Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 26-май, 2020 Бишкек убактысы 09:48

Кырчындан Херсонго айдалган "кулактын тукуму"


Мелис Бакас уулу. Бишкек. 4-май, 2012

1930-жылдардагы коллективдештирүүдө бийлик “эл душманы” деп тапкан кээ бир кыргызстандыктар Украинага айдалган.

1930-жылдардагы коллективдештирүү кезинде бийлик “эл душманы” деп аныктаган кээ бир кыргызстандыктар Орусиянын Оренбург облусуна, Түндүк Кавказга жана Украинага айдалган. 69 жаштагы Мелис Бакас уулунун чоң атасы Шаршемби алардын бири. Мелис аксакал чоң атасынын үй-бүлөсү баштан өткөргөн окуялар тууралуу атасы Бакастан уккандарын көкүрөгүндө бекем түйүп жүрөт.

- Чоң аталарым Семеновка айылынын өйдө жагындагы Кырчын деген жайлоодо (азыр Семеновское ущелье деп коет) жайланышкан. Коллективдештирүү учурунда ал кишинин малы көбүрөөк го... ошонун кесепетинен алардын баарын кулакка тартып, Украинага жиберишкен. Ошондо менин атам 7-8 жашта го... Чоң атам ал кишини, эжемди чогуу алып кетет. Кичүүлөрүнө башка Мусаев деген фамилия берип, билгизбей таштап кетет.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:24 0:00

Ала-Тоодон Херсон жерине сүрүлүп баргандар Скадовский районундагы Чалбасы кыштагына чегерилип, ошо жерде туруп калышат. Шаршемби бөтөн жерде 1-2 жылдан кийин каза болот.


СССР. "Кулак дан камдоого каршы". 1930-жылдардагы саясый плакат.
СССР. "Кулак дан камдоого каршы". 1930-жылдардагы саясый плакат.
"Кулакка айдоонун негизги идеясы-колунда бар адамдардын мал-мүлкүн тартып алып, алардын мизин мокотуу болгон", - дейт тарых илимдеринин кандидаты Жолдош Бөтөнөев:

- Бай чарба деп эсептелген адамдардын мүл-мүлкүн мамлекет тартып алып, жарды жана орто жаңыдан түзүлүп жаткан артелдер менен колхоздорго өткөрүп берген. Анткени социализмдин негизги принциби - коомдо бай жана кедей деген болбош керек, баары тегиз болуш керек. Буларды совет бийлигин колдобойт, адамдарды эзип пайдаланат дешип, коомчулукка жаман атты кылып көрсөтүп, ошол кездеги элитаны аянычтуу абалга жеткирген.

Чарбасынын мал, үрөн, унаасын орток чарбага кошпогон адамдар “кулак”, “совет бийлигине каршы элемент” катары кыштактан башка жакка көчүрүлгөн. З. Полищук деген жергиликтүү тарыхчынын жазышынча, 1932-жылы кыштакта коллективдештирүү аяктап, үрөн себүү ийгиликтүү жүргүзүлөт экен. Бирок чарбагер дыйкандарды көчүрүүнүн, “ашыкча” деп эсептелген дан азыктарын жыйнап алуунун кесепетинен 1932-33-жылы кышында Украинада, Түндүк Кавказда, Волга дарыясынын куймасында 25-30 миллиондой адам ач калат. СССРдин калкы 7,7 миллионго, анын ичинде Украинанын эли 4 миллионго кыскарат. 2 миллиондой казак кырылат. Ушундан кийин Казакстанга башка региондордон адамдар мажбурлап көчүрүлө баштайт.

Украинага айдалган бай-манаптардын балдарын окутуу үчүн Кыргызстандан 105 мугалим жөнөтүлгөнү жөнүндө маалымат бар. Жакында көзү өткөн профессор Магрифа Рахимова да Херсон облусунда чоңойгон. Ага мектепте Кеминден барган Алмакүчүков, Чым-Коргондон барган Молдоиса (фамилиясы белгисиз - автор) деген мугалим, болочоктогу академик Бегималы Жамгырчинов аялы менен сабак беришкен. Жайылдык Кулалы Суйманалиев Украинада 1938-жылга чейин иштеген. Магрифа Рахимова менен чогуу үй-бүлөсү кулакка тартылып келген казак, өзбек балдар да окушкан. Мугалимдер менен мектеп директорлору ар эки-үч жылда алмашып, ордуна жаңылары келип турган.

Чалбасы кыштагына айдалган кыргыздардын балдары мектепте украинче окушат. Бакас Шаршемби уулу мектепти бүтүп, Украинанын Одесса шаарындагы педагогикалык институна кирет.

