Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:04

1937-38: Украинада Кыргыз улуттук көтөрүлүшчүл кыймылын "түзгөндөр"


Херсон жергесинде жүрүп, экинчи жолу жазыксыз жазаланган кыргыздар.

Украинага "бай-манап" же "кулак" катары айдалган кыргызстандыктар 1937-38-жылдарда жазалоонун жаңы эпкинине кабылышкан. Амирбек Азам уулу даректүү маалыматты сунуштайт. .

1938-жылдын 9-октябрында 61 кишини атуу жөнүндө СССРдин Ички иштер боюнча элдик комиссариатынын (НКВД) Николаев облустук үчилтигинин ("тройкасынын") өкүмү чыккан.

Алардын ичинде "контрреволюциячыл кыргыз улуттук көтөрүлүшчүл кыймылын түзгөн" деп айыпталган 12 кыргызстандык да бар эле.

1937-1938-жылдары СССРде жүргүзүлгөн “Чоң террор” маалында 800 000 ашуун киши жок кылынганы бүгүн жалпы таанылган факт.

Бул - былтыр төбөлсүздүгүнүн он жылдыгын белгилеген Черногориянын калкынын санына алда канча көп эл.

Иосиф Сталин башындагы коммунисттик бийликке мынча элди жалаң ойдон чыгарылган иштердин негизинде сотсуз, тергөөсүз ажалга айдоонун эмне зарылдыгы бар эле?

Бул “Чоң террор” бүгүнкү кыргызстандыктар үчүн өткөн тарых. Бирок анын жаңырыгы кыргызстандык кээ бир үй-бүлөлөрдө алиге өчө элек.

Садыров Ибрагимбек, сабаттуу, кесиби - ат багар, 47 жашта.

Худайбергенов Ахмат, багбан, 62 жашта.

Балтобаев Мырзахмат, чаласабат, чайханачы, (аялы бар), 37 жашта.

Атамбаев Мамбет, чаласабат, (аялы бар), 63 жашта.

Асанов Иса, чаласабат, (аялы бар), 59 жашта.

Байзаков Шабданалы, сабаттуу, (аялы бар), 63 жашта.

Суранов Кыштообай, артелдин жумушчусу, (аялы бар), 42 жашта.

Умурзаков Баялы, артелдин жумушчусу, (аялы бар), 35 жашта.

Болотов Султаналы, сабаттуу, (аялы бар), 45 жашта.

Беденбаев Абдула, артелдин кампасында иштейт, (аялы бар), 38 жашта.

Бадягин Семён, чаласабат, артелде жумушчу, (аялы бар), 38 жашта.

Исаков Абдусамат, чаласабат, артелде жумушчу, (аялы бар), 55 жашта.

Худайбергенов Ахметке коюлган айып. Херсон облустук архиви. Украина.
Худайбергенов Ахметке коюлган айып. Херсон облустук архиви. Украина.

Бул букаралардын баары ал кездеги Кыргыз ССРинен Украинага айдалып келгендер.

Алардан тышкары өзбек, казак, түркмөндөр болуп, 1938-жылдын 9-октябрында 61 кишини атуу жөнүндө СССРдин Ички иштер министрлигинин Николаев облустук үчилтигинин (тройкасынын) өкүмү чыккан.

Катаал өкүм кынтыксыз аткарылган. Дагы беш киши 10 жылга эмгек түзөтүү лагерине кесилген. Бардык 66 кишини июль айында НКВДнын Скадовск райондук бөлүмү “антисоветтик ишмердик кылган” деп камакка алган болчу.

НКВДнын үчилтиги “мурдагы кулактарды, кылмышкерлерди жана башка антисоветтик элементтерди репрессиялоо боюнча операцияны” жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн ыкчам тартипте иштөөчү сталинистик орган.

Тройканын төрагасы - облустук НКВДнын башчысы, мүчөлөрү - облпрокурор менен ВКП(б)нын облустук комитетинин биринчи катчысы болгон. Бул кызыл жапырык 1937-жылы 5-августта союздук масштабда башталат.

Ал эми беш күндөн соң (10-августта) Кыргыз, Тажик, Түркмөн, Өзбек ССРинде уланат. Сталин башындагы Саясий Бюро бекиткен планга ылайык, антисоветтик элементтердин көзүн тазалоо төрт айлык мөөнөттө аякташы керек болчу.

