Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Жаңы жарлык сыпайы айтышууга түрткү болду


Үркүн курмандыктарын эскерүүгө Орусиянын президенти Владимир Путин барган учур. 17-сентябрь, 2016-жыл
Үркүн курмандыктарын эскерүүгө Орусиянын президенти Владимир Путин барган учур. 17-сентябрь, 2016-жыл

Президент Алмазбек Атамбаевдин мындан ары 7-8-ноябрды "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" деп белгилөө, Ленин чокусун Манас-Ата зоосу деп өзгөртүү тууралуу жарлыгы талкуу-талаш жаратты.

Жарлык чыгары менен орусиялык маалымат агенттиктери "Кыргызстан Орусияга каршы көтөрүлүштү майрамдаганы жатат" деген маалыматтарды жазды.

Орусиянын Мамдумасынын вице-спикери Игорь Лебедов бул документти "достукка каршы кадам" деп атады. Президенттин аппараты болсо Лебедевди жарлыкты кунт коюп окууга чакырды.

Алмазбек Атамбаев "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө" жарлыкка 26-октябрда кол койду. Бул документ Үркүнгө, 1917-жылдагы февраль жана октябрь революцияларына, совет дооруна, андагы саясий репрессияларга объективдүү тарыхый баа берүү, ата-бабалардын элесине таазим этүү максатында кабыл алынганы" айтылды.

Жаңы жардык тууралуу кабар
Жаңы жардык тууралуу кабар

Кыргызстандагы жаңы майрамдар тууралуу бир катар орусиялык маалымат агенттиктери "Кыргызстан Орусияга каршы көтөрүлүштү майрамдаганы жатат" деген аталыш менен жазып чыкты.

Орусиянын Мамдумасынын вице-спикери Игорь Лебедев муну "достукка каршы кадам" деп атады жана Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгүнө Орусияда тыюу салган мыйзам долбоорду алып чыгарын эскертти.

Лебедевдин билдирүүсүнө Алмазбек Атамбаевдин аппараты дароо үн катты. Анда бул жарлык Кыргызстанда эмдигиче улуттук майрам катары белгиленип келаткан 7-ноябрга жаңы мазмун берүү аракети экени айтылган. Документти кунт коюп окуу керектиги белгиленген:

- Мамдуманын депутатынын “Кыргызстандын Орусияга каршы көтөрүлүшү күнүн кыргыздар улуттук майрам кылышты” деген бүтүмү ал өзү түшүндүрмө бергиси келген окуялардын контекстин толук түшүнбөгөнүн далилдеп турат. “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлык Кыргызстанда ушул күнгө чейин улуттук майрам катары белгиленип келе жаткан 7-ноябрдын мазмунуна жаңыча маани берүүгө багытталган. Эми болсо да окуп чыгууну ага кеңеш беребиз. Ага кошумча Орусиянын Федералдык архив агенттиги чыгарган «Россия и Киргизия. 1916-2016. Вехи совместной истории» деген архив документтеринин жыйнагы менен да таанышууну сунуш кылабыз. Ошондо ал бул темада кызыл кулактык кылуу, бул үчүн эмгек мигранттарын кектөө такыр эле адептүүлүккө жатпасын жана суверендүү мамлекетке карата мындай мамиле жасоого болбой турганын түшүнөт.

Ал арада Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы 8-ноябрды майрам күндөрдүн катарына кошуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдай баштады. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов билдирди:

Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

- Жарлыктын бир дагы мамлекетке терс ниети жок. Бул жерде таарынууга негиз да, саясат да жок. Себеби биздин эл эмнелерди гана башынан өткөрбөдү? Миңдеген адамдарыбыз өлгөн. Алардын баарын эскербесек болбойт. Аны эскербесек, тарыхты унуткан болобуз, келечегибиз жок болот.

Тарыхчы Арслан Капай уулу жаңы майрам улуттук аң-сезимди бекемдөөгө багытталышы керек деген ойдо:

- Ушул күнгө чейин 7-ноябрь октябрь революциясынын күнү деп эле белгиленип келген. Ал эми коңшу өлкөлөрдө, айрыкча Өзбекстанда, Кавказда бул өздөрүнүн тарыхындагы маанилүү күн, маанилүү майрам катары белгиленип келе жатат. Октябрь революциясын кыргыз элинин сакталып калышына, мамлекет катары түптөлүшүнө салым кошкон окуя катары кошо камтып, унутпай, бирок ага чоңураак масштаб берип жатабыз. 21-кылымда ушундай майрамдарды белгилөөнүн жаңы формасын табышыбыз керек. Ар кандай симпозиумдар, маданий иш-чараларды өткөрүп, китептерди чыгаруу, тарыхтагы окуяларды жайылтуу белгилөөнүн туу чокусу болуп калышы керек.

Советтик мурастан арылуубу?

Кыргызстанда буга чейин майрамдардын санын азайтуу демилгеси бир канча жолу көтөрүлгөн. Маанисин жана шаанисин жоготкон айрым даталуу күндөрдү жоюп салуу керектиги айтылган. Кыргызстанда азыр 13 майрам бар, жарандар бир жылда баш-аягы 20 күндөй эс алат.

Буга кыргыз коому басып өтө турган десоветизация, башкача айтканда советтик мурастан арылуу жараянынын башталышы катары карасак туура болот.
Чоробек Сааданбек

"Биздин мурас" коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбектин пикиринде, жаңы майрамдар тууралуу жарлык советтик мурастан арылуу жараяны катары каралышы керек:

- Буга кыргыз коому басып өтө турган десоветизация, башкача айтканда советтик мурастан арылуу жараянынын башталышы катары карасак туура болот. Кайсы бир өлкөлөр буга каршы чыкканына карабай жолду уланта беришибиз керек. 7-ноябрдын ата-бабаларды эскерүү күнү деп өзгөртүлгөнүн туура деп эсептейм. Бирок ошол эле учурда актуалдуулугун жоготкон майрамдарды азайтсак болмок.

Президенттин соңку жардыгына ылайык, кыргыз өкмөтү менен Жогорку Кеңеш Ленин чокусун Манас-Ата зоосу деп өзгөртүү боюнча да мыйзам долбоорун даярдашы керек. Тарыхчы, маркум Бектемир Жумабаев бул чокунун аты илгери Жел-Айдар болгонун, баштапкы атын кайтарып келүү керектигин айткан.

Ленин чокусу кыргыз-тажик чек арасында турат жана расмий Дүйшөмбү мындан он жылдан ашуун убакыт мурда өзүнө караштуу жагын "Эгемендик чокусу" деп өзгөртүп алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG