Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салынышы мүмкүн


Орусияда кыргызстандыктардын улуттук айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салынышы мүмкүн. Мамлекеттик Думанын вице-спикери Игорь Лебедев ушундай чечим кабыл алуу маселеси каралып жатканын жума күнү билдирди.

Анын айтымында, Орусия мурда кыргызстандыктардын айдоочулук күбөлүк менен иштешине саясий көз караштан улам, Кыргызстанда орус тили расмий макамда болгону үчүн уруксат берилгенин билдирди.

Лебедев РИА-Новости агенттигине берген маегинде Кыргызстанда 7-8-ноябрды "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" болуп жарыяланганын Орусия менен достукка доо кетиргени катары сыпаттады.

- Андыктан, кыргыздар сынак тапшырып, Орусиядан айдоочулук күбөлүк алсын,- деди ал.

Быйыл июлда Мамлекеттик Дума кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүк менен Орусияда иштегенге уруксат берген мыйзам кабыл алган эле.

26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрды “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Жарлыкта айтылгандай, мындай чечим 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана 1917-жылдагы февраль жана октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү максатын көздөй турганы, ата-бабалардын элесине таазим этүү экени айтылган.

XS
SM
MD
LG