Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:18

7-ноябрда Октябрь революциясына 100 жыл толду. Кыргызстанда мындан ары 7-ноябрь – Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын күнү өзүнчө дата катары каралбайт. Президенттин жарлыгына ылайык, 7-8-ноябрь быйылтан тарта Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип жатат.

"Бергиле революцияны!"

Арадан кыйла убакыт өтсө да эки окуянын жаңырыгы талаш туудуруп, артынан ар кыл божомол-жоромолдорду жаратып келатат. Анын үстүнө жаңы кылымда Кыргызстан да март, апрель революцияларын башынан өткөрдү. Тарых жолундагы революциялар, алардын сабактары жакында Бишкекте өткөн “Октябрь революциясы: мезгил чакырыгы жана тарыхый эс-сактам” аттуу эл аралык илимий жыйында талкууланды.

Орус ак падышалыгынын бийлиги февраль революциясы менен токтолгону Орто Азия чөлкөмүнө илгиртпей эле жеткен. Анан да жаңы бийликтин Кытайга жабылып качкан кыргыздарды мекенине кайтаруу, алардын орус бийлиги тартып алган жерлерин ээлерине кайтарып берүү аракети кандай болгону арадан бир кылымга жакын убакыт өткөндөн кийин ачыкка чыкты. Башында мындай гуманитардык иш-аракеттердин баары большевиктик бийликтин энчисине ыйгарылып, коммунисттердин карапайым калкка камкордугу катары сыпатталчу.

​Бекназаров: Үркүн жакшы изилденген жок

1916-жылдагы кандуу окуяларда кырылгандардын сөөгү 11-августта Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлат. Аны Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссия уюштурууда.

Орусиялык архивдердеги айрым маалыматтар боюнча, Кыргызстандын түндүгүндө жашаган калктын 150 миңи Кытайдын Шинжаң провинциясына качып, анын 90 миңге жакыны жок болгону маалымдалат. Тирүү калгандарды кайтарып алуу үчүн 1917-жылы февралда бийликке келген Орусиянын Убактылуу өкмөтү 11,2 миллион рубль акча бөлүп, анын кыйласы кытай өкмөтүнө берилген. Иши кылып, жаңы бийлик жок жерден азапка башы малынган калкты жерине кайтаруу, аларга колдоо көрсөтүп жөлөкпул төлөө боюнча бир топ иш-аракеттерди жасаган.

Ошол убактылуу бийликтин келишине үмүт артып, жерине кайткан кыргыздардын кыйласы кытай жериндеги ачарчылыктан, боо түшүп кырылуудан аман калган. Маселен, совет мамлекети 139 адамды кулчулуктан куткарып, кытайлыктардан сатып алган. 1920-жылы Нарын аймагына кытайдан 300 миң качкын келген. Көл кылаасы менен Чүйдөн орус мужуктарына тартылып берилген 460 миң теше жер ээлерине кайтарылган. Качкындарды жергиликтүү эл, кытай бийлиги жактырбагандыктан кыйналып-кысталып барган элдин көбү кырылып, аман калгандары бир баштык унга балдарын сатууга, өздөрү кул-күң болууга мажбур болушкан.

"Бардык бийлик Советтерге!"

Орусиядагы удаа-удаа кош революциянын жоголуп бараткан кыргыз калкын сактап, аны башка союздук республикалардын катарына кошулушуна, улут катары өнүп-өсүшүнө тийгизген таасири зор. Бирок ошол эле учурда совет бийлиги кыргыз интеллигенциясынын каймактарын жок кылып, расмий эмес маалыматтарга караганда, 50 миңден ашуун кыргызстандыкты атып-асып жок кылып ийгени бул процесс карама-каршылыктуу, татаал жүргөнүн ачыкка чыгарат.

Канткен күндө да, кыргыз элинин 20-кылым тарыхында совет бийлигинин, социализм заманынын азап-тозогуна караганда жакшылыгы, кыйынчылыгына караганда прогресси арбын болду окшойт. Ошондон Кыргызстанда эки революциянын таасири уруулук-феодалдык жашоо ыңгайынан чыга элек тоо калкына алып келген жаңылыгы азырга чейин ыраазылык менен эскерилет. Жалаң эле тоо калкына эмес орус революциясынын жаңырыгы буржуазиялык ыңкылаптардын көч башында турган Францияда кандай маани-мазмунга ээ болгонун илимпоз Пужоль Катрин минтип эскерет. Орус революциясын жакшылап билүү үчүн бул айым орус тилин үйрөнүп, советтик Орусияга бир нече ирет келген.

Үркүн эскерүүлөрү: Иванга жаккан Илипов

Элеттик журналист, Тоң райондук гезиттин баш редактору Мээркан Токсобаева 1916-жылкы көтөрүлүштө падышалык аскердин жазасынан аман калган кайнатасы Илип уулу Абдрахманды эскерет.

- Мен университетте Октябрь революциясын окуган кезимде апыртма кептер көп болчу. Ал кезде 60-жылдардын аягы 70-жылдары Советтер өлкөсүндө жалгыз эле Владимир Маяковскийдин ырлары турчу. Театрда Мейерхольд гана болчу. Архитектурада конструктивизм. Ушундай эле.

Бул жерге келгенден кийин булуттан жерге түшүүгө туура келди. Сыртта Леонид Брежневдин доору сүрүп турган. Мен студенттик жатаканада турчумун. Курбуларым компартиянын мүчөлөрү эле. Алардын бирөө жакын курбум, абыдан эле какчайып катып калган кыз болуп чыкты. Анда революция маанайынан эч нерсе калбай калыптыр.

Советтик Орусия менен кийин советтик Орто Азиядан көргөндөрүм мен ойлогондон башка, анан да кызыктуу болуп чыкты. Ошондо менин башыма бир ой кылт этти. Батышта совет коому тууралуу таптакыр эле түшүнүгү жок экен. Жадесе француз коммунисттери да билишпейт экен.

Пужоль Катрин тарыхчылар азырга чейин Октябрь революциясынын сырын толук ачып бере электигин, анын жетишкендиги менен мүчүлүштүгүн жакшылап аныктоого жетише албай келатышканын белгилеп, алдыда иштей турган жумуштар аябай эле көп экенин ырастады.

Марксты пайгамбар сыяктуу көрчүбүз

Бүтүндөй бир системаны түп-тамырынан өзгөртүп, адамзаттын учкул кыялында гана жашап келаткан теңчиликти орнотуу аракети капиталисттик өлкөлөрдүн арасынан эң начары, артта калганы деп эсептелген Орусияда ишке ашырылып, анын кандай жолдор, ыкмалар менен жасалганы, акыйкатта да, изилдөөгө муктаж.

Философия илимдеринин доктору, профессор Жамгырбек Бөкөшевдин ырасташынча, коомдук системанын туу башында социалдык жаңылануу зарылдыгы турган.

- Биз өзүбүздүн башыбыздан эки революцияны өткөрдүк. Себеби революция деген кыска убакытта коомдун тез арада түбүнөн бери өзгөрүшү. Бийлик өзгөрүп, андан соң өнүгүүбүздүн багыты өзгөргөнү бул эми классикалык үлгүдөгү революция болбосо дагы революциянын бир түрү, бир формасы.

Мына бүгүн Октябрь революциясы жөнүндөгү конференцияга катышып атабыз. Маселен, биз кезинде Марксты пайгамбар сыяктуу көрчүбүз. Мурунку окуганыбыз башка, азыр революция кандай болгон, натыйжасы кандай болду, революцияга берген баабыз азыр башка. Революция, андан кийинки өнүгүү, бул көз караштарга, идеологияга, теорияга таянган социалдык процесстер. Бул жагынан биз бул революциянын негизинде марксизм, маркстик окуу жатат деп эсептейбиз.

Маркстын окуусу, аны биз каалайбызбы-каалабайбызбы, бул тарыхый ойдогу чоң көрүнүш. Биз бир нерсени эске алышыбыз керек. Маркстын негизги эмгеги бул капиталисттик коомдун табиятын ачып бергени. Аны терең изилдеген адистер жазганы боюнча, Маркс жазган капиталисттик коом 19-кылымдын жарымында жок болгон. Ал эми 20-кылымда андай капитализм, андай коом болбоду. Маркс жазган пролетариат башка. Бирок ар бир доордун өзүнүн теоретиктери чыгат экен. Анан өзүбүз да адашып кеттик, элди дагы адаштырдык. Бул моюнга алчу нерсе. Ушуну менен Маркстын окуусунун күнү бүттү деп айта албайбыз. Мүмкүн дагы бир башка тарыхый доор келиши мүмкүн.

"Бош чынжыр" теориясынын натыйжасы

Марксизм классиктеринин революция теориясынын Европа менен Америка Кошмо Штаттарында ишке ашпай, орусиялык большевиктердин либералдык демократияга караганда радикалдык кадамдарга көбүрөөк ыктаган кыймылынын энчисине тийип калышы бир кылымга жакын убактан бери дүйнөлүк ойчулдардын талашын жаратып келатат. Орусиядагы кош революция менен ошол Орусиянын чет-жакасы эсептелген алыскы Ала-Тоо койнунан орун алган Кыргызстанда арадан бир кылым убакыт өткөндөн кийин убадалашып алгансып кош революциянын өтүшүн, булардын ортосундагы айырмачылык менен окшоштуктарды айтып берүүсүн өтүнүп мурдагы мамлекеттик катчы, тарыхчы илимпоз Досбол Нур уулун кепке тарттык.

- Большевиктер партиясынын жеңиши, эсиңерде болсо керек, мунун түбү тээ 1890-жылдардан башталат. Ал максатына 1917-жылы Октябрь революциясынын жеңиши менен жетишкен. Кыргызстандагы революция бул кичине башкачараак. Ал 20 жылдан кийин, бул 15 жылдан кийин болуп атат. Мында өлкөнүн масштабына деле караса керек. Кыргыз өтө чыдамдуу, бирок адилетсиздикке моюн сунбаган эл. Мында дагы 15 жыл ичинде Акаевдик бийлик үй-бүлөлүк бийликке айланып кетти. Муну кыргыз эли башынан өткөрдү. Ошол эле тагдырды Бакиевдин бийлиги кайталады. Анда мен да иштеп калдым. Мурдагы эки бийликте иштеп келдим, азыркы бийликке байкоочу катары карап турам. Мында дагы биринчисинен сабак албай акылсыздыкка берилип, үй-бүлөлүк башкарууга чыдабаган эл экинчи революцияны өткөрдү. Орусия менен Кыргызстандагы революциялар ортосунда кандайдыр бир окшоштуктар бар, параллелдиктер болот.

Баарына система күнөөлүбү?

Орусиядагы 1917-жылдагы Февраль, Октябрь революциялары менен Кыргызстандагы 2005-жылкы Март, 2010-жылкы Апрель революцияларынын окшоштуктары бар. Ал кандай окшоштук? Орусияда самодержавие – бир үй-бүлөнүн, падышанын, хандын бийлиги. Адилетсиздик анда да болгон. Аны падыша өзү же президент түзбөйт, тегереги, система түзөт. Система - бул бийлик, аны колдон чыгарбоо керек. Бекеринен Чыңгызхандын тушунда “Улугуң ойчул болбосо, убара тарткан эл карып” деп айтылган эмес. Ошол карып болгон элди жанагы саясий күчтөр уюштуруп, аны үндөп революцияга чейин жеткирет.

Ар бир нерсенин эки жагы болот. Падышачылык бийлик жашап турганда мүмкүн дүйнөлүк коомчулуктун өнүгүүсүн моюнга алып, кете бермек. Бирок анда орто кылымдык эреже-салттар күчтүүлүк кылып турган. Аны Кыргызстанга алып келсек, бул жерде жагдай таптакыр башка. Бул жерде бийлик президенттин тегерегинде болот. Нааразылык ушундан чыкты.

Орусияда болгон эки революцияга объективдүү баа берүүгө аракет кылып жатабыз. Анын оң-терс жактарын бирдей карап, так баа беришибиз биздин тарыхый аң-сезимибизге сөзсүз чоң таасир этет.
Акылбек Жуманалиев

Орусияда мындан бир кылым илгери өткөн Октябрь революциясы, анын Кыргызстанга тийгизген таасири тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жуманалиев өз оюн ортого салды.

- Кийинки убактарда муну жөн гана орус революциясы деп аташууда. Француз революциясы дүйнөлүк өнүгүүгө кандай таасир көрсөтсө, орус революциясынын таасири деле ошондой. 1917-жылы Орусияда болгон эки революцияга объективдүү баа берүүгө аракет кылып жатабыз. Анын оң-терс жактарын бирдей карап, так баа беришибиз биздин тарыхый аң-сезимибизге сөзсүз чоң таасир этет.

Жалгыз Орусия эмес, анын кол алдындагы күнкор калктардын турмушунда чоң роль ойногон кош революция тууралуу азыркы орусиялык илимпоздор, саясатчылар арасында ар кыл пикирлер айтылып келатат. Алардын көпчүлүгү кош ыңкылап империяны бир кыйла жылдар артка калтырганы, коом турмушуна опсуз зыян келтиргенин белгилешет.

Анткен менен, ошол эле Орусиянын чет-жакасында жашаган, эңгезер империянын кол алдында күнкорлукта жашаган калктардын бир тобу социализмдин арты менен илим-билимге жетишип, маданий революциянын аркасында сабаттуу калктар катарына кошулганын, жамандыр-жакшыдыр агрардык индустрияга жетишкенин кеп кылышып, анын баары базар-нарк мамилелери капыс кирип келген шартта атаандаштыкка туруштук бере албай урап баратканын, жашоо-турмушу татаалдашып баратканын айтуудан тажашпайт.

Октябрь революциясына кыргыз бийлигинин баасы

Октябрь революциясынын 100 жылдыгына жана Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө байланыштуу бүгүн Кыргызстанда бир катар иш-чаралар уюштурулду.

Бүгүн, 7-ноябрда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу элге кайрылуу жолдоду. Кайрылууда “Кыргыз эли ата-бабаларыбыздын жана бүгүнкү бакубат турмушту негиздеген, элибиздин атын жана байыркы тилибизди кылымдар бою сактап келген, эгемендүү Кыргыз Республикасын түзүүгө жана бекемдөөгө жол ачкандардын жаркын элесин ыйык тутат” деп айтылат.

Президент Атамбаев өз кайрылуусунда Октябрь революциясына төмөнкүчө токтолгон. “7-ноябрда Улуу Октябрь Социалисттик революциясына 100 жыл толот. 1917-жылы Орусияда болгон окуялардын, Февраль, андан соң Октябрь революцияларынын мааниси, алардын дүйнөлүк тарыхка, анын ичинде Кыргызстандын тарыхына тийгизген таасири баа жеткис” деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Мамлекет башчысы Бишкектеги Кыргызстан жана Орусия элдер достугу монументинин жанындагы гүлбактын ачылыш салтанатына да катышты. Бул иш-чара бүгүн белгиленип жаткан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата орун алды. Мындан мурдараак өлкө башчысы өз фондунан аталган монументтин тегерек-четин көрктөндүрүү үчүн 3 миллиондон ашык сом бөлгөн.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев, жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков, парламент төрагасы, премьер-министр жана Жогорку Соттун төрайымы менен “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жана Апрель ыңкылабынын баатырлары эстелигине барып куран окуду. Мындан тышкары өлкө жетекчилери Ата Мекендик согушта, Үркүндө, саясий репрессияда курман болгондордун жана Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюшту.

Ал эми Кыргызстандын коммунисттери Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 100 жылдыгына байланыштуу митинг өткөрүп, Лениндин эстелигине гүл коюшту.

7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялоо тууралуу жарлыкты президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда чыгарган. Анда майрам күндү өзгөртүүнүн максаты 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн жана саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүгө байланыштырылган. Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары Кыргызстанда Октябрь революциясын майрамдоо күнүнүн ордуна Орус империясына каршы көтөрүлүштүн жана Совет маалындагы репрессия курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө чечимине нааразылык билдиришкен.

7-ноябрь – Уулу Октябрь революциясынын күнү мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттердин ичинде Кыргызстан менен Беларуста гана расмий майрам катары белгиленип келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG