Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Президенттин майрам тууралуу жарлыгы талашка түштү


7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялоо тууралуу президенттин сунушу парламентте талкуу жаратты.

Айрым депутаттар жаңы буйрук менен Кыргызстанда Октябрь революциясын майрамдоо күнү жокко чыгып жатканына тынчсызданышты. Ал эми мыйзамды коргогондор президенттин демилгесин 7-ноябрдын мазмунуна жаңыча маани берүү максаты менен байланыштырды.

Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгесине ылайык, Эмгек кодексине майрам күн катары киргизилген 7-ноябрь Улуу Октябрь Социалисттик революциясы күнүнүн ордуна Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп белгилениши мүмкүн.

Мыйзам долбоорун парламентке сунуштап жаткан социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун айтуусунда, бул майрам эки күнгө созулат:

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

- 7-ноябрь кызыл дата бойдон калып жатат. Ага кошумча 8-ноябрь дагы кызыл дата болот жана экөө биригип Тарых күнү деп жатабыз. Бул күндөр Кыргызстандагы бардык тарыхый учурларын камтыган майрам болот. Анын ичинде 7-ноябрь - Улуу Октябрь революциясы күнү да бар, ага эч ким каршылык көрсөткөн жок. Андан башка 1937-жыл, 1941-жыл, ошондой эле соңку тарыхтагы окуялар да камтылып жатат. Ошондуктан ар бир күндү майрам кыла бербей, президенттин буйругу дагы туура чыкты.

Карамушкина: 7-ноябрга тийишпегиле

Дагы бир КСДПчы Айнуру Алтыбаева 7-ноябрды Октябрь революциясы катары белгилөө мурдагы союз өлкөлөрүнөн Кыргызстан менен Белоруста гана калганын айтууда. Ал жада калса Орусияда бул майрам 1995-жылы жоюлганын белгиледи. Ал эми КСДП депутаты Ирина Карамушкина бул долбоорду орунсуз деп эсептеди:

- Биз Социал-демократтар партиясы тарыхты жакшы билебиз. Бул партия дүйнөгө канатын жайган жана Октябрь революциясына түз тиешеси бар. Мен азыр эмне үчүн 7-ноябрь Улуу Октябрь революция күнү жокко чыгып жатканына түшүнгөн жокмун. Мунун эмне кереги бар? Бул дата Тарых күнү катары калышына каршы эмесмин, бирок биринчи кезекте Октябрь революциясы күнү катары тарыхта калышы керек. Бул жактагы коштомо катта жаштар бул майрамдын маанисин түшүнбөй калганын айтышууда, бирок биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек да.

7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялоо тууралуу жарлыкты президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда чыгарган. Анда майрам күндү өзгөртүүнүн максаты 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн жана саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүгө байланыштырылган.

"Үркүн" көркөм тасмасынан кадр
"Үркүн" көркөм тасмасынан кадр

Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаевдин билдиргенине караганда, жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен бир катар мурда кабыл алынган документтер жокко чыгарылышы керек:

- Жогорку Кеңеш 2008-жылы эки токтом кабыл алган экен. Анын биринчиси 8-ноябрды Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү тууралуу токтом экен. Экинчиси болсо август айынын биринчи жума күнү 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш күн жөнүндө токтом чыгарган. Эми ушул эки токтом жокко чыгып, президенттин буйругуна ылайык, бул күндөр 7-8-ноябрга жылып жатат.

Октябрь революциясынын тарыхый мааниси

Бул арада Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын төрагасы, учурда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев президенттин буйругун айыптап чыкты. Ал өлкө башчынын тарыхый датаны коюуга укугу жок деп, 1917-жылдагы 7-ноябрь Улуу Октябрь революциясынын тарыхый маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолду.

- 2015-жылы БГУнун базасында Улуу Октябрь социалисттик революцияга арнап илимий-тажрыйбалык конференция өткөрдүк. Үч мамлекеттен 30га жакын илимпоз келип, Кыргызстан үчүн Октябрь революциясынын мааниси чексиз деген пикирге келишти. Муну эми бир заматта эле унутуп калган болбойт. Эмне болсо да, кандай болсо да кыргызды сактап калган Октябрь революциясы болгон.

Мына ушундай айрым депутаттардын кайчы пикири менен коштолгон Эмгек кодексине өзгөртүүлөр 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттин 7-8-ноябрь күндөрү тууралуу жардыгы саясатка айланып кеткенин белгилеп, демилгенин маанисин мындайча чечмеледи:

Дастан Жумабеков
Дастан Жумабеков

- Мына жакында ушул даталар алдыбызда турат. Ошого чейин долбоорду бүтүрүп, эртерээк кабыл алалы деп жатабыз. Бул жерде саясатташтырып, бир нерсе чыгаруунун кажети жок. Ошол 7-8-ноябрда бардык тарыхый окуяларды эскерели деп жатабыз. Октябрь революциясы, Үркүн, репрессияга кеткен ата-бабаларыбыз эскерилмекчи.

Бир жыл мурун депутат Дастан Бекешев Кыргызстанда майрамдарды кыскартуу үчүн 5-май Конституция күнүн, 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнү жана 7-ноябрь Улуу Октябрь революциясын жоюп салууну сунуштап, бирок эл өкүлдөрүнүн нааразылыгынан соң мыйзам кабыл алынган эмес.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары Кыргызстанда Октябрь революциясын майрамдоо күнүнүн ордуна Орус империясына каршы көтөрүлүштүн жана Совет маалындагы репрессия курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө чечимине нааразылык билдиришкен.

Орус парламентинин вице-спикери Игорь Лебедев Кыргызстанда орус империясына каршы көтөрүлүштү майрамдоону "бетке чапкандай кадам" деп баалаган. Ага жооп иретинде Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын айдоочулук күбөлүгүн таануу тууралуу мыйзамын жокко чыгаруу долбоорун иштеп чыгып, Мамдумага сунуштап жатканын билдирген.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG