Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

"Алаш-Ордо" кыргыздардын да мүдөөсүн чагылдырган


"Алаш" кыймылынын негизги идеологдорунун бири Алихан Букейханов
"Алаш" кыймылынын негизги идеологдорунун бири Алихан Букейханов

Казакстан президенттик башкаруудагы мамлекет. Кыргызстан болсо эки ыңкылаптан кийин башкаруунун парламенттик жолуна түштү.

Айрым окумуштуулардын айтышынча, коңшу эки өлкөдө мамлекеттүүлүк жөнүндөгү идеологиянын калыптануусуна “Алаш” кыймылынын кошкон салымы зор.

"Алаш-Ордонун" тарыхы кыргыздарга да маанилүү

Жапон окумуштуусу Томокихо Уяманын айтымында, казактардын “Алаш” кыймылынын тарыхы кыргыздар менен казактар тыкыс карым-катнашта жашаган эл экенин көрсөтөт.

Жапон окумуштуусу Томокихо Уяма
1905-жылы казак интеллигенттери түптөгөн кыймыл 1917-жылы июлда партия болуп түзүлөт. Ошол жылы ноябрда жалпы орусиялык Учредителдик жыйынга болгон шайлоодо 43 депутаттык орунду алат. Ал эми декабрда Алаш автономиясы жарыяланып, Убактылуу элдик кеңеш түзүлөт. Ал “Алаш-Ордо” аталып калат.

Бул кыймылдын тарыхы 1917-жылга чейин падышалык Орусиянын курамына кирген бул эки элдин алдыңкы интеллигенциясынын өз калкынын болочок өнүгүүсүнө карата мүдөөлөрү да окшош экенин күбөлөйт дейт профессор Уяма:

- “Алаш-ордонун” тарыхы казак жана кыргыз элдери ортосундагы тыкыс байланышты эле эмес, ошол кездеги прогрессивдүү маанайдагы кыргыз интеллигенциясынын өз улутун өз алдынча өнүктүрүү мүдөөсүн да чагылдырат. Ошон үчүн “Алаш-Ордонун” тарыхын изилдөө кыргыздар үчүн да абдан маанилүү деп ойлойм”.

“Алаш-Ордого” кыймылга 20 кылымдын башындагы кыргыз агартуучусу Эшеналы Арабаевдин да катышканы илимий жактан тастыкталган. Профессор Уяма да өзөгүн казактар түзгөн бул кыймылга кээ бир кыргыздар киргенин белгиледи:

- “Алаш-Ордо” негизинен казактардын кыймылы болгону менен анын ишине кээ бир кыргыздар да катышкан. Алар башка түрк элдери: өзбектер, татарлар, башкырлар, ошондой эле сибирлик орустар жана орус казактары менен абдан жакын мамиледе болушкан.

Казак окумуштууларынын жазышынча, Алаш автономиясын түзүү улуттук мамлекетти кайра куруунун аракети болгон. Кыймылдын негизги идеологдорунун бири Алихан Букейханов "казактар өзүнчө мамлекет болуу үчүн толук даяр эмес" деп, өз эмгектеринде “Россия империясынын курамындагы Алаш автономиясы” деген аталышты колдонгон.

Алашчылардын принциптери

“Алаш” кыймылынын төбөлсүз Казакстандын мамлекет катары түптөлүшүндөгү мааниси тууралуу тарых илимдеринин доктору Хангелди Абжанов мына буларды айтты:

- “Алаш” козголушу, анын документтери - Казак мамлекети кандай болуу керек экенин аныктап берген. Анда, биринчиден, бул парламенттик-президенттик республика болсун (азыр Казакстан президенттик башкаруудагы республика) деген. Экинчиден, казак улутуна катар мамлекеттеги башка улуттардын да мүдөөсү эске алынсын деген; үчүнчүдөн, мамлекеттин бар байлыгы калкка таандык болсун деген; төртүнчүдөн, өлкө коңшулары жана башка мамлекеттер менен ынак мамиледе жашасын деген; бешинчиден, “Алаш” козголушу казак мамлекет башчыларына коюлчу талапты өзгөчө жогору койгон. Алар акыйкатчылыкты, тазалыкты, мамлекет ишине жан-дилинен берилип иштөөнү жетекчилердин эң зарыл касиети деп эсептешкен.

Профессор Хангелди Абжанов Астана шаарындагы Мамлекеттин тарыхы институтунун орун басар директору.

Казак акыны, "Алаш" кыймылынын лидерлеринин бири Миржакып Дулатов
“Алаш-Ордо” алдына койгон максат - профессор Уяманын айтышынча - кыймыл тар улуттук мүдөөнү гана көздөбөгөнүн даана көрсөтөт:

- “Алаш-Ордонун” башкы максаты казак жана кыргыз коомун өнүктүрүү жана модернизациялоо болгон. "Алаш-Ордо" улутчул, атүгүл пантүркчүл кыймыл эмес.

Анын мүдөөсү - башка элдердин тажрыйбасын өздөштүрүп, ошол кездеги европалык цивилизациянын бийик деңгээлине жетүү эле. Ошентип бул кыймыл үчүн коомду модернизациялоо жана улуттук өзгөчөлүктөрдү сактоо эриш-аркак иш болгон.

Бирок, профессор Абжановдун байкашынча, Казакстанда бүгүн алашчылардын саясый мурасын окуп-үйрөнүүгө жетерлик маани берилбей жатат.

- “Ушу кезде биздин төбөлсүз Казакстанда “Алаштын” мурастарын заман талабына ылайык изилдөө, үйрөнүү жана ташбыйкаттоо жөнүндө көп айтылып жатат. Деген менен ал иш бийик деңгээлде жүргүзүлгөн жок,”-дейт окумуштуу-тарыхчы.

"Алаш-Ордо" Москва менен тең сүйлөшкөн

“Алаш-Ордо” Орусия империясы жарандык согушту баштан кечирип, коом аңтар-теңтер болуп турган кезде эки жылдан бир аз көбүрөөк өмүр сүргөнү менен Казакстандын чек арасынын аныкталышына баа жеткис салым кошкон. Тагыраак айтканда, Казак Автоном Республикасынын курамына Казакстандын батышы менен чыгышындагы, Жети Суудагы жана түштүк аймактардагы жерлер кошулган. 1919-жылы Москвадагы большевиктик өкмөт Казвоенревкому (Казакстандын аскердик-революциячыл комитети) менен макулдашпай Кустанай уездин Орусия Федерациясынын Челябинск облусуна кошуп салганда, аны кайтарып алганга жетишкен.

Дина Аманжолова
Алаш-ордочулар үчүн өз элине эл алдында төшүн койгулабай, сыпайы жана ак дилден кызмат кылуу ыйык иш болгон. Алардын асыл сапаттарын москвалык тарыхчы Дина Аманжолова мындай мүнөздөйт:

- Алардын өзгөчө баалуу касиеттери катары өз элинин алдындагы граждандык чексиз жоопкерчилигин, мансапкорлук же кызматка жетип, байыйлы деген максаттары такыр жок болгонун айтаар элем.

Бүгүнкү тил менен айтканда, алаш-ордочуларда кызматка жетип, финансылык жактан байыйлы, мал-мүлк топтойлу деген кызыкчылык эч качан болгон эмес. Алар революцияга чейинки орусиялык интеллигенциянын эң мыкты бөлүгүнүн салтында тарбияланышкан. Элге кызмат кылууну өздөрүнүн табигый милдети деп санашкан. Ошон үчүн, өз элинин жакыр абалда жашаганы үчүн өздөрүн күнөөлүү деп сезишкен.

Илим доктору, профессор Дина Аманжолова Москвадагы туризм институтунун коомдук илимдер кафедрасын жетектейт.

Кыргыз саясый элитасына жоопкерчилик жетишпейт

Тарыхчы-окумуштуу айым алаш-ордочулар өз журтунун кызыкчылыктарын мыйзамый жолдор менен коргоого катар диалогго жана мунасага(компромисске) баруу жөндөмүн көрсөтүшкөнүн белгиледи жана элдин өнүгүүсүнө байланыштуу маселелерди саясый каражаттар менен чечүү мүмкүн деген көз карашты жаңылыш деп эсептээрин айтты.

“Калктын турмуштук проблемалары саясый мекемелер менен органдарга гана байланышпайт,-деп улантты тарыхчы Дина Аманжолова. -Бул элдин маданияты, билими, укуктук маданияты, сабаты, социалдык жактан корголуусу жана саламаттыгы менен да байланыштагы иш. Алашчылар муну жакшы билишкен. Себеби алар элдин социалдык-экономикалык көйгөйлөрү менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары-земствонун курамында жүрүп иштешкен. Алар согуш шартында, фронт линиясы күн сайын өзгөрүп турган шартта земстволорду, кооперативдерди түзүшкөн”.

Профессор Абжановдун байкашынча, кыргыз саясый элитасында алаш-ордочулардай жоопкерчилик жок экенин, лидерлер өз кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп, эл камын такыр эле унутуп коюшкан.

“Аскар Акаевди бийликтен кетирүү, андан кийин Курманбек Бакиевдин кызматтан айдалуусу, акыркы жылдарда кыргыз эли башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктар - мунун баары мамлекет башындагылардын, бийлик төбөсүндөгү адамдардын мамлекетчилдик сапаты төмөн экенинен улам келип чыгууда.

Алар өздөрүнүн керт башынын мүдөөсүн мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюшту. Ошентип эл менен бийлик арасында карама-каршылык жаралды. Бул калкты кыжырлантты. Калктын кыжырына тийбөө керек. Бийликке баргандан кийин бийликке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга чоң жоопкерчилик менен жүзөгө ашыруу керек. Кыргыз жетекчилерине ушундай жоопкерчилик жетишпейт,”-
деди Астанадагы Мамлекеттин тарыхы институтунун орун басар директору, тарых илимдеринин доктору Хангелди Абжанов.

XS
SM
MD
LG