"Колхоздордон кулактарды кууп чыгабыз" (Сүрөт yandex.ru булагынан алынды)
"Колхоздордон кулактарды кууп чыгабыз" (Сүрөт yandex.ru булагынан алынды)
-Менин атам 1939-жылы Кыргызстанды көрөйүн деп келет, - деп улантты сөздү Мелис Чормонов.- Колунда институтту бүттү деген диплому бар. Өз айылына келсе, аны эч ким тааныбайт. “Баланчанын баласымын” десе, коркушуп эч ким кабыл албайт. Биздин чоң атабыздын асырап алган баласы бар экен, аты Муса. Эжелеримди, агаларымды Мусаев деп калтырып койгон да, ошол киши үйүнө кабыл алат. Атам мектепте мугалим болуп иштей баштайт. Кадр жок деп мектеп директору кылат. Бир аздан кийин министрликтеги жыйналышка жөнөтүлүп, ал сүйлөгөндө министрлик: “Кайдан болосуң?” деп сурайт. Ал Украинада жүргөнүн жашырат, айтпайт. Анкетасына жалаң “кедей” деп жазылчу да, андан жогору болсо жоопко тартылчу. Ошон үчүн “компромистүү орто дыйкан» (средняк) деп жазылып алган. «Средняк” дегенде эле шекшийт, бул кайдан деп. Ошого карабастан, кадрлар жетишпегендиктен, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы - райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кылып коет.

Бакас Шаршемби уулу из жашырып, тегин “компромистүү орто дыйкан” деп жазганы менен, коопсуздук кызматынын изкубарлары аны табышат. Ал кезде орусчаны “чемичкедей чаккан”, иш билги, кубаты шекердей кайнаган Бакас Шаршемби уулу Жалал-абад облустук эл агаратуу бөлүмүн жектектегенине алтынчы жыл болуп калган.

-1952- жылы атамды түнүчүндө алып кетет. Мен кичинекеймин. Атама: “Сен «средняк» эмес турбайсыңбы. Мына сенин чоң атаңды билген кишинин каты. Атаң бай турбайбы?! Сени жоопко тартыш керек”,-дейт . Ары-бери чакыргандан кийин, менин атам далили жок болсо, кантип бирөөнү күнөөлөйсүңөр десе, ошого баш ийген окшойт. “Болуптур. Эл билип калды. Сени көтөрө берсек партиянын саясаты туура эмес болуп калабы”,- деп жумуштан түшүрүп коет.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:24 0:00

Ал эми Бакас Шаршемби уулу Украинда калган туугандарынын тагдыры эмне болду? Ал да өзүнчө бир жомок.

-1941-жылы согуш башталганда, менин чоң энем балдары менен Украинада калды да, менин атам санаасы тынбай картаны, флажокторду коюп, Кызыл армия Чалбасовага келгенде барып энемди көрөйүн дейт. Ал кезде сүргүндөгү кыргыздарга кайра келсе болот деген уруксат берилиптир. Ал үчүн тизме керек экен. Атам Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатовго барып, Украинада жүргөн туугандарым бар деп айтат. Ал кезде телефон аябай татаал, сүйлөшүш үчүн бир жума күтүш керек. Тигилер угуп калып, "мени да жаз" деп, 100дөн ашык киши болот. Кулатов Украинанын чоңуна челефон чалып, ушундай болуп атат, баарын жибербейсиңерби дейт. Алар мөөр басылган тизме болуш керек деп айтат. Кулатов: ” Мен башын жазайын да 5-6 баракты актай калтырып, артына кол коеюн. Калгандарын тиги жактан тизмеге киргизип бекитип алгыла, ошол кагазды алып, поезд менен келесиңер,”- дейт. Немистерди 1943-жылы сүрүп чыкканда кайра барат. Согушка чейин 1941-жылы май айында баратса, поездди немистер бомбалайт. Орто жолдон кайра тартат. Карындашы менен инисин ала барат. Энеси аларды он чакты жыл көрө эмес. 1943-жыл. Согуш кези. Поезд алыш кыйын, орун жок. Өлкөнүн темир жолдорунун министри Лазарь Каганович менен сүйлөшүп атып, орун алат. Кыргыздар көчөт. Эки жума жол жүрүп, Москвага келгенде да поездге түшүү кыйын болот. Коганович өзү киришип, эшалонду Кыргызстанга алып келет.

22 жаштагы Бакас Шаршемби уулу Украинага барып, ал жакта сүргүндө жүргөн 100дөн ашуун кыргызды Ата журтуна алып келет. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин аяктагандан кийин, ал окуу жайда калтырылып, студенттерге экономикалык географиядан сабак берет. Көптөгөн илимий эмгектерди жазат. Узак жыл университеттин партиялык комитетин жетектейт. Көпчүлүк Бакас Чормоновду “Киносаякатчылар клубу” телеберүүсүнүн алып баруучусу катары билишет.

Крым татарлары түптөгөн Чалбасы кыштагы 1946-жылдан тарта Виноградово деп аталат.

“Куугунтук курмандыктары” - бул түрмөк совет заманында “эл душманы”, “теги бай-манап”, “өкмөттүн саясатына каршы” деген сыяктуу жүйөлөр менен абакка кесилген адамдардын тагдыры жөнүндө алардын бала-чакаларынын эскерүүсү,
айткан баяндарына, илимпоздордун изилдөөлөрүнө таянып жасалат.

Пикирлерди көрүңүз (22)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG