Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:30

Бабаларыбыз 1917-жылкы ыңкылаптарга чейин эле эгемендик үчүн күрөшүп келген


1916-жылкы улуу көтөрүлүштө жана Улуу Үркүндө набыт болгондорду эскерген “Өмүр көчү-100” автожүрүшүнөн. 5.8.2016.

Кыргызстандагы "Бабаларды эскерүү күндөрүнө" байланыштуу блог.

Бала ыйлабаса, эмчек жок деген накыл кеп бар эмеспи. Эгерде бабалар эгемендик үчүн ырааттуу күрөшпөсө, "Манас" эпосу аркылуу эгемендик идеясын таберик кылып улам жаңы муундарга өткөрбөсө, Барсбек каган, Мухаммед Кыргыз, Кубат бий, Ормон хан, Үмөтаалы, Осмон датка, Полот хан, 1898-жылкы Анжыян көтөрүлүшүнүн, 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн Канаат хан, Мөкүш хан, Баатыркан, Ыбрайым Төлө уулу сыяктуу баатырлары болбосо, жадитчи агартуучулар болбосо, 1917-жылы Алаш Ордо жана Түркстан автономиясы үчүн күрөш жүрбөсө, басмачылык кыймылы кулач жайбаса, 1922-жылы Тоолуу облусту, 1924-жылы Кара Кыргыз автоном облусун, 1926-жылы Кыргыз АССРин, 1936-жылы Кыргыз ССРин түзүү үчүн аракеттер жасалбаса, Эшенаалы Арабай уулу, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев сыяктуу бабаларыбыз күрөшпөсө, анда 1991-жылы мамлекеттик эгемендикке жетмек эмеспиз.

"Ата Бейиттеги" сталиндик курмандыктарга багышталган айкел.
"Ата Бейиттеги" сталиндик курмандыктарга багышталган айкел.

Болшевиктер дайым эле улуттук мамлекеттүүлүктү колдой беришчү эмес. Улуттук автономия - алар үчүн ар кыл чөлкөмдөрдө бийликке жетүү тактикасынын бири гана болгон.

Советтик (болшевиктик) борбордук тоталитардык бийлик тарабынан ногой, шор, кырым татар, эдилдик немис, месхеттик (мцхетилик) түрк элдеринин советтик ар кыл автономиялары жоюлуп калган; эгемен Тыва (Тува), Эстон, Латвия, Литва мамлекеттери каратылып алынган; ал эми Чыгыш Түркстан Демократиялык жумурияты садага чабылган.

Демек, бабаларыбыз толук эгемендик жана жок дегенде автономиялык макам үчүн күрөшө билген жана Кеңеш өкмөтүнөн өз мамлекеттүүлүгүн талап кыла билген. Бабалардын кеменгерлиги, баатырлыгы, саясий жетик жана айдыңдык эмгеги болбосо, Ленин менен Сталин деле кыргыздардын бар же жогун эгерим билишчү эмес.

Кыргыз ССРинин туңгуч герби. 1937.
Кыргыз ССРинин туңгуч герби. 1937.

Кыргызстандыктар 7-8-ноябрларда (жетинин айынын 7-8деринде) эл-жерибиздин эгемендиги жана жаркын келечеги үчүн күрөшкөн жалпы ата-бабаларыбызды түгөл эскерип жатышат. "Түгөл" дегеним - алардын саясий көз карашына карабастан тегиз эскерилип жатканын айтканым.

Мурда 1918-36-жылдардагы салымдарына карабастан, 1930-жылдардан тартып "эл душманы" атыккандар "кара тизмеге" түшүп, алардын дарегине жарытылуу жылуу сөз айтылбай, атайылап унуткарылчу.

Бүгүнкү жаңы түшүнүк чыгаан манасчыларыбыз (Тыныбек, Сагынбай, Саякпай, Жусуп Мамай ж.б.), Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Токтогул, Тоголок Молдо, Касым Тыныстанов, Чыңгыз Айтматов менен бир катарда Канаат хан, Төрөкул Жанузаков, Жаныбек казы, Рахманкул хан, Казыбек Мамбетимин, Ысак Монуй уулу, Азамат Алтай тууралуу да урпактык татыктуу эскерүү сөздөрдү айтууга бизге мүмкүндүк берет.

Ушундай ынтымакка, биримдикке чакырган улуу күндөрү саясий атаандаштарды да кечире билген жакшы сапаттарды өрчүтүп, байистүүлүк менен сабырдуулуктун салтын мураска калтырсак, саясий кермек даамы бар сот жүрүмдөрүнө чекит койсок жана ар кандай жаатташууга бөгөт койсок жакшы болоор эле.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG