Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Курман Лепесов жана төрт уулу


Профессор Карпек Курманов. Бишкек. 2-май, 2012
Профессор Карпек Курманов. Бишкек. 2-май, 2012

Профессор Карпек Курманов 82 жашта. Карыянын атасы Шамсидиндин төрт бир тууганы Сталиндик доордо эл душманы деп атылып кеткен.

Чоң атасы Курман Лепесов 1926-жылы Украинага сүргүнгө айдалып, ошо жактан ажал тапкан.Өзү Сталиндик респрессиянын баталгасына 1952-жылы Фрунзе облустук прокуратурасынын кылмыш-сот бөлүмүн жетектеп турганда кабылат.

Ага жалаа жаап, кызматтан кетирүү жана партиядан чыгаруу үчүн чоң атасы ири манап болгон, колундагы жалчыларды айбай эзген, жездеси манап экенин жашырган деген “тоголок кат” жетиштүү болду, деп эскерет карыя.

("Куугунтук курмандыктары" түрмөгүнүн профессор Карпбек Курмановдун чоң атасы жана атылып кеткен төрт уулу, ошондой эле өзү бийликтен көргөн "өгөйлөөлөр" тууралуу аудиоматериалды толук ушул жерден угуңуз)

please wait

No media source currently available

0:00 0:08:10 0:00

- Ошондо партияга кирип атканда эмнеге жездеңиз манап болгонун айткан жоксуз деп сурашты. Мен партияга 1947-жылы Ленинградда Василеостровский районунда киргем. Менден атаң, энең, ага-эжелериң ким деп сураган, бирок чоң атам тууралуу эч ким сураган эмес. Мен чоң атам манап болгонун билгем. Эч ким сурабаса мен мактанмак белем деп, айткан эмесмин. Жок, сен сөзсүз айтышың керек болчу деп, иштен алышты.

- Бул кайсы жыл эле?

- 1952-жыл. Ошол кезде 1-Май райкомпартиясынын биринчи секретары Акаев Шейшеке деген болгон. Кийин ал республиканын прокурору болду. Ошондо каттоого турган карточка десе, Шейшекеге барганда, ал айтат, мойнуңа ал, болбосо чыгарам деп. Албайм, эмнеге алам, чыгарсаң чыгар деп, кетип калдым. Анан партиядан чыгарып салышыптыр.

Кыргыз ССРинин прокуратура тармагына жумушка киргенге чейин Карпек Курманов Алматыдагы юридикалык институтту бүткөн. Ал кезде юридикалык жогорку окуу жай республикада жок болгондуктан сот жана прокуратуранын кызматкерлери Бишкектеги юридикалык мектепте даярдалчу.

Карпек Курманов жумуштан айдалгандан кийин Москвага өз алдынча барып, СССР Илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтуна аспирантурага кирет.

please wait

No media source currently available

0:00 0:08:42 0:00

- Исхак Раззаков биринчи катчы болуп калган кез. Раззаковго мени манаптын небересисиң дешип, партиядан чыгарышканын, эми аракет кылып өзүм окууга барган жатканымды айтып бергем. Ал киши боору ачып, "балам, эмне кылабыз, аракет кылып окууңа кир" деп материалдык жардам жазып берди. Анда Ноговицин, Смолев деген эки жардамчысы бар болчу. Алар аркылуу эле биринчи секретарга кирүүгө уруксат болчу. Ал кезде Асанкан Жумакматов, Калый Молдобасанов да Москвада окуп жүргөн кез.

Карпек Курманов жана башка кыргызстандык азаматтар “эл душмандарынын урук-тукумдары борбордук окуу жайларда билим албасын” деген КПСС БКнын идеология боюнча секретары Михаил Сусловдун катынын негизинде бишкектик мансапкор чиновниктер тарабынан Москвадагы аспирантурадан чакыртып алынат. Жигиттер Бишкекке келишсе, Кыргызстан Компартиясынын XIV сьезди жүрүп жаткан болот. Алар БКга биринчи катчы Раззаковдун жардамчылары, мурда таанып-билип калышкан Шмелев менен Ноговицинге барышат.

- Исхак Раззаков папкасын көтөрүп чыгып келатыптыр, бизди көрө коюп чочуп кетти... СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын вице-президенти Иса Ахунбаевди чакыргыла деди. БКнын илим бөлүмүн А. Алтымышбаев жетектечү. Анан Иса Ахунбаев күпүлдөп келди, уктап атканбы, көзү-башы шишип калыптыр. Буларды «Найдис окуудан чыгарыптыр» дегенде Ахунбаев: “Мен эч нерсе билбейм. Найдис деген илимий секретарь бар. Ал өз атынан кантип ушундай деп жазат? Эртең келгиле, мен кайра жөнөтөм, материалдык жардам көрсөтөм, кайра поезд менен кеткиле”,- деди И. Раззаковдун көзүнчө. Эртеси келсек, Иса Ахунбаев кабинетинен чыкпайт. Көрсө, Асылбек Алтымышбаев Ысык-Атада дем алып атыптыр. Шмелевден биз жөнүндө угуп, түндө шаарга келиптир. Исхак Раззаковго жолугуп: “КПСС БКнын секретары Михаил Андреевич Сусловдон эл душмандарынын балдары борбордук жогорку окуу жайларда окуусу “нежелательно” деген кат келген. Ал жөнүндө мен сизге айтканга үлгүрбөй калдым”, - дейт. Бир убакта Ахунбаев чыкты, кабагы бүркөлгөн, "балдар, кеп бар, жүргүлө кабинетке" деп... Ошону менен илимий карьера бүттү. Бул жерде ишке албайт.

Проф. Курмановдун сөзүнүн ушул жеринде мыйзамдуу суроо туулат. Эгер БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы бай-манаптардын балдарын Москва-Ленингардда окутпоо жөнүндө Сусловдон келген катты Исхак Раззаковго көрсөтсө эмне болмок?

Карпбек Курмановдун чоң атасы - Курман Лепесовдун төрт уулу айып кылгандай эмне айып кылышты?

- Султанды Абдыкерим Сыдыковдун оң колу болгон, Социалисттик Туран партиясынын программасын жазган деп күнөөлөшүп, 1934-жылы камады. Анан Зайнидинди Ташкенде камады, Шарабидинди Токчоро Жолдошев менен кошуп камады. Ал дүкөнчү болчу. Жолдошев билим министри. Кийин Чыңгыз Айтматов «Менин атамдын сөөгү коюлган жерин тапкыла» дегенде, БКдан Төрөкул Айтматовдун атылганы тууралуу делону издегиле деген көрсөтмө болду. Ошондо юристтерден 10 кишини чогултуп, Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Нуралиев баш болуп, 100дөн ашык ишти карадык. Карап атып, Токчоро Жолдошев атылып жаткан жеринен сүрөтүн көрдүм. Анда Шарафидиндин да жасаты жатат. Ошондо Жолдошевдин ордуна атылып кеткенин билдим. Төрөкүл Айтматов жөнүндө эч нерсе таппай койдук.

Жазыктууну түгүл жазыгы жокту да аябаган Сталиндик бийликтин баталгасына Шамшидин Курманов кантип илинбей калганын 82 жаштагы илимпоз-юрист мындай жоромолдойт.

- Менин атамды Шамшидинди эмнеге тийген жок деп ойлойм. Зайнидин, Шарафидин, Исхак, Самүдүн камалып атканда менин атам бул жерден кетиш керек деп Казакстанга кетет. Георгиевкага 18 чакырым чек араны ашкан. Ал жашыруун деле болбойт да. Шарафидинди НКВД биздин үйдөн камайт. Уктап жаткан жеринен эртең менен кыргыз калпак кийген орустар келип Шарафидинди кармап кетишкен. Атамды тийген жок. Атам Шарафидиндин агасы. Зайнидин айтат, сенин атаң Нарында милициянын башчысы болгон деп. Нарындагы көтөрүлүштү басканга катышкан. Атам өзү ошону айтып берген. Атам Шамшидиндин 5 баласын, Исхактын 2 баласын, Самүдүндүн 2 баласын багат. Атамды камаса эмне болмок? Чоң атам Курмандын балдарынан тийбегени эле Насирдин менен Шамшидин болду. Насирдин дүкөнчү болуп жүргөн. Ал 1943-жылы баласы менен аскерге кетип, баласы да, өзү да жок болду. Менин атамдын 2 баласы кетти. Артынан өзү кетти. Ошентип ал да жок болду.
XS
SM
MD
LG