта чогуу ойночубуз.

Ал баланы атам да байкап калган окшойт, бир жолу “Ким бул?” деп сурады. Атам мага теңге берип "ушул балага берип кой" деди. Анын кандай акча экенин билбейм, бирок бала аны алганда аябай кубанганы эсимде.

Ушу азыр да сүзүлгөн кендир баштыкты мойнуна илген ошол бала эсиме түшө берет, ичинде жей турган бирдемелери болсо керек. Ошол баштыкты майрыйган консерва банкасы да болор эле. Аны биз эки чопо тактайчанын ортосуна коюп, кара дарыдан салып, тарсылдагын көрөбүз деп от койгон да болчубуз. Ал банкага тигил бала тамак бышырчу.

Бир жолу атам мени Ферганадагы эң ири шаарлардын бири Анжыянга иш боюнча баратканда өзүнө кошуп алды. Жолдо баратып токтоп эле жаттык. Адамдар келип учурашып, атам менен өздөрүнчө бир иштерди сүйлөшүп жатышты. Бул кез адамды аптыктырчу укмуш кез болчу.

Атама мына ошол кездеги эң бийик идеяларды ишке ашыруунун жооптуу иши тапшырылган болчу.

Көп өтпөй атамы Москвага чакырышты. Биз көпкө чейин атамы көрбөй, кайрадан Фрунзеге көчүп келдик. Атам Москвада Кызыл профессура институтунда, советтик бардык республикалардан келип марксизм-ленинизм философиясынын негиздерин окуган өкүлдөр менен чогуу окуп калды. Бир жарым жыл биз Бишкекте, атам Москвада жашап калдык. Анда биз үчөөбүз болчубуз, мен, карындашым, анан иним. Анан бир күнү эле апам биздин баарыбызды алып, Москвага атама жөнөп калдык. Ал күн менин азыр да эсимде.

Биздин туугандарыбыз Москвага чейинки узун жолго жетерлик азык-түлүктү аябай беришкен экен. Москвага чейинки беш күндө поюз токтогондо чайнек чай же ичкенге суу алып гана жүрүп отурдук. Колго эмне тийсе, ошону менен оронуп, поюзда кетип баратабыз. Бул жолку поюздагы жүрүшүбүз мен үчүн аябай кызыктуу болду.

Биз биринчи ирет Москвага, ал жердеги атабызга бараттык!

Ал жерде биз жашайбыз деп, ал жерде биз окуйбуз деп бараттык!

Деңиз жээгинен алыстаган поюз жол

Атам жатаканадан бир бөлмө алгандан кийин бизди өзүнө чакырган экен. Жолдо бараткандагы эсимде бекем сакталып калганы Арал деңизи болду, аяк-башы көрүнбөгөн чөлдө чалкып жаткан көпкөк деңиз, толкундары темир жолго жете шарпылдап турган экен.

Мындай кереметти күндүз көрбөдүмбү!

Поюз киичине жүрүп эле токтойт, токтор замат азыноолок сыртка чыгабыз. Апам болсо бизди жоготуп аламбы деп коркот. Биз айнектен кетпей сыртка көк деңизге тигилебиз. Поюздун жанында тамак-аштарын, ышталган балктарын көтөрүп казак аялдар жүрүшөт. Аяк-башы билинбей чалкып жаткан деңиз бизди аябай толкундатты. Өкүнүчкө азыр ошол поюз жол менен өтүп баратып баягы чалкып жаткан Арал деңизин көрбөйсүң! Алыста чоң деңизден калган көлчөнү гана көрөсүң. Азыркы күндүн өзгөчө маанилүү проблемасы – Арал деңизин баштагы калыбына келтирүү, табият аны мурда кандай жаратса ошондой деңгээлине жеткирүү маселеси турат.

Арал деңизинен кийин эле мелмилдеген Волга дарыясы башталат, андан ары Орусия, түгөнбөгөн токойлор, чексиз талаалар, баары жапжашыл.

Биз адамдары толтура ары-бери шашылган Москванын Казан вокзалына келдик. Атам бизди күтүп туруптур...

Кыйла нерселер эстен чыгып кетти, менин эсимен Воровский көчөсүндө турганыбыз чыкпай калыптыр, ал жердеги № 25-үйдө кийин Жазуучулар союзу турбадыбы. Бала кезимде бул көчө менен көп өттүм, кийин болсо ал жер менин иш боюнча келер жайым болуп калды. Ал үйдүн маңдайында айтылуу “Киноактерлор үйү” турчу. Жадыман эле чыгып кетпесе, ошол үйдө 1936-жылы болгом. Максим Горький каза болгондо, атам мени ушул үйгө пролетардын улуу жазуучусу менен коштошууга алып келген. Бул көчөдө Жогорку сот, элчиликтер, банктар жайгашкан болчу.

Москвада мен кайрадан орусча мектепке бара баштадым. Москвага биз 1935-жылдын жазында келип, 1937-жылдын августунун аягына чейин жашадык.

Атам бизди окуганга, жазганга үйрөткөнү алигече эсимде.

Биздин беш кишиден турган үй-бүлөбүз коммуналканын чоң бир бөлмөсүндө турчубуз. Тар болчу. Бирок үйдүн өзү бийик, коридорлору кенен эле.

Москвадагы турмушубуз башталды.

Атам экөөбүздүн “Киноактерлор үйүндө” “Соловей-Соловушка” киносун көргөнүбүз эсимде калыптыр. Кино аябай кайгылуу экен, андагы башкы каарманды аяп, залды башыма кийип шолоктоп ыйлап кирдим. Атам эмне кыларын билбей калды. Ал эми кучактап, чачыман сылап, мени сооротуштун амалын кылып атты.

“Карачы, канча киши отурат. Алардын көзүнчө бышактап ыйлап отуруш жакшы эмес...”

Кинону биз аягына чейин көрдүк, ыйлап атып көзү кызарган мени үйгө ээрчитип келди. Бизди карап калган апамын жанынан келип: “Баланын мынчалык боорукер болгону жакшы эмес. Баары эле кинодогу кызды аяп жатышты, залда өңгүрөп ыйлаган менин уулум эле болду, залды таң калтырды!” Мени кичине уяткарып, башыман сылап тим болушту.

Ошондой эле окуя 1936-жылы жайында болду.

Жайында москвалыктар дачаларга кетишет. Шаар четиндеги ошондой дачага, Парфеновкага биз да бардык. Ал жерге Ленинград вокзалынан жөнөдүк.

Жергиликтүүлөрдөн эки бөлмө алып жашап калдык. Үй ээлери биздин мандайыбыздагы эки бөлмөдө турушчу. Биз дагы көбөйүп, эң кичинекей карындашым Роза төрөлгөн. Роза төрт айлык, аны көтөрөбүз. Мен үчүн жыргал кез ошол болчу. Кыштактагы балдар менен ойнойм, кээде мушташабыз, дарыяга барып сууга чөмүлөбүз. Анан да бул жерден жаңы саалган сүттү сатып алчубуз, баарыбыздын жакшы көргөнбүбүз ошол сүт. Козу карын термей. Ошол кездеги айыл турмушуна аралашып кеттик. Бир ай Парфеновкадагы мектепте да окуп калдым.

Менин ата-энем укмуш кишилер эле, алар кызыкпаган нерсе жок болчу, баарына жетишсек деп турушчу. Алыстан келишкени менен эч чоочуркабай москвалыктардын турмушуна аралашып кетишти. Москва аларга көп нерселерди берди жана да эң кымбат нерсесин алып койду.

Атам поюзду жандай чуркады

1937-жылы репресссиялар башталды. Августта биз шаарга кайтып келдик, ал жерде дагы деле тура берсек болмок. Атам апааты алдын ала туйган белем, бизди Кыргызстанга тезирээк кетирүүнүн камын көрдү. Ал бизди тагдырдын арасатжолуна таштап салгысы келбеди. Анткен менен Фрунзеге да келе албайт болчубуз, ал жерде да массалык репрессиялар жүруп жаткан. Биз эми кайда барабыз? Жалгыз үмүт Маймакта калды, ал жерден биздин айыл Шекерге анча деле алыс эмес, бул станциянын жанындагы тешкен тоону менин чон атам менен атам казууга катышкан. Мына ушул тешкен тоодон менин атамын эмгек жолу башталган, анан окуу, билимдин аркасында ал бийик кызмат тепкичтерине көтөрүлүп, бирок ал жашоосунун акысына опсуз чоң баасын төлөп берди.

Эмнеликтен ал биз менен кетпей койгонун мен ал кезде түшүнгөн эмесмин. Бирок да атам менен апамы карап кандайдыр бир апаат, коркунучтуу кырсык тооруп калганын сездим. Атамын ошондогу акылы – кандай да болсо бизди эптеп иниси Рыскулбекке жөнөтүү, о Жараткан өзүн жар болгур, туура болгон экен.

1937-жылы августтун аягында керектүу буюм-тайымдарыбызды алып, сатканын сатып, апамын колунда алты айлык Розаны көтөрүп, биз кайрадан улуу жолго чыктык. Атам бизди Казан вокзалына алып келди. Вагондон биздин ордубузду таап, отургузды. Апам коз жашын тыялбай бышактап, атам болсо эрдин кесе тиштеп өзүн-өзу бекем карманып катуу турду. Биздин отургузгандан кийин поюздан түшүп кетиши керек эле, бирок чыкпай отурат. Вагондо ары-бери каттаган, вокзалда поюз жөнөр алдында шашкан адамдар... Акыры поюз жылды, атам аны жандап, бизди дагы бир жакшылап карап алайын деп поюзду коштоп чуркады .. биз менен коштошуп колун булгалап кала берди. Мен үстүңкү полкада жаткам, ошондо атамы биз эми эч качан көрбой каларыбыз эсиме кылт дей түштү.

Мен караңгы киргенче ыйладым. Апам менин эмне ойлоп жатканымы сезип эле турду. Ал бир туруп кайра отуруп, оор үшкүрүп, анан кайра эле мени карап, кантип сооротушту билбей турду. Ал мени сылап, акырын шыбурады: “Бул вагондо жалан эле биз эмеспиз, айланайын...”

Атам менен биз ошентип түбөлүк коштоштук!

1937-жылдын биринчи сентябрында биз Маймакка келдик, Бизди туугандарыбыз күтуп турушкан экен. Алар бизди арабага салып Шекерге алып кетишти, өмүр бою сагынтчу тууган жерге келдик. Жашоо-турмуш ошол жерде уланды...” - деп жазган Чыңгыз Айтматов балалык кезин эскерүүлөрүндө.

Төрөкул Айтматов он жашка чыгып-чыкпай кара жумушка бышыгып, эртелеп эрезеге жетсе, ошол эле түйшүк анын тун уулу Чыңгыздын да башына туш келип, каргадай кезинен катаал турмушка аралашкан.

Белгилүү коомдук-саясий ишмердин үй-бүлөсү 1938-жылдан тарта “эл душманынын” үй-бүлөсү, аялы, бала-чакасы катары кодуланып, опсуз кыйынчылыкка кептелишкен. Төрөкул Айтматов камалып, атылып, дайынсыз кеткенден кийин артынан бир тууган иниси Рыскулбекти да камакка алышып, ал ГУЛАГда каза таап, аёо билбес системанын ыдыгын Айтматовдор аябай эле тартышкан.

Жыйырма жыл жашырылган өлүм

Төрөкул Айтматов бийликтин күндөн-күнгө күч алып бараткан өлүм кылычы жакындап калганын сезип, айланасында болуп жаткан зордук-зомбулуктар убактылуу экенин айтып, өмүрүнүн акырына чейин акыйкаттан үмүт үзбөй жашаган. Кийин Фрунзедеги түрмөдөн аман чыкпасына көзү жеткенден кийин жердеши Теңирберди Алапаевге аманатын тапшырган. Ал эми анын үй-бүлөсү тарткан азап-тозоктор, атасын күткөн балдары менен төрт баланын түйшүгүн мойнуна алган Нагима Айтматованын эрдикке тете иши өзүнчө узун сөз.

“Атам мындан 53 жыл илгери атылган экен, мен азыр 54 жашка келдим. Ортодон канча мезгил өттү. Эмнеге өткөндү эстеп өзөлөнүп жатам? Арманымды кимге айтам? Эгер ал азыр өлсө, же анын курман болгонун ошондо, 1938-жылы айтышса, мүмкүн бул кайгыны көтөрүү жеңилирээк өтөр беле. Бизди канча жылдар алдап келишти. Атамды канча жыл күттүк. Канча азаптарды тарттык. Атам мына келет, азыр келет деп куру кыялга канча алдандык. Аларды кантип көмүшкөн – ушундай да мыкаачылык болорбу?!” - деп жазат “Тарыхтын ак тактары” деген эскерүү китебинде Төрөкул Айтматовдун кызы Роза Айтматова.

Төрөкул Айтматовду кандай кыйноолор менен суракка алышканын Кыргыз ССР КГБсынын төрагасы Жумабек Асанкуловдун кабинетинде кызы Роза Айтматовага көрсөтүшкөн.

“1991-жылы мен аны Кыргызстандын КГБсынын жетекчиси Ж. Асанкуловдун кабинетинде көрүп окуп чыктым. Протокол машинкага басылган, ар бир барагы Төрөкул Айтматовдун алсыз колу менен сыя калем менен ырасталган. Мындагы коюлган колдор башка документтердеги коюлган колдордон кадимкидей айырмаланып турат. Мунун баары, кыязы, таасир этүүнүн атайын чараларын колдонгондон кийин болсо керек, суракка алган кишини эси оогончо уруп-токмоктоп, анан тергөөчү протоколдун кайсы жерине кол кой десе, ошол жерге мажбур кол койдуртчу. Протоколду окуп атканда сурак берип аткан баарын айласыз моюнга алышын чындыкка дегеле коошпогон жоопторунан улам байкоого болот. Мунун баары тергөөчү тарабынан алдын-ала программага салынган схемага дал келет.

Соттук отурум бүтту деп жарыяланат. Акыркы сөзүндө айыпталуучу адилет өкүм чыгарылышын сурайт. Сот кеңешүүчү залга кетет.

Түнкү саат 23төн 25 мүнөт өткөндө өкүм угузулат: "Төрөкул Айтматов жазанын эң жогорку түрүнө – жеке өзүнө таандык мүлкү тартылып алынуу менен атылсын!" Соттук отурум бүттү.

Сотторго болгону “эл душманын” атууга өкүм чыгаруу үчүн 20 мүнөт гана талап кылынган. Бир сутканын аягына чейин 35 мүнөт калган. Бул убакыт өкүмдү ишке ашырууга толук жетет. Архивдик материалдарда “Төрөкул Айтматовду атуу боюнча өкүмдү ишке ашыруу Фрунзе шаарында 5.ХI.1938-жылы өткөнү жазылган справка да бар”, - деп жазат профессор Роза Айтматова эскерүү китебинде.

Нагима Айтматованын кайрылууларына “анын күйөөсү туура соттолуп, алыскы лагерге кат жазуу укугу жок” кесилип кеткени" тууралуу жооп каттар келип турчу.

“Күтүү менен коркуу аралашкан бул он жыл да өттү, - деп жазат Роза Айтматова жогорудагы эскерүү китебинде. - Атам эми бошонуп келиши керек эле. Биз күтүп аттык, көчөдөн өткөн бирөө бурулуп калабы, эшикти кача тыкылдатат деп, күн-түн тынбай күтүп калдык. Бирок эч кабар жок.

Дагы он жыл өттү... Апам Төрөкул тирүү, ал келет деп ишенип, аны издөөсүн токтоткон жок. Атамын дайнын билүүгө эми эрезеге жетип калган Чыңгыз да кирише баштады.

1956-жылы Нагима Айтматова Кыргыз ССРинин прокуроруна Төрөкул Айтматовдун тагдырын билип берүү өтүнүчү менен кайрылат. Ага иш териштирилип жатканын билдиришет. Ошондо Чыңгыз СССР прокуратурасына кат менен кайрылат.

Арыз

20 жылдан бери атамынан тагдыры тууралуу бир да кабар алалбай келатабыз, анын тирүү же өлүү экенин, качан соттолгонун, кимдер тарабынан соттолгонун, чын эле Мекен алдында айыптуубу же айыптуу эмеспи билбейбиз. Бул суроолордун бизде пайда болушуна ушунча жылдар биз болуп өткөн окуяларды кайгыруу менен кабылдап, көңүлүбүздүн тереңинде атабыздын совет бийлигинин алдында атабыздын күнөөсү жоктугуна ишенбей, совет бийлигинин Орто Азияда орнотулушу жана бекемделиши үчүн оор жылдарда жанын аябай күрөшкөнүн билебиз... Менин билишимде, атам ВКП (б) Кыргыз обкомунун катчысы, башка жооптуу партиялык жана мамлекеттик кызматтарда ак жана таза иштеген. Кийинки мезгилде ал Москвада Марксизим-ленинизм институтунда окуган, жыйынтыктоочу курсту бүтүрүп жаткан. Эми партия 1937-жылкы окуяларды калыс кароого киришкен чакта атамдын тагдыры эмне болгону тууралуу билгибиз келет. Мындан жеке эле анын эмес, биздин үй-бүлөнүн тагдыры чечилгени турат. Мисалы, ушул себеп менен мени аспирантурага кабыл албай коюшту, ага өтүшкө менде толук шарттар бар болчу. Ушундай эле иш менин Москвадагы Геология чалгындоо институтун бүтүргөн иниме да туш келди. 1954-жылы орто мектепти аяктаган карындашымды борбордук вуздарга өтүүчү мыкты жыйынтыктарына карабастан, Москвадагы жогорку окуу жайына албай коюшту.

Жыйынтыгында кеп мында деле эмес, мүмкүн бул майда нерседир, айтпай деле койсом болмоктур, бирок да бизге акыйкаттыктын орнотулушу зарыл, атамдын, биздин эл алдындагы жүзүбүз жарык болуп, адилдик орнотулушун каалайбыз”, деп жазган Чыңгыз Айтматов.

Эчен жылдык азап-тозок, күтүү менен канчалаган уйкусуз түндөр, кат менен кайрылууларга 20 жылдан кийин жооп келип, коопсуздук кызматы Төрөкул Айтматовду 1938-жылы атып жок кылышканын, партиялыгы калыбына келтирилип, кылмыш иши кыскартылганын ырастаган жооп беришкен.

Ушундан эки жылдан кийин 1959-жылы Таласта Керимбек акенин үйүндө Алымкул Төрөкул, Өзүбек жана Рыскулбектин арьбагына арналып ашы берилип жакындары бийлик тарабынан жаш кезинде жок кылынган азаматтарын эскеришти.

Социализм тарыхый тактыдан кулап түшпөсө Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдырахман, Баялы Исакеев сындуу кыргыз интеллигенциясынын алгачкы каймактарынын сөөгу кайсы жерге жашырылганы ачык айтылбай, совет бийлигинин оз элине карата жасаган кандуу кылмышынын изи жашыруун калышы мүмкүн эле.

1991-жылы Бүбүйра Кыдыралиеванын айтуусу менен кылымдагы кыңыр иштердин биринин изи ачылып, сталиндик жазалоочу машиненин айынан жазыксыз набыт кеткен 137 азаматтын жашыруун көмүлгөн жери табылды. Төрөкул Айтматовду жүрөккө атышканы 53 жылдан кийин ачыкка чыкты.

Табылган сөөктөрдүн арасындагы Абдрай Абдырахмановдун, Жусуп Абдырахмановдун, Төрөкул Айтматовдун, Юсуп Булатовдун чөнтөктөрүнөн айыптоо бүтүмү чыккан. Бул Бишкектин түрмөсүндө жаткан 137 адамга “экилик”, “үчилтик”, “атайын бригада” тарабынан 1938-жылы 5-ноябрдан 8-ноябрга карата гана чыгарылган өкүмдөн кийин атылгандардын сөөгү.

Ал эми кайсы жерде көмүлгөнү дайынсыз канча азаматтардын сөөгү кайда экенин жакындары ушу кезге чейин билишпей келатканы канча!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG