Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

АСМАНДЫ АЗА БУЛУТУ БАСЫП ТУРАТ


Аманбек Жапаров, Бишкек Замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу өлкө башчысынын жарлыгы менен 14-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жарлыкка ылайык улуу жазуучунун сөөгүн жерге коюуну уюштуруу боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Айтматовдун сөөгү ишембиде “Ата бейит” мемориалдык музей комплексинде коюла турган болду. Топурак салууга чет өлкөлөрдөн дагы мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин келүүсү күтүлүүдө.

Кыргыз элинин бактысына жаралган улуу жазуучу, даанышман ойчул, көөнөрбөс чыгармалары аркылуу алакандай кыргызды ааламга тааныткан залкар калемгер, түрктөрдүн кеменгери даражасына жеткен Төрөкул уулу Чыңгыз Айтмат тегин 80 жашка мына толоор маалында Германиянын Нюрнберг ооруканасында 10-июнь күнү кечке маал кеселдин кесепетинен келбес сапарга узады.

Жазуучунун сөөгү бейшембиде (12-июнда) кечинде мекенине алып келинет. Учурда Айтматовдун сөөгүн жерге коюуну уюштуруу боюнча мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу башында турган мамлекеттик комиссия аза күтүү зыйнатына даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу уюштуруу комиссиясынын мүчөсү маданият министри Султан Раев буларга токтолду.

- Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен 2008-жылдын 14-июнь күнү жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул күнү мамлекеттик мекеме-ишканалардагы туулар ылдый түшүрүлөт. Маданий мекемелерде жана теле-радио компанияларында аза күтүү күнүндө ою-зоок программалары, иш чаралар жана берүүлөр алып салынат. Учурда уюштуруу комиссиясы жазуучунун сөөгүн жерге жашыруу жана аза күтүү зыйнатын өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө,
-деди Султан Раев.

Уюштуруу комиссиясынан алынган маалыматка караганда Чыңгыз Айтматов жашаган үйдүн жанында он боз үй тигилип, «Ата бейит» мемиоралдык комплексиндеги атасы Төрөкулдун бейитинин жанында жайы казылат.

Улуттук телерадиокорпорациясынан улуу жазуучунун замандаштары эскерүүлөрдү уюштуруп, анын чыгармалары, даректүү тасмалар көрсөтүлүп турат. Аза күтүү зыйнатына Казакстан, Өзбекстан, Татарстандын мамлекет башчылары, Орусия, Кытай, Түркия жана башка мамлекеттерден да өкүлдөр келүүсү күтүлүүдө.

Белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Казат Акматов замандын залкары Чыңгыз Айтматовдун аза күтүү зыйнатын эл аралык нормаларды эске алып, обу жок шаан шөөкөткө айландырбоо керек деп эсептейт.

- Дүйнөдөн өткөн адамды акыркы сапарга узатуунун өзүнүн калыптанып калган миңдеген жылдардан берки келаткан рамиси бар. Мына ошого жаңы нерселерди кошуп, аны кандайдыр бир шаан-шөкөткө айландыруунун кажети жок деп ойлойм. Азыр мамлекеттик комиссиясынын уюштуруу иштери туура эле жүрүп жатат. Тамак ашты берүүдө эл аралык нормаларды да эстен чыгарбай, өтө эле чыгаша кылуунун кажети жок,-деди Казат Акматов

Дүйнөлүк атак даңкы бар алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу алгачкылардан болуп көңүл айтып телеграмма жибергендердин алды Орусиянын президенти Дмитирий Медведев, өкмөт башчысы Владимир Путин жана Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев болду.

Аскар Акаев маркум Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтышына байланыштуу көңүл айтуусун жолдоо менен Кыргызстандын тарыхында анын Манастай эле улуттук баатырга тең келчү ысымга айланганын белгилеген.

Ошондой эле кыргыз бийлиги дагы жазуучунун үйбүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айткан. Саясий партиялардан «Ата мекен» партиясы жазуучунун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканын кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу катары баалады.

Ал эми орус президенти Дмитрий Медведев Бүткүл дүйнөлүк орус маалымат каражаттарынын X конгрессинде ЮНЕСКОнун жетекчиси Коитиро Мацура баш болгон алты жүзгө чукул катышуучусу менен бир минутталык аза күтүү зыйнатын өткөргөнүн айрым басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Президенттин жардыгына ылайык Чыңгыз Айтматовдун мезилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жарандык коштошуу зыйнаты Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында 14-июнда эртең мененки саат тогузда өткөрүлөт. Анын сөөгүн жерге коюу азасы Улуттук теле радиокорпорациясынан түз көрсөтүлөт.
XS
SM
MD
LG