"Айыптуулар" эки категорияга бөлүнгөн. Биринчи топтогулар атууга кетсе, экинчи топтогулар 8 жылдан 10 жылга чейин соттолгон.

Исабеков Абдусаматка коюлган айып. Херсон обл.архиви. Украина
Исабеков Абдусаматка коюлган айып. Херсон обл.архиви. Украина

Совет өкмөтү өз букараларына каршы террорду баштап, бул өнөктүктө мансабын чоңойтууну көздөгөн чекисттерге канкорлук жасап алдыга озунуу үчүн чексиз вазийпа берген. Өзгөчө вазийпа деген саясий макам аларга мыйзамдуулукка көңүл бурбай, кандай гана жолдор менен болбосун улуу көсөм Сталиндин тапшырмасын аткарууга түрткөн.

Ошон үчүн жапон чалгындоо кызматынын "тыңчылары", контрреволюциячыл кыргыз улуттук көтөрүлүшчүл кыймылы, контрреволюциячыл өзбек улуттук көтөрүлүшчүл кыймылы деген сыяктуу уюмдар жана кылмыш түрлөрү ойлоп табылган.

НКВДнын тергөөчүлөрү шантаж, уруп-сабоолорду, коркутуп-үркүтүүлөрдү, жалган жалааны колдонуп жатып, тузагына илинген кишини каалагандай сүйлөтүп алган.

Мисал үчүн, Худайбергенов Ахматтын 1938-жылдын 10-сентябрында НКВДнын Скадовск райондук бөлүмүнүн тергөөчүсү Саксогонскийге берген сурагына назар салалы:

Саксагонский:

Сиздин совет бийлиги кезинде контрреволюциячыл ишмердигиңиз үчүн абакка отуруп чыкканыңыз бизге маалым. Сиз эмне үчүн камалганыңызды айтып бериңизчи?

Худайбергенов:

Мен биринчи жолу 1926-жылы Кыргызстанда бийлик укугумду ашыкча колдонгонум үчүн соттолгом. Мал чарба кооперативдер бирикмесинин төрагасы болуп жүрүп, жети жылга эркимден ажыратылып, үч жыл түрмөдө отуруп чыккам. Экинчи жолу 1933-жылы Хорлов районунда антисоветтик ишмердигим үчүн алты адам менен чогуу камалып, алты айдан соң бошотулгам.

Саксагонский:

Сиздин көчүрүлүп келген кишилерден контрреволюциячыл кыргыз-өзбек көтөрүлүшчүл кошуунун түзгөнүңүз жөнүндө бизде маалымат бар. Сиз муну танасызбы?

Худайбергенов:

Ооба, камакка алынган күнгө чейин контрреволюциячыл улуттук көтөрүлүшчүл уюмдун катарында болгонум үчүн өзүмдү күнөөлүү деп эсептейм.

Саксагонский:

Качан жана ким тарабынан контрреволюциячыл улуттук көтөрүлүшчүл уюмдун катарына тартылгансыз?

Худайбергенов:

Мени контрреволюциячыл улуттук көтөрүлүшчүл уюмга 1937-жылы күздө сүргүндө жүргөн белгилүү саясый бандит Сагнаев (?) Кутуй киргизген.

62 жаштагы Худайбергенов Ахмат андан ары Сагнаев Кутуй (?) ага Кыргызстанда совет өкмөтүн кулатууну көздөгөн контрреволюциячыл уюм бар экенин, Скадовск районундагы уюмдун мүчөлөрү жашыруун жыйын өткөрүп, жыйынга кыргыздар менен бирге Кыргызстандан сүргүнгө айдалып келген орус кулактар Бадягин Семён жана Жиганов Кузьма да катышканын тизмектеп айтып берет.

Байзаков Шабданалынын түнкү саат 12:00 атылганын тастыктаган дүмүрчөк. Херсон облустук архиви.
Байзаков Шабданалынын түнкү саат 12:00 атылганын тастыктаган дүмүрчөк. Херсон облустук архиви.

Пост-советтик Украинанын Херсон облустук архивинде сакталган НКВДнын саргайган документтеринде айтылгандай, жогорку жазага тартылган кыргыз, өзбек, казак, түркмөндөр 1931-жылы Скадовск районуна айдалып келген күндөн тартып, камакка алынганга чейин контрреволюциячыл улутчул уюмдун мүчөсү болушкан имиш.

Жапониянын чалгындоо кызматтарынын тапшырмасына ылайык түзүлгөн деп саналган жогорудагы уюм совет бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыгуу үчүн көтөрүлүшчүл топторду түзүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзгөн делет.

Тапшырманы аткаруу үчүн Пулат Садыкходжаев жапон чалгынчыларынын тыңчылары Сатаркул Жангарачев жана Ахмадали Назыров менен чогуу Скадовск районунда контрреволюциячыл улуттук көтөрүлүшчүл комитет түзүшкөн имиш. Аталган үч кишинин бирөө кыргыз, экөө - өзбекстандык өзбектер.

Комитеттин башчысы Султан Сегизбаев кийинки 1939-жылы 25-февралда атууга өкүм кылынат.

Белгилей кетели, Сатаркул Жангарачев да кирген тогуз кыргызстандык 1938-жылы 3-апрелде тройканын чечими менен “антисоветтик ишмердиги” үчүн деген жалган жалаа менен атууга кеткен болчу:

1. Аширов Ниязалы, 52 жашта;
2. Байбосунов Кожогул, 37 жашта;
3. Бактыгулов Бейше, 49 жашта;
4. Жангарачев Сатаркул, 50 жашта;
5. Жанузаков Исак, 32 жашта;
6. Кондубаев (Кондулаев) Сагын, 42 жашта;
7. Кадырбаев Абдулазиз, 35 жашта;
8. Сатаев Бапай, 41 жашта;
9. Султанов Жапар (Жапания), 41 жашта.

Сталинге төрт айдын ичинде 800 миңдей жарандын канын төгүүнүн эмне зарылдыгы бар эле?

Бул боюнча түрдүү пикирлер айтылып жүрөт жана айтыла берери талашсыз. Канчалаган ойлор айтылбасын, баары бир анын сырын өзү менен кошо көргө алып кетти. Ошон үчүн биз өзүбүздү түрдүү жоромолдор жана гипотезалар менен жубатууга аргасызбыз.

Украин тарыхчысы Юрий Шаповалдын жазышынча, көпчүлүк изилдөөчүлөр Сталин 1937-1938-жылдардагы “Чоң террор” аркылуу эң алды коомду эски большевиктерден тазалап, элитаны жаңылагысы келген деген пикирди карманышат.

Кызыл кыргындын экинчи себеби: 1937-жылы коллективдештирүү жана кулаккка тартуу мезгилинде абакка салынгандардын жаза мөөнөтү бүтмөк. Куру жалаанын негизинде камалган береги адамдардын сүргүндөн үйгө кайтканы Сталинди ыңгайсыз абалга койгондуктан, алардын тууган жерине кайтуусун Сталин каалаган эмес. Дал ошон үчүн НКВД "антисоветчил элементтерди" жана "эл душмандарын" көбүнесе сүргүндө жүргөндөр менен лагерде жана түрмөдө отургандар арасынан издеген болушу ыктымал.

Херсон жеринде сүргүндө жүрүп өлгөн кыргызстандыктарга коюлган эстеликтеги жазуу.
Херсон жеринде сүргүндө жүрүп өлгөн кыргызстандыктарга коюлган эстеликтеги жазуу.

Үчүнчүдөн, бийлик элдин жүрөгүнүн сары суусун алып жатып, совет өкмөтүнө жандили менен берилген адамдарды өстүргүсү келген.

Мага мына ушул үчүнчү гипотеза жакын. Эмнеге дебейсизби? Ал үчүн Михаил Булгаковдун 1925-жылы жазылып, бирок 1987-жылга чейин мурдагы СССРде чыкпаган “Иттин жүрөгү” (Собачье сердце) повестин окуп көрөлү.

Профессор Филип Филипович Преображенскийден пейили чатак итти кантип жоошутуп алдыңыз деп сураганда, ал минтет:

- Сылап-сыйпап жатып. Бул тирүү жанды ийге келтирүүдөгү бирден бир жол. Террорду пайдаланып, айбан өнүгүүнүн кайсы этабында болбосун, аны менен эч нерсе кыла албайсың... Террор нерв системасын шал кылып салат.

Мен айтаар элем, террор элдин жүрөгүнүн сары суусун алып, мээсин шал кылып, аны бийликке өлкө калкын малдай айдап алууга мүмкүндүк берет. Сталинге жана анын шериктерине алааматтуу террор ошон үчүн керек болгон деп ойлойм.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG